2024-жылдын 23-октябрь күнү Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө маркум милициянын кенже лейтенанты Уран Шамырзаевди эскерүү иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарага Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана кызмат учурунда каза болгон Уран Шамырзаевдин үй-бүлөсү менен жакын туугандары катышты.
Анда Уран Шамырзаевдин басып ѳткѳн ѳмүр таржымалы айтылып, кесиптештеринин арасында волейбол боюнча спорттук мелдеш уюштурулду.

Шамурзаев Уран Жумаевич 1973-жылы 24-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылында туулган. Ал 2000-жылдын январь айында ички иштер органынын катарына кызматка кабыл алынган. Алгачкы кызматын Ош шаарынын ИИБнын күзөт бөлүмүнүн милиционери болуп баштаган. Ошондон тартып каргашалуу күнгө чейин жарандардын бейпил жашоосу үчүн күн-түн дебей жан үрөп кызмат кылып келген. Уран Шамурзаев 2010-жылдын 13-июнь күнү Ош коогалаңында улуттар аралык кагылышууда эки улуттун ынтымакчылыгын бекемдѳѳ максатында кызматтык милдетин аткарып жатып, кылмышкерлердин колунан баатырларча курман болгон.
Шамурзаев Уран Жумаевичтин ысымы 2011-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругунун негизинде Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Мады айылдык милиция бөлүмчөсүнө ыйгарылган.
Мамлекеттик сыйлыгы: Өзүнүн кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана кайраттуулугу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен «Манас» ІІІ-даражадагы (курман болгондон кийин) ордени менен сыйланган.

Окшош макалалар
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы – тʏштʏктɵгʏ саламаттыкты сактоонун флагманы
Курманжан-Датка МАБынын башчысы Равшан Мирзабаев: “Ак-Буура дарыясынын жээгине жана суу ʏстʏнɵ курулган объекттер алынып жатат”
Салык санкциясы деген эмне?