22 октября, 2024

Бʏгʏнкʏ кʏн менен эртеңки кʏндʏн арасы   

Ɵмʏрдʏн ар бир ирмеми адамзатка тʏрдʏʏ жакшылыктарды, ой-санааларды, урунттуу окуяларды же такыр маанай чɵгɵргɵн  сарсанааларга тушуктуруп турары баарыбызга эле убагында байкала бербес. Кээ бир адамдар эч ким менен деле иши жок кʏнʏмдʏк турмушу менен убара, нан табат, балдарын багат, ʏй-тирчилиги, эшик-элиги, коңшу–колоңу, дос-жары, тууган-туушканынын жумуштарына алаксып,  10-керосин чыракты айланган шайтан кɵпɵлɵктɵй тыным билбей кантип аркы алкакка ɵткɵнʏн ɵзʏ да, ɵзгɵ да элес албайт. Кээ  бир адам “эмне ʏчʏн бул мындай эмес, эмне ʏчʏн!?” деген миллион суроонун айланасында жаны жай албай изденип, ɵзʏнɵ да, ɵзгɵгɵ да тынчтык бербей эмгектенет экен. Жанындагыларга аз болсо да жарыгын тийгизет экен.

Бирɵɵлɵр мен муну жасайм, баланчадан эмнем кем деп колунан келсе-келбесе да. «Жамандын ɵзʏ тең болбосо да, сɵзʏ тең» деп эзелтеден улуу кыргызыңдын улуу бабалары айткандай атаандашып жʏрʏп ɵмʏрʏн кʏл кылгандарчы? Ич тардыгынан эч кимге тынчтык бербей, ичинен ɵз баласына да атаандашат экен, кʏйʏгɵт экен, тообо!

«Элдин иши эрдин мойнунда, эрдин иши элдин мойнунда» дегендей элдин ишин аркалаган азаматтар, адеми тарыхыбыз,  Айкɵл  Манасыбыз, элдин кутун сактаган Кɵкɵтɵй атабыз, алдыда жʏрсɵ ак жолтой, артта жʏрсɵ сан колдой болгон акылман  Бакай бабабыздан баштап бʏгʏнкʏ эл башында турган президентибиз баш болгон, куттуу элдин кымбат уулдары эл тʏйшʏгʏн ийиндеп турган чагы.

 Бай мамлекетти баары эле сʏйɵ берет, азыркыдай 15 жыл бою «таттуу, таттуу» дей берип оозу ширин болбой куру сɵз менен эмизип, калкты арык эшекке миндирип койгон мезгилден арылтуу оңойго турбаган кез. Жʏрʏп бараткансып токтоп турган паровоз  ордунан козголуп, жакшылыктын жышааны  байкалууда. Ал аз-аздан болсо да мугалимдер, медиктер, маданият кызматкерлери, милисалар ж. б. айлык маяналарына кошумча ала баштагандары.

Кɵпчʏлʏк  маданият, адабият кызматкерлери  бʏгʏн мода болгон соода-сатык иштерине шыгы жок, айлык акынын гана кɵзʏнɵ карап олтурат. «Аш кɵп болсо, каада кɵп» дегендей аш-тойлор кызып, кʏнʏгɵ салттарыбыздын бутак-шагы чыгып  турган мезгилде, айына алган айлыгы ай аягына жетпей карыз-коолага тʏшʏп «элден калбайын» деп агым менен келатканы, алардын ɵз эрки деңизчи. Алардын жалаң гана кʏнʏмдʏк турмуш менен алпурушуп радио-телевизордон уккан ушак-айыңга сɵз тɵркʏнʏн тереңден аңдаса-аңдабаса да кызуу кандуу «саясатчыга» айланып, куру талкууларга берилип, «антип эле койбойбу, минтип эле койбойбу?» лап жʏргɵндɵр да жок эмес.

Ар бир кыргыз кичине улутчул, кичине мекенчил болсо гана негизги улутту сактоо мʏмкʏн. «Улутчулдук касиет ɵз эне тилинде так, таза жана кɵркɵм  сʏйлɵɵ, ɵз элинин тарыхын жакшы билʏʏ…» деп жазат Баяс Турал «Тил- улуттун жаны» аттуу китебинде. Биздин мамлекет «таза жана кɵркɵм сʏйлɵɵ» менен гана чектелип калктын кесин жылытаар эч кандай жакшы иш жасалбаганында болуп жатат…

Биздин суверендʏʏ мамлекетибиз ɵз башынан ɵтɵ назик кырдаалды ɵткɵрʏʏдɵ. Март революциясынан кийин кɵптɵгɵн коңулда эмне болор экен деп кʏтʏп жаткан «азаматтар» чээнден чыгып, бʏгʏн элге алымдуу болуп кɵрʏнгɵн топторго илээшип, жеке ɵз кызыкчылыктарын ишке ашырууга  билек тʏрɵ киришип кетишти. Ал эми кээ бир ɵмʏр бою арабɵк жʏргɵн инсандардын «мен антем, мен минтем» деп  бирɵɵнʏн акчасына, май токочуна кызыгып, алардын арыгын чаап, андан тʏртʏлʏп калса экинчисине барып, анын да арыгын чаап, ал ɵйʏз, бул ɵйʏздʏн паркы жок (айырмасы жок) араба тʏрткɵндɵрдʏ тоготпогонсуп  (алардын го эмгеги ак, бешене тер), кɵз карашын сатып, «маданияттуу» кулчулук кылганына карап туруп зээниң кейийт экен…

Март ыңкылабынан кийинки жаандан кийин жайнаган козу карындай коомдук уюмдар, партиялар – ɵзʏбʏздʏн элдик тил менен уруу-уруу, жаат-жаат болуп бɵлʏгɵндʏн бир формасы сыяктуу. Жалпы улуттун кызыкчылыгын, жалпы элдин кызыкчылыгын эмес, чыга калган «лидердин» кызыкчылыгын ишке ашыруучу, муратка жеткирʏʏчʏ курал окшойт. «Айдаганың беш эчки, ышкырыгың таш жарат» дегендей ɵтɵ саясатчыл болуп кеткендейбиз.

 1989-жылы Кыргыз Республикасынын тарыхында биричи жолу Кыргызстан Компартиясынын токтому менен кыргыз тилинин статусун алуу жɵнʏндɵгʏ токтомун жалпы элдик талкууга койгон мезгил эсиме тʏшɵт. Сентябрь айынын баш ченинде Ысык-Кɵлгɵ эс алууга баратып  акын агабыз Сооронбай Жусуевге телефон чалдым. Ал киши токтом тууралуу айтып, ошол мен жайгашкан “Пишпек” мейманканасынын алдында сатылуучу  «Советтик Кыргызстан» гезитинин эки тилдегиси тең жарыялай турганын айтты. Эртеси  гезитти алып эс алганы жɵнɵп кеттим. Тилдин маселеси ɵтɵ курчуп турган мезгил эле…(мен кыргыз тили тууралуу «Жибек кийген эрке кыз»… «Кыргызстан маданияты» гезитине 31-март 1988-жылы кеңири токтолгонмун, ал макала 1987-жылы август айында, гезиттин редактору Сагын Наматбаев агай келип кеткенде жɵнɵтʏлгɵн эле… чыгышы ошо болду, Оштун маселеси кийинки иштерден деп келишти го…)

Чолпон-Ата шаарында ар кадам сайын «гастроном Голубой Иссик-Куль», астына «Кɵгʏлтʏр Ысык-Кɵл гастроному», же «Пансионат Тюльпан» астына «Жоогазын пансионаты» деген сыяктуу кɵрнɵктɵр толуп кеткен… Бир жума эс алып, улам токтомду окуп, жогорудагы  сыяктуу кɵрнɵк- жарнактарды да окуп, анан чыдабай  Ошко учуп келдим (мен келбесем эле ошол тилдин статусун кабыл албай койчудай ойлоп). Келерим менен облустук архитектуранын жетекчиси Кубанычбек Назаровго телефон чалып Ош районундагы  7 кабат ʏйдʏн алдындагы алардын чоң залы боло турган, ошону сурадым. Кубанычбек Назаров –«Эгер чындап иш болсо берейин»- деди. Ошол эле кʏнʏ (6-сентябрь 1989-ж) саат 4-кɵ облустук чоң ɵндʏрʏштʏн жетекчилерин, Ош мамлекеттик пединститутунун  кыргыз филология факультетинин аттуу баштуу илимпоз мугалимдери –доценттери Жумаш Мамытов, Намазбек Бейшекеев, Файзилда Ирисов, Лутфилла Жусупакматов, Сагынбек Момуналиев, Кыргызбай Ибраимов  сыяктуу агайларды, журналисттер Эсен Тиллебаев, Эрмамат Осмонов, Оштелерадиосунун редакторлорун, жибек комбинатынан директордун орун  басары Нурмамат Калбаев баш болгон кɵпчʏлʏктʏн ишине

кʏйʏп-бышып жʏргɵн мекенчил уул-кыздарды чакырдым. Кыргыз тилинин статусу боюнча  Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин токтомун талкууладык, кɵпчʏлʏк колдоду, жана штаб тʏзʏп кʏн сайын саат 12де  тармактар боюнча топтолгон колдоолорду тапшырмай, кечки саат 16-00дɵ жыйынтык чыгарып, эртеңки кʏндʏн иш планын бекитмей. Тʏштʏктʏн  бир чети Сʏлʏктʏ, Чаткал, Кɵк-Жангак, Кɵк-Арт ɵрɵɵнʏн бʏт камтып, М: Ош шаарында кʏнʏнɵ эмгек жамааттарга 3 жолудан долбоорду талкууладык, бир жуманын ичинде 230 (эки жʏз отуз) миң кол топтоп, ʏч бɵлʏп атайын шайланган азаматтар мамлекеттик тил комиссиясына (Фрунзеге) Бишкекке жеткирип келишти. Почталар да биздин бул маселеге анча кызыга койбой турган, ар бир жыйыныбызга КГБнын ɵкʏлдɵрʏ аңдып келип катышып, мыйзамдуу талкууну «партиялык, комсомолдук, кесиптик уюмдарда, эмгек жамааттарда, мыйзамдын долбоору талкуулансын» деп жазылганына карабай куугунтуктун астында калдык.

 Ал эми кɵп жетекчилер эгер кыргыз тилинин статусу болсо биз колдойбуз дешти. Бизди айланып качып, кыргыз тилинин статусу боюнча мыйзамдын долбоору талкууланды деген куш тилиндей билдирʏʏнʏ бербей, обком партиянын агитация-пропаганда бɵлʏмʏнʏн башчысынын орун басары Ф.З.Вафинге мен баш болгон биздин тизмени берип, «Т.Закирова элди бʏт уюштуруп келиптир» деп кабарлап турган «киргиз азаматтар» болбой койгон жок. Ошол кʏндɵрʏ акын Атантай Акбаров  Чаткалдан келип калды, биз менен эки кʏн чогуу иштеп, аягында «Эже, мен иштеп жатам деп эле Чаткалдын чокусуна чыгып алып ыр окуп жʏргɵн экенмин, а сиздер мындай чоң ишти аткарып жатыптырсыңар” дегени биздин ушул тʏйшʏктʏʏ, рахматсыз ишибизди баалаганы эсимде.

Кийин кыргыз тили статусун алган кʏндɵн соң Ош обкомунун бɵлʏм башчысынын орун басары  Ф.З.Вафинге партиянын шаардык комитетинин катчылары М.Ахмедов, О.Дьяченкого тʏшʏндʏрмɵ бергин деп КГБнын тизмеси менен  стол чапкылап  турган мезгилди баштан кечирдик…

Тилди кылымдардан бери жоготпой башынан миңдеген азапты кечирсе да, касиеттʏʏ кыргыз эли калдайган миллион сап Манасын айлап айтып, сактап бизге жеткиргени, тилди улуу тилге айлантыш ʏчʏн кытай элиндей кɵп болууда эмес экенин  кɵрсɵтʏп турат.

 Ал кʏндɵрдʏ артка кылчайып карап эстеген сайын элдин кɵрɵгɵчтʏгʏнɵ, акылмандуулугуна таазим кылам.       Эл кээ бир сокур саясат жетекчилерчилеп колго чапкылабай (кыргыз тилине бут тосуучулар кыргыздар болду да), тикесинен тик туруп ɵз тилдерин коргоп чыгышты, уюштурганым ʏчʏн мени колдоп, тоодой бел болуп беришти. Кандай болгон кʏндɵ да тил мыйзамынын 22 беренесинде же деген арасат сɵз турса дагы, элибиздин тарыхында ɵз тагдырына, келечегине, бактысы ʏчʏн жан аябай тɵшʏн тосуп тик турчуу инсандардын бар экенине башың кɵккɵ жетип кубанасың. Ушул касиеттʏʏ элден айланса болот.

 «Тилди билсең, дилди билесиң», «Тил кɵпʏрɵ» деген далай элдин акылман сɵздɵрʏн ойлоп,  Мадагаскарлык «Рахмат айтуу керек» деген балдар ырынын тоок жɵнʏндɵгʏ (лакабын) притчасын эстеймин. «Тоок суу ичип жатып эмне ʏчʏн мойнун кɵтɵрʏп, асманга карайт, себеби, ушул сууну жараткан Кудайга алкыш айтыш ʏчʏн сууну ууртаган бойдон моюнун созуп асманга карап, жаратканга алкыш айтып анан жутат» дешет экен. Америкага барсаңыз англис тилин ʏйрɵнɵсʏз, бизге келген корейлер кыргызча сʏйлɵп келишти… бизде жашаган башка улуттар, ɵнʏп-ɵсʏп, байып-сайрап жатат, кытайлар да кааласа кыргызча оңой эле ʏйрɵнɵт экен. Кыргызстанда жашап жаткан улуттар кыргыз тилин алкыш айтуу менен ʏйрɵнʏʏсʏ керек.

Тазагʏл Закирова акын,                                                 

КРнын маданиятына эмгек   сиңирген ишмери.                                                             

 «Ош жаңырыгы», 13-сентябрь  2008-ж.