22 октября, 2024

РЫСПАЙДЫН ЫРЛАРЫНАН КУРАЛГАН ЭССЕ

 (РЫСПАЙДЫН АТЫНАН)

Мен 10-классты бʏтɵр жылым. Анда “Алмашым” 7 “б”-класста окучу. Мʏнɵзʏ шайыр, ары жакшы окуган, ары жакшы ырдаган  кыз эле. Мектепти бʏтʏп жаткан ошондогу топ балдар, алыстан кыздарга кɵз салып калган кезибиз. Мен кɵптɵгɵн кыздардын ичинен баягы сары кызды жактырчумун. Айрыкча, анын оң жак бетиндеги Кудай Таала энчилеп берген капкара меңи ɵзʏнɵ куп жарашып турар эле! Ошол сары кыз убагы келгенде менин “Тʏгɵйʏм” болуп калса деп тымызын ичимен ойлой берчʏмʏн. Мектепти ийгиликтʏʏ бʏтʏп, Ɵзгɵн, Жалал-Абад элдик театрында бир-эки жыл иштегенден кийин ОМПИге тапшырып, студент болуп калдым. Ошентип, менин “Ɵмʏрʏмдʏн кымбаты” болгон, бир ɵмʏрдɵ бир келчʏ студенттик кʏндɵрʏм ɵз жолу менен ɵтʏп жатты. Алмаш быйыл 10-класста. Демек, анын да бʏтɵрʏнɵ аз калды. Мен ага тез-тез “Сагыныч” каттарын жазып турам. Негедир андан мага каттардын жообу сейрек, анан да кечигип келчʏ. Бир кʏнʏ кезектеги каты келди. Ошондогу кубанганымды айтпа! Конвертти шашып ача салып, катты окуп кирдим. Баса, биз баягы, ким болбосун бири-бирибизге кат жазганда, кадыресе кɵнʏмʏш адат болуп калган ак барактын башына “Салам кат” деп туруп, адегенде ден соолук сурап, анан окуса окуусун, иштесе ишин, бала-чакасын, аба ырайын, тууган-уругун, керек болсо колу-коңшусуна чейин сурап олтуруп, барактын жарымын толтурар элек. Алмаш кезектеги бул катты такыр башкача жазыптыр. Кат минтип башталат. Жанагы “Салам кат” деген сɵздʏн ордуна чоң тамга менен “МЕН ГАНА БИЛЕМ БАРКЫҢДЫ” деп тема коюп, андан ары тɵмɵндɵгʏдɵй уланат:

 “Рыспай, “Кечир мени, таарынба”, “Сага” бул катты жазганыма кɵп болду. Кечиктиргеним ʏчʏн дагы бир жолу “Кечирип кой”.

Сенден кɵптɵн-кɵп суранарым, бул катты ɵзʏңдɵн башка жан адамга кɵрсɵтпɵй, “Бир ɵзʏң” оку. Чынын айтсам, кээ бир кʏнʏ “Сен десем” кɵлдɵгʏ “Ак кеме” болуп, кээде асмандагы “Ак булут” болуп, Ош тарапка каалгып сызгым келет.

Мен ушул катымдын темасын коюу ʏчʏн кɵп кʏн ойлонуп жʏрдʏм. “Ɵзʏңдʏ кʏтʏп жʏрɵмʏн” десемби же “Ойлодуң бекен мени сен” десем кантет, а балким, “Сагынган жанмын сага окшоп” деп койсом жарашып жʏрбɵсʏн деп олтуруп, акыры жогорудагы теманы тандап алдым.

Рыспай! Эртедир-кечтир бир убагы келгенде “Биз экɵɵбʏз”, “Кош жылдыз” болуп жанарбыз. Туурабы?

Атаганат! Эгер мен акын болгонумда, “Сен жɵнʏндɵ поэма”, а балким, “Махабат жɵнʏндɵ баллада” жазмак белем. Сен мени “Издейм сени” арасынан элдердин десең, мен сени: “Кʏдɵр ʏзбɵй кʏтɵмʏн” дегим келет. Сен мени “Сендейди кайдан табамын” десең, мен сени “Аман бол, жарык жылдызым” дегим келет.

Ɵткɵндɵгʏ бир кызык окуя “Эсиңдеби?” Аны мен сага айтсам керек. Сенден келген катты курбу кыздарым сумкамдан уурдап алышып, окуп жаткан жеринен талашып тартып алганмын. Ошол сенин жазган катың тɵрт-беш бɵлɵк болуп айрылса да тʏндɵ баягы айрылган барактарды бири-бирине кураштырып, кайра-кайра окугандан тажабайм.

Анан да бажырайта жазылган сенин кол жазмаңдын сулуулугун айт. Айрыкча, “Кылчактап неге карадың?”, “Сенин назик мээримиң”, “Тʏшʏмɵ кирдиң тʏндɵ сен”… ушинтип жʏрʏп бир кʏн “Жʏрɵктʏ кетпе жаралап” деген саптарыңды улам ичимен кайталап жатып уйкуга кирем. Катыңдын эң аягында: буюрса, бир кʏнʏ экɵɵбʏз айтылуу Сары-Челекке барып, ошол “Сары-Челек кɵлгɵ бир арзуу” айтып келебиз деген жериңди окугандан бери кɵл тʏшʏмɵ кɵп кирчʏ болду. Ɵткɵн тʏнʏ тʏшʏмдɵ сен мени ак тʏстɵгʏ машинеңе олтургузуп алып Сары-Челек тарапка жол тартып бара жатабыз. Жол бою магнитофондо ɵзʏңдʏн “Ала-Тоо”, “Койчунун ыры”, “Кыздын ыры”, “Топчубайдын арманы”, “Офелиянын ыры”, “Эскерʏʏ”, “Ɵмʏр гʏлʏ ɵз тʏгɵйʏн чакырат” – деген ырларыңды катары менен угуп бара жатып, “Жаштыгым менин берекем” деп туруп, анан ɵзʏмчɵ купуя ушинтип, “Сен дайыма болчу менин жанымда” деп тилек кылып коем. Бир кезде бет алдыбызда кыпкызыл кызгалдактуу талаа башталды. Андан кийин ошол талаага жеткенде белгилʏʏ жазуучу Орозбек Айтымбетовдун “Торгойлуу талаа” деген повестин окуганым эсиме тʏшʏп, не деген ойлордун кучагында бараттым. Бир кезде сенин машинеңди жолдун четине токтотуп, таза абага чыгып, сергип алалы деген сунушуңа мен макул болуп сыртка чыктык. Ошол биз сыртка чыккан кезде сен магнитофондо “Жʏрɵк вальсы” деген ырыңды ырдап жаттың. Анан эле сен акырын мени колумдан тартып, ошол керемет ырыңдын коштоосунда вальска тʏштʏк. Чындыгында, ал вальс – биздин “Биринчи вальс” эле. Тʏш дегениң ɵзʏ кызык нерсе. Эртең менен туруп, тʏндɵгʏ тʏшʏңдʏ ирети менен эстейин десең – бири эсиңе келсе, бири келбейт.

Бир убакта кɵлгɵ жетип, экɵɵбʏз бир кайыкта сʏзʏп жʏрɵбʏз. Мен “Кайыкта” бара жатып, негедир кɵл жɵнʏндɵгʏ ырлардан обон созуп ырдагым келди. Анан сага эскертпей туруп, ʏнʏмдʏ бийик чыгарып:

“Ичимде кʏйгɵн жалын бар,

Издесем тʏгɵй табылар” – деп, ырдын эки сабын баштасам, сен:

 “Айланып кɵлгɵ конбосоң,

Ак куулар сени сагынар” – деп коштоп жибергениңде, экɵɵбʏз тең бирдей каткырып кʏлʏп, сен мени кош колдоп ɵзʏңɵ тарта кучактап туруп, менин жʏзʏмɵн ɵпкʏлɵп жаттың…

Анан эле: “Ай, Алмаш, турбайсынбы?! Сабагыңдан кечиктиң!” – деген апамдын ʏнʏнɵн ойгонуп кеттим. Кайра кɵзʏмдʏ жумуп, жанагы сен ɵпкʏлɵп жаткан жериңден ары жагындагы тʏштʏн уландысын кɵрɵйʏн деп канчалык аракет кылсам да, такыр кɵрɵ албай койдум. Айтылуу Сары-Челек кɵлʏн мынтип тʏшʏмдɵ кɵргɵнʏм менен ɵңʏмдɵ али кɵрɵ элекмин. Бирок, кыргыз элинин таланттуу акыны Байдылда Сарногоевдин “Сары-Челектик селкиге” деген ырын окугандан улам ал кɵлдʏн ɵтɵ тунук, ашкере сулуу экенин билгеним бар.

Рыспай! Ишенсең, жуманын ар жекшемби кʏнʏ бериле турган “Суроолор боюнча концертти” калтырбай угам.Ɵткɵн жумадагы берʏʏдɵ сен заманыбыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестинин негизинде жазылган “Даниярдын ырын” ырдадың. Эгер жаңылбасам, ошол ырдын обонун казак элинин композитору Илья Жаканов жазган деп уккан элем. Ошондогу сенин аргендей ʏнʏңɵ бир эсе таң калып, бир эсе суктанып жанагы “Жʏрɵккɵ жʏрɵк сыр берет”   деген таамай айтылган сɵздʏн кʏчʏнɵ айласыз баш ийип турдум. Негедир мен ошондо дагы сенден экɵɵбʏздʏн ортобуздагы ыйык сʏйʏʏбʏздʏ даңктап “Сʏйʏʏдɵн ыйык эмне бар?” деп ырдаса экен деп кʏттʏм эле. Канчалык “Сайрай тʏш булбул садага”  деп жалынсам да бир эле ыр менен бʏтʏрʏп салдың. Мейли, ырдай бер! Булбулдай сайрай бер! Ылайым сага сук кɵздɵр менен суук сɵздɵр тийбесин деп, Жараткандан суранып, уктарымда дайыма дуба кылам”.

Ошентип, Алмаштын катын эки бʏктɵп, тɵш чɵнтɵгʏмɵ салдым да терең ойго баттым. Чындыгында, сʏйгɵн кызыңды ойлоп, туулуп “Ɵскɵн жер” жана андагы ɵткɵргɵн балалык кезиңди эстеп, “Сагынуу” ɵтɵ кыйын тура. Кээ бир кʏнʏ Сулайман-Тоосунун башына чыгып алып, айылым жакты карап “Сагындым туулган жер сени” деп кыйкыргым келет. Бир кʏнʏ тобокелге салып баягы сары кызыма жолугуп келʏʏ ʏчʏн кайдасың сен, “Жалбырагым дирилдек” деп туруп, эки кʏнгɵ уруксат алып сабактан кийин “Алтынчы кʏнʏ кечинде” айылга жɵнɵдʏм. Биз тʏшкɵн машине айылга эл-журт уйкуга кирген кезде жетти. Эрте менен эрте туруп, шашпай жуунуп таранып, анан апам экɵɵбʏз кɵпкɵ сʏйлɵшʏп олтуруп, эртең мененки чайды чогуу ичтик.

Бʏгʏн кʏнгɵ дем алыш. Этең менен Алмашка, алар мектептен чыгар убагын кʏтʏп туруп бир ыңгайлуу жерден жолукпасам, башка жерден мʏмкʏн эмес. Анткени, айыл жеринде кокус бирɵɵ-жарым кɵрʏп калса, “дуу” деп сɵз болуп кетерибиз анык. Мына, мен кʏткɵн дʏйшɵмбʏ кʏндʏн да аппак таңы атты. Мен Алмашка жолукканда айта турган сɵздɵрʏмдʏ кɵңʏлʏмдɵ тизмектеп, саат 12:30да ʏйдɵн чыктым. Сɵз кезеги келгенде, мен ага: “Сен тарап дайым агарат”, “Бейкʏнɵɵ жʏрɵгʏмдɵ орун бирɵɵ”, “Тезирээк эле билсемчи”  деген маанидеги сɵздɵрдʏ сɵзсʏз кошуп айтышым керек же ал мени “Жолугупсуз мага бекер сиз” деп кагып салса кантем деген тʏрдʏʏ ойго батып бара жатып, ʏйдɵн бир топ узай тʏштʏм.

Ооба! Биздин ошол мектепке барчу жолдо калың “Алма бак” болор эле. Ошол бактын ортосунда эл каттачу жалгыз чыйыр жол бар. Кызык! Ошончо калың алма бактын ичинде, ким тиккенин билбейм, алыстан кɵзгɵ даана кɵрʏнгɵн жалгыз “Ак кайың” ɵсʏп турчу. Мен баягы чыйыр жолго жеткенде бет алдыман “Тоо гʏлʏ” ɵңдɵнгɵн бирдей мектеп формасын кийген, бири-бирине окшош тɵрт кыз чыкты. Алмаштын жанындагы бирге келе жаткан курбу кыздары “Гʏлкайыр”, “Делбирим”, “Айтумар” экенин алар мага улам жакындаган сайын даана тааныдым. Мен табиятыман шашма жаным, кыздардын алдынан тосо чыгып, баары менен учурашып, сурашып, анан ʏйдʏ кɵздɵй акырын бара жатып, Алмашты 5 мʏнɵткɵ менин жанымда калуусун ɵтʏнсɵм, кичине кыйылып туруп макул болду. Курбуларынан бɵлʏнʏп калган Алмаштын жʏзʏндɵ заматта кандайдыр бир “Таарыныч” пайда боло калганын байкадым. Анын жʏзʏндɵгʏ таарынычтын себебин билейин деп: “Ким сени мынчалык таарынткан” десем, ал мага: “Мени эч ким таарынткан жок, деги ɵзʏң “Кайдасың”, чыныңды “Айтсаң боло”, мен керек болсо, кʏн сайын эмес, саат сайын кʏтɵм сени, “Эстейм сени”. Кээде “Неге минтип жʏрɵмʏн” деп ɵзʏмɵ-ɵзʏм суроо берем. “Кʏтʏʏ” деген кандай кыйын экенин билесинби?” – деди.

“Кыздын сыры” оңой менен айтылбайт. Бирок, мен сага сырымды айтамын деп чечтим. Ɵткɵндɵ радиону койсом “Ой, бото кɵз”, ой  “Периштем”, ой  “Кымбатым”, сен эмнеге “Билбедиң жʏрɵгʏмдɵгʏнʏ” деп эле боздоп жаттың. Мен “Эмне ʏчʏн” мынтип боздоп калган деп ɵзʏмчɵ бушайман болдум. Же менден башка да бото кɵзʏң барбы? – десе, эмне дээримди билбей, бʏткɵн боюман тер кетип, жаман болдум.

Саамга экɵɵбʏз тең унчукпай туруп калдык. Анан мен: “Сен антип ойлобо, алтыным. Сендей сулуу кыздарды Кудай жаратып койгонуна  мен миң мертебе ыраазымын. Силер бар ʏчʏн гана мен ырдайм. Силер бар ʏчʏн гана мен ɵмʏрʏмдʏн акырына чейин “Махабатты урматтап” ɵтɵм” дедим.

Бир кезде Алмаш колундагы саатын карап ыңгайсыздана тʏштʏ. Анан эле: “Кой, Рыспай, “Коштошуу” кандай гана аянычтуу болгону менен айла жок. Сен ɵзʏң жакшы билесин, агаларым менен эжелерим ɵз турмуштары менен алек. Атам болсо, мал багып “Жайлоодо”. Азыр ʏйдɵ “Энекем”, мен, анан менден кийинки иним “Тынчтык” ʏчɵɵбʏз эле турабыз” деди.

“Мен мектептен чыккандан кийин ʏйгɵ мынчалык кечикпейт элем. Мени ʏйдɵгʏлɵр кʏтʏп калышты. Жакында “Мектебим” жабылып, акыркы коңгуроо болот, анан эле бʏтʏрʏʏ экзаменим башталат. Эгер убактың болсо, ошол акыркы коңгуроо кʏндɵрʏ айылга “Кайра келчи”. Менде али “Ɵзʏңɵ айтар сырларым” кɵп. Экзаменди бʏтʏргɵнʏмдɵн кийин мени ата-энемдер Фрунзеге окууга жɵнɵтɵбʏз деп жатышат. Бʏгʏнкʏ экɵɵбʏздʏн ушул алма бак ичиндеги бактылуу мʏнɵттɵрдʏ сенден “Суранарым эстей жʏр”” деп туруп, чуркаган бойдон ʏйʏн кɵздɵй жɵнɵдʏ.

Кап! Алмаш мектепти бʏтʏп Фрунзеге кетип калса мен “Окууну бʏтʏп кеткен кыз” деп Ошто каламбы? – деген ойлордун кучагында акырын ʏйгɵ кайттым. Мен эртеси Кара-Кулжа – Ош каттамы менен кайра окуума келдим. Ошентип, бир жума ɵтʏп-ɵтпɵй кокус ооруп калып, Шакафтар шаарчасына догдурга жатып калдым. Узак убакыт дарыланып калгандыктан, Алмаштын жанагы айылга “Кайра келчи, али менде “Ɵзʏңɵ айтар сырларым кɵп” деген ɵтʏнʏчʏн орундата албай калганыма али кʏнгɵ ɵкʏнɵм.

Туптуура бир жылдан кийин Алмаштын кезектеги катын алдым. Ошондо, ошол кат анын мага жазган акыркы каты экенин такыр сезбепмин. Кɵрсɵ, Алмаш экинчи курстун башында турмушка чыгып кетиптир. Кат: “Кайчылаш жолдо, кайчылаш тагдырдын барын билбегем” деп башталып, кокус бир жерде жолугушуп калсак, “Таанышыңдай карагын” деген сɵздɵр менен уланып анан “Адашкан жанда эмне айып” деп туруп, каттын аягын: кантейин, “Жаныңда жʏрʏп ɵгɵйʏ болдум сʏйʏʏнʏн” деп бʏтʏрʏптʏр. Ошол катты окугандан кийин мага “Кɵңʏлсʏз кеч” кирип жатты. “Кусалуу жол” менен “Тʏнкʏ санаа” тартып бара жатып “Ɵмʏр арманы” ушундайбы?-деген суроого жооп издейм. “Неге ʏздʏк кылын комуздун” деген суроого жооп табалбай кыйналам. Алмаш мага бир кезде “Сенин гана жалының” керек дечʏ эле го!

Ошентип, “Кʏнɵɵлʏʏсʏ жалгыз ɵзʏңсʏң” деп Алмашка айыпты коюп бара жатып, бир кезде оюма “Ак куулар жалгыз жашабайт” деген сɵз кылт эте тʏштʏ. Демек, мен да жалгыз жашай албайм. Келечектеги “Тʏгɵйʏм” жɵнʏндɵ ойлонуп, акырын Ак-Буураны бойлоп жатаканама жɵнɵдʏм.

Арадан жарым жыл ɵтʏп-ɵтпɵй мен да ɵз бактымды таптым. Турмуш деген ушундай бирде ачуу, бирде таттуу болот белем. Ошон ʏчʏн элибизде “Тагдыр” деген таамай сɵз бар. Тагдырга айласыз баш иесиң. Кʏндɵр айга, айлар жылга алмашып олтуруп, кɵптɵгɵн жылдардан кийин биз Оштун “Токтогул” паркында Алмаш экɵɵбʏз кокусунан жолугушуп калдык. Кɵргɵн кɵзʏмɵ бир ишенип, бир ишенбей турдум.Алмаш аябай ɵзгɵрʏп кетиптир. Алмаш ɵзʏ канчалык ɵзгɵргɵнʏ менен, мен ʏчʏн баягы, оң бетиндеги капкара меңи ошол бойдон тургандай сезилди.

Мен Алмашка: Бир ɵзʏңɵ эрте-кечтир, качандыр бир, бир убакта “Жолугарым билгемин”  деп туруп анан мындан отуз жыл мурдагы анын акыркы коңгуроо майрамына куттуктап баралбай калганым ʏчʏн кечирим сурасам, ал: “Эстетпечи ɵткɵн кезимди” деп туруп, кɵзʏнɵ жаш алып кетти. Мен да чынын айтсам, ɵзʏмдʏ кармай албай ага кошулуп жашып кеттим. Ошол, Алмаш экɵɵбʏздʏ ыйлаткан “Эстетпечи ɵткɵн кезимди” деген обонумдун сɵзʏн Лейлектик акын досум Курбаналы Сабыров жазганын бирɵɵ билсе, бирɵɵ билбес. Ошол кʏнʏ 1966-жылы Шакафтарда догдурга жатып чыгарган “Алмашым” деген ырымды башка жерлерде, телерадиолордо канча ырдасам да, Алмашымдын ɵзʏнɵ “Токтогул” паркын жаңырта биринчи жолу ырдап бергенимди унутпайм.

Билбейм неге кетпей койдуң эсимден,

Бир кездеги бирге жʏргɵн Алмашым.

Элестериң кɵз алдыма тартылып,

Эртели-кеч эргитесиң, жандасың.

Ай, ай, Алмашым!

Жок дегенде бир кɵрʏнʏп койсоңчу,

Алыссыңбы, жакынсыңбы кайдасың?

Саттаров Омурзак

Баткен облусу Лейлек району Мурас айылы