8 декабря, 2024

Кичи  автобустук  каттамдардын  жол  кире  тарифи боюнча 

“Ош  шаарынын  мэриясынын  жүргүнчүлөр  транспортунун  агенттиги” муниципалдык  ишканасы  сиздерге  төмөндөгү  маселе  жөнүндө  пикир  бөлүшүүңүздөр  боюнча  кайрылат.

“Ош  шаарынын  мэриясынын  жүргүнчүлөр  транспортунун  агенттиги” муниципалдык  ишканасы  коомдук  транспорттору  болуп эсептелинген   кичи  автобустук  машруттук  каттамдарды  тейлеп  келет. Ош  шаардык  Кеңешинин  2019-жылдын  14-майында  №172 жана 2021-жылдын  25-ноябрындагы  №19 токтомдоруна  ылайык, жол  кире  акысы  шаардык кичи автобустук маршруттук каттамдарында катардагы жүргүнчүлөргө 15 (он беш) сом болуп  бекитилген. Өзүңүздөргө  белгилүү  болгондой  2021-жылдан  бери  күйүүчү  майдын  баасы  160%га, тетиктердин  баасы 185%га  өсүп  кеткендигине  байланыштуу, шаардык кичи автобустук  машруттук  каттамдардын  жол  кире  аксын  20 (жыйырма) сом  болуусу  учурдун  талабы  болууда.

Анткени күйүүчү, майлоочу   майлардын, унаа  тетиктеринин  бааларынын  акыркы 3 (үч) жылдын аралыгында кескин жогорулап кеткендигинен  улам,  шаардык кичи автобустук маршруттук каттамдарындагы ташылуучу жүргүнчүлөрдүн учурдагы наркы өзүн-өзү  актабай  калгандыгына байланыштуу болууда.  

Урматтуу  шаардыктар, сиздердин  талкууңуздарга  коюлуп  жаткан  шаарыбыздын кичи  автобустук  каттамдардын  жол  кире  тарифи боюнча  маселеге  ой-пикирлериңизди  жогоруда  көрсөтүлгөн  жагдайларды эске  алуу жана  түшүнүү  менен  бөлүшүп  берүүңүздөрдү  суранабыз  жана  бул  маселе  боюнча  пикирлериңиздерди, сунушуңуздарды   “Ош  шаарынын  мэриясынын  жүргүнчүлөр  транспортунун  агенттиги” муниципалдык  ишканасынын  электрондук  почтасына (Jurgunchu_osh@mail.ru)  жана  төмөндөгү  байланыш  телефондорго  билдирип  коюуңуздарды  суранабыз.

Байланыш  телефондор: (03222) 64022; (03222) 64161.