6 июля, 2025

“Адамдын кɵзʏ тɵɵнʏ казанга,  адамды кабырга алып барат”

Кɵз тийʏʏ –салттуу тʏшʏнʏктɵрдʏн бир кɵрʏнʏшʏ. Элдик ишеним боюнча кээ бир адамдардын кɵзʏнɵ туш болгон адам же жаныбар ооруп калат, жакшы буюм сынат, бʏлʏнɵт. Ɵзгɵчɵ жаман кɵз наристеге, сулуу кыз-келиндерге, баатырга, кʏлʏк атка, алгыр кушка тиет деп эсептешип, буларды элге кɵрсɵтпɵɵгɵ аракет кылышкан. Кɵз тийбесин деп ар кандай ырымдарды жасашкан. Мисалы, кʏʏгʏмдɵ сыртка чыгарда наристенин бетине кɵɵ сʏйкɵгɵн, кɵзгɵ урунбай турган начар кийимдерди кийгизген, адамды иренжите тургандай “Койбаш, Бʏргɵбай” сыяктуу ысым менен аташкан. Кеп ушул тууралуу болмокчу.

Сɵз тийсе кулак угуп, курсак кайнап басылар, кɵз тийсечи…

Алмустактан ушул кʏнгɵ чейин инсанды ийри жолго багыттап , жашоосуна бʏлʏк салган кара дуба, арам, кусур, кесир,  назар тийʏʏ дегендер болуп келген. Ошол эле учурда кээ бир адамдын суук кɵздɵрʏ  жаш баланы чарчатып,  алдууну алсыратып  кɵз тийʏʏнʏн айынан кɵптɵгɵн жандар жер кучактап калган.  Мухаммед пайгамбар (С.А.В)  бир хадисинде: «Кɵз тийʏʏ акыйкат» «Адамдын кɵзʏ тɵɵнʏ казанга, адамды кабырга алып барат»,- деп баса белгилеп айткан. Адамдын сɵзʏ тийсе кулак угуп курсак кайнап басылаар, а эгер кɵзʏ тийсе анын уйкусу качып, тамакка болгон тибити жоголуп, жан дʏйнɵсʏ кысылып жɵн эле туруп жан салды деген кабарларды кулагыңыз чалса керек.

Учурда социалдык тармак актуалдуу. Кичинекей бɵбɵктɵрдʏн сʏрɵттɵрʏн интернет желелерге салуудан оолак болууну да дин ɵкʏлдɵрʏ эскертишет: “Анткени балдарга элдин назары ɵтʏп зыяны тийип калышы ыктымал. Ошондон улам балдардын уйкусу качып зыяны тийиши мʏмкʏн. Негизинен балдарды кɵпчʏлʏктʏн арасына жана кʏн баткандан кийин эшикке алып чыгуудан оолак болуңуздар. Бул дагы сактануунун бир жолу”.

Кɵз тийгенде адамдын мʏнɵзʏ ɵзгɵрɵбʏ?

Динде кɵз тийʏʏ тууралуу xадис бар. Олуттуу каралбай, убагында чара кɵрʏлбɵй калса ɵлʏмгɵ чейин алып барары жазылган. Мындан эч ким коопсуз болуп, кутула албайт. Кɵз адамдын ден соолугуна, психологиясына, ишине же ʏй-бʏлɵсʏнɵ тийʏʏсʏ мʏмкʏн. Адамдагы белгиден улам эмнесине кɵз тийгенин рукуячылар аныктап, андан арылта алышат. Рукуячы Эрмек Тынай уулу кɵз тийʏʏнʏн белгилерин санап берди:

-Кɵпчʏлʏк  мага “менде жин бар, кара дуба окулган” деп келишет. Жок, кɵз тийиптир деп чыгарып койсом таң калышат.  Эгерде сизге кɵз тийген болсо:

-кыжырдануу башталат, болбогон нерсеге сиркең суу кɵтɵрбɵй калат. Жакындарына жини келип баштайт.

-ʏйгɵ да кɵз тийген болсо ошол ʏйдʏн ичине кирген адамдын да ачуусу келип, мʏнɵз пайда болот. Эч ким жакпайт, ʏйдɵ бир нерсе сасып жаткандай болуп же ʏй ысык болгондой сезимде болот.

-ɵзʏнɵ-ɵзʏ ыраазы болбой калат. Эмнеге мындай болбой жатат деп ɵзʏн ичтен жеп баштайт.

-кайдыгерлик, бʏгʏн жасала турган иш 5-6 айга калып кетет, баары бир болуп калат, эмне маселе болбосун кɵңʏлʏнɵ деле албай калат.

-маанайы дайыма чɵгʏп жʏрɵт, мʏнɵзʏ бир калыпта болбойт, кызыктуу окуя же маанилʏʏ сɵз айтсаң деле таасир этпейт.

— уф, оф деп кɵп ʏшʏкʏрʏнɵ баштайт, аба жетпей жаткандай улутуна берет, мындай абал ɵзгɵчɵ тʏштɵн кийин башталуусу ыктымал. Жʏрɵктʏн согушу катуулап, кɵкʏрɵк тарабы дʏкʏлдɵгɵнсʏп, кичине эле аят угуп койсо эстеп, кекиринип, кɵзʏнɵн жаш агып баштайт.

— аял киши болсо себепсиз кыжырданып ыйлап же бирɵɵ менен урушкусу келет  же тескерисинче, тʏнт тартып кетет.

кʏмɵн саноо болот, ʏйдʏ кулпуладымбы же бекитпедимби. Кʏйɵɵм ким менен кайда жʏрɵт болду экен деген сыяктуу.

 -бʏт денеси  же болбосо колу-буту дайыма ысып же муздап турат.

-жʏрɵктʏн согуусу лакылдап тездейт.

-жɵнʏ жок башы-кɵзʏнʏн айланасы ооруй берет.

-буту себепсиз сыздатып дайыма ооруп, тура албай калуусу мʏмкʏн.

-чачы тʏшɵт, арыктайт, бат чарчайт, тамакка болгон табит жоголот.

-маанайы тез-тез тʏшʏп, уйкусу бузулат

-ɵтɵ жарыкка жана жыттарга чыдамсыз болуп калат.

-ɵзʏн кɵзɵмɵлдɵй албай айрымдар ичип кетʏʏсʏ, ʏйʏнɵн качуусу ыктымал.

-намаз окуган адам болсо намаздарга тура албай, куран окуп, зикир кыла албай калуусу мʏмкʏн.

-ɵзʏ менен ɵзʏ болуп элден алыс жʏрʏʏнʏ каалайт.

-эркектерде эркектик алсыздык, тукумсуздук пайда болот.

-буулугуп ыйлагысы эле келе берет.

-ийгиликтʏʏ иши бир заматта токтоп, артка кетет.

Кɵз тийʏʏдɵн кантип сактанабыз?

-Социалдык тармактарга жеген тамагыңызга чейин киргизе бербеңиз.

Сиздин бактылуу жашап жатканыңызга бирɵɵнʏн ичи кʏйсɵ, бирɵɵ суктанат. Бул болсо кɵз тийʏʏгɵ жеткирет.

Кылып жаткан жана келечекке пландалган иштер тууралуу баарына эле жарыялай бербеңиз.

Аялзаты шуру же болбосо адамдын кɵзʏн тарта тургандай башка тагынчактарды, ал эми мырзалар колдоруна саат сыяктуу аксессуарларды тагынып алуусу керек.

Эртең менен жана кечинде Фалак, Нас, Фатиха, Ихлас, Ясин, Аят Аль Курси сʏрɵɵлɵрʏн окуп туруңуз.

 Психология экстрасенсордук жɵндɵмдɵрдʏн бар экенин жана «мистикалык кʏчтɵрдʏн» таасирин тааныбайт

Психикалык бузулуулардын диагностикалык жана статистикалык колдонмосунда кɵз тийʏʏ Жер Ортолук деңизинде жана башка маданияттарда кеңири таралган маданий жактан аныкталган синдром катары кɵрсɵтʏлгɵн. Типтʏʏ симптомдору эч кандай себепсиз ыйлап, уйкусуздук, диарея, кусуу жана ысытма кирет.

Мындайга  ишенʏʏ сыйкырдуу ой жʏгʏртʏʏнʏн эң кеңири таралган кɵрʏнʏштɵрʏнʏн бири болуп эсептелет.  Ал эми белгилери тʏрдʏʏ элдерде окшош: малоккио, энцехен ж.б. Жапон мифологиясында ушуга окшош концепция икирио деп аталат жана ал Батыш Европанын кɵптɵгɵн дастандарында да айтылат. Ырымдардын тʏпкʏ тамыры примитивдʏʏ демонологияда экени жалпы кабыл алынган, ал адамдарга табияттан тыш кʏчтɵрдʏ берген. Кээ бирɵɵлɵр муну гипноз же сунуш менен тʏшʏндʏрʏшɵт.

Бирок илимий кɵз караштан алганда кɵз тийʏʏ деген эмне? «Баары илимий жактан тʏшʏндʏрʏлɵт, бирок адам кɵз тийʏʏ дегенге ишенип, баянга кирип, кɵйгɵйлɵрʏнʏн себептерин сырттан издɵɵ оңой. Булар биздин психиканын ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ», — деп тʏшʏндʏрɵт психотерапевт Александр Полищук. “Психология академиялык илим. Ал экстрасенсордук жɵндɵмдɵрдʏн бар экенин жана «мистикалык кʏчтɵрдʏн» таасирин тааныбайт. Психолог менен экстрасенс айткан сɵздɵрдʏн маанисин ойлонсоңуз, параллелдерди кɵрʏʏгɵ болот”,-дейт.

About The Author