2018-жылкы маалыматтарга ылайык дʏйнɵ жʏзʏ боюнча 5 миллион тоннага жакын коргошун ɵндʏрʏлгɵн. Анын кɵпчʏлʏгʏ унаалардын коргошундук кислоталык аккумуляторлору жана аскердик багытта, ок-дарыларды жасоо ʏчʏн пайдаланылган. Биз кɵрʏп-билип жʏргɵн коргошун кайсы учурда зыян? Коргошундун касиеттери, табиятта таралуусу жана жаш балдар арасында коргошундун деңгээлин аныктоо боюнча башталган долбоор тууралуу адистер айтып беришет.
Тилебалды Абдулазизов, химия илимдеринин кандидаты, доцент.
“Металл тʏрʏндɵ турса уулуу касиети жокко эсе”
-Илимий -адабияттык маалыматтарга таянсак коргошун табиятта эркин жана бирикме тʏрʏндɵ кездешет. Эркин тʏрдɵ сейрек, ал эми бирикме тʏрʏндɵ кɵп кездешʏʏчʏ металл. Коргошундун негизги бирикмелери булар сульфит, сульфат жана карбонад. Оор металлдардын катарына кирип, ɵзʏ жана анын бирикмелери уулуу заттар болуп эсептелет. Кайсыл учурда уулуу болушу мʏмкʏн? Коргошун металл тʏрʏндɵ турса уулуу касиети жокко эсе. Негизи коргошундун сууда эрий турган бирикмелери жана металлдын ɵзʏн эриткендеги буусу эрʏʏ температурасынан жогорку чекке жетсе уулуу болуп саналат. Ошондой эле коргошундун негизги уулуу заттарынын бири анын металлоорганикалык бирикмелери. Мисалы, тетраэтилкоргошун деген бирикмеси бар. Учурда тетраэтил коргошунду ɵндʏрʏштɵн алынды деп жʏрʏшɵт, бирок, канчалык деңгээлде алынгандыгын ырастоо кыйын. Негизи тетраэтилкоргошунду бензиндин октандык санын жогорулатуу ʏчʏн колдонушат. Жалпак тил менен айтканда бензиндин детонациялык(жарылууга) туруктуулугу октандык сан менен туюнтулат. Мисалы, 92 ʏлгʏдɵгʏ бензинге караганда 95 ʏлгʏсʏндɵгʏ бензиндин детонациялык туруктуулугу жогору. Тетраэтилкоргошун кошулуп, бензиндеги октандык саны жогорулаган сайын детонациялык туруктуулук касиети да жогорулады дейли, ошону менен бирге бензин кʏйгɵн учурда абага коргошун бирикмеси да бууланып чыгат.
“Айыл-шаардагы балдардын кɵрсɵткʏчʏн сɵзсʏз салыштыруу керек”
-Мындай деп сунуштар элем, эгер жаш балдардын организминдеги коргошундун ɵлчɵмʏн изилдɵɵ керек болсо, айылдагы жана шаардагы балдардын кɵрсɵткʏчʏн сɵзсʏз салыштыруу керек. Негизи биздин табиятта коргошундун миграциясы аз. Буга чейин тоолуу Алай районунда топурактагы коргошундун курамын изилдегенибизде ɵтɵ эле аз кɵрсɵткʏчтʏ берген. Топуракта ошончо болсо абада мындан да аз чыгат. Шаарда унаа тыгыны кɵп катталган жерлерде кɵрсɵткʏч жогору чыгуусу ыктымал. Коргошундун адам организминде топтоло турган жери боор менен бɵйрɵк. Химиялык, физиологиялык кɵз караш менен алганда коргошун уулуу металлдардын катарына кирет. Анын ууландыруучу деңгээли атайы адистер тарабынан эсептелет. Студент кезимде немис улутундагы профессор агайым жалбырактагы коргошундун кɵлɵмʏн изилдɵɵ боюнча сунушун айткан эле. Кʏз-жаз мезгилдеринде жалбыракты ɵрттɵбɵ деген сɵздʏн тɵркʏнʏ ушунда. Тʏшкɵн жалбыракта тʏрдʏʏ заттардын бирикмелери, анын ичинде оор металлдар да болот. Ал абага кɵтɵрʏлгɵндɵ адам организмине зыян.
Жаннаткан Чоголова. ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборунун 12-филиалынын дарыгери.
“Балдарды батарейка таштары менен ойноосуна жол бербегиле”
-Бириккен улуттар уюму тарабанынан коргошун айлана-чɵйрɵнʏ приоритеттʏʏ булгоочу уулуу металлдар тизмесине киргизилген. Ал организмге киргенден кийин адамдардын ден соолугун коркунучка кептеп, ар кандай ооруларды чакырышы мʏмкʏн. Айрыкча коргошундун таасири 6 жашка чейинки балдар ʏчʏн кооптуу. Коргошун бекем зат жана аны менен иштɵɵ жеңил. Ошондуктан миңдеген жылдардан бери адамзатка тааныш. Коргошун таштандыларынын булактары болуп тʏстʏʏ металлдарды, темирди жана болотту казуу, иштетʏʏ боюнча ишканалар, айнек, лак сырдоочу, коргонуу ɵнɵр жайынын ишканалары, аккумулятордук заводдор, мунай химиясынын жана электротехниканын ишканалары саналат. Ɵзгɵчɵ коргошундун абадагы жана жердеги камтылышы жол берилген аймактарга чектеш жерлерде уулануу коркунучу жогору. Коргошун кандоочтор кээде консерва ɵндʏрʏʏ учурунда, коргошун глазуру суусундуктарды жана азык- тʏлʏктɵрдʏ сактоо ʏчʏн карапа же айнек идиштерин жабууда колдонулат. Сырдоочу сырларды ɵндʏрʏʏдɵ курамына коргошун пигменттери кошулат. Коргошун менен булганган жерде ɵстʏрʏлгɵн айыл чарба продукциясы, эски коргошун тʏтʏктɵрʏнɵн аккан суулар, коргошун менен ууланган суудагы балыктар жана балырларды пайдалануу кооптуу. Коргошундун кɵп ɵлчɵмʏ жер кыртыштын жогорку катмарында, 5 сантиметрге чейинки тереңдикте камтылат. Балдар кɵчɵдɵ, короодогу кɵк чɵптʏʏ аянтта, кум аянтында, бакчаларда (огороддо) ойногондо баланын организмине кɵбʏнчɵ кир колдор аркылуу кирет. Кум, топуракты жеп алган учурлары да жок эмес. Лазер оюнчуктардын кичинекей батарейкаларын жутуп алган фактылар да бар. Дегеле балдарды батарейка таштары менен ойноосуна жол бербɵɵ керек.
Сатурнизм бул – коргошундан уулануу
-Коргошун “топтолуу”( кумулятивдʏʏ) касиетине ээ. Коргошундан уулануу “сатурнизм” деп аталат. Коргошун организмге киргенде биринчи канга келип тʏшʏп, эритроциттер( кызыл кан клеткалары) менен байланышат. Эритроциттерде кандын плазмасына караганда 16 эсе кɵп камтылып, гемоглобиндин синтезин чакырат, натыйжада анемия (аз кандуулук) пайда болот. Баса белгилей кетсем, коргошунду бириктирген канцерогендер бɵйрɵктʏн, ашказан жана ичегинин шишик оорусуна алып келиши мʏмкʏн. Коргошун чачта, тиште, сɵɵк ткандарында да топтолот. Коргошундун кош бойлуу аялдын организмине кирсе, тʏйʏлдʏктʏн ɵсʏшʏн жана ɵнʏгʏʏсʏн бузуп, боюнан тʏшʏп калууга жана ийигиликсиз тɵрɵткɵ таасир этиши ыктымал.
Коргошундан уулануунун белгилери
• Нерв тутуму тарабынан ɵзгɵрʏʏлɵр: баштын оорусу, алсыздык, тез чарчап калуу, уйкусуздук, ɵнɵкɵт чарчоо, эс тутумдун начарлашы, маанайдын тез бузулушу;
• Жʏрɵк кан-тамыр тутумунун ɵзгɵрʏшʏ(аритмия, кан басымдын жогорулашы);
• Ашказан-ичеги бузулуулар, табиттин жоголушу, зарына, тез жʏрɵгʏ айлануу, кусуу;
• Ооздогу темирдин даамына болгон даттануу;
• Аз кандуулук;
• Гормоналдык ɵзгɵрʏʏлɵр, алар бала тɵрɵчʏʏ функцияларга жана зат алмашуунун бузулушуна алып келет;
• Бɵйрɵктʏн функцияларынын бузулушу.
Организмде коргошундун кɵп топтолушуна жараша балдардын боюнун жана аң сезиминин ɵсʏʏдɵгʏ кармалуусу, алсыздык, акыркы мезгилде алган билимдердин жана кɵндʏмдɵрдʏн жоголушу байкалат. Балдардын физикалык активдʏʏлʏгʏ, координациясы, кɵрʏʏ жана угуусу начарлайт.
“1 жаштан 6 жашка чейинки 1200 бала изилдɵɵгɵ алынды”
Бʏгʏнкʏ кʏндɵ “Коргошундун таасирин азайтуу ʏчʏн саламаттыкты сактоо системалырын бекемдɵɵ” долбоорунун алкагында изилдɵɵ топтору тʏзʏлʏп, атайын тренингден ɵткɵрʏлдʏ. Буга чейин мындай иш-чара болгон эмес. Бизде организмдеги коргошунду аныктоо боюнча лаборатория да жок. Кыргызстандын жалпы калк жайгашкан 21 аймакта 1 жаштан 6 жашка чейинки 1200 бала изилдɵɵгɵ алынды. Ош шаарынын ʏй-бʏлɵлʏк медициналык борборунун №3 жана 10-филиалдарына караштуу 1 жаштан 6 жашка чейинки 90 баланы изилдɵɵгɵ каттаганбыз.
Коргошун уулануусун аныктоо оңой эмес. Анткени коргошун уулануусунун белгилери дайыма эле кɵрʏнɵ бербейт. Эгер пайда болсо сасык тумоо же башка оорулардын белгилери катары жаңылыш кабыл алынышы мʏмкʏн. Коргошун уулануусунун бар экенин аныктоонун жалгыз жолу – баланын канына атайын анализ жасоо, анализдин жыйынтыгында коргошундун канчалык деңгээлде бар экенин кɵрʏʏгɵ болот. Эгерде балада коргошун уулануусу бар деп шек санап жатсаңыз, сɵзсʏз тʏрдɵ ʏй-бʏлɵлʏк дарыгериңиз менен байланышыңыз!
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
ОшТУда “Манас” күнүнө карата тегерек стол болуп өттү
ЖИКС – саламаттык сактоодогу глобалдуу көйгөй
Жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшырылды