Бүгүн, 2024-жылдын 7-ноябрь күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Иш-чарага башкармалыктын жетекчилиги, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Курсан Камчиев жана өздүк курам катышты.
Облустук милициянын башчысы Бурканов: “Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин, өзүмдүн жана өздүк курамдын атынан чын дилимден куттуктайм! Учурда журналисттик кесиптин кадыры, мааниси артып, маалыматсыз жашоону элестете албай калган учурда жашап жатабыз. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ачык-айкындуулугунун баасы өтө жогору экендигин элибиздин жашоо турмушундагы орчундуу окуялар далилдеп келет. Өлкөнүн тарыхый учурларына жана мамлекеттин өсүп-өнүгүүсү үчүн жасалып жаткан бардык иш-аракеттерде да калеми курч журналисттердин кошкон салымы эбегейсиз. Сиздер мындан ары дагы укук коргоо органдары менен элдин ортосунда көпүрө болуп, өз ара байланышты чыңдай бересиздер деп ишенем. Адилеттүүлүктүн, калыстыктын, чындыктын жарчысы болууну уланта беришиңиздерге тилектешмин. Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай, чыгармачылыгыңыздарда ийгиликтерди каалайм! Эркиндикти сүйгөн мамлекетибизде ар дайым сөз эркиндиги, ынтымак жана биримдик болсун!” — деп ИИМдин “Колдоо көрсөткөндүгү үчүн” медалы, Ардак грамота, Ыраазычылык баракчаларын жана баалуу белектерди тапшырды. Белгилей кетсек, 7-ноябрь — Басма сөз күнү катары кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күнү жарык көргөндүгүнө байланыштуу белгиленип келет.
Окшош макалалар
ОшТУда “Манас” күнүнө карата тегерек стол болуп өттү
ЖИКС – саламаттык сактоодогу глобалдуу көйгөй
Жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшырылды