22 октября, 2024

“Кол ийрисине тартат” болбой, татыктууларын шайлаңыздар”

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров алдыда боло турган жергиликтʏʏ кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады.  Мамлекет башчысы ɵз кайрылуусунда:

“…Реформага чейин 32 шаардык кеңеш, 452 айылдык кеңеш, жалпысы 484 жергиликтʏʏ кеңеш болсо, реформадан кийин 33 шаардык кеңеш жана 231 айылдык кеңеш, жалпысы 264 жергиликтʏʏ кеңеш тʏзʏлʏп, дээрлик 59%га кыскарды. Буга жараша мандаттардын да саны азайды. Административдик-аймактык реформанын ɵзʏ бир топ ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ алып келет. Мындан улам бул жолку жергиликтʏʏ кеңештерге шайлоо ɵтɵ маанилʏʏ иш-чара экенин баса белгилейм.

Дегеле жергиликтʏʏ шайлоо болобу же Жогорку Кеңешке шайлоо болобу, айтор, бардык шайлоолор элибиздин жана ɵлкɵбʏздʏн 5 жылдык тагдырына тʏздɵн-тʏз таасир этет. 5 жыл аралыгында жергиликтʏʏ тургундардын турмуш-тиричилигин жакшыртуу жана ɵлкɵнʏн ɵнʏгʏшʏн камсыз кылуу дал ушул силер ɵзʏңɵр тандаган ɵкʏлдɵргɵ байланыштуу болот.

Биз “Аймак ɵнʏксɵ – ɵлкɵ ɵнʏгɵт!” деп келебиз. Мына ушул аймактардын алдыга жылышында кесипкɵй адистердин, креативдʏʏ жарандардын, демилгелʏʏ жаштардын жана мекенчил атуулдардан тандалып чыккан депутаттардын орду ɵзгɵчɵ экенин унутпайлык. Мына ушундай жарандар шайланса, аймактарды, айыл жерлерин алдыга сʏрɵшɵт, элдин тилегин орундатууга жан ʏрɵйт.

Алар ɵздɵрʏнʏн биографиясы, кадыр-баркы же жеке кызыкчылыгы ʏчʏн келбестен, ошол аймактын, ошол шаардын талылуу, ɵнʏкпɵй жаткан жерлерин айтат, аларды чечʏʏнʏн жолдорун издейт, бюджеттик каражатты сарамжалдуу, кɵйгɵйлʏʏ маселелердин чечилишине жумшоого добуш берет. Ар бир тыйындын аркасынан тʏшʏп, анын максаттуу иштетилишин кɵзɵмɵлдɵйт.

Урматтуу мекендештер, “Биз жаңы Кыргызстанды курууга бет алдык” деп ар дайым айтып келем. Бет алган жолубуз оңой эмес.

Ары татаал мезгилде, ары кыйын учурда ɵлкɵбʏздʏ ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдʏн катарына кошолу деген бийик жоопкерчиликти мойнубузга алып жатабыз. Мамлекеттин ɵнʏгʏшʏ жергиликтʏʏ аймактардын ɵнʏгʏшʏнɵн башталат. Мына ошондуктан жергиликтʏʏ кеңеш деп кɵңʏл бурбай койбойлу, кайдыгер карабайлы. Аймактардын ɵнʏгʏшʏ менен мамлекет кʏчтɵнɵ тургандыгын эсибизден чыгарбай, жергиликтʏʏ кеңештерге депутаттарды шайлоого активдʏʏ катышып бериңиздер!

Талапкерлердин ичинен татыктуусун тандоо да оңой иш эмес. Талапкерлердин арасында кызыл тилин жанган, убаданы укмуштай берген, акчасы менен арбай тургандар, бирок аймактын, шаардын жʏгʏн тартууга акылы, билими, тажрыйбасы жетпегендер жок эмес. Ушундай депутаттарды шайлап алып, анан беш жыл бою ɵкʏнʏп калбагыла.

Мектеп, бала-бакча, жолдорду жана башка бардык соц обьектилерди мамлекет куруп беребиз. Эч бир талапкер же депутат ɵз чɵнтɵгʏнɵн жасай албайт.

Депутаттар жергиликтʏʏ аймактардын же шаарлардын элден чогулган бюджетин бекитип беришет жана кандайдыр бир маселелерде макулдугун берет же баш тартат.

Бийликке айрымдар сын-пикирлерин айтып келет. Албетте, ал сындар конструктивдʏʏ болсо жакшы, пайдасы гана тиет. Бирок, бийликке курулай доомат артып, элге болсо асмандагы Айды алперем дегендер да бар. Иш жʏзʏнɵ келгенде кандай экенин кɵрʏп эле жʏрɵбʏз. Жер-жерлерде ɵз уул-кыздарыңардан – талапкерлердин дараметин сиздер жакшы билесиздер.

“Кол ийрисине тартат” болбой, татыктууларын шайлаңыздар.

Азыр дʏйнɵ ыкчам ɵзгɵрʏп жаткан маалда ɵнʏгʏʏ ʏчʏн ар бир кʏнʏбʏз, керек болсо ар бир саатыбыз маанилʏʏ! Мына ошондуктан, эл ʏчʏн, ɵлкɵ ʏчʏн кʏйɵ турган, чындап иштей турган, калың элдин элегинен ɵткɵн эр-азаматтарды тандаңыздар. Айрыкча, жʏрɵгʏндɵ Мекенимди ɵнʏктʏрɵм деген жалындуу, алысты кɵрɵ билген тажрыйбалуу жаштарды колдоңуздар!

Мен ушул жерден баса белгилеп айтып коеюн, шайлоо ɵнɵктʏгʏнɵ бийлик кийлигишпейт. Бийлик шайлоого да, башкасына да кийлигишкен мезгил, кайсы бир талапкерди сʏрɵмɵлɵп, кайсы бирин ɵгɵйлɵгɵн заман артта калды.

Кимде ким шайлоого киришип, кайсы бир талапкерди сʏрɵмɵлɵгɵн мамлекеттик кызматкер аныкталып калса, анда катуу жазага тартылат.

Биз укуктук талаадагы мамлекетте жашап жатабыз. Баары мыйзам чегинде болушуна шарт тʏзʏп беребиз. Калың элдин тандоосунан татыктуу ɵткɵн, таза шайланып келген депутат гана элге кызмат кылышы керек! Мындан башкача болушу мʏмкʏн эмес, болбойт дагы!

Дагы бир маанилʏʏ жагдай – 17-ноябрда шайланып келген жергиликтʏʏ кеңештердин депутаттары алдыда боло турган Элдик курултайдын жер-жерлерден келе турган делегаттарын шайлашат. Демек, аймактардагылардын кɵйгɵйлɵрʏн Курултайга алып чыгууда жергиликтʏʏ кеңештердин депутаттарынын ролу маанилʏʏ болот.

Элдик курултай, ɵзʏңʏздɵр билгендей, ачык-айкын, тʏз эфирде ɵтɵт.

Анан буга чейинки тажрыйба кɵрсɵткɵндɵй, Курултай бʏткɵн соң “тигил маселе кɵтɵрʏлдʏ, бул кɵтɵрʏлгɵн жок” деп талкуулап жатып калабыз. Келиңиздер, азыртадан эле бул маселелердин алдын алыңыздар.

Элдик курултайга татыктуу делегаттарды тандап берʏʏгɵ жɵндɵмдʏʏ жергиликтʏʏ кеңештин депутаттарын шайлаңыздар. Алар шайлаган делегаттар ɵз кезегинде Курултайда силер ʏчʏн орчундуу делген маселелерди кɵтɵрʏп чыгышсын.

2026-жылы ɵлкɵбʏздɵ Жогорку Кеңештин депутаттарына шайлоо ɵтсɵ, андан киийн аз убакыт ɵтпɵй эле Президенттик шайлоо болот. Азыркы жергиликтʏʏ кеңештердин шайлоосуна дагы, кийинки шайлоолорго дагы активдʏʏ катышыңыздар.

Беш жылда бир жолу шайлоого келип болгону жарым сааттык убактыңыздарды коротот экенсиздер. Ошол убактыңыздарды аябаңыздар. Анткени 5 жыл бою ɵзʏңɵрдʏн, аймактардын, шаарлардын тагдырлары дал ушул депутаттар аркылуу чечилет. Ошондуктан милдеттʏʏ тʏрдɵ ар бир шайлоого катышканды унутпаңыздар. Келиңиздер, ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ ар ким ɵзʏбʏздɵн баштайлы”.