22 октября, 2024

Подолог:  “Тырмакты туура эмес алуу этке батып ɵсʏʏсʏнɵ себеп болот”

Тырмактардын биологиялык функциясы коргоочу болуп саналат. Чынында тырмаксыз колдун кандайдыр жумушту аткаруусун элестетʏʏ мʏмкʏн эмес. Ошондуктан тырмакка кам кɵрʏʏ абдан маанилʏʏ. Кам кɵрʏлгɵн сулуу колдор ар дайым башкалардын кɵңʏлʏн бура алат. Кол-буттун тырмагына тиешелʏʏ бардык кɵйгɵйлɵр жана аларды чечʏʏ жолдору тууралуу  подолог Козонова Жумагʏл менен маектешкенбиз.

-Жумагʏл айым, айтсаңыз, эл арасында тырмакка тиешелʏʏ кандай кɵйгɵйлɵр кенен тараган?

-Биздин подология кызматына кайрылгандардын кɵпчʏлʏгʏ бутунун тырмагы ичкери карап, этке батып ɵсʏп жатканын айтышат. Бул кɵйгɵй аялдар арасында да, эркектер арасында да бар. Мындан сырткары кенен тараган ооруларга грибоктук инфекция жана буттагы сɵɵлдʏ (адамдагы папиллома вирусун) мисал келтирсек болот. Грибоктук инфекция тырмакта же териде болушу мʏмкʏн. Буттун терисинде болгон учурда манжалардын арасы дʏʏлʏгʏп кычышып, тʏлɵйт. Тʏлɵгɵндʏк башка оорулардын симптомдору менен окшош болушу мʏмкʏн. Себебин аныктоо ʏчʏн алгач дерматологдун текшерʏʏсʏнɵн ɵтɵт, андан кийин биз атайы лампа менен текшерип, диагноз коебуз. Эгер грибок тырмакта болсо тырмак аябай калыңдап, тʏсʏ кʏрɵң же ак тʏскɵ ɵзгɵрɵт. Негизи грибок аз-аздан башталат. Бир тырмакта башталып, дарылабай койсо кол-буттагы 20 тырмактын баарын жабыркатышы мʏмкʏн. Мындай учурда дарылоо узакка созулат. Ɵтʏшʏп кеткенде дерматолог менен кошо иштеп, системалуу тʏрдɵ ичилʏʏчʏ дарылар жана маздар берилет. Кайсы гана инфекция болбосун аны жеңʏʏдɵ иммунитет керек. Эгер адамда ВИЧ, гепатит сыяктуу иммунитетин тʏшʏрчʏ оорулар болсо же жашы улгайып калганда грибоктук инфекция толук сакаят деп эч ким кепилдик бере албайт.

-Грибок инфекциясынын жугуу жолдору?

-Келген пациенттерден оорунун тарыхын сурап, анамнез топтогондо “ʏйдɵ бирɵɵ жарымда грибок барбы?” деген суроо сɵзсʏз берилет. ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏнʏн бирɵɵсʏндɵ болсо деле пациенттер “бут киймим бɵлɵк, башкалардыкын кийбейм” дей беришет. Бирок, бир полдо басып жʏрʏшɵт, жуунучу бɵлмɵ бир, бир жерде отурушат, ошондуктан ооруну жугузуп алуу ыктымалдуулугу жогору. Эскерте кетʏʏчʏ жагдай, грибок бар экенин байкаган адам врачтын кɵрсɵтмɵсʏ жок ар кайсы маздарды, тамчылатма дарыларды колдонгону туура эмес. Мындай учурда анализинин жыйынтыгы толук чыкпай, грибок тынчын алып жатса да жыйынтыгы “таза, оорунун белгилери жок” деп чыгышы мʏмкʏн. Кандайдыр дарыларды ɵз алдынча колдонгондон кийин анализ тапшыруу ʏчʏн кеминде 3-4 ай кʏтʏш керек.

-Тырмакты туура эмес алганда да этке батып ɵсʏʏсʏ мʏмкʏнбʏ?

-Албетте. Негизи кол менен буттун тырмагы эки башка ыкма менен алынат. Мисалы, колдун тырмактарын сʏйрʏ (овал) формада алса болот. Буттун тырмагын деле кɵпчʏлʏгʏ сʏйрʏ формада алып салат. Бул туура эмес, ошонун айынан тырмак ичкери карап ɵсɵт. Буттун тырмаган квадрат кылып алууну сунуштайт элем. Башын кыркып, эки чекеде калган бурчтарын акырын тегиздеп коюу жетишет.

-Коррекциялык система кайсыл учурда коюлат?

-Тырмак ʏчʏн арналган коррекциялык системаны кɵпчʏлʏгʏ тырмагы ичкери карап ɵскɵндɵ дароо койдурууну ойлошот. Бирок коррекциялык система качан гана тырмак буралып баштаганда коюлат. Айрым адистер муну баарына коюп кетишʏʏдɵ. Алгач тырмактын буралып баштаганынын себебин билʏʏ керек. Болбосо коррекциялык система убактылуу жардам бергени менен аны кайра чечкенде тырмак кайра бурала берет. Буралгандын негизги себеби май тамандык. Май тамандыкта бут кеңейип, бут кийимдин ичинде кысылып, тырмактын формасы буралат. Экинчи себеби тырмакты алып жатканда эки чекесин тʏбʏнɵ чейин кыркып салуу. Анан туура эмес бут кийимден жана гормоналдык ɵзгɵрʏʏлɵрдɵн улам бузулат. Гормоналдык ɵзгɵрʏʏдɵн тырмак буралганда коррекциялык система да жардам бербей калышы мʏмкʏн.

-Тырмакты бузган факторлорго шлак жасатуу же тынбай боеп жʏрʏʏнʏ да мисал келтирсек болобу?

-Тырмак ʏчʏн арналган боектор гель лак анан жɵнɵкɵй лак болуп бɵлʏнɵт. Гель тʏрʏндɵгʏ лак баарыбызга белгилʏʏ болгондой бир нече катмар менен коюлат. Аны ɵзʏңʏз ɵчʏрɵ албайсыз. Адистин ɵзʏнɵ барып, атайы аппарат менен кырдырып салууга туура келет. Кээде тырмактын ʏстʏнкʏ катмарын ашыкча кырып салган учурлар болот. Ошонун айынан тырмак жукарып, сезгичтиги жогорулайт. Жɵнɵкɵй лакты кɵпчʏлʏк кыздарыбыз колдонот, атайы суюктук менен ɵчʏрʏшɵт. Бул коопсуз болгону менен тырмакты кургатып жиберет. Тагыраагы, тырмактын курамындагы липид майын бара-бара азайтат. Тырмактын курамы 62% кератин белогунан, 15-16% суудан, 15-16% липидден жана 5-6% тырмакты бекем кармап турган микроэлементтерден турат. Липид жетишсиз болгондо тырмактын ʏстʏнкʏ катмары жука болуп сыйрыла баштайт. Аны калыбына келтирʏʏ ʏчʏн кадимки кутикула майын колдонулат. Кутикула майын сатып алууда, курамында витаминдери бар, сапаттууларын кʏнʏнɵ 2-3 маал иштетип туруу тырмак ʏчʏн пайдалуу.

Айжылдыз Тойчиева

Кызыктуу фактылар:

• Колдун тырмактары буттун тырмактарына караганда болжол менен 3 эсе тезирээк ɵсɵт.

• Тырмактардын орточо ɵсʏʏ ылдамдыгы айына болжол менен 3-4 миллиметр.

• Тырмактардын сапаты адамдын жалпы ден соолугунун кɵрсɵткʏчʏнɵн кабар берет. Алар бузулган, начар абалда болсо ар кандай оорулардын жана тамактануунун жетишсиздигинин белгиси.

• Тырмактын ɵсʏʏ темпи адамдын жашына, ден соолугуна жана жынысына жараша болот. Мисалы, балдардын тырмактары чоңдорго караганда, эркектердин тырмагы аялдардыкына караганда тезирээк ɵсɵрʏ талашсыз.

• Тестостерондун деңгээли жогору болгондуктан эркектердин тырмагы аялдардыкына караганда бекем жана катуу.

• Баш бармактын тырмагы башка манжалардын тырмагына салыштырмалуу кɵп урунуп, физикалык активдʏʏлʏктʏ баштан ɵткɵргɵндʏктɵн эрте карыйт.

• Тырмак тиштɵɵ адаты онихофагия деп аталат. Ал психикалык ден соолук кɵйгɵйлɵрʏ менен коштолуп, невротикалык мʏнɵзгɵ ээ. Мындай адаттын кесепетинен тырмактарды бузуп алуу мʏмкʏн.

• Тырмактын формасы тукум куучулук белгилерин алып жʏрɵт. Тагыраагы, ата-энесинин колдору, тырмактары узун болсо балдарыныкы да ошондой болот.

• Кээ бир ɵлкɵлɵрдɵ тырмактарды боёп жʏрʏʏ салт болуп саналат жана диний же символикалык мааниге ээ.