Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан Краснофлотская кɵчɵсʏнʏн №5-б дарегинде кɵп кабаттуу ʏйдʏн курулушуна капсула салынды.
Капсула салуу аземине Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Малик Бектурганов, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана жергиликтʏʏ тургундар катышты.
Долбоорго ылайык, курула турган 9 кабаттуу турак ʏй 278 батирге ылайыкташкан. ʏйдʏн жер тɵлɵсʏндɵ унаа токтоочу жай болот. Ал эми короосуна балдар аянтчасы курулуп, кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу иштери жʏргʏзʏлɵт. Белгилей кетсек, турак жай курулуп бʏткɵрʏлʏп, колдонууга берилгенден кийин 45 батир прокуратура кызматкерлерине кызматтык турак жай катары ɵткɵрʏлʏп берилип, калган батирлер Ош шаарынын мэриясынын ʏлʏштʏк курулуш программасынын алкагында жарандарга тапшырылат.
Турак жай 2027-жылдын 3-кварталында пайдаланууга берилет.


Окшош макалалар
«ЭКИ ДОС» ТАНДЕМИ: Президент бардык суроолорго жооп берди
ООГАН СОГУШУ — УНУТУЛГУС САБАК
Тʏзʏлгɵнʏнɵ эки жыл боло элек ишкананын бюджети эки эсеге ɵсʏʏнʏн алдында турат