8-май күнү Ош шаарындагы №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясы үчүн 200 орундуу кошумча окуу имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышты.
Курулуп жаткан кошумча имарат окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүп, мектептеги орун жетишсиздигин азайтууга багытталган. Жаңы окуу корпусунда бардык зарыл шарттар каралат.
Учурда Ош шаарында билим берүү тармагында масштабдуу курулуш иштери жүрүүдө. Шаар боюнча жалпысынан 17 мектептин курулушу башталган. “Ош шаарында бир убакта 17 мектептин курулушунун жүрүп жатышы — бул чынында тарыхый учур. Биз шаардыктар үчүн заманбап мектептерди, бала бакчаларды, спорт жана социалдык объекттерди куруп, келечек муун үчүн бекем пайдубал түптөп жатабыз”, — деди мэр Жанарбек Акаев.
Мындан тышкары, ушул жылы эле Ош шаарында жалпысынан 12 социалдык объект пайдаланууга берилет. Алардын катарына бала бакчалар, спорт залдар, жаштар борборлору жана башка маанилүү социалдык мекемелер кирет.

Ош шаарындагы бардык каналдардын жээктери башаламан курулуштардан бошотулуп, көрктөндүрүлөт
8-май күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгы аркылуу агып өткөн Увам каналынын жээктериндеги абал менен жеринде таанышты.
Кыдыруунун жүрүшүндө шаар башчысы каналдын корук аймагында жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды тез арада алып салуу, көрктөндүрүү, жээктерин иретке келтирүү жана бекемдөө иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү кызматтарга жеринде тапшырма берди.
Хохлова көрүстөнүнө 81 түп ак кайың отургузулуп, эскерүү тактайчасы орнотулду
7-май күнү Ош шаарынын мэриясы, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугу жана “Орус үйү” тарабынан 9-май — Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына карата Хохлова көрүстөнүндө “Эскерүү аллеясы” уюштурулуп, 81 даана ак кайың көчөтү отургузулду. Ошондой эле иш-чаранын алкагында атайын эскерүү тактайчасы орнотулду.
Аталган иш-чара Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерүүгө, алардын эрдигин даңазалоого жана тарыхый мурасты кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган. Иш-чарага шаар жетекчилиги, дипломатиялык өкүлдөр жана коомчулук өкүлдөрү катышты.
Жанарбек Акаев: Манас-Ата аймагында мыйзамсыз курулуштардын ордуна заманбап парк курулат
7-май күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы мыйзамсыз курулуштардын ээлери менен жеринде жолугушту.
Жолугушууда шаар мэри парк курулушуна тоскоол болуп жаткан имараттардын ээлери менен сүйлөшүп, аларга башка аймактан коммерциялык жер берилерин билдирди. Ошондой эле аталган аймактагы мыйзамсыз тосмолорду алып салуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.
Белгилей кетсек, бул курулуштар буга чейин да бузулган. Аталган аймакта шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап эс алуу жайын куруу пландалууда. Учурда мыйзамсыз курулуштар толук алынып жатат.
Эскерте кетсек, учурда парк аймагында жашылдандыруу, ирригациялык система орнотуу, жөө адамдар үчүн жолчолорду куруу жана жарыктандыруу иштери уланууда. Шаар башчысы шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери этап-этабы менен жүргүзүлөөрүн белгиледи.
Ош шаарында бир күндө 3 мини-футбол талаасы пайдаланууга берилди

5-май күнү Ош шаарында спорт тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү иш-чара болуп өттү. Бир күн ичинде 3 жаңы мини-футбол талаасынын салтанаттуу ачылышы болуп, пайдаланууга берилди.
Ачылган спорттук жайлар:
- Сай-Боюу көчөсүндөгү мини-футбол талаасы;
- XXIV Партсъезд атындагы №27 жалпы билим берүү мектебинин футбол талаасы;
- А.С. Пушкин атындагы №21 мектеп-гимназиясынын футбол талаасы.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, балдар жана жаштар арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, футболду массалык түрдө өнүктүрүү шаар жетекчилигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
«Учурда Ош шаарында 17 жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Биз ар бир жаңы билим берүү мекемесинде заманбап футбол талаасынын болушун милдеттүү түрдө карайбыз», – деди Жанарбек Акаев.
Ошондой эле мэр Сай-Боюу көчөсүндөгү спорттук комплекстердин абалы жакшырып жатканын белгилеп, келечекте бул аймактын толук кандуу спорттук шаарчага айланарын кошумчалады.
Иш-чаранын алкагында шаар башчысы «Алай» профессионалдык футбол клубунун шарттары менен таанышып, машыктыруучулар курамы менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо клуб үчүн түзүлгөн шарттар жана машыгуу базаларынын учурдагы абалы талкууланды.


Окшош макалалар
Жеңишти эскерген Ош: “Өлбөс полк” жана жаңы көчөнүн ачылышы
Жанарбек Акаевдин демилгеси менен Ош жашыл шаарга айланат
Жаңы сейил бак жана аллеялар шаарды кооздоодо