Сюцай илими аркылуу ар бир адамдын жеке сандык коддору менен анын жашоосунда кандай мааниге ээ экенин билʏʏгɵ болот. Мисалы, мурунку макалабызда миссия сандарынын таасирине басым жасап, адамдын жашоосундагы ролу тууралуу жазган элек. Бул жолу сандардын маани-касиетине токтолобуз. Сюцайдын негизги кызыктуу аспектилеринин бири – ар бир сандын ɵзʏнчɵ уникалдуу энергиясы бар экендиги. Мастердин айтымында, бул илим адамдын потенциалын ачып, ɵзʏнɵ ишеним арттырууга, жашоосундагы тоскоолдуктарды жеңип чыгууга ɵбɵлгɵ тʏзɵт. Сюцай аркылуу ɵзʏңʏздʏн жана айлана чɵйрɵнʏ терең тʏшʏнʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк алыңыз.
Калбʏ Самакова, сюцай илиминин мастери.
“Сюцай адамга сандар аркылуу берилген энергия”

-Сюцай деген адамды аралыктан таануу. Адамга сандар аркылуу берилген энергия. Биз аны туулган жыл, ай, кʏнʏбʏз менен далилдей алабыз. Анда ар бир сандын энергиясы ɵзʏнчɵ камтылган. Бардык иш аракетибиз ошол сандар менен такталат. Сюцай – тʏбʏ жок чоң илим. Сюцай илими кытай жана тибет элинен чыккан, илгерки императорлор жашыруун тʏрдɵ колдонгон илим. Алар бирɵɵлɵргɵ чабуул жасаарда же бирɵɵлɵр менен мамиле тʏзɵɵрдɵ, бардык нерсеге байланышкан маселелерди сюцай илими аркылуу билишкен. Ал императорлор кызматкерлерди алганда дагы алардын санына карап, тактап, аныктап анан алчу экен. Сюцай илими азыркы учурда дагы дʏйнɵгɵ кеңири жайылып жаткан кези. Азыр деле кɵптɵгɵн ɵлкɵлɵрдɵ мекемеге адисти кɵрбɵй туруп, цифраларын тактап, ал адамдын эмнеге жɵндɵмдʏʏ экенин аныктап анан жумушка алат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бул тармакта атайы университет, мектептер ачылып баштады.
“Сюцайга келʏʏмɵ балам себепчи болгон”
-Сюцайдын адамга тийгизген таасири ɵтɵ чоң. Менин 3 баламдын эң кичʏʏсʏ 6-класс кезинде ɵсʏʏ процесси кʏчʏнɵ кирип, мʏнɵзʏ таптакыр эле ɵзгɵрʏп кеткен. Биз менен пикири келишпейт, сʏйлɵшʏп олтурбайт, жʏрʏм- туруму, баары ɵзгɵрдʏ. Мен кабатырланып психологго барууну чечтим. Психологго барганымда ал адистин сюцай илими боюнча дагы кеңири маалыматы бар экен. Анан баламдын цифрасын сурап, балам жɵнʏндɵ кɵп нерсени айтып берип койду. Чындыгында алгач аябай таң калдым, анткени баламдын баскан- турганы, сʏйлɵгɵнʏнɵ чейин туура айтылган эле. Анан чоң балдарымдын цифраларын айтсам, аларды дагы баарын туура жана так айтып берип койду. Ошондон кийин мага сюцай илими кызыгуу жарата баштады, окудум, ʏйрɵндʏм, изилдедим. Баламдын мʏнɵзʏн оңдогонго дагы чоң жардам берди.
“Ар бир кʏндʏн ар бир санга таандык мааниси бар”
-Менин сандар менен иштɵɵдɵгʏ колдонгон принциптерим ар бир кʏндʏ ɵзʏнʏн энергиясы менен ɵткɵрʏʏ. Мисалы, 6-кʏн болсо, бул кʏн документтерди же маанилʏʏ иштерди бʏтʏрɵ турган кʏн болуп саналат. Тактап айтканда, ийгиликтʏʏ кʏн. Бул кʏнʏ кɵп адам эс алгысы келет же тынч бɵлмɵдɵ уктап эс алуу кʏнʏн ɵткɵрʏʏнʏ каалашат. Бирок биз тескерисинче, ордубуздан туруп, бʏтʏрɵ турган иштерибизди бʏтʏрʏшʏбʏз керек. Анткени бул ийгиликтʏʏ кʏндɵ жумуштарыбыздын баары жеңил бʏтɵт. Бул кʏнʏ адамдардын энергиясы бир башкача ашып турат. Сюцайда мындай принциптер кɵп. Эгер 5-кʏн болсо, бул кʏнʏ эч кимге таарынбашыбыз керек. Анткени бул цифра таарынычтын белгиси. Бул кʏнʏ сабырдуулукту кармансак бизге ийгиликтʏʏ кʏн алып келет. Демек, ар бир кʏндʏн, ар бир санга таандык мааниси, касиети бар. Сюцай боюнча кɵпчʏлʏктʏн берген суроосу, “кайсы цифра жакшы, кайсы цифра жаман?” деген суроо. Негизи жаман-жакшы сандар болбойт. Ар бир сандын оң жана терс жактары болот. Мисалы, 7 цифрасын алсак, бул санда тɵрɵлгɵн адамдарды трансформатор деп атап коюшат. Анткени бул сандагы тɵрɵлгɵн адамдар тартипти жакшы кɵргɵн, ошол эле учурда сʏйлɵбɵй туруп эмне деп айтаарын жеткизип коё алган адамдар. Кайсы бир ʏй-бʏлɵгɵ тартип керек болуп калганда 7 тɵрɵлɵт. 7 санындагыларды мугалим деп да коюшат. Ал эми жакшы жагын айта турган болсок, булар уникалдуу адамдар. Эч кимдин башына келбеген ой ушул адамдардын башына келет. Эч ким чече албай жаткан ситуацияны чечип, кɵйгɵйдɵн чыга алган адамдар.

“Адам сюцай аркылуу жашоосун ɵзгɵртɵ алат”
-Ар бир адам сюцай илими аркылуу жашоосун ɵзгɵртɵ алат. Ар ким ɵзʏнʏн миссиясын аныктап, сандарга карап иш аракет жасай алса, ɵзʏнʏн миссиясын таба алат. Ар бир адам 33 жаштан кийин толук кандуу ɵзʏнʏн миссиясына ɵтɵт. Мисалы, менин азыркы миссиям бирɵɵлɵргɵ жакшылык кылуу, бирɵɵлɵргɵ жардам берʏʏ. Ошол эле учурда жакшылык кылганын милдет кылбоо.
“Ар бир адамга берилген цифрадагы касиеттер иштейт”
-Мен мындан бир нече жыл мурун чач кыркып иштечʏмʏн. Андан соң бул ишимди таштап коюп массаж кылууга ɵтʏп кеттим. Мен массаж жасап иштɵɵдɵн аябай ырахат алып, такыр чарчабайт элем. Демек, бул менин цифрамдын берип жаткан таасири экенин билдим. Эгерде адам ɵзʏнʏн саны, ɵзʏнʏн багыты менен кетсе, баары жакшы болоруна дагы да ынаным.
“Сюцай аркылуу ɵзʏңдʏ ач”
-Сюцай – адамдардын маани бербеген кɵйгɵйлɵрун чечʏʏчʏ илим. ʏйдɵ олтурган келиндерге айтып кетким келет, бекер олтурбай телефонду колго алып, интернеттен сюцай боюнча маалымат алып, кичине болсо дагы ɵзʏбʏздʏн потенциалыбызды ачып, жашоодон ордубузду тапканга аракет кылсак болот. Замандын талабы, технологиянын ɵсʏшʏ менен сюцай илими дагы да ɵнʏгʏп- ɵсʏшʏнɵ мен толук ишенем. Сюцай бул ооздон оозго ɵтɵ турчу илим. Кийинки жаштардын дагы кызыгуучулугун жаратып, мындан дагы бийик деңгээлге чыга турган учуру келет деп ишенем.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы – тʏштʏктɵгʏ саламаттыкты сактоонун флагманы
Курманжан-Датка МАБынын башчысы Равшан Мирзабаев: “Ак-Буура дарыясынын жээгине жана суу ʏстʏнɵ курулган объекттер алынып жатат”
Салык санкциясы деген эмне?