22 октября, 2024

Сюцай — сан эмес, жашоонун илими

Жашоодо илимди окуп гана коюу жетиштʏʏ эмес. Сен канча китеп окуп, канча билим-илим алсаң деле аны жашооңдо колдонбосоң, анда эч качан ɵзгɵрʏʏ болбойт. “Жашооңду, ɵзʏңдʏ таанып- билʏʏ ʏчʏн сюцай илими чоң жардам берет”,-дейт сюцай илиминин профессионалдуу мастери, Динара Султан. Сюцай илими боюнча дагы да терең билгиңиз келсе анда тɵмɵнкʏ макалабыз сиз ʏчʏн.

Динара Султан, Сюцай илиминин профиссионалдуу мастери, сюцай мектебинин коуч тренери:

“Сюцай – ɵзʏңдʏ таануучу терең илим”

-Сюцай – ар бир адамдын ички жан дʏйнɵсʏн, компетенциясын, жашоодогу терс сапаттарын, оң сапаттарын, ийгиликке жетʏʏ ʏчʏн кайсы нерсе менен иштеши керек экендигин тааныта турган илим. Сюцай илими 181 ɵлкɵдɵ официалдуу тʏрдɵ иштеп жатат. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар. Мыйзамдуу тʏрдɵ уруксат кагазы менен иштеп жаткан учурубуз. Андан сырткары бул илим Дубайда институт болуп ачылган. Ал эми Кыргызстанга келгенине 5 жылдын жʏзʏ болуп калды. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ кайсы сферада иштей аласыз, кандай жɵндɵмʏңʏз бар, аны аныктоого сюцай илими жардамга келет.

“Ар бир адам миссиясын билип, жашоо билимин алышы керек”

-33 жаштан кийин адам 100% пайыз ɵзгɵрɵт. 33 жаштан кийин адамдын ойлогону менен жасаганы тɵп келбей калат. Бул – миссия. Ал эми миссияны экиге бɵлʏп кароого болот. Аялдык миссия жана эркектик миссия. Аялдын милдеттери жана эркектин милдеттери сыяктуу эле эки башка нерсе. Аял менен эркек экɵɵ тең ɵзʏнʏн миссиясын, ордун, милдетин билсе, урушуп-талашуу, ажырашуу болбойт.  Ошондуктан да ар бир адам ɵзʏн таанып, ɵзʏнʏн миссиясын билʏʏсʏ абзел. Мына ошондо гана бактылуу ʏй-бʏлɵнʏн фундаменти курулат. Азыркы учурдагы эң чоң кɵйгɵй ʏй-бʏлɵ маселеси. Кыргызстандагы статистикага кайрыла турган болсок, ар бир ʏчʏнчʏ ʏй-бʏлɵнʏн бирɵɵсʏ ажырашат. Мындай кырдаалга, ажырашууга кабылбоо ʏчʏн ар бир адам жашоо билимин алышы керек. Азыркы жаштар жашоонун эч бир кɵйгɵйʏн ойлонбой  баш кошуп, эрте ажырашууга дуушар болуп жатышат. Мунун баары фундаментсиз курулган ʏй-бʏлɵгɵ алып келет. Демек, ар бир адам жашоонун илимин алуусу керек.

Кеңеш

-Миссия саны биздин туулган жылыбыз, айыбыз, кʏнʏбʏз менен аныкталат. Мисалы, 16-декабрь 2004-жыл болсо, 1+6+1+2+2+0+0+4=16 деп кошулат. Мындан чыккан 16 санын дагы кайра бир-бирине кошобуз. Мында 1+6=7 болот. Демек миссия сан 7. Бул миссия саны 33 жаштан баштап иштеп баштайт. Бул жаш ар бир адам ʏчʏн олуттуу жаш.  Сиз дагы бул мисалга салыштырып ɵзʏңʏздʏн миссияңызды аныктап кɵрʏңʏз.

Миссия -1

“Бийлик жана жалгыздык миссиясы”

-Бул миссияда адам дайыма алдыга карап умтулууну самайт. Акыркы сɵздʏ ɵзʏ гана сʏйлɵсɵм деп каалайт. Акчаны байлык аркылуу тапкысы келет. Эгер миссия саны 1 эркектер болсо анда билинбейт. Эгер аялдар болсо, анда кɵп учурда башкарууну каалап, кʏйɵɵсʏнɵ баш ийбейт. Жыйынтыгында бул миссиядагы адамдар кɵбʏрɵɵк жалгыз калышат.

Миссия -2

“Чыгармачыл, психология миссиясы”

-Бул миссиядагылар чыгармачылык жаатында кʏчтʏʏ адамдар болушат. Бирок аябай жай кыймылдашат. Бир сɵз же тʏшʏнʏк кечирээк жетет. Дайыма эки жактуу иш аракет менен жʏрʏшɵт. Бирок кɵбʏнчɵ кʏмɵн санап жʏрʏп убактысын уттурушат. Кɵп учурда мамиле аркылуу жана тʏшʏнʏʏ, сʏйлɵшʏʏ аркылуу акча тапкысы келет.

Миссия -3

“Адилеттʏʏ башкаруучу, насаатчы, тарбиячы миссиясы”

-Бул миссиядагылар анализ аркылуу ɵзʏнʏн пайдасын алуу ʏчʏн умтулууну кɵздɵшɵт. Достук маселесине чынчылдык менен карабаган, чыныгы достору жок же аз эффективдʏʏ миссия болуп саналат. Жɵн эле жашоосунда гана эмес, жумушунда дагы анализди катуу жʏргʏзɵт. Мисалы, эже, ини же карындашын жумушка албайт. Адилеттʏʏ башкарууну каалайт. Иш аракетин пайдага карата жʏргʏзɵт. Эгер кимдир бирɵɵнʏ алдайм десе катуу анализ кылгандыктан улам бардыгын оңой эле жасап коёт. Бирок кɵп жерде пайданы жана адилеттʏʏлʏктʏ талап кылат. Кемчилиги жалкоолукту жактырат.  Кɵбʏнесе ишти эртеңкиге калтырат.

Миссия -4

“Аралыктан ( сырттан, кɵлɵкɵдɵн) башкаруу миссиясы”

-Бул санды билим берʏʏ миссиясы десек да болот. Мындагы адам дайыма канааттанбагандыкты сезет. Бул миссияда креатив иштейт. Жаңы нерсеге умтулуу бар. Дайыма жаңыны, революцияны, жаңыланууну издеп турат. Жаңы трансформация, жаңы тартип, жаңы эрежеге умтулат. Билим берʏʏгɵ багытталган жападан жалгыз миссия.

Миссия -5

“Кʏрɵш (Гитлердин, Хрущевдин) миссиясы”

-Дайыма бардык нерседе кʏрɵшʏʏнʏ, бир нерсеге умтулууну сезет. Кандай гана учур болбосун акчаны жоготууга же аны менен кʏрɵшʏʏгɵ энергиясы жогору миссия. Бул миссиядагы адамдардын аң сезимине акча байланган эмес. Адамдарды туура эмес же логикалуу эмес деп бɵлɵт. Бул миссиядагылар ошол эле учурда жазуучу болууну самашат. Туура ой жʏгʏртʏшɵт. Социалдык кырдаалга каршы пикирлерди кɵбʏрɵɵк жаратышат. Кɵбʏнчɵ бул миссиядагылардын пикири “жок” деген сɵз. Качан гана бул сɵздʏ айтканда, пикири токтойт.

Миссия -6

“Чыгармачыл миссиясы”

-Бул миссиядагылар кɵбʏрɵɵк ыңгайлуулукка, эс алууга, сʏйʏʏгɵ умтулууну сезет, ɵз жашоосун ыңгайлуулук (комфорт) менен ɵткɵрʏп жибериши мʏмкʏн. Миссия 6 санындагылар ɵзʏн чыгармачылыкта ɵстʏрʏʏсʏ зарыл. Ар дайым иш-аракети эмоционалдуу болот. Булар убара болууну каалашпайт. Кɵбʏнчɵ жыргалчылык же комфортту каалашат. Ɵзʏнɵ эгоисттик бар. Чыгармачылык, ɵзʏ жана башкалар ʏчʏн ыңгайлуулук тʏзʏʏ. Кемчилдиги  сʏйʏʏ издейт, азап чегет, депрессияга тʏшɵт. Дагы бир кемчилиги иш аракети аркылуу ɵч алуу. Бул кастыкка кастык менен жооп берʏʏчʏ инсандагы тескери адеби. Булар ынгайлуулуктун жоктугунан жабыркашат.

Миссия -7

Йога жана чечкиндʏʏлʏк миссиясы

Бул миссиядагы адамдар ɵзʏнɵ катуу ишенгендиктен  ɵзʏнɵ-ɵзʏ бекем экенин да сезишет. Бул жашоодогу бурулуштар, ɵзгɵрʏштɵрдʏ ɵзʏнʏн жʏрʏм- турумунан билсе болот.

Миссия 7 ɵзʏн жылдыз сезет. Кʏчтʏʏ жана ɵзʏмчʏл болот. Ɵзʏнɵ ɵзʏ ишенʏʏ менен иш аракет жасайт дагы башкаларды (кризис) бурулушка алып келет. Бул миссияда адамдарды ɵзгɵрткɵнʏ (трансформация) келишкен. + Макулдашылган трансформация. -Ɵзʏндɵгʏ жана тегерегиндегилердин бурулушун (кризисти) сезет да анан ɵзʏндɵгʏ хаосту (ɵзʏн же башкаларды тʏшʏнбɵɵ) сезет.

Бул миссиядагылар унутчаак дагы болуп калышат. Ошондуктан ɵзʏн тартипке алып келип, йога менен машыгуусу керек.

Миссия -8

“Туруктуу талыкпаган эмгек миссиясы”

Бул миссиядагылар ишке жана эмгекке жакын болушат. Жумуш десе баарын  унутуп коюшат. Мен жумушта эс алам деп жумуш менен алышып жʏрɵ беришет. Материалдык дʏйнɵгɵ жана анын жыйынтыгына кɵбʏрɵɵк умтулушат. Бул миссиядагылар аябай ɵжɵр жана аны менен эле катар эмгекчил адамдар. Мындай миссиянын ɵжɵрлʏгʏ иштебей калганда, ар тʏрдʏʏ оору менен ооруй баштайт. Мʏнɵзʏнɵн пайдаланып, жанындагы адамдарды дагы контролдоп-текшерип турат. Кайда жʏрдʏң? Качан келесиң? деген суроолорду кɵп колдонушат. Эмгек менен ийиликке жана байлыкка бат жетишет. Иштеш керек, акча табыш керек, байыш керек деген сɵздɵрдʏ кɵп айтышат.

Миссия -9

“Коомго кызмат кылуу миссиясы”

-Анализ кылбастан, иштин чоо жайын аныктабастан кимдир бирɵɵлɵргɵ жардам кылууга дайыма умтулушат. Бул албетте, жакшы, бирок ошол эле учурда коркунучтуу.  Жакшы жери башка адамдарга жагымдуу таасирлерди берип, маанайын кɵтɵрʏп,  жакшы жыйынтыкка жетелейт. Бул миссиядагы адамдар кɵбʏнчɵ эмоция менен чечимди кабыл алышат. Ошого жараша ɵзʏнʏн иш аракетин жасоого умтулат. Кемчилиги ɵзʏн-ɵзʏ жейт. Кантип адамдарга жардам берем? Кантип акча табам? деген идеялар менен башын кɵп оорутат. 

 Таңсулуу Сʏйʏнали кызы