Россия менен НАТО тирешʏʏсʏ улам кʏчɵп жаткан маалда “ядролук” деген сɵз коштогон тʏшʏнʏктɵр ашырып жибербесек тʏшʏбʏзгɵ да кире турган даражага жетип калды.
Бʏгʏн дʏйнɵдɵ дээрлик он мамлекет ядролук куралга ээ. Алар жалпы алганда, 1300дɵн ашык согуш дʏрмɵтʏн кармап турушат. Анын 5 миң дʏрмɵткɵ жакыны Россияда, болжолдуу алганда дагы ошончосу АКШда жайгаштырылган. Эгерде анын бетин Жараткан ары кылсын, ядролук согуш башталып кетсе, бул апаат куралды ким жана кантип колдонот?
КАВКАЗ БАЛАСЫ
Пульт аркылуу башкарылуучу ядролук чемоданчиктин Россиядагы аталышы-“Чегет”, тоо чокусунун урматына коюлган. Ал эми бʏткʏл стратегиялык ядролук кʏчтɵрдʏ башкаруунун автоматташтырылган системасы “Казбек” деп аталып, айтымда анын конструкторлорунун бирɵɵсʏ Кавказда тɵрɵлгɵн экен.
Баса, ушул жылы “Чегетке” 40 жыл толот. Ал бул жылдар ичинде бир да жолу бузулган же “иштен чыккан” эмес жана Кудайга шʏгʏр, колдонуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ да болбогон. Мындай зарылчылык мындан ары да жаралбайт деп тообо кылып туралы. Кантсе да кавказдыктар айтмакчы, курч канжар, балким, жигитке ɵмʏр бою керек болбос, бирок дайыма жанында жʏрʏшʏ зарыл.
Ядролук чемоданчиктин конструкторлорунун бири Валентин Голубковдун белгилɵɵсʏ боюнча, “Чегеттин” жаралышы ɵз мезгили ʏчʏн аскердик-техникалык жактан революциялык чечим болгон. Элестеткиле: анча чоң эмес кейс миңдеген ядролук ракеталарды жана согуштук дʏрмɵттɵрдʏ бири-бирине байланыштырып жана бɵлʏп турат. Чындап келгенде бул стратегиялык ядролук кʏчтɵрдʏ башкаруунун автоматташтырылган системасынын “жʏрɵгʏ жана мээси” дегенди туюнтат.
“ЧЕГЕТ” КАНТИП ЧЕГИЛДИ?
“Чегет” Автоматиканын илимий-изилдɵɵ институтунда жасалган. Ал эми идея Генштабда жаралган. Анын начальниги маршал Сергей Ахромеевге аскердик чалгын мындай маалымат берген: АКШда андай чемоданчик кɵптɵн бери эле бар. Генштаб тезинен аналогиялык системаны тʏзʏʏ тапшырмасын алдыга койгон. Ага бир чети тʏзʏлʏп жаткан кырдаал да тʏрткʏ болгон: америкалыктар ɵз ракеталарын Европага узун-туурасынан жайгаштырып башташкан. Ракетанын СССРге учуп жетʏʏ убактысы 14тɵн 5 мʏнɵткɵ чейин кыскарган. Дагы бир маанилʏʏ момент: ракетаны атуу ʏчʏн шифр керек болгон. Шифр адатта командирлик сейфте сакталган. Ракеталык полктордун командирлери тревога(машыгуу ʏчʏн) жарыяланган учурларда айрымдары шашылышта сейфке салынчу ачкычтарды сындырып алып, шифр сейфте калып кеткен. Муну “Стратегиялык ЧП” деп коет. Анан да кандайдыр бир шарт-кырдаалдардан улам ракетаны санкцияланбаган атуулардан жана башка кокустуктардан сактануу зарылдыгы да бар эле.
ИШТƟƟ МЕХАНИЗМИ
Ракеталык чабуулду эскертʏʏчʏ станция душман ракетасынын старттык убактысын жана сокку урулуучу аймак жɵнʏндɵгʏ маалыматтарды ирмемге чейин так эсептеп, ядролук чемоданга ɵткɵрʏп берет. Эсептелʏʏ ушул убакыт аралыгында жооп катары урулуучу соккуга санкция берилʏʏгɵ тийиш. Аны башкы командачы-ɵлкɵнʏн президенти берет. Анын чечими ушундай эле ядролук чемодандары бар. Коргоо министри жана Генштабдын начальниги менен макулдашылат. Россиянын мурдагы ядролук доктринасында Россия ɵзʏнʏн ядролук куралын жалаң гана жооп катары пайдаланууга укуктуу болуп келсе, жаңы доктрина кабыл алынгандан кийин эми мындай укуктун чеги бир кыйла кеңейтилди жана конкреттештирилди: “Россия тарапка топтоштурулган аба-космостук чабуулдун старты жɵнʏндɵгʏ ишенимдʏʏ маалымат ядролук жооп кайтарууга алып келет. Алардын катарына стратегиялык жана тактикалык авиациянын учактары, канаттуу ракеталар, учкучсуз , гипердобуштуу жана башка учуучу аппараттар кирет”.
ЧƟНТƟКТƟГY “ТОКОЧ”
Ядролук чемоданчик албетте, АКШда да бар. Ал деле Россияныкындай принципте иштейт. Бирок, айрым ɵзгɵчɵлʏктɵр да бар. Кара булгаарылуу бул саквояждын салмагы 20 килограммга жакын ( Россияныкынан дээрлик эки эсе салмактуу). Титан пластиналары менен брондолгон.
АКШдагы ядролук чемодан 1962-жылкы Кариб кризисинен кийин пайда болгон. Жон Кеннеди ядролук сокку кимдир-бирɵɵлɵрдʏн каалоосу менен эмес, анын буйругу менен гана урулууга тийиш экендигине ишенимдʏʏ болгусу келген. Себеби, америкалык аскер башчылардын арасында ошол маалда Кубага “ушул азыр эле” сокку урууну каалаган радикалдар аз эмес эле.
АКШда Россиядагыдай ʏч эмес, тɵрт ядролук чемодан бар: президентте, вице-президентте, ʏчʏнчʏсʏ Ак Yйдʏн кырдаалдык (ситуациялык) бɵлмɵсʏндɵ, тɵртʏнчʏсʏ- Коргоо министринде.
Ядролук куралга жол ача турган “алтын коддор” жаргон менен “токоч” деп аталган пластикалык карточкага жазылган. Президент адатта аны чɵнтɵгʏндɵ алып жʏрɵт. Чемоданда китеп-инструкция да болуп, анда ядролук чабуул болуп калса, бир ядролук ракетадан баштап АКШнын бардык ядролук арсеналын колдонууга чейинки ыктымалдуу жооп чаралары жазылган.
ЧЕМОДАН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
Леонид Ильич Брежнев ядролук чемоданда машыкмак турсун ага кол тийгизип да койбоптур. Анын ордуна келген Черненко деле ушундай мамиледе ɵттʏ. Ал эми Андропов чемоданга олуттуу карагандыгы айтылат. Ал кездердеги Коргоо министри Устинов чемоданды ʏйрʏлʏп ʏйрɵнʏп, машыгып да кɵргɵн. Андан кийин Горбачев келди. Горбачев чемоданга бир артыкбаш жʏктɵй мамиле жасап, жанына да жологон эмес. Ал турсун аны машыгууга да тартышпаган. Генштабдын начальниги менен Коргоо министри гана машыгуудан ɵткɵрʏлʏп жʏргɵн.
1991-жылдын декабрында Ельцин “кызыл кнопканы” Горбачевдон алууга тийиш эле. Бирок, Ельцин, айтымда “ал кʏнʏ ɵзʏн жакшы сезбегендиктен”, миссияны аткарууга Коргоо министри Шапошниковду жɵнɵткɵн. Ал эми 90-жылдардын так ортосунда бир чуу чыгып, дʏйнɵлʏк басма сɵздɵ: “ядролук кʏчтʏ адекваттуу башкарууга Ельцин эрксиздик кылат!” деген сɵздɵр жайылып жатып калды. Анын себеби мындай эле: Норвегия геодезиялык ракетасын атууну пландаштырып, бул туурасында алдын ала Москвага да эскертʏʏсʏн жиберген: баланча кʏнʏ, тʏкʏнчɵ саатта ракетаны атабыз, ракета ɵзʏбʏздʏн эле аймакка тʏшɵт.
Бул телеграмма Генштабдын командалык пунктундагы нɵɵмɵтчʏ генералга чейин жеткирилген. Бирок, нɵɵмɵт ар суткада алмаштырылып тургандыктан постту тапшырган нɵɵмɵтчʏ аны кабыл алган нɵɵмɵтчʏгɵ билдирген эмес, а балким кагазды сукно артына бекиткен бойдон унутуп калган.
Анан эле, бац! –Норвегиядан ракета учту. Ракеталык чабуулду эскертʏʏчʏ орус станциясы анын стартын байкап калат да, нɵɵмɵтчʏ генерал ошол замат ядролук чемодандардын ээлерин чакырат (ал учкан ракета метеорологиялык экендигин кайдан билсин?) Коргоо министри менен Генштабдын начальниги президент менен болгон байланыштын кнопкасын кайра-кайра басышат, жооп жок…Ельцинди эптеп табышканга чейин окуя ɵз жайынча эле бʏтʏп калат.
Арийне, ядролук чемодандар менен байланышкан, чектен чыкчудай сезилген ар кандай окуялар АКШда деле болуп келген. Мына алардын айрымдары:
Жеральд Форд ядролук чемоданды оператору менен кошо Парижге конгон самолеттун бортунда унутуп баса берген. Учуп келди, трап менен чыкты, аны тосуп алган премьер-министр менен ɵбʏшʏп-кɵрʏштʏ да лимузинге олтуруп кете берди. Ал эми оператор валидол жутуп олтуруп калды…
Жимми Картер эмгек ɵргʏʏсʏнɵ чыккан мезгилинде «ядролук жардамчысына» Жорджия штатындагы ɵзʏнʏн фермасында бирге жайгашуусуна уруксат берген эмес. Офицер чемоданча менен кучакташа андан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан мотелде жашаган. Бир ирет Картер пиджагын “алтын карточкасы” менен кошо химтазалагычка да берип салган.
Рональд Рейган карточка-идентификаторду шымынын арткы чɵнтɵгʏндɵ алып жʏргɵн. Ага кол салуу болгондон кийин карточканы кɵпкɵ чейин таппай калышкан. Кɵрсɵ, аны алып келишкен госпиталдын медагалары Рейганды дырдай кылып чечиндиришип, оорукана кийимин кийгизишип, ал эми шымын сестра-хозяйкага берип салышат. Ядролук куралды колдонуу коддору бар карточканы кийин таштандылар челегинен табышкан.
Жордж Буш-улуусу теннисттик кортто жеңилип калгандын ызасынан бир ирет чечинʏʏчʏ жайда карточкасын оператору менен кошо унутуп кете берген. Акыбетинде офицер президенттик лимузинди шаардык таксиде кууп жетʏʏгɵ аргасыз болгон.
Билл Клинтон Монико Левинскиге байлашкан ызы-чуудан кийин ɵзʏн ушунчалык жоготкондуктан, “алтын карточканы” да жоготуп салганы бир нече айдан кийин гана билинген.
Дональд Трамп жаңы шайланган Байденге ал мыйзамдуу шайланган президент эмес деген жʏйɵɵ менен ядролук чемоданды ɵткɵрʏп берʏʏдɵн баш тарткан.
Абдираим Мамытов
Окшош макалалар
ОшТУда “Манас” күнүнө карата тегерек стол болуп өттү
ЖИКС – саламаттык сактоодогу глобалдуу көйгөй
Жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшырылды