22 октября, 2024

Кыяс Молдокасымов: “Архивдерде айлап отурган учурларым болду”

Эл арасында ʏлгʏ алчу, ɵмʏрʏ ɵрнɵк инсандар кɵп. Алдыда сɵз кыла турчу адам ɵмʏрʏн кыргыз тарыхын изилдɵɵгɵ арнап, аны менен катар журналистика кесибин ɵздɵштʏрʏп, ал тургай чɵп баскан жерди дʏпʏйгɵн бакка айланта алган мыкты багбан. “Бейне” рубрикабыздын кезектеги коногу тарыхчы, журналист, публицист Кыяс Молдокасымов.

“Кичинебизде адабий, тарыхый китептерди талашып окучубуз”

-Бала чагым Ɵзгɵн районунун Кɵлдʏк айылында ɵттʏ. Атам географ, апам тарых сабагынан мугалим болгон. Атам мектепте кɵп жыл директор болуп иштеди. ʏй-бʏлɵдɵ он бир тууган элек. Кичинебизде ата-энебиздин жакшы тарбиясын алып чоңойдук. Мектепте да, ʏйдɵ да аябай мээнет кылууга ʏйрɵндʏк. Келечекте илим изилдеген, башкаруу иштерине аралашкан белгилʏʏ инсан болууну, айылыбыздан чыккан Салижан Жигитовдой ɵрнɵктʏʏ инсандардын жасаган иштерин кɵрʏп, биз да ошолордой болууну кыялданар элек. Эң чоң агам жаш кезинен мыкты окуп, жетекчилик кызматтарда иштеп, кийин совхоздун директору катары эмгектенди. Агам да бизге чоң таасир берди деп ойлойм. ʏйдɵ тарыхый, адабий китептерди талашып окучубуз. Чоң энемдин колунда чоңойгондуктан, бизге ɵткɵн-кеткендерди, айылдагы санжыра боюнча, чоң атам менен Абдыкадыр Орозбековдун жакын достугу жɵнʏндɵ, белгилʏʏ инсандар жɵнʏндɵ, анын ичинде Жаныбек Казы боюнча окуяларды абдан кызыктуу кылып айтып берчʏ. Басмачылык кыймыл деген чын эле басмачылыкпы же ошол мезгилдеги эң алдыңкы адамдарды куугунтукка алгандан улам келип чыкканбы деген маселелер ошондо эле суроо жаратчу. Ошентип бала чагым кооз айылда, ɵтɵ кызыктуу, эсте каларлык ɵттʏ десем болот.

“Тарыхка болгон кызыгуум эне сʏтʏ менен кошо ɵтсɵ керек”

-Мектепте математика, физика жана башка бардык сабактарды жакшы окуп, 9-10-класстарда адабият, тарых сабактарына басым жасай баштадым. Мен дайым тарыхка болгон кызыгуум тʏйʏлдʏк кезимде, кийин эне сʏтʏ менен кошо ɵтсɵ керек деп айтып калам. Анткени апам мени кош бойлуу кезде Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинде лекцияларга катышып, экзамендерин тапшырып, университеттин коридорлорунда кɵп жʏргɵн экен. Мектепте кыргыз тили, адабият, тарых сабагынан берген мугалимдердин айткандары тʏрткʏ берип, Тɵлɵгɵн Касымбековдун “Сынган кылыч”, “Кел-Кел” романдарын окугандан кийин тарых чынында кызык экенине ынандым. Акыры 10-класста тарыхчы болом деп чечим чыгардым. 1-2-курста окуп жʏргɵндɵ академик Жамгырчиновдун уулу Мидин Жамгырчинов агайыбыз кесипке багыт алуу боюнча лекцияларын окуп, бизге “илимге бара турган шыгыңар бар экен, илим жɵнʏндɵ ойлонгула” деп акыл-насааттарын кɵп айтчу. Мындан сырткары Жаныбек Жакыпбеков, Токорбек Ɵмʏрбеков, Тынчтык Чоротегин агайларыбыздын да илим жаатында кетʏʏбʏзгɵ таасири чоң. Биз студент кезде белгилʏʏ тарыхчылар менен жолугушуулар тез-тез ɵткɵрʏлʏп турчу. Алар “кыргыздын тарыхын дагы изилдеш керек” деген жакшы сунуштарын айтышчу. Ошентип 4-5-курстарда тарых боюнча илим жолуна тʏшʏʏ чечимин чыгардым.

“Элге маалымат жеткирем деп жʏрʏп макала жазууну ʏйрɵндʏм”

-Окууну артыкчылык диплому менен бʏткɵндɵн кийин азыркы Улуттук университетке стажер, мугалим болуп иштеп калдым. Мугалим болуп иштеп жʏргɵндɵ Ташкенттен Хамид Зияев деген белгилʏʏ окумуштуу келип “Кыргызстанда жаш окумуштуулар болсо бир тема берип иштешет элем, Ташкенттин архивинде материалдар аябай кɵп” дегенинен университеттен мени сунушташты. Ошентип профессор Хамид Зияевден кɵптɵгɵн таалим-тарбия алдым, архивде кантип иштɵɵ керектигин ʏйрɵндʏм. Кийин Ташкентте, Алматыда, Москвада, Санкт-Петербургдагы архивдерде айлап отурган учурларым болду. Ал жактан жаңы маалыматтарды таап, эмне себептен Совет бийлигинин учурунда ушуларга кɵңʏл бурулбай, белгилʏʏ инсандар жɵнʏндɵ терең изилденген эмес деп алар жɵнʏндɵ жаңы маалыматтарды таап алсам аябай сʏйʏнʏп, Кыргызстандагы белгилʏʏ журнал, гезиттерге макалаларымы жазып турдум. Университетте макала жазганды ʏйрɵтпɵсɵ да элге маалымат жеткирем деп жʏрʏп макала жазууну ʏйрɵндʏм. Макала жазуу мени экинчи кесипке, тагыраагы, журналистикага келʏʏмɵ себеп болду. Кийин “Жаш тарыхчылар жамааты” деген жаңы уюмду тʏзʏп, жаңыча ойлонгон тарыхчылар тарыхыбызды жаңыча изилдɵɵгɵ, мектепке кыргыз тарыхын окутууга, Совет бийлиги тушунда бурмаланган тарыхыбызды жаңы багытта изилдɵɵгɵ катуу белсендик.

“Бийликтин айтканын аткарган жетекчи болбой калганыма сʏйʏнɵм”

-Улуттук университетте сабак берип жʏргɵндɵ болгону 22 жашта элем. 1985-жылдан баштап, 1997-жылга чейин университетте иштеп, аспирантурада окуп жʏргɵндɵ чет мамлекеттердин борбордук мамлекеттик архивдеринде иштедим. “Заман Кыргызстан” гезитинде тарых темалары боюнча атайы редакторлук кызматты аркалап, журналистикадагы эмгек жолумдун башталышы болгон. 1996-жылдан тарта “Азаттык” радиосу менен кызматташа баштадым. 1997-жылы докторантурага кетип, илимимди тереңдетейин деп кайрадан архивдерде иштей баштадым. 1998-жылы докторантурада жʏргɵндɵ “Азаттык” радиосунун Бишкектеги бюросуна жетекчи болуп калдым. Ал жерде 2005-жылдын март айындагы элдик революцияга чейин иштедим. Ошол кезде так маалыматтарды так бергенибиз ʏчʏн радионун эл арасында кадыр баркы ɵскɵн. Кийин жаңы келген бийлик “Кыргыз телерадио корпорациясын, КТРКны дагы “Азаттыктай” эл ишенген медиага айлантып бер” деп калды, алгач кɵнбɵдʏм. Кайра-кайра чакыра бергендиктен сентябрь айынан баштап КТРКга башкы директор болуп келдим. Эки жылда жакшы жылыштар болуп, материалдык-техникалык базасын чыңдап, бир тараптуу эмес ар тараптуу болуп, эл ишенимине кирген медиага айландырууга болгон аракетимди жумшадым. Журналисттердин маяналарын, калем акыларын жогорулатып, билимин ɵркʏндɵтʏʏ ʏчʏн Тʏркия, Россия сыяктуу мамлекеттерге окууларга жɵнɵтʏп, Бишкекте окууларды уюштуруп жʏрдʏм. Бирок, айрым учурда бийлик менен кɵз карашыбыз бир жерден чыкпай, пикир келишпестиктерден улам мени кызматтан кетиришти. Эч качан ɵкʏнгɵн жокмун. Себеби, бийликтин айтканын аткарган жетекчи болбой калганыма бир чети сʏйʏнɵм. Жумушум жок жʏргɵн учурлар болду. 2008-жылы улуттук “Кыргыз Туусу” гезитине чакырышты. Ал гезитти бийликтен алысыраак кармап, руханий баалуулуктарды даңазалаган, тарыхка, маданиятка, салтка, наркка басым жасап, элди тʏбɵлʏктʏʏ темалар менен сугарууга аракет жасадык. Эки жылдан ашуун иштегенде убактылуу келген ɵкмɵт “айрым саясатчыларды каттуу сындайсыңар, биз берген макалаларды жарыялайсыңар” деген талаптарын кое баштады. Мен да саясатка аралаштырбайм деген талабымды жетекчиликке айттым. Бул аракетим аларга жакпай, кызматтан бошотушту. Манас университетинде бир-эки жылдай иштедим. 2013-жылдан баштап Президенттик аппараттын алдындагы тарыхты изилдеп, тарыхты элге жеткирʏʏ багытында жаңы ачылган “Мурас” фондунда иштеп келе жатам. 2017-жылдан тарта бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин «Мурас» фондунда жетекчиси кызматын аркалап келʏʏдɵмʏн. Кытайдагы, Ɵзбекстандагы жана башка мамлекеттердеги кыргыз тарыхына тиешелʏʏ архивдик документтерди иреттɵɵ, алардын айрымдарын Кыргызстанга алып келʏʏ аракеттерин кɵрʏп жатабыз. Айрыкча Пекиндеги Кытай тарых изилдɵɵ иниституту менен кызматташып, анын жетекчиси профессор Бу Сянь Чун менен “Мурас” фондунун жетекчиси катары келишим тʏзʏп, 2019-2024-жылдар аралыгында беш жылдык мɵɵнɵттɵ жасаган аракеттерибиздин натыйжасы жаман болгон жок. Кытайда 100 миң беттен ашуун архивдик документтер бар экенин тактап, анын айрымдарын сатып ала баштадык. Кыргыздардын кытай жазмасында алгачкы кездешкенине мурда 2200 жыл деп келсек, азыр кытай тарыхчысы Юу Тайшандын жаңы изилдɵɵлɵрʏнɵ ылайык 3 миң жыл мурда эле кыргыздар кытай хроникасында жазылганы жɵнʏндɵ маалыматтар чыкты.

“Бак тигʏʏм балдарымды эмгекке тарбиялады”

-Бак тигʏʏгɵ кызыгуум айылда жʏргɵндɵ, мектеп убагыман эле башталган. Ата-энебиз бак тигип, ʏйдʏн айланасын кооздогондо биз да жардамдашып, кɵчɵткɵ чака менен суу ташып берчʏбʏз. Ɵз мезгилинде мʏмкʏнчʏлʏк болуп, каражат таап  2005-жылы Бишкектин айланасынан ʏлʏш жер алганым аябай жакшы болгон экен. Ошол ʏлʏш жериме жыл сайын кɵчɵттɵрдʏ алып келип четинен тиге бердим. 2007-жылдан тарта 2018-жылга чейин дээрлик 11 жыл бою бак тигʏʏгɵ катуу киришипмин. Бак тигʏʏнʏн сырларын ʏйрɵндʏм. Бакты бутап, дарылап, сугарып, тʏбʏн тазалаганда гана дʏркʏрɵгɵн бакка айланарын ɵз тажрыйбам кɵргɵздʏ. Бак тигʏʏ балдарымы эмгекке тарбиялоого да таасир этти. Дем алыш кʏндɵрʏ, каникул учурунда балдарым менен шаардагы туугандарым жапа тырмак жардам берип отуруп азыр чоң бакка айланган. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ тʏшʏмгɵ кирип, ʏйгɵ киреше алып келип, жакшы эс алууну, акыл эмгеги менен кʏч эмгегин айкалыштырууну, чɵп баскан жердин дʏпʏйгɵн бакка айланганын кɵрʏп кубаныч тартуулайт. Азыр да бак сырларын ɵздɵштʏрʏп, жаңы ыкмаларды ʏйрɵнʏп, тажрыйбалуу багбандардан кеңеш сурап турам. Бакты аралаганда кадимкидей эс алабыз. Ɵмʏрлʏк жолдошум Гʏлнара мени илимде болобу, багбанчылыкта болобу ар дайым тʏшʏнʏп, колдоп, жакамды агартып, ийгиликтерге жетʏʏмɵ себепчи болуп келе жатат.

“ʏч балам IT тармагында иштейт”

-Балдарымдын баары жакшы билим алышты. Тɵрт уул, бир кызым бар. Азырынча тарых багытында иштегени боло элек. Кызым 10-класста окуп жатат, гуманитардык предметтерге кызыккан жактары бар, балким кызым тарыхка кызыгып калабы деп турам. ʏч балам IT тармагында иштейт. Бир балам эл аралык байланыштар, дипломатия багытында билим алып, мамлекетти башкаруу боюнча магистратураны Будапеште аяктап, БУУнун Будапештеги кеңсесинде иштеп жатат. Буга чейин балдарымдын окуусун каржылап келсем, алар кесиби боюнча иштеп, кайра мага кол кабыш кылып, керек учурда жардам беришет. Ата-энем кичинебизден бери “калп айтпагыла, уурулук кылбагыла, арам жол менен тапкан нерсе биздин ʏй-бʏлɵгɵ жаккан эмес, мындан кийин да жакпайт, адал жашагыла, ак мээнет менен бактылуу жашоого жетишкенбиз” деп кулагыбызга куя берип, жашообуздун жакшы бир эрежесине айланып калган экен. Балдарым да ошол жети атабыздан келе жаткан эрежелерди бекем кармап, улантып жатышат.

Айжылдыз Тойчиева