22 октября, 2024

АКШ  ЭЛИН ЭКИ АПТАГА ЖЕТПЕЙ БАГЫНДЫРГАН СОВЕТТИК ЛИДЕР: ƟЗ ƟЛСƟ ДА, СƟЗ ƟЛБƟЙТ

Канткен менен экс-улуу держава – Советтер Союзун жетектеген лидерлердин арасынан Никита  Хрущев жɵнɵкɵйлʏгʏ жагынан бир кыйла айырмаланып турганын айтып калышат. Ал ошону менен бирге чукугандай сɵз тапкан, шакаба -тамашага жакын мʏнɵздʏʏ сапаты менен ɵзгɵчɵлɵнгɵн экен. Чукугандай сɵз табуу жагынан алиге дейре эл оозунан тʏшпɵй жʏргɵн айтылуу Исхак Раззаков да дал ушул Хрущев доорундагы тапан лидерлердин бири болгону тарыхтан  белгилʏʏ. Анын сɵз тапкычтыгынан бир мисал: жалган жалаа менен жумуштан алынган Раззаковду жакын жоро-жолдоштору чакан чай берип узатып жаткан ʏйгɵ бир киши  келиптир. Раззаков ɵткɵн-кеткенден сɵз айтып, кɵңʏлʏ бир аз кɵтɵрʏлʏп олтурганда баягы киши капысынан эле Раззаковго мынтип суроо салат: “Сиз мени тааныдыңызбы?  Мени ЦКнын бюросунда жумуштан бошотуп салганыңыз эсиңиздеби?» Раззаков ага ʏңʏлɵ тиктеп туруп, мындай жооп бериптир: “Мен  кызматтык милдетин аткара албаган, компетентсиз, шалаакы жетекчилердин кɵбʏн иштен  алганмын, алардын кайсы бирин эстейин?”

Тыныгуудан кийин кайра ʏйгɵ кирʏʏгɵ батынбаган баягы киши ошол бойдон жоголуптур.

“БИЗ СИЛЕРДИ КƟМƟБYЗ”

   Мындан 65 жыл илгери, 22-сентябрда Никита Хрущев биринчи жолу хот-догду горчица менен жеп кɵргɵн экен. Бул анын АКШга жасаган сапарынын алкагында болгон. Айова штатындагы жолугушууда журналисттер андан бул стрит-фуд  жактыбы деп сурашат. Хрущев мынтип жооп берет: “жакшы, мыкты, укмуш, бирок, аз экен”.

Хрущев чоң нерселерди жакшы кɵрɵɵрʏн анын визити башталган 15-сентябрда анын  самолету советтик делегация менен АКШнын Деңиз авиациясынын бириккен базасы Эндрюска конгондо эле жарыяланган. Американын абройлуу басылмаларынын бири самолетту мынтип сʏрɵттɵгɵн: “Бул – дʏйнɵдɵгʏ эң ири аба лайнери болуп эсептелет жана чоңдугун ушундан билиңиз, Эндрюс аэродромунун эң башкы учуучу тилкесинде да ал айланып бурула албайт”.

АКШга жасаган визитинде Хрущев максатына жетти десе болот. Ал Америкага жана америкалыктарга туура таасир кɵрɵтʏʏ жагынан ʏлгʏ боло алды. Аны АКШга чакыруунун тʏбʏндɵ арамзараак мʏдɵɵлɵр жаткан. Вашингтондун максаттарынын бирɵɵсʏ — советтик лидердин чектелʏʏлʏгʏн жана агрессивдʏʏлʏгʏн дʏйнɵгɵ кɵрсɵтʏʏ эле. Андайга ɵбɵлгɵлɵр да бар эле. Хрущевдун Маркстын “Пролетариат-буржуазиянын кɵрʏн казуучусу” деген сɵзʏн эркин, жалпак тилде тʏшʏндʏрʏп берʏʏсʏнɵн кынтык маани издɵɵдɵ батыш басылмаларынын аракеттери максатына жетип, Хрущев Батышта  “Эркин дʏйнɵнʏ” жок кылуу идеясы чулгап алган агрессивдʏʏ  кыска бой саясатчы катары кабылданган.Андан коркушчу жана аны жек кɵрʏшчʏ.

ЭТ  ЭМЕС, БЕТ УЛУК

Ал эми 13 кʏндɵн кийин Хрущевду америкалыктар жактырып калышты. Жɵнɵкɵй жʏрʏм-туруму, кулагына жете ооз ачып кʏлгɵнʏ ʏчʏн гана эмес. Сыягы, Хрущев алар ʏчʏн Орто Батыштагы “ɵз мужиги”  образына тʏшкɵн окшобойбу:  бир аз эби жок, ороюраак, бирок ачык-айрым жана айкɵл. Эң башкысы,  анын чукугандай сɵз тапкычтыктан жана мушкердик (Хрущев ɵз мегилинде бокс менен да алектенген) реакциядан – каршылашты жаткыра чабуудан калыптанган ɵз стили бар эле. Алгачкылардан болуп мындай ширетменин даамын “Жыйырманчы кылымдын фокусу” деген аталыштагы Голливуддук компаниянын директору  Спирос  Скурас татып кɵрдʏ. Ал ɵз мисалында Америка ар кандай мʏмкʏнчʏлʏктɵргɵ кенен жол ачкан  ɵлкɵ экендигин кɵрсɵткʏсʏ келген. Болгону ал кедей грек  иммигранттын уулу боло туруп бай киностудияга башчылык кылат. Ага жооп кылган Хрущев бул жаман эмес , бирок советтик мʏмкʏнчʏлʏктɵргɵ жетпейт деп айтты. Себеби, ал  мурунку бал   аарычынын жардамчысы жана крепостной дыйкандын небереси кайдагы бир сандырак студияны эмес, планетадагы улуу державаны жетектейт.

Бул эми машыгуу болду деп коелу, чыныгы мастер-классты Хрущев ошол эле Голливудда, “Канкан” фильми тартылып жаткан жерге чакырышканда кɵрсɵттʏ десе болот. “Жылдыздардан” Ширли  Маклейн жетектеген жыйырмадай айым “Канкан” бийин бийлеп киришти. Тʏрʏлгɵн юбкалар, жылаңач балтырлар, ал турсун айымдардын абдан эле аялуу жерлери да булаң-булаң этип… Хрущевдон кандай реакцияны кʏтʏштʏ экен. Сыягы, аябай ачуусу келет деп кʏтʏшкɵндɵй таасир калат. Бирок, ал болгону башын чайкап мынтти: “Жакшы актерлорду, айымдарды, энелерди бузуку адамдардын эрмеги ʏчʏн  жаман нерселерди жасоого мажбурлашууда. Биздин Советтер Союзунда биз актерлордун кɵчʏктɵрʏнɵ эмес, беттерине суктанууга кɵнʏп калганбыз”.

  Бир караганда анча деле эч нерсе жоктой. Бирок, бул жɵнɵкɵй сɵздɵрʏ менен Хрущев Америка коомундагы каршылашкан эки лагердин ɵкʏлдɵрʏн ɵзʏнɵ тарта алган. Консервативдик жана диний “оңчулдар” советтик лидер биз тарапта, ал акылмандыкты жана ʏй-бʏлɵлʏк баалуулуктарды жакшы кɵрɵт деп дуулдашса, мындай маанай “солчулдардарга” да тарады. Айрыкча, феминисттердин, советтик лидер “аялдардын сексуалдуулугун эксплуатациялоого каршы” дегендердин  кʏнʏ тууду.

Бирок, Хрущев ɵз тарабында жана талабында эле. Лос-Анжелестин мэри Полсон Хрущевду баягы: “Биз силерди кɵмɵбʏз” деген сакраменталдык сɵзʏн эсине салуу аркылуу кепке жыккысы келгенде, сергек адамдар муну сезип калышты. Полсон анысына  ошол замат эле кыйгыл-кычкыл жооп алды: “Сиз муну неге айтып жатасыз, мен буга Америкага келген кʏнʏ эле жооп бербедимби? Мен мэр деле гезит окуйт деп ойлогом… Бизде  шаардык кеңештердин тɵрагаларынын баары гезит окуйт, окубаса, шайлашпайт”. Зал кʏлʏп, овацияга чɵгʏп кетти. Бирок, Полсонго кʏлкʏлʏʏ эмес эле. Хрущев бир ооз сɵз менен анын карьерасын кɵмʏп салды.

КЕННЕДИ ЖАНА ХРУЩЕВ

Каршылаш мамлекеттин элин ɵзʏнɵ ымалаштыруунун ɵзʏ эле тривиалдык эмес маселе экендиги тʏшʏнʏктʏʏ. Арийне мындай мамлекеттин саясий майданында оюнчу болуп жана андан реалдуу  пайда кɵрʏʏ бул – эң жогорку пилотаж.

Экинчи жолу Америкага Хрущев 1960-жылдын кʏзʏндɵ эми БУУнун Генералдык Ассамблеясына советтик миссиянын жетекчиси катары барды. Анда деле азыркыдай маселе – АКШнын президенти ким болору чечилип жаткан. Ак Yйдʏн креслосуна  ал кезде башында  нукура антикоммунист Ричард Никсон турган жана шарттуу тʏрдɵ “согуштун партиясы” аталган топ талапкерлик кылган. Ага  Жон Кеннеди жетикчилик кылган “Жаң чектер” партиясы каршы турган. Бул да болжолдуу алганда азыркы кырдаалга окшоп кетет.

19-сентябрда Хрущев Америкага келет. Ушул эле айдын 26сында “Нью-Йорк  Таймс” гезити сурамжылоо боюнча Советтик лидер шайлоо алдындагы кампанияда “башкы” орунда турат, америкалык шайлоочулар анын сырткы саясатка тийгизген таасиринен абдан кооптонуп турушат деп билдирген.

Шайлоо жыйынтыгы белгилʏʏ — Хрущев жактырган Жон Кеннеди жеңип чыккан. Андан аркысы да маалым: 1961-жылы америкалык чабуулдун мизин кайтарган социалисттик Куба Американын жээктеринде “сууга чɵкпɵс советтик авианосец” болуп берген. 1962-жылдагы Кариб кризиси “тең чыгуу” эсеби менен аяктаган. 1963-жылы СССР менен АКШ Европадагы коопсуздук жана кызматташтык маселеси боюнча жалпы европалык жыйынды даярдоого киришкен. Ал эми Кеннеди Хрущевго айга учууга даярдыкты биргелешип кɵрʏʏнʏ сунуштаган. Бирок, ал ишке ашпай калган. 1963-жылдын 22-ноябрында АКШнын 35-президенти ɵлтʏрʏлгɵн.

…Хрущев иштен алынганда ʏйʏнɵ келип, портфелин дивандын ʏстʏнɵ таштаптыр да, мынтиптир: “мына эми, мага  кʏндɵ  “дем алыш!”.

Абдираим Мамытов