Эртеңки муунду тарбиялоодо мугалимдердин ролу эч качан азайбайт. Алар – билим булагы, моралдык устаттар жана жаштардын келечегин калыптандырган адамдар. Мыкты мугалим – тажрыйбалуу окутуучу гана эмес, балдардын ой-санаасын ɵстʏргɵн, ɵнʏктʏргɵн, ар бир окуучунун потенциалын ачкан адам. ОшМУнун “Билим” лицейинин математика мугалими Назгʏл Каныбекова республикалык “Мыкты мугалим” сынагында Ош шаарынын атын чыгарып, 1-орунду ээлеп, ага борбор калаадан бир бɵлмɵлʏʏ батирдин кʏбɵлʏгʏ тапшырылган. Мыкты мугалимди сыйлыгы менен куттуктап, кепке тарттык.

-Назгʏл эжеке, сыйлыгыңыз кут болсун!
-Рахмат чоң. Мугалимдерге мамлекеттик деңгээлде колдоо кɵрсɵтʏлʏп жаткандыгынын дагы бир далили “Мыкты мугалим” конкурсу десем болот. Анын артында кɵптɵгɵн мугалимдер мотивация алса, кɵптɵгɵн окуучулардын бул кесипти тандоосуна себеп болду. Алгач бардык жакын санаалаштарымды, устаттарымды бул жеңишим менен куттуктайм. Анткени менин ар бир жетишкендигимде алардын салымы чоң. Буюрса, бизге убадаланган сыйлыктар жакынкы кʏндɵрдɵ берилет деп кубанып турабыз.
“Жумушумду чын дилим менен сʏйʏп иштейм”
— Сынакка канча убакыт даярдандыңыз?
-Мен бул сынакка кечээ же жакын арада эле даярдана калып катышкан жокмун. Мугалимдик кесипти тандап, эмгек жолумду баштаган кезден тарта жумушумду чын дилимден жасап, мыкты мугалим болууга тырыштым. Менин эң эле кубанганым – сыйлыкты алганымда окуучуларымдын дагы кубанганы болду. Анткени окуучуларым мени аябай жакшы кɵрʏшɵт, мен да аларды жакшы кɵрɵм. Окууну бʏтʏп кеткен окуучуларым дагы чалып, “эжеке, тымызын даярданып жʏргɵн экенсиз да” деп сʏйʏнʏчтɵрʏн билдиришти.
“Элдин баасы баарынан бийик”
-Сынактан кийинки биринчи таасир берген окуяңыз кандай болду?
-Сынака катышып келгенден кийин Араван районунда кезектеги ментордук ишимди аткарып, кайтып келе жатканмын. №43 автобуска чыктым. Карасам алды жактагы маңдай-тескей олтуруучу орундуктун бири бош экен. Барып олтурарым менен маңдайымдагы жашы 45-50 чамасындагы эже «Назгʏл беле атың? Сен мыкты мугалим болдуң, ээ?! Азаматсың» деп бардыгына угуза, бир нече комплиментти жаадырып салды. Бардык кɵздɵр мага карап жатканын сезип турдум. Кай жактан болорумду, каякка турмушка чыкканымды, кайсы мектепте иштээримди, арасында кандай сезимде болуп жатканымды да 12-15 мʏнɵттʏн ичинде сурап ʏлгʏрдʏ. Ɵзʏмдʏ журналисттин маңдайында олтургандай эле сездим. Аңгыча тʏшɵр аялдамасына жетти окшойт, автобустан тʏшʏп баратып айдоочуга “эки адамга алып кой, ал мыкты мугалим, Ош шаарынын атын коргоп келди” деп автобустагылардын баарына угуза дагы бир жолу баса белгилеп, «Назгʏл, сага тɵлɵп койдум, катырып иштей бер!» деген бойдон тʏшʏп кетти. “Рахмат, эже”деп колумду булгалап кала бердим. Жанымда олтурган эже дагы менин мардайып калганымы байкап «бул да болсо билимди баалагандык» деп кубаттап койду. Кээде балдарыңа берсең албайм деп тʏртʏп койгон кадимки 10 сом… бир башкача сезимге алып барды. Негизи элимден айланса болот.
“Мен тагдырыма ыраазымын”
-Сыйлыктар дем-кʏч берет, мугалимдик кесипти тандаганыңызга ыраазы болсоңуз керек…
-Албетте. Айылыбызда билимдʏʏ, спортко кызыккан жаштарды колдогон Ташкара деген агабыз бар эле. 2002-жылы мектепке демɵɵрчʏ болуп, окуунун алдыңкыларына айына 20 сомдон стипендия бере баштады. Ал учурда 20 сом мен ʏчʏн чоң акча болчу. Эң алгачкы стипендиямды ошондо алгам. Ал кезде 6-класс элем. Стипендиямды аларым менен ʏйгɵ чуркап, атама сʏйʏнчʏлɵп келгем. Атам батасын берип, дагы 20 сом кошуп бергени эсимде. Студент болгондон кийин дагы жакшы окуп, мамлекеттен 250 сом стипендия алып окудум. Андан кийин 3-курсумда профессор Каримов Саалы агайымдын “Атуулдук стипендиясын” алдым. Бул сыйлыктар мага дем-кʏч берди, ошону менен бирге эле чоң жоопкерчилик арткандай болду. Мен дагы кези келгенде билимдʏʏ жаштарды колдоп, демɵɵрчʏ болом деп кɵп ойлончумун. Буюрса, бул тилегиме жетээриме да сɵзсʏз ишенем.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы