18 октября, 2024

   Легендарлуу парламент депутаттары: “Мамлекеттин бир тыйынына кɵз артпай иштегенбиз”

Ɵлкɵбʏз бʏгʏнкʏдɵй эркин, эгемен жай турмушка оңой-олтоң жеткен эмес. Эзелтеден эңсеген эгемендикке 20-кылымдын аягында жетип, ɵз мыйзамдарын, мамлекеттик тилин, символикаларын кабыл алган. Мында легендарлуу парламенттин салымы зор. Ошол кездеги депутаттар эгемендʏʏлʏк жылдарынын башталышын эскеришет.

Орозбек Акимбаев, легендарлуу парламенттин депутаты.

“Жерге ким ээлик кылат деген маселе абдан талашка тʏшкɵн”

-Жалпы 350 депутаттын курамында мугалимдер, дарыгерлер, саанчылар, курулушчулар, чабандар жана башка тармактын ɵкʏлдɵрʏ бар эле. Саясат ушундай болгон, мисалы, педагогика боюнча маселе кɵтɵрʏлсɵ аны катардагы мугалим гана жакшы тʏшʏнɵт. Сунуштар берилгенде ар бирин электен ɵткɵрʏп, аны чечʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏгʏбʏз кандай, акча каражатыбыз, техникаларыбыз, адистерибиз барбы деп баарын изилдеп, анан ишке киришчʏ элек. Легендарлуу парламенттин учуруна эгемендʏʏлʏк туш келип, конституциябызды, гимнди, гербди, тууну жана башка мамлекеттин зарыл атрибуттарын кабыл алдык. Ошондо жерге ким ээлик кылат деген маселе абдан талаш-тартыштуу болгон. Аскар Акаевич “жерди элге менчикке беришибиз керек” дегенде 350 депутаттын ичинен демократиялык топ деп тʏзʏлгɵн 114 депутат ага каршы чыктык. Мен “Аскар Акаевич, азыр Чʏйдɵгʏ, Нарындагы, Талас, Ысык-Кɵлдɵгʏ жерлерди ʏлʏшкɵ бɵлгɵндɵ бир адамга 1 гектардан ашуун туура келет. Тʏштʏктɵ болсо эл кɵп, жер аз. Эгер бир ʏй-бʏлɵнʏн беш баласы болсо, кийинки муунга жер калбай калат. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калсын. Мамлекет аны кɵп тʏшʏм алып берем деп убадалаган кишиге бериш керек. Андан да ашыгыраак тʏшʏм алам дегенге конкурс кылып ɵткɵрʏп берели” деген пикиримди айттым, бирок, ɵткɵрбɵй коюшту. Приватташтырууда бир убакта баарын майдалап, жок кылып албастан колхоз, совхозду, соода уюмду бир райондо 3 жыл эксперимент кылып кɵрɵлʏ. Эгер жакшы жыйынтык берсе облусту да 3 жыл эксперимент кылалы да, ошого карап калган облустарды ɵткɵрɵлʏ дедик, Аскар Акаевич адатынча макул деп баш ийкеди, бирок, аны да болтурбады. Жакында Апаз Жумагуловдун  90 жылдыгы белгиленди. Ал киши ʏч жолу премьер- министр болуп шайланган. Бул жактан бошотуп койгондо Москвага чакыртышып эки жыл иштетишти. Анан кайра премьер- министрликке алып келип, кийин Чʏйгɵ губернатор койгондо колхоз-совхоз, мекеме-ишканаларды жоготкон жок. Колхозду “бириккен дыйкан чарбасы” деп ошол бойдон алып калды. Бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин Чʏйдɵгʏ колхоз-совхоздун дыйкан чарбалары Чʏйдʏ, Бишкек шаарын айыл чарба продуктылары менен камсыздап келет.

“Туудагы нурлар тʏз болсун деп башында эле кабыл алганбыз”

-Тууну кабыл алууда тʏсʏн бири кɵк десе, башкасы кызыл деп кɵктʏ аза кʏтʏʏнʏн белгиси катары кɵрʏп, кызыл мурунку муундардын эстелиги, кан тɵгʏп жʏрʏп, элди сактап калган деп кызыл тʏстʏ тандаганбыз. Биз кабыл алган тууда кʏн 40 нурдан туруп, бири узун, бири кыска болчу. ʏч кʏндʏк талкуудан кийин сʏрɵтчʏлɵр тартып келишкенде, тилекке каршы, бир аз ɵзгɵрɵ тʏшкɵн экен. Медеткан Шеримкуловичке барып, “кечээ туудагы нурду тʏз кылып, бирин узун бирин кыска кылып кабыл албадык беле, бул кʏн караманын жалбырагы болуп калыптыр, азыр мен муну айтам” десем “Оке, тим эле койчу, Акаев менен чырдашып жатып ушуга араң кɵндʏрдʏк, кийин оңдоп алабыз, азыр негизгиси тууну кабыл алалы” деген эле. Ошентип туубуз кечээ жакында кайра оңдолду.

“Канадалыктар “Кумтɵрдʏ” казабыз деп ɵзʏнɵн-ɵзʏ келген эмес”

-Аскар Акаев  Кыргызстандын биринчи президенти катары тарыхта орду бар. Бирок, ʏч мɵɵнɵт катары менен калып, кызматын кандай аткарды, “мен ɵлкɵнʏ Швейцария кылам” деген убадасы ишке аштыбы. Социалисттик доордо топтолгон байлыктын баарын ɵзʏнʏн туугандарына, аяш уулдарына таратып жʏрʏп жок кылды. Канадалыктар “Кумтɵрдʏ” казабыз деп ɵзʏнɵн ɵзʏ келген жок. Аны Бирштейн деген швейцариялык жаран алып келген. Бирштейнди Акаевге Айтматов алып келип тааныштырып, аны Кыргызстанга инвесторлорду тарта турган кызматка коюшат. Ал швецариялык балдарынын аттарын коюп “Сиабеко” деген компания тʏзɵт. Каражатты таба албай калганда канадалык еврейлерди алып келип, кыргыздын алтынын кʏрɵɵгɵ койдук деп акча алып, “Кумтɵрдʏ” ээлеп калышкан. Улам президенттер келген сайын Кыргызстандын ʏлʏшʏ азайып отуруп, Садыр Нуркожоевичтин тушунда гана кайра ɵлкɵгɵ кайтарылды. Азыр айлык акынын кɵтɵрʏлʏшʏ, токтоп калган курулуштардын уландысы, жаңы курулуштар ошонун эсебинен болуп жатат. Мына ушуларды эске алуу менен баарын таркатып жок кылып алган Акаевдин бʏгʏн экс-президент наамын сураганы бир аз туура эмес болду.

“Жеке кызыкчылыкты биринчи орунга койбоо керек”

-Азыркы депутаттар эл ɵкʏлʏ болуп шайланып жаткандан кийин ɵз бизнесин, жакындарынын кызыкчылыгын коргоп калууну же айылына бир нерсени ɵндʏрʏп калууну биринчи орунга койбоосу керек. Биздин убакта биринчи кезекте мамлекет ʏчʏн кызмат кылуу, артыбызда ɵсʏп келе жаткан жаш муундар эмненин ʏстʏндɵ иштеш керек, кандай багыт кɵрсɵтɵбʏз, алардын акыл-эсин, аң-сезимин калыптандыра турган пландарды ойлончу элек. “Куттуу эл” деген программа менен мамлекеттик катчы чыгып, Ошто биринчи илимий-практикалык конференцияны ɵткɵрдʏ. Андан кийин милиция кызматы да илимий-практикалык конференция ɵткɵрʏп, эл арасында укукту таануу, баш ийʏʏ, укуктун эрежелерин сактоо деген сɵздɵрдʏ айтышты. Ушуларды коомдун арасында кеңири жайылтып, жаш балдарга да мамлекет ʏчʏн, коом ʏчʏн жоопкерчиликтʏʏ болушум керек деген сезимди калыптандыруу маанилʏʏ. Азыркы депутаттар ушундай маселелердин ʏстʏндɵ кɵбʏрɵɵк иштеп, эл арасында жʏрʏп, биз сыяктуу улуу муундардын ɵкʏлдɵрʏ, жаштар менен жолугуп, турмушка болгон позиция, идеяларын сурап, топтоп алып, барганда мыйзам жолунда алып кетсе жакшы болмок.

Балтагул Нурунбетов, легендарлуу парламенттин депутаты.

“Мамлекеттик тилди кабыл алууда легендарлуу парламенттин орду чоң”

-1990-жылдары кайра куруу мезгилинде ар бир республика ɵзʏнчɵ бɵлʏнʏʏгɵ аракет кылган. Горбачев мезгилинде СССР тарай баштап, кайра куруу компаниясы башталып, баштагы союздук мамлекеттер эгемендʏʏлʏккɵ умтулушту. Бирок, Москванын басымы дагы деле бар эле. Ошондо Кыргызстанда биринчи ирет легендарлуу парламентке альтернативдʏʏ шайлоо болуп, мен Куршаб округунан шайланып калдым. Легендарлуу парламент аты айтып тургандай кʏчтʏʏ парламент болду. Кыргыз Республикасынын символикаларын кабыл алуудан сырткары кыргыз тилин мамлекеттик тил катары кабыл алганы баарыбызга белгилʏʏ. Легендарлуу депутаттар ар бир заседаниясында бул маселеге кайрылып турчу эле. Аскар Акев орусча сʏйлɵп баштаганда эле депутат Камбаралы Бобулов деген агайыңар ордунан ыргып туруп, “биз кыргыз тилдʏʏ ɵлкɵбʏз, мамлекеттик тилде сʏйлɵңʏз” деп бакырып калчу. Эсенгул Ибраев деген эл акыны кʏйʏп-бышып ырларын жазып, “улук болсоң тилиң менен улуксуң, улут болсоң тилиң менен улутсуң” деген саптарын сессияда окуп берип элди кызуу ʏндɵп, биз мамлекеттик тилге болгон мамилени кʏчɵтʏʏгɵ, жайылтууга аракет кылчу элек. 

“Кыргыз илгертен кɵз карандысыздыкка умтулуп келген эл”

-Тарыхыбызга кɵз чаптырсак элибиз кылымдар бою эгемендик ʏчʏн кʏрɵш жʏргʏзʏп келген. Тарыхта белгилʏʏ болгондой 840-жылдары Кыргыз Дɵɵлɵтʏ деген кʏчтʏʏ мамлекет тʏзбɵдʏ беле. Ага чейин да, андан кийин да элибиз эгемендикке болгон умтулуусун токтоткон эмес. Элибиздин ошол тилек-максаты 20-кылымда орундалды. Октябрь революциясынан кийин, СССРдин курамындагы Кара кыргыз автономиялуу облус болуп, андан кийин Кара кыргыз автономиялуу республика болуп, карасы алынып Кыргыз автономиялуу республика деп тʏзʏлгɵн. Эгемендʏʏлʏккɵ кыргыздын чыгаандарынын ат кɵтɵргʏс эмгектеринин арты менен жетиштик. 20-кылымдын башындагы Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов, Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев сыяктуу чыгаандар башын ɵлʏмгɵ сайып жʏрʏп кыргыз мамлекетин тʏзʏʏгɵ жасаган аракетин кантип айтпай коё алабыз. 1991-жылы кɵз карандысыздыкты алганда, депутаттардын толкунданып сʏйʏнгɵнʏ, бири-бирин куттуктап, кучакташып кɵз жаш алганы азырга чейин эсимде. Чоң ʏмʏт-максат менен бул чечимге келгенибизге ар бир депутат бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин сыймыктанып келет.

“Кыргызстан мал чарбасы менен кармалып турган”

-Кыргызстандагы ошол кездеги реформанын жʏрʏшʏ Акаев баштаган бийликтин кетирген зор кемчилдигинде деп ойлойм. Башаламан менчиктештирʏʏдɵ дʏркʏрɵп турган ишканаларыбызды, элибиздин ɵнʏп-ɵскɵн айыл чарба системасын талкалап, жоготуп алдык. Коңшу Ɵзбекстан, Казакстан мамлекеттери завод-фабрикаларын, айыл-чарба байлыктарын сактап калды. Жыйынтыгында ал мамлекеттердин байлыктары биздей ɵксʏбɵй, бʏгʏнкʏ кʏндɵ ɵнʏп-ɵсʏʏдɵ.

“Ошко инновациялык мектептерди ачканбыз”

-Ошол кезде Ош облусунун элге билим берʏʏ системасынын башкармалыгынын башчысы элем. Ɵзʏм мугалим болгондуктан окуу-тарбия иштерин жакшыртуу, инновациялык мектептерди ачууга басым жасап, кɵптɵгɵн жаңылыктарды киргиздик. Алсак ошол кездеги Ноокаттагы Билимкана, ар бир районго гимназия, лицейлерди ачып, тʏрк лицейлерин да ошол жылдары негиздеген элек. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ал лицейлер жакшы жемишин берип, республика боюнча аты аталып жʏрɵт. 1990-жылдары пионер, комсомол, октябрят уюмдары жоюлуп кетти. Андан кийин “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” уюмдарын тʏзʏп, уставын, гимнин, форма-галстугун иштеп чыктык.Ошол кездеги премьер-министр Апаз Жумагуловду, облус, район, шаар жетекчилерин Ноокатка семинарга чакырып, ошол жерде кабыл алынган. Кийин Ɵкмɵттʏн атайы чечими менен Ош билим берʏʏ башкармасынын жаштарды тарбиялоо маселеси бʏтʏн республикага жайылтылды. Баарыбызга белгилʏʏ, Сулайман-Тоого Борбордук Азиянын баарынан зыяратка келишет. Ал жерде 5 жыл директор болуп иштедим. Сулайман-Тоону дʏйнɵлʏк ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстанда биринчилерден болуп киргизгенбиз.

“Ɵз валютабызды кабыл албасак, Россиянын басымынан кутулбайт элек”

-Белгилей кетʏʏчʏ жагдай, ошол кездеги бийликткин сомду кабыл алып жаткандагы эмгегин айтпай коюуга болбойт. Ɵз валютабызды кабыл албасак Россиянын басымынан кутула албайбыз деп 1993-жылы сомду кабыл алдык. Ошол кездеги орустун 200 рублу биздин 1 сомго барабар болуп, бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин сом ɵз туруктуулугун жоготпой келе жатканы буга кʏбɵ.

Айкɵкʏл Мырзакаримова, легендарлуу парламенттин депутаты:

“Жардамчыларыбыз, иш кагазын жазып берʏʏчʏлɵрʏбʏз болгон эмес”

-Алгач 1985-1990-жылдары Кыргыз СССР Жогорку Советинин,1990-1995-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болдум. Легендарлуу парламентте 22-23 аял болгон. Кыздардан мугалимдер, саанчылар, чарбада иштегендер, агроном-дыйкандар, пахта терген кыздар бар эле. Мыйзам чыгаруу палатасында коюлган маселелер жɵнʏндɵ кыздарга туура багыт берчʏбʏз. Санабар Вахаповна, Зибахан Кутмановна деген эжелериңер болгон, кыздарды «кайсы райондон келдиң, эл менен жолугушууда кандай кɵйгɵйлɵрʏн айтышты, ошого жараша оюңарды кара сɵз тʏрʏндɵ жазып келгиле» дечʏ элек. Ал убакта депутаттар сессияга келерден мурда эл менен жолугуп турган. Ошентип кыздарды эже-сиңдилердей ээрчитип жʏрʏп, ар кандай маселелерди кароодо бири-бирибизге жардам берчʏбʏз. Андагы депутаттардын азыркыдай жардамчысы, иш кагаздарын жазып берʏʏчʏлɵрʏ болгон эмес. Баарын ɵзʏбʏз жазып, кʏн тартибинде каралчу маселелерге даярданат элек. Саат сааты менен иш кылганбыз. Мисалы, биздин районго тиешелʏʏ маселе каралса, ошону тʏнʏ менен райкомго, райондук аткаруу комитетине телефон чалып жʏрʏп жеткирчʏ элек.

“Пахта теримде, тɵл убагында, тоют даярдоодо, мал кыштатууда тыным жок эле”

-Райондон кызматтык машина берилчʏ, мисалы, саат 6 да Базар-Коргон районунан чыксам, 7де Ошко келип, 8де аэропортто дапдаяр болуп Бишкекке учуп кетчʏбʏз. 9да борборго тʏшсɵк, 10до сессия залында отуруп калар элек.

Сессиялардан кийин кыдырып жʏрмɵй жок. Кайра ошол маршрут менен артка кайтчубуз. Аял башым менен райкомдун унаасына бала-чака салган жокмун. Жолдошум да мамлекеттик кызматта иштечʏ, балдарыбызды кɵбʏнчɵ бакчадан, мектептен ɵзʏнʏн унаасы менен алып кетер эле. Бош убакыт болгон эмес, айрыкча пахта убагында тʏнкʏ саат 12-1лерге чейин пахта талаасында жʏрʏп, колхоздун тапшырган пахталары 5 пункт болсо, каерден канча пахта келип тʏштʏ, кайсы жерден келбей калды, район боюнча баарын тактап отчет берип турганбыз. Кышында тɵл убагы башталганда мекеме-уюмдардын жетекчилерине график тʏзʏлʏп, сакманга жардам беришкен. Чабандардын, саанчылардын ʏй-бʏлɵсʏнɵ мончо куруп берип, “мамлекеттик мʏлккɵ тийбегиле, козунун ɵлʏмʏ болбосун” деп жашаган жерин, тамак-ашын камсыздап, кɵмʏр тʏшʏрʏп берип, автолавкалар менен окуу куралдарын жеткирип, жакшы шарт тʏзгɵнгɵ аракет кылчубуз. Короо кɵп, текшерʏʏчʏлɵрдʏ, ветврачтарды жɵнɵткɵндɵ “тɵлдɵгɵн койго туздуу, жылуу суу берилип жатат, козулардын тʏбʏнɵ саман салынган” деп жазып келишчʏ. Ɵзʏм да жаныма инструкторлорду алып, жакшы делген жерге кайра барып текшерчʏмʏн. Кээде чын эле жакшы каралып жаткан болот, кээде чабан, сакманчылар уктап калып, суу тоңуп, козу ɵлʏп жаткан болот. Азыр ойлосом ɵтɵ жоопкерчилик менен, аз айлык алсак да, ак пейлибиз менен мамлекеттин 1 тыйынына да кɵз артпай иштептирбиз. Кийин бала бакча, мектеп курууга аракет кылдык. Москвада академияда окуп жʏрʏп, КПССтин бɵлʏм башчыларына кирип, социалдык маселелер боюнча айтып жʏрʏп, Базар-Коргонго ʏч кабаттуу жаңы жабдыктар менен камтылган оорукана курдурдум. Элге кылган кызматка жараша эл да баа берип, бир райондон эки чакырылышка депутат кылып шайлаган. 

“Бизди мɵɵнɵтʏбʏздʏн бʏтɵрʏнɵ 4 ай калганда таратышты”

-Мɵɵнɵтʏбʏздʏн бʏтɵрʏнɵ 4 ай калганда легендарлуу парламенттин депутаттарын таратат экен деген сɵздɵр айтыла баштады. Каникулга чыгып, биз кайра бара турган мезгил болгондо чакыруу келбеди. Аял кишиде жоопкерчилик кɵп болот эмеспи, отура албай кантсе да борборго барып, иштин чоо-жайын билип келейин деп жɵнɵдʏм. 350дɵй депутаттан жʏздɵйʏ келиптир. Чыгып Аскар Акаевичке “эмне ʏчʏн 4 ай калганда таратып жатасыңар, биздин ансыз деле мɵɵнɵтʏбʏз бʏтɵт эле го” деп айттым, ал киши “эми ушундай болуп калды” деген гана жообун айткан. Медеткан Шеримкулов ошол кезде Жогорку Кеңештин тɵрагасы эле, ɵтɵ билимдʏʏ, мыкты адам экен. Кɵпкɵ чейин “Азаматсың, коркпой чыгып, депутаттарды таратып жатканынын себебин сурадың” деп кɵпкɵ айтып жʏрдʏ. Легендарлуу парламент мына ошентип тарады. Биз кɵп болсок да аябай ынтымактуу болдук. Тура калып сɵгʏшʏп, бири-бирибизге жаман сɵз айтчу эмеспиз. Ар кимдин ою маанилʏʏ делип, сʏйлɵп бʏткɵнчɵ бири-бирибизди угат элек. Эгерде туура эмес болсо, ошол маселеге ɵзгɵртʏʏ боюнча сунуш киргизчʏбʏз.

Айжылдыз Тойчиева