21 ноября, 2024

Калаанын кышка даярдыгы кандай?

Учурда эл арасында кышка камылга кызуу жʏрʏʏдɵ. Калктын басымдуу бɵлʏгʏ айыл жергесинде жашагандыктан жылытуу мезгилине ɵз алдынча даярданып, отун-суусун камдап жатат. Ал эми шаар тургундарын камсыздаган мекеме-ишканалардын даярдыгы кандай? Кыш мезгилинде жылуулук, суу, электр жарыгынан кɵйгɵйлɵр болбойбу? Тийиштʏʏ жактардан кабар алганбыз. 

Абдуашим Туркменов, Ош жылуулук электр борборунун башкы инженери.

“845 метр тʏтʏктɵрдʏн диаметри чоңойтулуп, алмаштырылды”

-Ош жылуулук электр борбору 2024-2025-жылкы кʏз-кыш мезгилдерине карата Ɵкмɵттʏн жана Ош шаарынын мэриясынын токтомунда кɵрсɵтʏлгɵн иш-чаралардын негизинде кышка даярданды. Бизде жалпы 3 буу казан орнотулган. Оңдоп-тʏзɵɵ иштери толук аягына чыкты. Электр жабдыктары, химиялык жабдыктар, андан сырткары шаардагы магистралдык кварталдык жылуулук тармактарындагы бекитʏʏ иштери оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏлʏп, Курманжан Датка кɵчɵсʏндɵгʏ «Алай» мейманканасынан баштап, типографияга чейинки магистралдык жылуулук тʏтʏктɵрʏ жаңыланды. Быйылкы жылы жалпы 845 метр аралыктагы тʏтʏктɵрдʏн диаметри чоңойтулуп, алмаштырылды.

“Газ, мазут отундары графикке ылайык ташылып келʏʏдɵ”

-Жылуулук буу казандарыбыз газ жана мазут отуну менен иштейт. Газды ташып келʏʏ боюнча 4,5 миллион куб газга “Газпром Кыргызстан” ишканасы менен келишим тʏзʏлгɵн. Мындан сырткары, мазут отуну боюнча “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому менен келишим тʏзʏлʏп, 20 миң тонна мазутту графикке ылайык алып келʏʏдɵ. Ɵткɵн жылкыдан ашкан мазут калдыгынан да бар, ошону менен жылуулук сезонун баштап, иштегенге мазутубуз жетет. Калганы ноябрь, декабрь айларындагы графиги менен ташылат. Керектɵɵчʏлɵрдʏн саны 21 005ти тʏзɵт. Алардын ичинен 20 499у калктын саны, калган керектɵɵчʏлɵр 32 билим берʏʏ мекемеси, 14 саламаттыкты сактоо мекемеси, 7 жогорку окуу жай, 4 ɵнɵр-жай тибиндеги керектɵɵчʏлɵр жана 352 кɵп кабаттуу ʏйлɵр. Керектɵɵчʏлɵр арасындагы эң кɵйгɵйлʏʏ маселени белгилей кетсем, алардын жылуулукка болгон дебитордук карыздары. 2024-жылдын 1-октябрына карата 48 миллион сом дебитордук карыз бар. Анын ичинен калктын карызы 24 миллионду тʏзɵт. Ар бир керектɵɵчʏ жоопкерчилик менен жылуулукка болгон тɵлɵмдɵрʏн ɵз убагында тɵлɵсɵ, биздин да кыш мезгилине ийгиликтʏʏ даярдануубузга жакшы шарт тʏзмɵк.

Ормош Осмонов, “Ош шаарсууканал” муниципалдык ишканасынын башкы инженери.

“34 таза суу кампалары жууп-тазаланды”

-“Ош шаарсууканал” муниципалдык ишканасы кʏз-кыш мезгилине даярдык кɵрʏʏдɵ бир катар маанилʏʏ иштерди аткарды. Атап айтсак, буга чейин таза суу системасындагы басымды кʏз-кыш мезгилине оптималдаштыруу ʏчʏн регулировка иштери жʏргɵн. Суу алуучу дамбалардын шлюздары техникалык кароодон жана текшерʏʏдɵн ɵткɵрʏлʏп, каналдар тазаланып, залалсыздандыруу иштери аягына чыкты. Мындан сырткары, суу тазалоочу станцияларда кышка даярдык боюнча жабуучу арматуралар техникалык кароодон ɵткɵрʏлʏп, алмаштыруу зарыл болгон тетиктерди алмаштырдык. Санитардык ченем жана эрежелерге ылайык кɵлɵмʏ 500 метр кубдан баштап 6000 метр кубга чейинки 34 таза суу кампалары жууп тазаланып, залалсыздандырылды.

Техникалык кароолор, эскилиги жеткен тʏтʏктɵрдʏ жаңылоо

-Магистралдык суу тʏтʏктɵрʏндɵгʏ диаметри 200 миллиметрден баштап 1000 миллиметрге чейинки жабуучу арматуралары оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵтʏп, эскилиги жеткен суу тʏтʏктɵр жаңыланды. Ишкананын эксплуатациясындагы 16 насостук станцияларындагы жабдууларды атайы текшерʏʏдɵн ɵткɵргɵн соң алмаштыруу зарыл болгон тетиктерин алмаштырдык. Суу тазалоочу станцияларды, насостук станцияларды жана саркынды сууларды тазалоочу станцияны электр энергиясы менен камсыз кылуучу трансформатордук подстанциялар текшерилип, тетиктери жаңыланды. Ишкананын 54 атайын техникаларынын дɵңгɵлɵктɵрʏ, аккумуляторлору жана башка тетиктери алмаштырылып, кʏз-кыш мезгилине даяр. Ошондой эле ишкананын жумушчулары кышкы атайы жылуу кийимдер менен камсыз болду. Мындан жумушчуларды арзан баадагы кɵмʏр менен камсыз кылуу максатында жыл сайын карьер баасында кɵмʏр тʏз алынып келинет.

Эмилбек Ысманов, Ош электр тармактар ишканасынын жетекчиси.

“Карамагыбызда 9 райондук электр тармактар ишканалары бар”

-Кышка даярдык башка жылдарга салыштырмалуу быйыл эртерээк башталды. Анткени керектʏʏ материалдык жабдыктар ɵз убагында келген. Биздеги жумуш иштери тɵмɵнкʏ чыңалуудагы жана жогорку чыңалуудагы деп экиге бɵлʏнɵт. Жумуш иштерибиз капиталдык жана утурумдук оңдоо иштери боюнча 95%дын тегерегинде бʏттʏ. Карамагыбызда 9 райондук электр тармактар ишканалары бар, аларда жумуш кызуу жʏрʏп жатат. Ɵзʏбʏздʏн планга ылайык 15-ноябрга чейин даярдык иштери жʏргʏзʏлɵт. Ал эми жогорку чыңалуудагы линиядагы жумуштар дээрлик аягына чыкты.

“Ɵчʏрʏʏлɵрдʏ алдын алуу боюнча 3 миллиард 8 миллиондук киловатт-саатка келишим тʏзʏлдʏ”

-Кышында жарыктын ɵчʏʏ же ɵчпɵɵсʏ ГЭСтердеги суунун кɵлɵмʏнɵ жараша болот. Акыркы 2-3 жылдан бери суунун таңкыстыгы бар экени талашсыз. Эң чоң ГЭСибиз Токтогулда ɵткɵн жылы кышка кирерде 11 миллиард 8 миллион куб суу болсо, быйыл 2 миллиардга кɵп. Бирок, бул да жетишсиз. Кошуна мамлекеттерден Тʏркмɵнстан, Россия, Казакстан, Ɵзбекстан ɵлкɵлɵрʏ менен ɵчʏрʏʏлɵрдʏ алдын алуу боюнча Энергетика министрлиги 3 миллиард 8 миллиондук киловатт саатка келишим тʏздʏ. Бизде 80% керектɵɵчʏлɵр айыл тургундары болуп эсептелет. Аба-ырайы сууктаган сайын электр мештеринен такай пайдаланбай кɵмʏр отунга ɵтʏʏ зарыл. Бул боюнча кызматкерлерибиз айыл ɵкмɵттɵрʏ жана эл менен жолугуп, тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп жатат.

Нусуп Жолдошбаев, Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасынын директору.

“АТРдин алкагында дагы 16 объект бизге ɵттʏ”

-“Кыштын камын жазда кɵр” демекчи эрте жаздан баштап эле жылуулук мезгилине даярдана баштайбыз. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жылуулук камсыздоо ишканасы кыш мезгилине 95-96% даяр деп айта алам. Административдик аймактык реформанын алкагында бизге дагы 12 мектеп, 4 бала бакча ɵттʏ. Буга чейин ишканабыз 306 кɵп кабаттуу ʏйдʏ, 36 мектепти, 29 балдар бакчасын, 11 медициналык мекемени, 9 жогорку окуу жайды, 2 кесиптик лицейди, 7 административдик мекемени, 3 китепкана, 1 атайы кɵзʏ азиз жана начар кɵргɵн балдар интернатын, “Боорукердик ʏй” интернатын жана 98 мекемени жылуулук менен камсыздап келген. Облустук тɵрɵт ʏйʏ менен шаардык тɵрɵт ʏйʏнɵ жылуулук биринчилерден болуп берилет. Андан кийин этап-этабы менен башка объекттерге жетип барат. Учурда жалпы 93 от казаныбыз бар. Анын 20сы электр от казандары, калган 73ʏ кɵмʏр от казандары болуп саналат. Тендерден уткан компания бʏгʏнкʏ кʏндɵ 15 500 тонна кɵмʏр алып келди. Анын 3 миң тоннасы БР ʏлгʏсʏндɵгʏ ири кɵмʏр, калганы БСШ ʏлгʏсʏндɵгʏ майда кɵмʏрлɵр. Экология кɵйгɵйʏн эске алуу менен жылда тендер ɵткɵргɵндɵ сапаттуу кɵмʏр алуу ʏчʏн комиссия тʏзʏлʏп, атайы критерийлер эске алынат. Мындан сырткары тʏтʏн соргучтарды колдонуп, абага ыштын азыраак чыгуусуна аракеттерди жасап келебиз.

“Тʏтʏктɵрдʏ тазалап, эшик-терезелерди жылуулоо керек”

-Негизи жɵнɵкɵй жарандар тарабынан “мейманканам ысып, жатак бɵлмɵм ысыбай жатат” деген сыяктуу арыздар болуп келген. От казандар аркылуу берилген жылуулук баарына тегиз таратылат. Болгону тʏтʏктɵрдʏ тазалап, эшик, терезелерди жылуулоо керек. “Сырты жалтырак, ичи калтырак” демекчи жылытуу батареялары сыртынан жакшы кɵрʏнɵ бергени менен ичине накипь толсо циркуляция начар болуп жылытпайт. Мына ошондой кɵйгɵйлɵрдʏ эске алуу менен мына ʏчʏнчʏ жылы ʏйдʏн ички тутумдарын колго алган программабыз иштеп келʏʏдɵ. Бир квадрат метр аянтка 1 сом 14 тыйындан ɵзʏнчɵ тариф бекитилген. Тарифтин негизинде оңдоп-тʏзɵɵ, пайдубалдагы кемчиликтери, жылуулугу, элеватор жана башка тетиктерин ɵзʏбʏз кɵзɵмɵлдɵп, чогулган каражаттын эсебинен кызмат кɵрсɵтɵбʏз. Программаны киргизʏʏнʏн дагы бир максаты кɵп кабаттуу ʏйлɵрдɵ туруктуу жашабаган ʏй ээлери болот, тагыраагы, ижарага тургандар жылытуу тʏтʏктɵрʏнɵ кɵңʏл бурбай “ʏй ээси тɵлɵйт” деп ишти артка тартышат. Учурда 306 кɵп кабаттуу ʏйдʏн 200дɵн ашууну аталган программга кирген. Алар быйылкы жылытуу мезгилине 100% даяр.

Айжылдыз Тойчиева