Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде Журналистика кафедрасынын уюштуруусу менен Кыргыз басма сөзүнүн 100 жылдыгына карата “Медиа технология өнүккөн доордогу журналистика” аталышындагы журналисттер форуму болуп өттү.
Форумга гезит, сайт, телеберүүдө эмгектенген ардагер жана жаш муундагы журналисттер, студенттер катышты. Талкуу учурунда гезиттин баалуулугу, журналисттердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу, окурмандардын сабаттуулугун арттыруу, журналисттик этика жана технология өнүккөн замандагы журналисттердин орду тууралуу темаларга басым жасалып, улуу муундагы журналисттер студенттерге кеп-кеңеш, сунуш пикирлерин айтышты. Форум андан ары концерттик программа менен коштолуп, журналистика кафедрасынын таланттуу студенттери ыр-бийлерди тартуулашты.


Окшош макалалар
Ош мамлекеттик университети кызмат орун
Жаңы базардын инфратʏзʏмʏ боюнча сɵз болуп, шаарды эки административдик аймакка бɵлʏʏ сунушталды
Кыргызстанда таштандыларды кайра иштетʏʏ – бʏгʏнкʏ абал жана келечек