Казакстан Республикасынын Астана шаарында стол тенниси боюнча XXVII Азия чемпионаты болуп ɵттʏ. Ош шаарынын тарыхында биринчи ирет эки спортчу чемпионатка жолдомо утуп, стол теннистин бир нече тʏрʏ боюнча кʏч сынашып келишти. Спорттун бул олимпиадалык тʏрʏ шаарыбызда канчалык деңгээлде ɵнʏгʏп жатат, жаштардын кызыгуусу кандай? Бул боюнча Азия чемпионатынын катышуучусу Зарылбек уулу Нурсултан айтып берет.
-Нурсултан айтсаңыз, Азия чемпионатына баруу ʏчʏн кандай баскычтардан ɵттʏңʏздɵр?
-Буга чейин стол тенниси боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты ɵткɵрʏлгɵн. Ош шаарынан барган спортчулар командалык оюндун жарым финалында Жалал-Абад областын жеңип, финалда Бишкек шаарын 3:0 эсеби менен уттук. Командалык оюнда Ош шаары биринчи жолу чемпион болду. Ал эми жекеме жеке оюнда ʏчʏнчʏ орунду ээледик. Ошол мелдештин жыйынтыгы менен Казакстан ɵтʏʏчʏ Азия чемпионатына тандалып алындык. Азия чемпионатына 27 мамлекеттен 210 спортчу катышты.
-Бизде Спорт комитетинин алдында атайы стол теннис мектеби тʏзʏлгɵнбʏ?
-Ооба, бизде атайы стол теннис мектеби бар. Спорт комитетинин алдында тʏзʏлгɵн стол теннис мектебине бʏгʏнкʏ кʏндɵ аябай жакшы кɵңʏл буруп жатат.Азия чемпионатына катышып келʏʏбʏзгɵ мектептин жана жетекчи Камалов Данияр агайдын салымы чоң. Жаштар теннис боюнча эл аралык турнирлерге катышып келишʏʏдɵ. Ош шаарынын башкы машыктыруучусу Маматов Дооран агайыбыз былтыры жылы кайтыш болгон эле, анын элесине арналган турнирлер да ɵткɵрʏлʏп келет. Ɵткɵн жылы Ош шаары стол теннис боюнча Кыргызстандын биринчилигин ɵткɵргɵн. Мындан сырткары эл аралык турнирлерди уюштурат.
-Стол теннисти ойноо эрежелерине ылайык кандай тʏрлɵргɵ бɵлʏнɵт?
-Командалык оюнда 3 адам болот. Алар 1-2-3-ракетка болуп айтылат. Оюн 3 упай алганга чейин болот. Мисалы, мен атааңдашымы утсам командага 1 упай алып келем. Андан сырткары жуп болуп ойногон тʏрʏ бар. Эки адам бир команда болуп чогуу ойнойт, каршылашы да экɵɵ болот. Андан кийин “микс”деп аталган тʏрʏндɵ бир кыз, бир бала ойнойт. Кыргызстандын чемпионатында Исмаилова Роза деген стол теннисчи экɵɵбʏз микс тʏрʏндɵ экинчи орунду ээледик. Жекеме-жеке тʏрʏндɵ жалгыздан ойнойсуң.
-Жуптан болуп ойногондо келген шарды алуу оңой болсо керек?
-Туура, негизи шар ɵтɵ ылдамдык менен келет. Жалгыздан ойногондо аны алуу албетте, ылдамдыкты, кыраакылыкты талап кылат. Эгер микс тʏрʏн ойноп жатсаң, биринчи шарды сен аласың, экинчи шарды шеригиң алат, ошентип алмак-салмак ойношот.
-Мыкты оюнчу болуу ʏчʏн кандай сапаттарга ээ болуу керек?
-Спорттун бул тʏрʏ шамдагайлыкты, кɵрɵгɵчтʏктʏ, сезимталдыкты, тездикти талап кылат. Бизге машыгам деген балдар кɵп келишет, бирок, 10-15 кʏн же бир ай келип келбей койгондор бар. Кызыгып машыгып кеткендери аз эле. Негизи стол теннис эле эмес кандай гана спорттун тʏрʏ болбосун баланы акырына чейин чыдаганга, аракетчил болууга тарбиялашыбыз керек. Мындан сырткары жаш балдарды кызыктырып алып келʏʏ жолдорун кароо керек деп ойлойм.
-Канча жылдан бери стол теннис менен машыгасыз?
-2011-жылдан бери официалдуу стол тенниси менен машыгып келем. Жеке машыктыруучум Тойчиев Шʏкʏрали агайдан тарбия алгам. Азыркы кʏнгɵ чейин ошол агай менен машыгабыз. Негизги максатым Кыргызстанда спорттун бул тʏрʏнʏн ɵнʏгʏшʏнɵ салым кошсом дейм. Азия чемпионатына биринчи жолу катышып, оюнчулардын деңгээлин кɵрʏп, алар менен аралашып жʏрʏп кɵз карашым кыйла ɵзгɵрдʏ. Стол теннисти бизде да жогорку деңгээлге алып чыкса эмнеге болбосун, кылса болорун тʏшʏндʏм. Акыркы турнир мага аябай жакшы дем-шык берди.
-Стол тенниси боюнча дʏйнɵлʏк мелдештерге, олимпиаданын деңгээлине чыга албай жатканыбыздын себеби эмне деп ойлойсуз, балким машыктыруучулар жетишпейттир?
-Ɵзʏбʏздɵ мыкты машыктыруучулар бар. Спорттун бул тʏрʏ ɵлкɵбʏздɵ кенен жайылганы менен ɵтɵ жакшы деңгээлде эмес. Мисалы, мурдагыга салыштырмалуу Ош шаары стол тенниси боюнча бир топ алдыга жылып, жакшы кɵрсɵткʏчтɵрдʏ кɵрсɵтʏп келʏʏдɵ. Мисалга алдына ат салдырбаган Кытай, Корея ɵлкɵлɵрʏн ала турган болсок стол теннис боюнча даярдаган ɵтɵ чоң академиялары бар. Бизде андай эмес экени баарыбызга белгилʏʏ. Эгер мамлекет тарабынан жакшы кɵңʏл бурулса, бала кичинесинен спортко тарбияланса сɵзсʏз дʏйнɵ чемпиондору, олимпиада чемпиондору чыгат деп ишенимдʏʏ айта алам.
Кызыктуу фактылар:
• Стол тенниси алгач Улуу Британияда пайда болгон. Жаан-чачындуу аба-ырайы сырттагы оюнчуларды тынбай кɵчʏʏгɵ аргасыз кылган. Жылдырууга ыңгайлуу ʏстɵл ошондон келип чыккан делет. 1884-жылы оюндун эрежелери иштелип чыккан.
• Стол теннистин профессионалдык мелдештеринде шардын учуу ылдамдыгы 150-170 километр саатка чейин жеткенине карабастан, мындай жеңил топтон оор соккуларды алуу мʏмкʏн эмес.
• Изилдɵɵлɵр кɵрсɵткɵндɵй, бардык профессионал стол теннисчилер кандай гана кырдаал болбосун бат реакция кɵрсɵтʏʏгɵ жɵндɵмдʏʏ. Бул спорт же реакциянын ɵнʏгʏшʏнɵ салым кошот, же табигый тʏрдɵ реакциясы абдан жакшы ɵнʏккɵндɵр гана ийгиликке жете алышат.
• Стол тенниси расмий тʏрдɵ жер жʏзʏндɵгʏ эң популярдуу спорт тʏрлɵрʏнʏн тизмесине киргизилген. Америкалык изилдɵɵчʏлɵрдʏн айтымында дээрлик бардык ɵлкɵлɵрдɵ 850 миллиондон ашуун кʏйɵрманы бар.
• 1988-жылдан бери стол тенниси жайкы Олимпиада оюндарынын программасына расмий тʏрдɵ киргизилген.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
ОшТУда “Манас” күнүнө карата тегерек стол болуп өттү
ЖИКС – саламаттык сактоодогу глобалдуу көйгөй
Жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшырылды