7 декабря, 2024

“Сабаттуу болуу ʏчʏн туура жазууну жайылталы”

Коомубуз канчалык  алдыга кетип, жаңы технологиялар ɵнʏгʏп жатканы менен кээде сабаттуу жазуу деңгээлибиз артта калып бара жаткандай сезимдер болот. Коомдо ката жазуу сабаттуулугубуз жоюлбай жаткандай. Биз бул нерсени социалдык тармактардан да байкасак болот. Кыргыз тилинде туура жазууда кɵбʏнчɵ эмнеден ката кетирип жатабыз, бул боюнча филологдор Улукбек Омокеев менен  Исрадин Токтобек уулу пикир бɵлʏшɵт.

Улукбек Омокеев, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият, искусство университетинин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору.

“Кыргызча туура жазуудагы абал ортодон тɵмɵнʏрɵɵк”

-Тил — улуттун жаны, мамлекеттʏʏлʏктʏн ɵзɵгʏ. Кыргыз тили бʏгʏнкʏ кʏндɵ ɵзʏнʏн функциясын жакшы аткарып келе жатат. Ал эми кыргыз тилин туура жазуу, туура сʏйлɵɵ биздин милдетибиз. Милдетибиз гана эмес, Кыргызстаныбыздын келечегине чоң салым кошуубуз, сабаттуулукту арттыруубуз. Бирок, тилекке каршы, бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ туура жазуудагы абал ортодон тɵмɵнʏрɵɵк десек болот. Анткени буга чейин оор мезгилдер ɵттʏ, билим берʏʏдɵ бир кыйла артта калуу болду. Ал эми азыр социалдык тармактар ɵнʏгʏп, сындоого адамдар кɵбɵйʏп, бири-бирибиздин каталарыбызды оңдоп келе жаткан учурубуз. Ошентсе да бирдиктʏʏ эрежени окутууну жайылтуубуз керек. Ошондо гана жалпы туура жазуу жолго коюлат.

“Маалыматты интернеттен алганга шашышат”

-Кыргыз тилинде туура жазуу ʏчʏн негизги эрежелердин бири орфографиялык сɵздʏк. Мында негизги маселелер каралып, ар бир сɵздʏн тактыгы аныкталат. Бул боюнча К.Карасаевдин орфографиялык сɵздʏгʏндɵ грамматикалык, фонетикалык, тарыхый-символикалык негизги принциптер камтылган. Биз туура жазуудагы сабаттуулукту арттыруу ʏчʏн ар бирибиз эрежелерди карап, окуп, изденип, маалыматты интернеттен алганга шашылбай, так, даана жазылган китептерди таап, пайдалануубуз керек.

“Туура жазууга тоскоолдук жараткан эрежелер”

 -Туура жазуунун аксап жатышына, тоскоолдук жараткан бир топ эрежелер бар. Мисалы, йоттошкон тамгалар. Себеби анда коёюн — койойун, уюн — уйун деген сыяктуу тоскоолдуктар бар. Менин жеке оюм, эгерде биз йоттошкон тамгаларды алып, жɵн гана фонетикалык принцип менен кулагыбыз уккандай жазсак, жеңилдик болмок жана бир топ адамдар туура жазып калмак. Анткени кɵпчʏлʏк ушул тамгалардан адашышат. Мындан сырткары ажыратуу, ичкертʏʏ белгилерин дагы алып таштасак болот. Себеби мʏчɵ уланганда баары бир бул тыбыштар тʏшʏп калат. Анын ʏстʏнɵ кыргыз тилиндеги сɵздɵрдʏ бул тамгаларды колдонбой деле жаза алабыз. Ал эми маселе башка тилдерден келген сɵздɵрдɵ болсо, аларды ɵзʏбʏзгɵ ыңгайлуу кылып колдонсок болот. Мисалы, циркуль-сиркул, цемент-семент.

“Бир эле тамга сɵздʏн маанисин ɵзгɵртʏп жиберет”

-Туура жазууда бир тыныш белгиси менен, же тамгалар менен деле сɵз же суроо кимге таандык экенин, кандай мааниде айтылып жаткандыгын аныктап койсок болот. Алмаз деген сɵздʏ баш тамга менен жазсак адамдын атын билдирет, ал эми кичинекей тамга менен жазсак металл тʏшʏнʏгʏн берет. Туура жазуу деле ушул сыяктуу, эгерде бир жеринен эле ката кетсе сɵздʏн мааниси же сɵз ɵзгɵрʏп кетиши толук мʏмкʏн. 

“Биздеги кɵп ката кетирген эрежелер”

-Кыргыз тилинде ассимиляция законунан дагы кɵп ката кетиришет. Мында уяң, каткалаң, жумшак ʏнсʏздɵрдʏ кɵпчʏлʏгʏ алмаштырып жазып алышат. Мисалы, кетпе-кетбе,  кошпо-кошбо деген сыяктуу. Азыркы жаштардын арасында жазууда грамматикалык каталар гана эмес, стилистикалык каталар дагы кɵп кездешет. Ошонун айынан туура эмес сʏйлɵмдɵр жаралат. Иреттик сан атоочто кайсы бир иш-чараны же болбосо кезектеги бир чогулушту жазганда “Сегизинчи шаардык кеңешинин чогулушу ɵттʏ” деп коюшу мʏмкʏн. Бул сʏйлɵм бизге туура сезилет, бирок биз “шаардык кеңештин сегизинчи сессиясы ɵттʏ” деп жазышыбыз керек. Анткени биринчи сʏйлɵм “сегизинчи шаардык кеңеш” деген тʏшʏнʏктʏ берип койду. Мындан сырткары ката жазуу тырмакчаларды дагы ыксыз пайдалангандыктан келип чыгат. Бɵтɵн сɵздɵргɵ туура эмес тыныш белгилерин коюу, тырмакчаны жапкан соң ʏтʏр менен сызыкчаны унутуу дагы каталарды жаратат.

Исрадин Токтобек уулу, Ош мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусу.

“Эрежеге баш ийсек, туура жазуу сабаттуулугубуз бир калыпка тʏшɵт”

-Кыргыз тилинде туура жазуу ʏчʏн кыргыз тилинин орфографиялык эрежелерин колдонуу керек. Ар бир эрежени пайдалана билгенибизде гана туура жазуу сабаттуулугубуз бир калыпка тʏшɵт. Менин жеке кɵз карашымда азыркы мезгилдеги туура жазуу деңгээли тɵмɵндɵп кетти. Албетте, бул дегеним жаман эмес. Бирок мурункуга салыштырмалуу бир топ жакшыраак. Себеби азыр мʏмкʏнчʏлʏктɵр кɵбɵйдʏ. Орто билимди аяктап жаткан ар бир абитуриент ЖРТ тестине даярдануу менен кыргыз тилин окуп-ʏйрɵнɵт. Тестирлɵɵдɵн кийин кɵпчʏлʏгʏ туура жазууга, туура сʏйлɵɵгɵ такшалып калганын байкасак болот. Мындан сырткары ɵткɵн окуу жылынан баштап атайы мамлекеттик тил боюнча кыргыз тестин киргизишкен эле. Бул кыргыз тилин туура жазууга себебин тийгизип жатат. Анда мамлекеттик деңгээлдеги кызматкерлерди дагы “Кыргыз тесттен” ɵтсʏн деген талап коюлган. Бул да болсо туура жазуу, окуп- тʏшʏнʏʏнʏн деңгээлин жогорулатууга, ɵнʏгʏʏсʏнɵ таасирин тийгизип жатат. Эгерде ушул нукта кетсек аанда биздин жазуу маданиятыбыз дагы да болсо жакшы жыйынтык берет деп айта алам.

“Туура жазуунун деңгээлин соцтармактардан дагы байкасак болот”

-Азыркы мезгилде жаштардын кɵпчʏлʏгʏ социалдык тармактарга ɵзʏнʏн ой-пикирин жазууда маани беришпейт. Мисалы, жер-суу аталышы эки сɵздɵн туруп, бирок бɵлʏп коё турган болсок анда эки бɵлɵк маанини берип калат. Ушул сыктуу маселелерге дагы кɵбʏрɵɵк кɵңʏл бурсак жакшы жыйынтык болот. Орфографиялык эрежелер менен биргеликте эле тыныш белгилерин коюуга дагы анчалык маани беришпейт. Тыныш белгиден эле каратма сɵз деген тʏшʏнʏк ɵзгɵрʏп кетиши мʏмкʏн. Мындай кɵйгɵйлɵр бир гана жаштарда эмес, жалпы эле социалдык тармак колдонгон улуу мундардан дагы байкалат.

“Кɵп китеп окуу, туура жазууга кɵздʏ каныктырат” 

-Ар бир адам кат-сабатын жоюп, окуганды, жазганды ʏйрɵнʏп, эне тилде туура, так жаза билʏʏсʏ зарыл. Эгер биз кɵбʏрɵɵк китеп окусак, сɵз байлыгыбыз гана кɵбɵйбɵстɵн, туура жазууга дагы кɵзʏбʏз каныгат. Кɵрнɵк-жарнактарын, дʏкɵндʏн же ресторандын жазылуусу деле кыргыз тилинин орфографиялык эрежелерине туура келбей калган учурлар кездешет. Эрежеде дʏкɵн, ресторан, кафе, аянттын аттары сɵзсʏз тʏрдɵ тырмакчага алынып жазылышы керек.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы