Калаа башчысы инфраструктуралык иштер менен катар эле шаарды жашыл шаарга айлантуу демилгесин алга сүрөп, алга сүрөп эле калбай аны иш жүзүндө көрсөтүүдө. Глобалдык жылуулук болуп, жер жүзүндө мөңгүлөр ээрип, экологиялык катастрофалар маал-маалы менен болуп жаткан шартта Ош калаасынын жашылданышы анын экологиясынын жакшырышына ташталган ири кадам болуп калмакчы. Шаардын жашылдандыруу иштери мурдагыдай он эсе көбөйүп, түрдүү көчөтөр отургузулуп жатат. Төмөндө кеп ошолор боюнча болот.
Ош шаарында “Жашыл шаар” демилгеси: стратегиялык долбоорду ишке ашырууга старт берилди
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин буйругуна ылайык Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттык каражаттын негизинде ишке ашырылып жаткан “Жашыл шаар” иш-аракеттер планынын долбоору иштелип чыгууда.
Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев жумушчу топтун жетекчиси катары 15-апрель күнү тиешелүү кызматтын жетекчилери, ЕБРР банкынын өкүлдөрү, консултант-адистердин катышуусунда биринчи отурумду өткөрдү.
“Жашыл шаар” долбоору — Ош шаары үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ал шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, инфраструктурасын жана экологиялык абалын заман талабына ылайык жакшыртууну көздөйт.
Долбоордун негизги артыкчылыктары:
- шаардын туруктуу жана экологиялык таза өнүгүүсүн камсыз кылуу;
- инфраструктураны, коммуналдык кызматтардын ишин модернизациялоо;
- Эл аралык стандарттарга ылайык жашыл саясатты киргизүү;
- Эл аралык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү.
Эң башкысы, бул демилге аркылуу Ош шаарында жашыл өнүгүү багытындагы ири долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Жазгы үч айлыктын алкагында кезектеги штабдык отурум өттү
16-апрель күнү мэрдин орун басары Эрнис Толтоевдин жетекчилигинде Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагындагы кезектеги штабдык отурум өткөрүлдү.
Отурумдун жүрүшүндө буга чейинки ишембиликтердин алкагында аткарылган иштер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын маалыматтары угулду.
Мындан тышкары жазгы үч айлыктын алкагында шаар аймагында жашыл аймактардын санын көбөйтүү, бак-дарактардын жана ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузуу иштерин улантуу керектиги айтылды.
Бегилей кетсек, 1-марттан 16-апрелге чейин 11 миң 497 түп жазы жалбырактуу, 3 миң 625 түп ийне жалбырактуу, 50 миңден ашуун бадал, 15 миң 99 түп ар кандай мөмө берүүчү дарак көчөттөрү, ошондой эле 28 түрдөгү 200 миңден ашуун гүл көчөттөрү отургузулду жана жалпы 4 миң 682 куб метр таштанды чыгарылып, 156 миң метр узундуктагы ички ирригациялык арыктарды жана каналдарды тазалоо иштери аткарылды.
Шаарга жашыл дем: үч чакырымдык аймак жашылдандырылат
Ош шаарында экологиялык абалды жакшыртуу жана жашыл аймактарды көбөйтүү багытындагы иштер ырааттуу уланууда. Шаар мэри Жанарбек Акаев тарабынан берилген тапшырманын негизинде жарыяланган “Жазгы үч айлыктын” алкагында кеңири масштабдагы жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө.
17-апрель күнү Ош–Ноокат унаа жолунун шаарга караган бөлүгүндө узундугу болжол менен 3 чакырымды түзгөн аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалууда. Учурда жерди тазалоо, тегиздөө жана сугат системасын даярдоо сыяктуу алдын ала иштер активдүү жүрүп жатат.
Аталган демилге өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан сунушталган “Жашыл Мурас” улуттук программасынын алкагында ишке ашырылууда. Долбоор шаардагы жашыл аянттарды көбөйтүүгө жана климаттык туруктуулукту бекемдөөгө багытталган.
Жашылдандыруу иштери шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана таза айлана-чөйрөнү түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.
ЕБРР менен кызматташтык: Ош жашыл экономикага өтүүнү күчөтөт
17-апрель күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Жашыл шаар” стратегиялык долбоорун илгерилетүү багытында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда шаарды туруктуу өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана заманбап “жашыл” стандарттарды киргизүү маселелери негизги орунду ээледи. Тараптар долбоордун артыкчылыктарын, каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн жана аны этап-этабы менен ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты.
“Жашыл шаар” демилгеси ишке ашкан шартта Ош шаарында коммуналдык инфраструктура жаңыланып, энергия үнөмдөөчү жана экологияга зыянсыз технологиялар кеңири колдонулмакчы. Бул өз кезегинде шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жашоо чөйрөсүн түзүүгө өбөлгө болот.
Мындан тышкары, долбоор эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө жана жашыл экономика багытындагы ири инвестицияларды тартууга жол ачат.
Жашыл демилге: Ошто жаңы сквер көрктөндүрүлдү
18-апрель күнү Ош шаарында дагы бир жаңы сквер салынып, рябина, штамп роза, можжевельник жана дуб көчөттөрү отургузулду.
Бул калааны системалуу түрдө “жашыл шаарга” айландыруу багытындагы жаңы этаптардын бири гана.
Иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков жана шаар тургундары катышты.
Жаңы сквер — шаарда акыркы убакта ишке ашып жаткан жашыл инфраструктураны кеңейтүү долбоорлорунун уландысы болуп саналат.
Шар бийлиги тарабынан жакынкы мезгилде скверлердин санын көбөйтүү, бош жаткан аймактарды жашыл зоналарга айлантуу жана ар бир кичи райондо эс алуу үчүн жеткиликтүү коомдук мейкиндиктерди түзүү пландалууда.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев: “Ар бир жаңы сквер — бул тургундар үчүн таза аба, коопсуз эс алуу жана балдар үчүн шарт. Максатыбыз — Ошту чыныгы жашыл калаага айландыруу,” — деди ал.
Отургузулган көчөттөрдүн түрлөрү шаардык климатка ылайык тандалып алынган. Адистер алардын өсүп-өнүгүүсүн көзөмөлдөп, сугаруу жана кароо иштерин туруктуу негизде жүргүзөт.
Мындай демилгелердин алкагында шаарда жакын арада дагы бир нече жаңы скверди түзүү жана учурдагы жашыл аймактарды реконструкциялоо каралууда.
Ош шаарында көрктөндүрүү иштеринин алкагында гүл көчөттөрүн отургузуу акциясы өттү
18-апрель күнү Ош шаарында көрктөндүрүү иштеринин алкагында гүл көчөттөрүн отургузуу акциясы уюштурулду. Акциянын алкагында шаардын Абдыкадыров көчөсүнө 15000 ден ашуун гүлдөр отургузулду.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринин маанилүүлүгүн белгилеп, мындай демилгелер шаар тургундары үчүн жагымдуу жана кооз айлана-чөйрөнү түзүүгө өбөлгө болорун билдирди.
”Шаардын көркү гүлдө, элдин көркү маданиятта”деген аталыштагы бул иш-чара Оштогу көрктөндүрүү жана жакшылдандыруу чарба комбинаты тарабынан уюштурулуп, ага “Азем” маданий борбору катышты.
Дооран Токтошев

