12 мая, 2024

Мураска калган ʏйдʏ кантип ɵзʏмɵ ɵткɵрʏп алам?

Жашоодо ар тʏрдʏʏ кырдаалдар болот. Бул мыйзам ченемдʏʏ кɵрʏнʏш. Кээде биз чече албаган маселелер кездешет. Мындайда адистерге кайрылуу зарыл. Гезитибиздин “Юристтин кеңеши” рубрикасынын алкагында окурмандардан келген суроолорго “Мен жана мыйзам” юридикалык мекемесинин юристти Чыңгызтɵрɵ Жолонов жооп берди.

-Жолдошум менен кɵп жыл мурун ажырашып кеткенбиз. Ортобузда 1 уул, 1 кызыбыз бар. Биз баш кошконго чейин жолдошум Орусиянын жарандыгын алган экен. Сотко берейин десем ал дайыма Орусияда болуп калат. Же мен Орусиянын сотуна кайрылышым керекпи, билбейм. Азыр ɵзʏм да Орусияда мигрант болуп иштеп келем. Балдарымы убактылуу ата-энем карап жатат. Жаныма алдырып алайын десем мурунку жолдошум ишеним кагазын (доверенность) бербей кыйнайт. Кандай жол менен балдарымы бул жакка алып келсем болот?Атасы ишеним кагаз бербей жатканы ʏчʏн алар чет жакка чыга албай келишет. Назгʏл, Ноокат району.

Юрист: -Жарандар баш кошкондон кийин нике кʏбɵлʏгʏн кайсыл ɵлкɵдɵн, кайсыл аймактан алса ошол жерден кыркылат. Эгер нике кʏбɵлʏк Орусияда алынган болсо деле Кыргызстандан сотко кайрыла берсе болот. Бул бир аз татаал иш. Ошого кайсыл жерден алса ошол жерге кайрылса жакшы болот. Кʏйɵɵсʏ сотко келбесе деле сотко берип кое берсин. Сотко кайрылгандан кийин белгилʏʏ бир мɵɵнɵт ɵткɵн соң сырттан чечим кабыл алынат. Анан азыр балдар чет ɵлкɵгɵ кʏбɵлʏк эмес, паспорт менен чыгып калган. Алгач атасынын паспорт алганга уруксат кагазы керек. Паспорт алынган соң атасынын ишеним кагазы аркылуу сыртка чыгат. Бала 18 жашка чыкмайынча ата-эненин  укугу сакталып калат. Эгер атасы ишеним кагаз бербесе арга жок, балдар сыртка чыга албайт, бул мыйзамда каралган.

-Ата-энем менин балама деп ɵздɵрʏнʏн ʏйʏн  мураска калтырышкан. Балам учурда 9 жашта. Атам менен апам ден соолугуна байланыштуу азыр баса да албайт, кол коё да албайт. Дагы бир жагдай ʏйдʏ иним да талашып жатат. ʏй- бʏлɵлʏк шартка байланыштуу ʏйдʏ кʏрɵɵгɵ коюп, насыя алууга туура келет, ʏй менин атымда эмес, мага насыя бербей жатышат. ʏйдʏ кантип ɵзʏмдʏн атыма ɵткɵрʏп алсам болот? Кубаныч, Ош шаары.

Юрист: -Мындай жагдайда бала 18 жашка чыкканга чейин ʏй мʏлк эч кимдин атына катталбайт жана ата-эне эч нерсе кыла албайт. Азыр бала 9 жашта экен, ʏйдʏ кʏрɵɵгɵ да коюуга болбойт. Анткени, чоң ата, чоң энесинен мураска калыптыр. Эгер чечимин ɵзгɵртʏп калса юридикалык жактан мурастан баш тарткандыгы тууралуу  кʏбɵлɵндʏрʏп, андан соң баласынын атына ɵткɵрсɵ болот.   

-Жолдошум экɵɵбʏз четɵлкɵдɵ иштеп жер алып, ʏй салдык. Ал кезде биз Кыргызстанда болгон жокпуз. Жерди алганда да, ʏйдʏ салганда да жолдошумун ата-энеси, бир туугандары катышты. Турмуш курганыбызга 10 жыл болду, тɵрɵй албай жʏрɵм. Чет ɵлкɵдɵн келсек кайненем «балама башка аял алып берем, сен тɵрɵбɵйт экенсиң, балам балалуу болушу керек» дейт, жолдошум да ʏн катпайт. ʏйдʏ талашайын десем кайнатамын атына жазылыптыр. «Бул балам иштеп тапкан ʏй, сенин тиешең жок» дешет, мен кʏйɵɵм менен бирдей иштеп акча таптым. Азыр эч нерседен жок калдым, кимге кайрылышты билбейм. Чолпон, Кара-Суу району.

Юрист:  -Мындай жагдайлар тилекке каршы, биздин ɵлкɵдɵ аябай кɵп катталат. Баары Орусияда иштеп мʏлк кылып, анан келгенде аны талашмай башталат. Жубайлар экɵɵнʏн ортосунда нике кʏбɵлʏгʏ барбы, жокпу тактоо зарыл. Экɵɵ мʏлктʏ талашып жаткан болсо экɵɵнʏн жалпы мʏлкʏ экендигин сот аркылуу аныкташ керек. Бирок бул жерде башка туугандарынан талашып жатышат. Тагыраагы, ʏй кайнатасынын атында болуп жатат. Эгер ошол кезде жолдошу экɵɵ иштеп акча салып аткандыгын ырастаган банктан акча жɵнɵткɵндʏгʏ тууралуу квитанциялары болсо ошонун негизинде келинге сарптаган акча каражатын сот аркылуу тɵлɵп берсе болот. Бирок ʏйдʏ талаша албайт. Анткени ал кайнатасынын атында. Эгер жолдошунун атында болсо экɵɵ талашса болот эле. Тиги кишинин менчик укугу бар, менчик укук Кыргызстанда корголот.

-Кʏйɵɵм экɵɵбʏз эки жыл мурун эки ажырым жолго тʏшкɵнбʏз. Ортобузда 2 уул, 1 кызыбыз бар. Уулдарым 8 жана 6 жашта, кызым 4 жашта. Балдарымын атасы орган кызматкери. Балдарды кʏч менен тартып алып койгон. 2 жыл аралыгында бир да жолу кɵрсɵткɵн жок. Жолугуп, балдарды кɵрɵйʏн деп кайын журтума барсам ар тʏрдʏʏ шылтоолор менен балдарды качырып же бекитип коюшат. Сотторго кайрылдым, баарын акча менен чечип, балдарды мага кɵрсɵтпɵйт. Кандай кылсам балдарымы ɵзʏмɵ ала алам? Назира, Ош шаары. 

Юрист: -Бул келин адвокат менен иштеши керек. Балдарды кɵрʏʏнʏн тартиби бар. Балдары чоңоюп калыптыр. Эгер балдар 3 жашка чейин болсо анда апасы менен калганга укуктуу. Атасы ала албайт. 3 жаштан 10 жашка чейин аптасына канча жолу кɵрʏʏгɵ болот сот аркылуу чечилет. 10 жаштан кийин балдарга тандоо укугу берилет, же балдар ким менен калгысы келсе ɵздɵрʏ чечет. Бирок буга чейин адвокат жалдап, алар социалдык коргоо кызматына кайрылыш керек эле. Социалдык кызматкерлер биринчи кезекте апасынын психикалык абалын, ден соолугун, ʏй-шартын, финансылык абалын текшерет. Бардык талаптарга жооп берсе соц кызматкерлер жолдошу менен балдарды кɵрʏʏ ʏчʏн график тʏзɵт. Ага кɵнбɵсɵ кызматкерлер баш тартуу (отказной) жазып беришет. Сотко кайрылганда укук пайда болот. Соттун чечими менен сот аткаруучу, милиция кызматкерлери менен кʏч менен кɵрʏʏгɵ туура келет.

-Мен шаардагы мекеме-ишканалардын биринде иштейм (кайсы ишкана экени сыр бойдон калсын). Жетекчибиз жакында эле алмашты. Менин эмгек ɵргʏʏ кезегим келип калганына байланыштуу ɵргʏʏгɵ чыгып кеттим. Келсем эч бир негиз жок мени иштен алып коюптур. «Ишкананын эсебинен акчаларды алгансың» деп айыптап сотко да беришти. Баары таза чыкты. Жɵн эле кызматтан алынганымы тʏшʏнбɵй келем. Кимге кайрылсам болот? Айбек, Ош.

Юрист: -Эгер мекеме бюджеттик ишкана болуп, кызматкерди кайсы буйруктун негизинде иштен алды, ошону такташ керек. Кыргыз Рспубликасынын мыйзамында каралган 82-жана 83-беренесинин негизинде эгер орой эреже бузуу жок болсо иштен ала албайт. Себеби соттон таза чыгып жатат. Жетекчи биринчи сɵгʏш, андан кийин катуу сɵгʏш, (строгий выговор) эскертʏʏ берет, ʏчʏнчʏ сɵгʏш бул кызматтан алуу. Эгер кызматкер ɵз эрки менен арыз жазбаса, материалдык  бузуу жок болсо жетекчи иштен алганга укугу жок. Жетекчи себепсиз кызматтан алса, сотко кайрылып кызмат ордун тикелесе болот. Эгер жеке менчик ишкана болсо буларда эмгек келишими бар. Эмгек келишиминде милдеттери жазылган. 

Элира Чынтемир кызы