22 октября, 2024

Тоолуктарды байыткан топоз чарбасы

Топоз бийик тоодо байырлаган жана колго ʏйрɵтʏлгɵн жаныбар. Топоздор тоолуу аймактардагы мал чарбачылыктын ажырагыс бир бɵлʏгʏ болуп эсептелет. Кыргызстанда Суусамыр, Ак-Сай, Арпа, Чаткал, Алайкуу, Алай, Чоң-Алай, Нарында жана Ысык-Кɵлдʏн сыртында багышат. Бул жолку каарманыбыз алыскы Алайкуу ɵрɵɵнʏнʏн Кан-Коргон айылынын   фермери Сейитбек Болушев  агабыз болмокчу. Учурда 60 топозду багып, топоз фермасын иштетип келет.

Бопушев Сейитбек Зикирбаевич, Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу ɵрɵɵнʏнʏн Кан-Коргон айылынын тургуну.

“10 топозду 60 топозго кɵбɵйттʏм”

-Сейитбек ага, топоз бакканыңызга канча жыл болду?

-Топоз багып келе жатканыма 16 жылдын жʏзʏ болду. Топозду ɵзʏмдʏн тай журтумдан кɵрʏп калдым. Топоз багуу жакшы киреше алып келээрин билип, кызыгуум арта баштады. Анан мен да багып кɵрɵйʏн деген чечимге келдим. Эң алгач он гана топозду багып баштагам. Андан бери жылдар ɵттʏ. Азыркы учурда топоздорумдун саны 60 тан ашты. Азыр деле топозду кɵбɵйтʏʏнʏ кɵздɵп жʏрɵм. Биздин аймак бийик тоолуу жер болгондуктан топоз багууга ыңгайлуу. Топоз аба ырайынын дагы катаал шарттарын оңой кɵтɵрɵт. Башка мал учуп кете турган бийик тоолуу, ак кар, кɵк муздуу жерлерге барып, тумшугу менен карды жиреп жʏрʏп  таза чɵптʏ таап жейт. Топоздор кɵбʏнчɵ жайлоодо гʏлʏнʏн жыты буркураган, дарылык касиети бар чɵптɵрдʏ жешет. Ошондуктан да топоздун этинин да, сʏтʏнʏн да, дарылык пайдасы чоң. Топоздун этин дагы узак сактоого болот. Уйдун этине караганда топоздун этинде темир 2 эсе кɵбʏрɵɵк. Каны аздар, операция болгондор жесе канын кɵбɵйтʏп, кʏчкɵ бат киргизет. Курсак ачпай узак убакыт ток жʏрɵсʏң. Ал эми суукчан адамдар жесе башы айланганы басылып, уйкусу жакшырат.

“Топоздорду карышкырдан сактайбыз”

-Топоз багуу тʏйшʏктʏʏбʏ?

-Бир ишти баштарда сɵзсʏз артыкчылыгы менен биргеликте оорчулугу же кыйындыгы болот. Анын сыңарындай топоз багуунун деле жакшы пайда алып келгени менен бирге тʏйшʏгʏ дагы оор. Топозду биз тоого, жайлоого алып барып баккандыктан биринчи эле орунда аны  карышкырлардан, жырткыч жаныбарлардан коргоп, дайыма кɵз салып туруубуз керек. Анткени биздин айылда карышкырлар кɵп болгондуктан,  адамдар жок болуп, мал жандыктар ээн талаада калып кетсе, сɵзсʏз тʏрдɵ жырткыч жаныбарларга жем болору анык. Ошондуктан тыкыр кɵзɵмɵл керек. 

“Топоз жайытын эч качан унутпайт”

-Топоздун башка малдан айырмачылыгы эмнеде?

-Топоздордун башка жандыктардан айырмасы таза эттʏʏлʏгʏ. Тоонун башында таза тоют менен азыктангандыктан, таза жана майлуу эти менен башкалардан айырмаланып турат. Топоздун дагы бир ɵзгɵчɵлʏгʏ бул башка жандыктардай кетип калса келбей же жоголуп кетпейт. Топоз акылдуу жаныбар. Ɵз жайытын таанып, унутпайт.

“Топоздор 80 пайыз талаадан оттошот”

-Тɵлдɵɵ убактысында кандай кам кɵрɵсʏздɵр?

-Топоздор март айынан баштап август айына чейин тɵлдɵшɵт. Ал эми мамалактары туулгандан баштап эле энеси менен чогуу жʏрɵ беришет. Кʏз мезгилинин баш айларынын ортосунда мамалактарын колго кармап баштайбыз. Жазга чейин багып, жакшы тоют менен семиртип, жаздан чыккан соң чоң топоздорго кошуп коёбуз. Негизи эле мамалактарды кармоодон сырткары топоздор 80 пайыз талаадан оттошот. Кыш мезгили Алайкуу ɵрɵɵнʏндɵ аябай оор болгондуктан кээде кар аябай кɵп жаап салат. Мындай учурда коопсуздук ʏчʏн ʏйдɵгʏ короодон тоют берип, короодо кармоого туура келет.

“Топоздун эти кымбат”

-Топоздун эти базардагы уй этинен  100 сомго жогорурак сатылат. Топозду бир эле эт багытында эмес, жʏн багытында дагы колдонсо болот. Топоздун 1 килограмм тыбыты 1000 сомдон 2000 сомго чейин сатылат. 

Кызыктуу фактылар:

Топоздун мекени Тибет тоолору

 Топоздун мекенин Тибет тоолору деп айтышат. Тарыхчылар малдын бул тʏрʏн биздин заманга чейинки миң жылдыкта колго ʏйрɵтʏлгɵн деп болжошот. Тибетте бул жаныбардын жʏк ташуучу транспорт катары орду чоң. Ал 200-220 килограмм жʏктʏ оңой эле кɵтɵрɵт.

 Ошондой эле Эверест чокусунун айланасында жашаган непалдыктар да кʏнʏмдʏк турмушта топозду абдан кɵп пайдаланышат. Ал тургай туристтер менен альпинисттерди жана алардын жʏктɵрʏн базалык лагерлерге жеткирип беришет. Аталган элден сырткары башка кɵчмɵндɵр арасында топоз эт, сʏт багытында кенен колдонулган мал жандык.

Буканын салмагы 1 тоннага чейин жетет

-Кадимки уйлардан айырмаланып топоздун эркектеринде да, ургаачыларында да мʏйʏздɵрʏ бар. Денеси узун, буттары салыштырмалуу кыска, туягы кенен. Чоң буканын бийиктиги 2 метрге, узундугу 4,5 метрге чейин жетип, салмагы 1 тоннаны тʏзɵт. Ургаачысынын денеси 2,8 метрге чейин, бою 1,6 метр, салмагы 325-360 килограмм.

Жапайы топоздор -50 градус сукка чыдай алат

-Жапайы топоздор деңиз деңгээлинен 3000-6000 метр бийиктикте жашайт. Алардын терисинин май катмары, калың жʏндɵрʏ бороон-чапкынга туруштук берип, -50 градус сукка чыдай алат. Жапайы топоздордун каны кычкылтек менен ɵтɵ каныккан, ошондуктан абанын басымы тɵмɵн шарттарда жашай беришет. Эгерде +15 градустан жогорку температурага алып келсе, абадагы кычкылтектин ашыкча болушунан улам кɵпкɵ жашай алышпайт.

Жʏнʏ жылуу жана бышык

-Монгол топозунун жʏнʏ жеңил, дээрлик салмагы жок, жумшак жана бышык. Ал тɵɵнʏн, эчкинин жана койдун жʏнʏнɵн жылуураак делет. Топоздун жʏнʏ экологиялык жактан таза келип, аллергия кылбайт.

Курч мʏйʏз, кең туяктары негизги калкан

-Жапайы жырткычтардын топоздорго кол салуусу абдан кыйын. Алар дайым ʏйʏр болуп жʏрʏшɵт. Курч мʏйʏзʏ, чоң буттары топоздорго негизги калкан. Мисалы, карышкыр сыяктуу жырткычтар калың карды малтай албагандыктан олжосун кɵп учурда колдон чыгарышат.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы