22 октября, 2024

“Тез, туура чечим чыгарууга милдеттʏʏбʏз”

“Ɵмʏрдʏ сактоочу унаалар” деген жазуу ар бир тез жардам унаасында бар экенин байкадыңыз беле? Унаа ичинде сутка бою иштеген медицина кызматкерлери дайыма ɵмʏрлɵрдʏ сактап калууга умтулушат. Ар кандай окуяларга туш болуп, жумушунун оордугуна карабай иштеп келе жаткан адистер тез жардам борборунда иштɵɵнʏн артыкчылыктары, жоопкерчилиги жана иш учурундагы урунттуу окуялар тууралуу айтып беришет.

Бактыгʏл Мамытова, Ош шаардык тез жардам борборунун фельдшери.

“Аз айлыкка деле каниет кылып иштептирбиз”

-Окууну 1987-жылы Кызыл-Кыядагы медициналык училищеден аяктап, “фельдшер” адистигине ээ болдум. Дипломумду алып Ош шаардык тез жардам борборуна жумушка келсем кадрлар жетишпей жаткан экен, дароо кабыл алышты. Ошентип жумушумду бат эле сʏйʏп иштеп калдым. Андан бери мына 36 жыл ɵтʏптʏр. Биздин убакта аз айлыкка деле каниет кылып иштептирбиз. Жумуш тандап, же мигрант болуп кетʏʏ оюма да келбептир. Аялзаты кесибин алып кетʏʏдɵ ʏй-бʏлɵсʏнʏн колдоосу абдан маанилʏʏ. Ишке жаңы келген убактарымда ата-энем колдоп, тамак-ашымды жасап беришчʏ. Биз сутка иштегендиктен тамак-аштан кыйналар элек. ʏй-бʏлɵлʏʏ болгондон кийин да жумушумду уланттым.

“Тез жардам унаасында эки ирет тɵрɵт кабыл алдым”

-Чакыруу тʏшкɵндɵ ар кандай ʏй-бʏлɵгɵ барасың, ар кандай адамдарды кɵрɵсʏң. Айрым ʏй-бʏлɵлɵр катуураак урушуп кетип деле чакырта беришет. Аларга айтып-деп, кээде психолог болууга да туура келет(кʏлʏп). Чыныгы оорулардан кɵбʏнчɵ тɵрɵй турган келиндер чакыртышат. ʏйʏндɵ тɵрɵп койгон учурлар катталат. Тез жардам унаасында эки ирет тɵрɵт кабыл алдым. Бир келин унаага чыгып отур десем эч отурбайт, кɵрсɵ бала келип калган экен. Андайда баланы кыспаш керек, болбосо башынан травма алып калат. “Кʏчɵн” деп отуруп бат эле тɵрɵтʏп алдым. Кыштын кʏнʏ, машинаны токтотуп алып киндигин кесип, энесинин ичине койдум. Ошентип тɵрɵт ʏйʏнɵ бардык. Экинчи жолкусунда келин унаада жакшы эле отуруп бараткан, тɵрɵт ʏйʏнɵ жетип, эми тʏшɵрдɵ суу кетти, ага кошулуп бала келе жатат, медициналык кол кабымды кийгенге ʏлгʏрбɵй кармап калдым. Кудай сактасын деп ошондо кол капсыз тɵрɵттʏм, антпесем бала жерге  тʏшʏп кетʏʏсʏ мʏмкʏн эле.

“Комага тʏшкɵн адамды узап кетти деп ойлошот”

-Айрым учурда комага тʏшкɵндɵрдʏ жакындары узап кетти деп ойлошот. Негизи комада адам ɵлбɵйт, ɵпкɵсʏ дем алат, жʏрɵгʏ согот, болгону ɵзʏн билбей калат. Бир кʏнʏ чакыруу менен барсак жакындары ушунчалык ыйлап жаткан экен. Бейтапта кант диабети болгондуктан комага тʏшʏптʏр. Дароо эле керектʏʏ ɵлчɵмдɵ глюкоза берип ɵзʏнɵ келтирдик. Ойгонуп, кадимкидей сʏйлɵшʏп отуруп калган. Дагы бир окуя азырга чейин эсимде, мал союлуучу жайдын кызматкерин ток уруп, жеринде кɵз жумган экен. Каза болгонун айтып, сɵɵктʏ жакындарына ɵткɵрʏп бердик. 4 сааттан кийин ошол эле адамга кайра чакыруу тʏштʏ. Кɵрсɵ жакындары “тирилип кетер” деген ʏмʏт менен башын чыгарып, калган денесин жерге кɵмʏп кɵрʏшʏптʏр. Тилекке каршы, тирилген эмес. Негизи жаны ʏзʏлгɵн адамды жанына жеткенге чейин байкап калабыз, кɵрɵ берип кɵз деле тирʏʏ менен ɵлʏʏнʏ даана ажыратып, адам кандай оору менен кыйналып жатканын билип калат экен.

“Кан басымдын кɵтɵрʏлʏп же тʏшʏʏсʏ сезон тандабайт”

-Оорулар сезондуу болуп бɵлʏнʏп, кʏз-кыш мезгилдеринде сасык тумоо, ОРВИнин(курч респиратордук вирустук инфекциянын) биринчи, экинчи толкуну болот. Биринчи толкуну башталганда ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏнʏн баары оорушат. Азыр ошол сезону акырын башталып жатат. Жазда ичеги-карын инфекциялары, ич ɵткɵк кʏчɵйт. Ал эми кан басымдын кɵтɵрʏлʏшʏ же тʏшʏшʏ сезонго карабайт. Тилекке каршы, эл арасында кан басымы барлар кɵп. Мындан сырткары кырсыктар, жол кырсыктарына барабыз. Жол кырсыктары чоң болгон учурда тез жардам барганга чейин ʏзʏлʏп калган адамдар болот. Мындай учурда тирʏʏ калгандарына жардам берип, жанын сактап калганга аракет кылабыз.

Айлык акы мурдагыга салыштырмалуу жакшы. Кандай кырдаал болбосун чыдап иштеп келе жатабыз. Сутка ичинде 1-2 саат дем алсак алабыз, болбосо жок. Мисалы, мен барып оорулууну кɵрʏп, биринчи жардамды кɵрсɵтʏп, эгер кан басымы жогору болсо ɵлчɵп, 180ден 250гɵ чейин кɵтɵрʏлсɵ “ʏчʏнчʏ баскычтагы гипертония, ɵтɵ тобокелдʏʏ группа” деп диагнозун коюп, керектʏʏ дарысын берип, уколун жасап андан ары кайдан дарыланарын айтабыз. Фельдшерлер дээрлик врачтын жумушун аткарабыз десем жаңылбайм.

Алия Закирова, Ош шаардык тез жардам борборунун врачы, кардиолог, жʏрɵк оорулар бригадасынын адиси.

“Ар кандай абалдагы бейтаптарды  кабыл алабыз”

-Тез жардам кызматына келип иштеп баштаганыма 5 жыл болду. Медицина тармагында жалпы тажрыйбам 27 жыл. Тез жардам кызматына чейин кɵптɵгɵн ооруканаларда, поликлиникаларда иштедим. Жумушумдун мага жаккан жагы, адамдардын ɵмʏрʏн сактайбыз. Аты айтып тургандай тез жардам кызматында иштегендер айтылган жерге тез барып, бейтапка тез диагноз коюп,адамдын тирʏʏ калуусу ʏчʏн кандай жардам керектигин чечет. Ар кандай абалдагы бейтаптарды кабыл алабыз. Арасында ɵзʏн жоготкондор, комалар, кырсыктар болушу мʏмкʏн. Ошондуктан биз тез, туура чечим чыгарууга милдеттʏʏбʏз. Ойлонууга убакыт жок. Эгер ойлонуп отурсак бейтапты жоготуп алуубуз мʏмкʏн. Бардык жаш кадрларга, жаш врачтарга институттан баштап жакшы окууну, ырас медицина кызматкери болууну тандадыбы, ишине жоопкерчиликтʏʏ кароону, кʏнʏнɵ эч болбосо бир сааттан медициналык адабияттарды окуп турууну кеңеш берер элем. Медицина ордунда турбайт. Кʏн сайын жаңыланып, ɵнʏп-ɵсʏʏдɵ.

“Унаалар керектʏʏ аппараттар менен толук жабдылган”

-Бейтапты тез жардам унаасына туура жайгаштыруу, ооруканага жеткенге чейин туура дарылоо ɵзʏнчɵ чоң иш, чоң жоопкерчилик. Унаанын арткы бɵлʏгʏ аппаратуралар, врачтар жайгашкан бир палата десек болот. Азыр унаалар керектʏʏ аппараттар менен толук жабдылган. Биздин жетекчилик жана Саламаттыкты сактоо министрлиги шартты тʏзʏп берди, калган баары кадрлардан кɵз каранды.

“Жʏрɵк оорулары жашарып баратат”

-Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ азыр жʏрɵк оорулары жашарып баратат. Жаштар арасында инфаркт болгондор бар. Медицина тармагын, анын ичинен кардиология багытын тандап, адамдарга жардам берип келе жатканыма сыймыктанам. Негизи ата-энем, чоң ата, чоң энелерим, алардын ата-энелери да врач болгон. Атам тараптан да, апам тараптан да баары медицина тармагында иштешти. Алардын жолун жолдогон тɵртʏнчʏ муундагы кызы, небересимин десем болот. Мен бала кезимен эле врач болорумду сезчʏ элем. Башка кесип менен кетеримди элестете алган эмесмин. Учурда айлык маяналарыбыз кɵтɵрʏлгɵн. Биз врачтар муну кɵп убакыт кʏткɵн элек. Президентибизге терең таазим!

Айжылдыз Тойчиева