22 октября, 2024

ЖАҢЫ ЯДРОЛУК ДОКТРИНА: ЖАЛПЫ ЭСКЕРТYY

Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Владимир Путин Россия Федерациясынын ядролук жактан кармануу доктринасына радикалдуу ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизʏʏнʏ сунуш кылды. Алардын эң башкысы  Путиндин: “Ядролук эмес ар кандай эле мамлекеттин ядролук державанын колдоосу менен Россияга жасаган агрессиясы алардын биргелешкен чабуулу катары саналат”,- деп билдирген сɵзʏндɵ жатат.

 ДОКТРИНАГА ƟЗГƟРТYY КИРГИЗYY ЗАРЫЛДЫГЫ

“Азыркы замандын аскердик-саясий  абалы динамикалуу тʏрдɵ ɵзгɵрʏʏдɵ жана биз муну эсепке  алууга милдеттʏʏбʏз”,-дейт Путин. “Ядролук куралды колдонуунун базалык принциби  аныкталды, тактап айтканда,  ядролук куралды колдонуу – мамлекеттин суверенитетин сактоонун  акыркы чарасы”.

Путиндин сɵзʏнɵ караганда, Россия  мындай  маселелерге дайыма жогорку даражада жооптуу мамиле жасап келген. Эбегейсиз чоң кʏчтʏ ичине камтыган бул курал жана анын компоненттери дʏйнɵгɵ андан ары таркап кетпɵɵсʏ ʏчʏн эл аралык-укуктук базаны чыңдоого астейдил кɵңʏл буруп келгендиги жалпыга маалым. Арийне, азыр кырдаал ыкчамдык менен ɵзгɵрʏʏдɵ. Ядролук державалардын ар бир кадамдары жана анын ыктымалдуу акыбеттери эсепке алынууда. Бул жагынан алганда Россиянын ядролук  куралды кармануу доктринасына киргизилген аргасыз ɵзгɵртʏʏлɵр жалпы эле цивилизацияга карата жалпы эскертʏʏ катары каралууга тийиш. Доктринаны ɵзгɵртʏʏ зарылдыгына токтолуп жатып Путин мынтип белгилегенин айта кетʏʏгɵ тийишпиз: “Ошондой эле Россиянын ядролук куралды пайдалануусунун шартын так белгилɵɵ керек. Мындай мʏмкʏнчʏлʏктʏ биз аба-космостук каражаттардын  чабуулу жана алар биздин мамлекеттин чек арасынан ɵткɵнʏ туурасында ишенимдʏʏ маалымат алганыбыздан кийин карап кɵрɵбʏз. Мен стратегиялык жана тактикалык авиацияны, канаттуу ракеталарды, учкучсуз, гипер добуштуу жана башка учуучу аппараттарды  кɵңʏлгɵ алып жатам. Россия  жана анын союздашы катары Беларуссияга каршы агрессия  жасалып калса, ядролук куралды колдонуу укугун ɵзʏбʏздɵ сактап калабыз”.

РФ Тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 79-сессиясында сʏйлɵгɵн сɵзʏндɵ: “Владимир Путиндин ядролук доктрина боюнча жасаган билдирʏʏсʏн Киевдин союздаштары кандайча кабыл алышканы НАТОнун алыска атуучу ракеталары менен биздин ɵлкɵнʏн ичкери жагын аткылоого уруксат берʏʏ маселеси чечилип жатканда белгилʏʏ болот. Бул биздин тандоо эмес жана мындай коркунучтуу курстун акыбеттерине биз жооп бербейбиз”,- деп билдирди. Лавровдун пикиринде Лондон менен Вашингтон Европаны “ɵзʏн ɵзʏ ɵлтʏрʏʏчʏдɵй” авантюрага тʏрткʏлɵɵдɵ. Россияны стратегиялык жактан жеңилʏʏгɵ учуратуу максаты коюлган.1945-жылдын майындагыдай. Анда али экинчи дʏйнɵлʏк согуш аяктай электе АКШ менен Улуу  Британия “Ойго келбеген иш” деген аталышта “Советтер Союзун жок кылуу” операциясын иштеп чыгышкан. Ал кезде бул операция абдан жашыруун кармалган. Ал эми азыркы англосаксондук стратегдер ɵз  максат-мʏдɵɵлɵрʏн жашырышпайт. Албетте, алар Россияны азырынча киевдик легитимсиз жана неонацисттик режимдин колу менен жеңʏʏнʏн эсеп-китебин чыгарышууда. Европаны да  ушундай ɵзʏн-ɵзʏ  ɵлтʏрʏʏчʏ авантюрага боюн таштоосуна даярдашууда”,-дейт Россиянын Тышкы иштер министри.

“ВАШИНГТОН YЧYН СИГНАЛ”

“Путиндин сɵзʏнʏн адресаты Вашингтондо жайгашкан”,-дейт Плеханов атындагы университеттин саясий анализ жана социалдык-психологиялык процесстер кафедрасынын башчысы Андрей Кошкин. “Бул билдирʏʏ азыр Зеленский ак эткенден так эте кɵксɵп, бирок арты-кийинки кесепеттʏʏ акыбеттери менен  Вашингтонду коркутуп жаткан маселе- чоң радиустагы ракеталар менен Россиянын аймактарын аткылоого Украинага уруксат  берʏʏгɵ такалууда. Батыштык ракеталарды Украина ɵзʏ ата албайт, ал ʏчʏн НАТОнун спутниктери жана тиешелʏʏ даярдыктагы адистери талап кылынат. Коопсуздук Кеңешинин отуруму бекеринен  БУУнун Генассамблеясы ɵтʏп жаткан маалга тушташтырылган жок. Ал жерде да бул жагдай талдоого алынса керек. Алар Украинаны кантип коргоону узун сабак кеп кылышы турган кеп. Эми алар Россияга каршы ачык эле согушууга туура келээрин эстерине тʏйʏп коюшсун”.

Эми Россиянын жаңыланган ядролук доктринасында “Россиянын суверенитетине, мейли, жɵнɵкɵй куралдар менен  коркунуч келтирʏʏ ядролук жооп ʏчʏн негиз болот”.

Путин “биргелешкен чабуул” деген сɵздʏ бекеринен колдонгон жок. Эми Лондон менен Вашингтон Россиянын ички аймактарын  алыскы аралыкка атылуучу ракеталар менен аткылоого макулдук бере турган болсо, бул адардын Путин айткан “биргелешкен чабуулу” болуп калат.

ЯДРОЛУК АЛААМАТКА ЖОЛ БЕРИЛЕБИ?

Азыр адамзат 1962-жылдагы Кариб кризисиндегидей абалга туш келип олтурат. Анда Советтер Союзу ядролук ракеталарын Кошмо Штаттар ɵз ракеталарын Европага жайгаштырганына жооп катары Кубага алып келгенин эске салалы. Дʏйнɵ тагдыры анда кылдын учунда туруп калган. “Кызыл ядролук кнопка” ар кандай моментте басылып кетʏʏ ыктымалдуулугу бар эле. Москва ошондо деле Вашингтонго азыркыдай деңгээлде эскертʏʏ  бергендигин эстен чыгарбоо керек. Америкалык жетекчиликтин сергектигинен улам ошондо Хрущев  АКШга кɵрсɵтмɵкчʏ болгон “Кузькина мать” “ кыргыздын “Ормон  опуза”, “Кокон пеши” таризинде  калып кеткен. Учурда Вашингтон менен Лондондо дал ошондой сергектиктен кабар барбы, айтуу кыйын.

Ядролук курал менен ойноп кɵрʏʏнʏн тарапкерлерин азыр океандын ары жагынан да ал эмес, Россиянын ɵзʏнɵн деле табууга мʏмкʏн.

“Батыш Россиялык ядролук докрина ɵзгɵртʏлгɵн факторду эске алат»-дейт саясий анализ Борборунун директору Павел Данилин. “Бирок, бул жетишсиз. Балким, мораторийден чыгып, ядролук ракеталарды каршылаштардын кандайдыр бир позицияларына мээлеп атуу аркылуу сынап кɵрʏʏ керектир”. Ушундай эле пикирди мурдараак Ярославль мамлекеттик университетинин бир профессору да  билдирип чыккан.

Канткен менен кептин баары НАТОнун алыска атуучу ракеталары менен Россиянын аймагын аткылоого Вашингтон Украинага макулдук береби-жокпу, ошондо  жатат. Бул тʏйʏндʏʏ маселе НАТОнун Рамштайында ɵтɵ турган жыйынында чечилиши керек. “Ɵлɵɵр ɵгʏз балтадан кайтпайт”,  демек анда  Зеленскийдин уруксат алуу далбасасы баарыныкынан ашып кетээри турган кеп. Анткени,  Украинанын артында ядролук дал ушул мамлекеттер – АКШ менен Улуу Британия жана кийин эле кошулган  Франция турат. Кеп-сɵз биринчи кезекте америкалык-британдык-француздук алыска атылуучу ракеталык “кооперативдин”  мындан аркы аракетине байланыштуу болору айтпаса да  тʏшʏнʏктʏʏ. Мына ушундай кырдаалда  жооп катары ядролук куралды колдонуу укугун ɵзʏндɵ калтырарын Москва  иш жʏзʏндɵ АКШ, Британия жана Францияга  эскертти.

Башкача айтканда, Путиндин эскертме кайрылуусу Зеленскийге тиешелʏʏ эмес. Бул муздак суу НАТОнун башкы жетекчилеринин баштарына куюлушу керек: силер чындап эле ɵз ракетаңар менен Россиянын аймагын аткылагыңар келип жатабы?

 Бул кайрылууну тоотмоксонго салууга болбойт. Путин ар бир кадамын юридикалык жактан негиздеп жана ороп-чулгагандыгы жагынан алдына киши салдырбоосу менен белгилʏʏ. Ядролук доктринага киргизилген ɵзгɵртʏʏлɵр да ошондой аракеттердин бири катары каралуусу шарт.

Абдираим Мамытов