22 октября, 2024

Социалдык контаркт: ишкерликти баштагандар 3 жыл кɵзɵмɵлдɵнɵт

“Социалдык контракт” долбоору 2022-жылы ишке кирген. Долбоордун негизги максаты 16 жашка чейинки балдары бар, аз камсыз болгон ʏй-бʏлɵлɵрдʏ жакырчылыктан алып чыгуу. Аталган долбоор ишке кирген жылы 50 ʏй-бʏлɵгɵ, 2023-жылы 160 ʏй-бʏлɵгɵ берилген. 2024-жылга карата Ош шаарынан канча ʏй-бʏлɵ алды, ишкердиктин кайсы тʏрлɵрʏ менен алектенип жатышат, тиешелʏʏ адистерге кайрылып, ишкерлердин иш ордун жеринен кɵрʏп келгенбиз.

Анарбай уулу Русланбек, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылууга кɵмɵктɵшʏʏ бɵлʏмʏнʏн жетектɵɵчʏ адиси.

-Социалдык контракты кимдер ала алышат?

-Социалдык контрактын негизинде 100 миң сом ɵлчɵмʏндɵгʏ социалдык жардамды аз камсыз болгон, “жакыр ʏй-бʏлɵ” статусунда турган, мамлекеттик жɵлɵк пул алып жаткан ʏй-бʏлɵлɵр ала алышат. Жɵлɵк пул албаса да кеминде бир жылга чейинки социалдык паспорт ачылган, “жакыр ʏй-бʏлɵ” статусу барларга да социалдык контракт программасы каралган.

-Быйылкы жылы Ош шаарына канча квота бɵлʏндʏ?

-2024-жылга карата Ош шаарына 318 квота бɵлʏнгɵн. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 120 ʏй-бʏлɵ ɵздɵрʏ жазган бизнес долбоорлор боюнча 100 миң сомдон акчаларын алды. Аталган сумма айыл-чарбасы, ɵндʏрʏш, кызмат кɵрсɵтʏʏ, соода-сатык боюнча тɵрт багытка берилет. Айыл-чарба багыты боюнча 24 ʏй-бʏлɵ, ɵндʏрʏш боюнча 44, кызмат кɵрсɵтʏʏ боюнча 18, соода-сатык боюнча 35 ʏй-бʏлɵ ишкердик жʏргʏзʏп жатат.

-Ишкердигин жʏргʏзɵ албай жаткандар да болсо керек?

-Ооба, бирок кɵпчʏлʏгʏ айыл-чарбасын жакшы ɵздɵштʏрʏп, тейлɵɵ тармагында тамактануучу жайларды ачып, тойлорго керектелʏʏчʏ нан, каттама, боорсокторду жасап, соода-сатык жʏргʏзʏп ишкердигин жолго коюп алышты. Бизнесин алып кете албай жаткан ʏй-бʏлɵлɵргɵ атайы багыт берʏʏчʏ кыска мɵɵнɵттʏʏ окууларды ɵткɵрɵбʏз. Окутуп, ишкерлигин андан ары ɵнʏктʏрʏп кетʏʏ боюнча колдоо кɵрсɵтʏп, кɵзɵмɵл жʏргʏзɵбʏз. Негизи социалдык контракт менен иштегендер 3 жыл кɵзɵмɵлдɵнɵт.  Биринчи жылы квартал сайын отчет алып, экинчи, ʏчʏнчʏ жылдары ар 6 ай сайын текшеребиз.

-“Жеке ишкер” деген документ алып, тиешелʏʏ мекемелерге катоого туруусу зарылбы? 

-Албетте. Мисалы, социалдык контракт алган ʏй-бʏлɵлɵр салык кызматынан тиешелʏʏ документтерин тууралап алуусу керек. Анткени, кийинки жылдан мамлекеттин дагы башка кошумча жардамдары болуп калса, аларды алуу оңой болот. Былтыркы жылы социалдык контракт алган ишкерлерге быйыл пайызсыз 200 миң сомдон кредит каралган. Бирок, аны алганга кɵпчʏлʏгʏнʏн мʏмкʏнчʏлʏгʏ болбой жатат. Себеби мурда алгандар арасында бир аз тʏшʏнʏк аз болгондуктан, дароо каттатып, “жеке ишкер” деген статус ачып же патент алып койбогон. Азыр 200 миңди алуу ʏчʏн банкка барса, банк анын бизнес багытын текшерет. 6 айдан кɵп аралыкта патенти же салык кʏбɵлʏгʏ болсо гана берет. Аталган кредитти баштапкы 3 айында тɵлɵшпɵйт. Андан кийин 3 жылга бɵлʏп тɵлɵɵ шарты бар.

Мейликан Тойчубекова, социалдык контрактын негизинде ишкердик жʏргʏзʏп жаткан жеке ишкер.

“Студенттер шаарчасында тамак-аш сатуучу жайды иштетип жатам”

-Бизге 100 миң сомдон 25-июлда картабызга тʏшʏрʏлʏп берилди. Мен банктан 1-августта чечип алып, чегин социалдык контракт боюнча адистерге алып бардым. 1-сентябрдан баштап студенттер шаарчасындагы ушул чакан тамак-аш сатуучу жайды иштете баштадым. Социалдык контракты алардан мурда бул жерди таап, бирок, акчам жок болгондуктан иштете албай турган элем. Акчаны алышым менен керектʏʏ буюмдардан духовка, микроволновка, анан  муздаткыч сатып алдым. Витрина муздаткычынын жаңылары 45 миң сом турат, мен колдонулганын 27 миң сомго алдым. Калган акчаны ун, май, азык-тʏлʏккɵ, шербет, сууларды, товар сатып алууга короттум.

“Соода жакшы, кечке тыным жок”

-Ишке эрте менен келип ашпозчу эже экɵɵбʏз пирожкилерди бышырабыз. Сʏт чайларды, кофенин тʏрлɵрʏн даярдайм. Саат 10го чейин ушул сыяктуу майда-чʏйдɵ нерселер менен соода жакшы болот. Тʏштɵнʏʏ учурунда окуучулар, студенттер келишет. Ошентип саат 17:00 гɵ чейин тыным жок. Бул кичинекей жердин арендасы 30 миң сом. Бирок, ошол акчаны кенен чыгарып берип жатат. Жолдошум дайыма колдоп, жардам берип келет. Ал кишинин колдоосу менен ушундай чакан ашканаларды дагы ачууга аракет кылып, орундук караштырып жʏрɵбʏз. Азырынча жакын арадан табыла элек, шаардын башка жерлеринен болсо буюрса чыгып калат. Социалдык контрактын планын иштеп чыгып, ишке ашырып жаткан тиешелʏʏ мекемелерге жана президентибизге терең ыраазычылык.

Келдибек кызы Айнура, социалдык контрактын негизинде ишкердик жʏргʏзʏп жаткан жеке ишкер.

“Аниматор иштетем, тедди мамалактар менен шоу кɵрсɵтɵбʏз”

-Учурда аниматор иштетем. Буюртма менен той, маараке, туулган кʏн, кечелерге тедди мамалактары менен барып шоу кɵрсɵтʏп келебиз. Чынында кирешелʏʏ жумуш. Мындан сырткары Ɵзбекстан Республикасына кийим-кече жɵнɵтʏп иштеп жатам. Социалдык контрактын негизинде алган сумма ишкердик баштоомо ɵтɵ чоң салым кошту. Мындан ары да ишкердикти ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн аракет кылып жатам.

Асел Нурматова, социалдык контрактын негизинде ишкердик жʏргʏзʏп жаткан жеке ишкер.

“Нан жаап, тойлорго буюртма алып, кондитердик азыктарды бышырам”

-Социалдык контракты аларда кондитердик азыктарды ɵндʏрʏʏ боюнча бизнес план жазган элем. Ушул жылдын август айында атайы бɵлʏнгɵн акча каражатын алдым. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ айылда боорсок, бал боорсок, чакчекей бышырып, той-аштарга буюртма алам. Мындан сырткары ʏй нанын жаап, таттуу токочторду, лакомкаларды жана башка кондитердик азыктарды бышырып дʏкɵндɵргɵ ɵткɵрɵм. Азырынча ɵтɵ кɵп бышырбай эле буюртмага ылайык даярдап жатам. 100 миң сом ɵлчɵмʏндɵгʏ каражатты алгандан кийин 20 миң сомго камыр аралаштырган аппарат, шаймандар, ун, май, кум шекер сыяктуу азыктарды сатып алдым.

“Yч очок курдурдум”

-ʏч очок зарыл болгондуктан, ʏч очок курдурдум. Очокко жаныбыздан да бир аз каражат жумшадык. Буга чейин кичинекей духовкага азыктарды бышырчу элем, кээде буюртмалар бʏткɵнгɵ чейин таң атып кетчʏ. Азыр чоң духовка сатып алдым, убакытты кыйла ʏнɵмдɵп, жумушуму жеңилдетип жатат. 6 балам бар.  Кудайга шʏгʏр, мурдагыдай кɵп нерсеге заарыкпай, ишими жакшы жолго коюп алдым. Бизди ушунча колдоп жаткан жетекчилерге, президентибизге кудай ыраазы болсун!

Айжылдыз Тойчиева