• Пн. Сен 14th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

КЫЯЛДАР ИШКЕ АШАТ: ƟЗГƟЧƟ БАЛДАРДАН СПЕКТАКЛЬ

Автор:Osh Shamy

Окт 21, 2024

Бабур атындагы театрда “Шалкан” аттуу инклюзивдʏʏ спектаклдин премьерасы ɵттʏ.

Театр сахнасында алгачкы жолу майыптыгы бар балдар театр чеберлери менен биргеликте ɵз ɵнɵрлɵрʏн тартуулашты.

Маданий иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын ɵкʏлдɵрʏ, “Элим барсыңбы” коомдук кайрымдуулук фондунун мʏчɵлɵрʏ катышып, жаш артисттерге ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле атайын белектерди тапшырышты.

Белгилей кетсек, майыптыгы бар балдар август жана сентябрь айларында Бабур атындагы театрынын актёрлорунан жана режиссёрунан сахна чеберчилиги, вокал, хореография, сахнадагы кыймылдардын координациясы, пластика жана бий боюнча билим алышкан.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *