6 июля, 2025

БАСМА СƟЗ ЖАНА СƟЗ ЭРКИНДИГИ

Маалымат жана басма сɵз кʏнʏ  республиканын жалпыга маалымдоо каражаттары, полиграфия, радио жана телевидение кызматкерлеринин  жана жалпы эле журналисттердин кесиптик майрамы катары белгиленет.  Ал 1924-жылдын 1-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнʏн токтому менен  кыргыздын алгачкы улуттук гезити “Эркин Тоонун” биринчи санынын жарык кɵргɵн кʏнʏнʏн урматына арналып белгиленгендиги жалпыга маалым. Демек, быйыл Кыргыз Республикасынын басма сɵз  кʏнʏнɵ туптуура 100 жыл, бир кылым толуп олтурат.

КЫЛЫМ КАРЫТКАН УЛУУ СƟЗ

Цивилизациялашкан адам атпайдын баары  адатта тарыхка тарыхтай эле мамиле жасоого ыкташканы маалым. Тарых – улуттун таржымалы жана тагдыры. Бул ɵңʏттɵн алганда азыр айрымдар ар нерсенин башын бир айтып же кылтыйтып  жаткан Улуу Октябрь революциясы сайда саны, кумда куну калып барткан кыргыз сыяктуу  элдердин тагдырына  олуттуу таасир берип, опол тоодой из калтырган окуя катары бааланат. Улуу Октябрь ушул кʏнгɵ чейин жыйырманчы кылымдын эң башкы жана эң маанилʏʏ окуяларынын башында турганын бардык эксперттер бир ооздон бекер белгилешпейт.

Кыргыз Республикасынын коомчулугу быйыл белгилемекчи болуп жаткан Кыргыз Респуликасынын 100 жылдык маарекеси да ошол Улуу Октябрдын жана анын жемишинен кɵрɵгɵчтʏк, акылмандык менен пайдалана билген аталардын шарапаты  менен белгиленʏʏдɵ.

Ошентип, 1924-жылы Кара-кыргыз автономиялык облусу тʏзʏлгɵндɵн кɵп ɵтпɵй эле кыргыздын тɵл башы гезити –“Эркин Тоонун” биринчи саны жарыкка чыккан. 1927-жылы аталган гезит “Кызыл Кыргызстан” деп аталып, ал эми 1965-жылдан тартып “Советтик Кыргызстан” деген аталышта жарык кɵрɵ баштаган.   Кыргыз Республикасы эгемендʏʏлʏккɵ жетишкенден баштап аталган басылма “Кыргыз Туусу” деген аталышка ээ болгон. Кыргызстандагы дагы бир аксакал басылма — “Слово Кыргызстана” гезити да алгач “Батрацкая правда” деген аталышта жарык кɵрʏп андан ары “ Крестьянский путь”, “Советская Киргизия” деген таталышта 1991-жылга дейре чыгып келди. 1991-жылдын февралынан тартып аты “Слово Кыргызстана” деп ɵзгɵртʏлдʏ.

Аталган басылмалар жарыкка чыккан алгач кʏнʏнɵн тартып эле  ɵз дооруна жараша жамааттык агитатор, жалындуу пропагандист жана уюштуруучу катары республикада болуп жаткан процесстерди ондогон жылдар бою  активдʏʏ чагылдырып келишти. Сабатсыздыкты жоюу кʏрɵшʏндɵ, жалпы эле эл агартуу тармагы боюнча жʏргʏзʏлгɵн иш-аракеттерде алардын кошкон салымы ɵтɵ чоң болду. Сабатсыздыкты жоюу аракеттеринин маани-маңызы  абдан маанилʏʏ болгондугун 1892-жылы падышалык Россия ɵткɵргɵн эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, ал кездеги кыргыздардын сабаттуулук пайызы болгону 0,01ди тʏзгɵнʏнɵн эле болжоого мʏмкʏн.

Советтик тʏзʏлʏш андан ары карай ɵнʏгʏп-ɵркʏндɵɵсʏн уланткан. Жеке чарбаларды жамаатташтыруу, башкача айтканда, айыл чарбасындагы эмгекти кооперациялаштыруу жагына ɵткɵн кылымдын отузунчу жылдарында ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулуп, олуттуу маани берилгени белгилʏʏ. СССРде ал процесс коллективдештирʏʏ деп аталган. Социалисттик тʏзʏлʏштʏн бул  маанилʏʏ процесси андан мурдараак кулач жайган  индустриялаштыруу  кыймылсыз мʏмкʏн эмес эле. Социалисттик курулуштун бул этаптарында да, Советтик доордун кийинки мезгилдеринде да коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык маселелерди чагылдырууда  кыргыз журналистикасы олуттуу роль ойногон. Ал доордогу жашоо-турмуш шарттары жана кɵйгɵй-талаптары албетте, азыркыдан таптакыр айырмаланганын улуу муундагылар жакшы билишет. Журналистиканын дээрлик бардык жанрлары советтик адамдардын советтик доордогу жыргал жашоосун, жалпысынан советтик жашоо образын гана чагылдырууга багытталган. Эл аралык турмуш, ɵлкɵдɵгʏ ички жана тышкы саясат маселелери чектелʏʏ ɵлчɵмдɵ талапка жараша гана чагылдырылып турган. Советтик журналистиканы да ичине камтыган коомдук турмуштун сенектик деп аталган жылдары ушинтип башталган.

Укугуңду пайдалан, милдетиңди аткар!

Сɵз эркиндиги мындайча мʏнɵздɵлɵт:  “Сɵз эркиндиги – адамдын негизги жеке укуктары менен жарандардын саясий укуктарынын бири, маалымат эркиндигинин курамдык бɵлʏгʏ. Ал ɵз пикирин(оюн)жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу менен ( оозеки, жазуу жʏзʏндɵ)  жалпыга жарыя айтуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ дегенди билдирет. Ошону менен бирге дʏйнɵнʏн кɵпчʏлʏк ɵлкɵлɵрʏндɵ сɵз эркиндигин  мыйзамдуу бийликти кʏч колдонуу аркылуу кулатуу, мамлекеттик жана мыйзам тарабынан корголгон сырларды ачуу, кылмышка тʏртʏʏ, улутчулдук, расалык , диний жана башка жакты басмырлоо жана ушактоо, коомдук жʏрʏм-турум жана адеп-ахлактык каадаларына тийиштик кылуу ʏчʏн пайдаланууга тыюу салынган. Ɵзгɵчɵ тартип менен согуштук кырдаал маалында сɵз эркиндигин чектɵɵ тизмеги кеңейтилиши мʏмкʏн”.

Ɵз пикирин( оюн) жарыя айтуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ дегенде, Совет доорунда  Хрущевдун АКШга жасаган бир иш сапарында америкалыктар менен болгон жолугушуулардын биринде тамаша-какшык аралаш  мынтип айтканы эске келет: “Мына силер, америкалыктар, СССРде демократия, сɵз эркиндиги деген тʏшʏнʏк жок”деп  кɵп айтасыңар. Мисалы, Американын каалаган жараны АКШнын Ак Yйʏнʏн алдына чыгып алып: “Президент кетсин!” деп кыйкырса деле ага эч ким эч нерсе дей албайт дейсиңер. Бизде деле ушундай: Кызыл аянтка чыгып алып, “АКШнын президенти кетсин!”деп  ким каалашынча кыйкыра берсин, эч ким анын мышыгын да “пыш” дебейт…”

Принцибинен алганда, сɵз эркиндиги сɵз менен кошо, басма сɵз эркиндиги басма сɵз менен кошо пайда болгон деп айткан адам жаңылбайт. “Эң оболу сɵз болгон, сɵз кудай жɵнʏндɵ эле, Кудайдын ɵзʏ сɵз болгон” деген байыркы армяндардын накыл кеби бар. “Сɵз деле иш” деп Ленин да бекер айтпаган. Биринчи кезекте бул накыл сɵз баккандарга, алардын ичинен журналисттерге да  тиешелʏʏдɵй сезилет.

Сɵз эркиндиги  маалымат каражаттары эркиндигинин курамдык бир бɵлʏгʏ болгону менен алардын ортосунда эске алып, маани берип кое турган бир айырмачылык да бар: сɵз эркиндиги жекелик, басма сɵз эркиндиги кɵптʏк, демек коомдук,  жалпылык мʏнɵзгɵ ээ. Жекелик мʏнɵздɵгʏ эркиндик ар качандан бир качан абсолюттуулукка, ал эми коомдук мʏнɵздɵгʏ эркиндик анархияга жана тиранияга умтулуп келээрин байыркы Платондон бери эле акылмандар белгилеп жана эскертип келе жатышканы тарыхтан белгилʏʏ. Тарых демекчи, басма сɵздʏн тарых- таржымалынын тʏбʏ ɵзʏ мамлекеттик бийликке барып такалат. Мамлекеттик маанидеги ар кандай билдирʏʏлɵр,указ-наказдар, маалыматтар, жарыялар жана башка ыкыбай-чыкыбай документтер байыркы замандардан тартып эле эл кɵп чогулган аянтчаларга, дубалдарга, кɵрʏнɵɵ жерлерге илинип коюлган. Адатта алар папируска, чопо тактайчаларга жазылган. Атайын курьерлер жана маалымдоочулар, шашылыш маалыматтарды кыйкырып айтуучулар да болгон. Мындан чыкты, ар кандай эле маалыматты калың элге таратуу, жеткирʏʏ кызыкчылыгы жана зарылчылыгы эң оболу бийликте жаралган. Ал эми басма сɵз эркиндиги деген тʏшʏнʏк жаңы доорлордо, маалымат алуучулардан  кайра кайтарылма байланыш катары пайда болгондугу белгилʏʏ. Сɵз жана басма сɵз эркиндиги азыр эми ɵнʏгʏп келе жаткан ɵлкɵлɵрдɵ гана катуу талаш-тартышка тʏшпɵсɵ, ɵнʏккɵн же толугу менен калыптануу жолуна тʏшкɵн ɵлкɵлɵрдɵ аларга жайынча, мыйзам чегинде эле мамиле жасалат. Сɵз жана басма сɵз эркиндиги чектелип баратат маанисиндеги ачуу кыйкырыктар жана ага байланышкан ызы-чууларды адатта бийлик  оппоненттеринин ɵкʏлдɵрʏ жана мисалы, Кыргызстанда азыркы тапта  араандары ачылып бʏткɵн НПОлор кɵтɵргɵндʏ жакшы кɵрɵɵрʏ айтпаса да белгилʏʏ. Бирок, чеги жок талаш -тартыштуу сɵз жана басма сɵз эркиндиги жагдайындагы  тарых-таржымал ушунусу менен уучу узарып, ушунусу менен кызыктуу болорунда шек жок.

 Ар кандай эле мамлекеттик бийлик ɵкʏлʏ ɵзʏ жетектеген мамлекеттин конституцияда белгиленген кызыкчылыктарын коргоого, ɵлкɵнʏ ар тараптуу ɵнʏктʏрʏп-ɵстʏрʏʏгɵ  милдеттʏʏ. Ага ошого жараша укуктар ыйгарылат. Укугуңдан пайдалан да, милдетиңди аткар!

Абдираим Мамытов

About The Author