21 ноября, 2024

Жасалма интеллект – убактыбызды ʏнɵмдɵйт, жумушубузду жеңилдетет

Жасалма интеллект дʏйнɵнʏ ɵзгɵртʏʏнʏ улантууда, анын таасири Кыргызстанда да сезиле баштады. Технологиянын ɵнʏгʏʏсʏ тууралуу эксперттердин ойлору маанилʏʏ. Мугалимдер Тынчтыкбек Досмуратов менен  Гʏлнара Имамалиева жасалма интеллекттин келечеги, мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ жана чакырыктары тууралуу пикирлерин бɵлʏшʏп, анын бизге тийгизген таасири жɵнʏндɵ ойлонууга чакырышат.

Гʏлнара Имамалиева, ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасынын улук окутуучусу.

“Жасалма интеллектти ар бир колдонуучу ɵз кесибине айкалыштырып колдонот”

Жасалма интеллект (ЖИ) бул – компьютердик системаларга же машиналарга адамдарга мʏнɵздʏʏ болгон акыл-эс ишмердʏʏлʏгʏн  ʏйрɵнʏʏ, ой жʏгʏртʏʏ, кɵйгɵй чечʏʏ жана тилди тʏшʏнʏʏ жɵндɵмдɵрʏн берʏʏчʏ заманбап технология. Жасалма интеллект негизинен атайын алгоритмдерди колдонуп чоң маалыматтарды иштеп чыгуу аркылуу ɵз алдынча ʏйрɵнʏп, мурунку маалыматтардын негизинде чечим кабыл алууга жɵндɵмдʏʏ. Ар тармакта ɵзʏнчɵ кеңири мʏмкʏнчʏлʏктɵргɵ ээ. Мындан башка маалыматтарды ылдам иштетʏʏгɵ, талдоо жʏргʏзʏʏгɵ, сʏрɵт жана ʏн таанууга, текст жазууга, сунуштарды берʏʏгɵ, автоматташтырууга, машиналарды башкарууга, медициналык диагностикалоого, кардарлар менен баарлашууга жɵндɵмдʏʏ. Эгер ɵнʏгʏʏ ушул темп менен барса жасалма интеллект адам акылына келбеген иш аракеттерге да жɵндɵмдʏʏ болушу толук ыктымал. Жасалма интеллектти ар бир колдонуучу ɵз кесибине айкалыштырып колдонот. Мисалы, мен Gamma AI, claude Ai, Magic School, ChatGPT ж.б. жасалма интеллекттерин кеңири колдоном. Менимче ар бир заманбап мугалим бʏгʏнкʏ кʏндɵ ɵз ишин жасалма интеллекттин катышуусусуз элестете албаса керек. Анткени ал кʏн сайын бизге жардам берип, биздин ишибизди жеңилдетет. Жасалма интеллект азыркы кʏндɵ иштин натыйжалуулугун жогорулатып, убактыбызды ʏнɵмдɵйт. Кʏнʏмдʏк турмушта жасалма интеллект аркылуу смартфондордо виртуалдык жардамчылар, интернет-дʏкɵндɵрдɵгʏ сунуш системалары, медициналык кеңештер жана финансылык транзакциялардын коопсуздугун камсыз кылуу кеңири колдонулуп жатат. Бир сɵз менен айтканда жасалма интеллект адамдын ɵндʏрʏмдʏʏлʏгʏн жогорулатат.

“Жасалма интеллект кээ бир кесип ээлерин жумушсуз калтырат”

-Ооба, жасалма интеллект айрым кесип ээлерине тʏздɵн-тʏз терс таасирин тийгизиши мʏмкʏн. Кээ бир жумуштардын автоматташтыруу аркылуу аткарылышы жумуш орундарын кыскартса, айрым кесиптердин жоголуу коркунучу да бар. Мисалы, фабрикалардагы ɵндʏрʏш, кардарларды тейлɵɵ, таксисттердин жумуштары сыяктуу кесиптерде автоматташтырылган системалар адамдардын ордун толук алмаштырышы мʏмкʏн. Бирок, бул процесстин дагы бир пайдалуу тарабы катары жасалма интеллект жаңы жумуш орундарын жана жаңы кесиптерди жаратып, адамдарды жаңы кɵндʏмдɵргɵ ээ болууга тʏртɵɵрʏн белгилеп айтууга болот. Ошондуктан, ар дайым кесиптик ɵнʏгʏʏ жана ʏйрɵнʏʏ актуалдуу бойдон калат деп ойлойм.

“Жасалма интеллект ɵнʏккɵн сайын адам интеллектисинин жоголуу коркунучун жаратат”

-Жасалма интеллекттин пайдалуу жактары белгиленген жерде сɵзсʏз анын орчундуу терс таасири жɵнʏндɵ дагы айтылып жʏрɵт. Жеке оюмду айта турган болсом, мен жасалма интеллекттин мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏнɵн алгачкы жолу колдонгон кезимде жумушумдун жеңилдегенине кубанганым менен баары бир тынчсыздануу пайда болгон. Азыркы муун билим базасы бар болгондуктан жасалма интеллекттин берген жыйынтыгын анализдей алат. Анализдегенге билими жетишсиз адам жасалма интеллекттин бардык жыйынтыгын туура деп кабыл алып алса кантет экен деген ой келген.  Ошондой эле жасалма интеллект ɵнʏккɵн сайын адам интеллектти тɵмɵндɵɵ коркунучу да бар.

Ош билим берʏʏ институттун лектору, тренер Тынчтыкбек Досмуратов:

“ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИ ЖАЛПЫ КООМЧУЛУКТАН МУРДА МУГАЛИМДЕР ƟЗДƟШТʏРʏʏСʏ КАЖЕТ”

-Жасалма интеллект азыркы заманбап илимдин багыты. Маалыматтык технологиянын ɵнʏккɵн бир бɵлʏгʏ. Анын ичинде, албетте, билим берʏʏнʏ ыкчам, натыйжалуу уюштурууга дагы багытталган. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ мугалимдер жасалма интеллектти эмне ʏчʏн окушу керек? Ар бир жаңы багыттын оңу-солу, кʏңгɵй-тескейи болот эмеспи. Бул табийгый кɵрʏнʏш. Жасалма интеллекттин деле келечекке чоң таасирин тийгизе турчу жакшы жана ошону менен бирге кɵйгɵйлʏʏ жактары да бар. Жакшы жагы жасалма интеллектти колдонуучу мугалим болсо, сааттап жаза турган планын же башка жазуу иштерин кɵз ирмемде жыйынтыктап алат. Бир гана жазуу иштерин эмес, башка да толгон-токой кайталанма, тʏйшʏктʏʏ иштерин жеңилдетет. Мугалим болгону жасалма интеллектке туура, так жана кенен команда берсе жетиштʏʏ. Ал эми команда берʏʏ “промпт” (prompt) деп аталат. Биз жасалма интелектти колдонууда мугалимдерге туура промпт берʏʏнʏ ʏйрɵтɵбʏз. Ошентсе да жасалма интеллектке 100% кɵз каранды болуп калуудан абайлашыбыз керек. Ошол эле учурда баш тартып кетʏʏ да туура эмес. Болгону балансты сактасак жетиштʏʏ. Биз мугалимдерди батыраак окутуп калуу аракетибиздин себеби, эртеңки кʏндɵ жасалма интеллектти терс жакка пайдалангандардан абайлашыбыз керек дейбиз. Ошондуктан да биз биринчи орунда окутууну мугалимдерден баштадык.

“Ош шаарында жасалма интеллектке болгон кызыгуу кʏч” 

-Ош облусундагы жана Ош шаарындагы мугалимдер биздин институттан квалификациясын жогорулатуу ʏчʏн 5 жылда бир келип курстардан ɵтʏп турушат. Бизге 1 айдын ичинде эле 400 гɵ жакын мугалим келет. Ал эми 1 жылда 3000-4000 мугалимди окутабыз. Мында келген ар бир тайпа жок дегенде бир кʏндɵн жасалма интеллекттин маанилʏʏлʏгʏ боюнча лекция окушат. Андан соң бул багытта 4 сааттык практика болот. Практика учурунда курс угуучулары жасалма интеллекттин жардамында текст жаздырууну, сʏрɵт тарттырууну, презентация жана видео жасоону ɵздɵштʏрʏшɵт.

E-learning graduate certificate program concept, businessman hand holding light bulb with Internet education course degree, study knowledge, creative thinking idea, problem solving solution, AI.

“2030-жылдары кафе, ресторандарда официанттар калбашы ыктымал”

-Кɵп адамдар жасалма интеллект дегенде роботту элестетишет. Мына ошол роботтун айынан кимдер жумушсуз калышы мʏмкʏн? Албетте, роботко окшогон, башкача айтканда, берилген тапшырманын чегинде гана ойлонуп, мына ошону гана аткарган адамдар жумушсуз калат. Чыгармачылык менен иштеген, кошумча ой жʏгʏрткɵн адамдар жумушсуз калбайт. Анткени жасалма интеллект эки нерсенин негизинде, тактап айтканда, тапшырма менен маалыматтын гана чегинде иштейт. Тилекке каршы, коомубузда дал ушул сыяктуу адамдар бар. Тапшырманын гана чегинен чыкпай аткарат, кошумча изденбейт. Жасалма интеллект мына ушуга окшогон адамдарды жумушсуз калтыруу коркунучу бар. Адам фактору кыскарып, 2030-жылдары кафе, ресторандарда официанттар дагы калбашы толук ыктымал.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы