12 мая, 2024

Жолдошу каза болсо анын мʏлктɵрʏ жубайына кантип ɵтɵт?

Гезит, негизи эле журналистика элдин ʏнʏн угуучу бир бутак катары эсептелет. Редакциябыздын эшигин каккылап кʏнʏгɵ ар тʏрдʏʏ жарандар кайрылат. Арасында юристтен кеңеш алып берʏʏбʏздʏ суранып келгендери кездешет. Гезитибиздин “Юристтин кеңеши” рубрикасынын алкагында окурмандардан келген суроолорго “Мен жана мыйзам” юридикалык мекемесинин юристи Чыңгызтɵрɵ Жолонов жооп берет.

-Он жыл мурда жер алган элек, бардык документтери бʏткɵн. Бирок, шаардан алыс, шарты жок жерде болгон ʏчʏн ʏй салууга шашылбай атканбыз. Сурайын дегеним эгер курулуш жʏрбɵсɵ, пайдаланылбаса мамлекет кайра жерди кайтарып алып коёбу? Биздин бир таанышыбыз да биз жер алган жылдары ошол жактан жер алган эле, ага чалып «кызыл китебиңер жок болсо жерди алып коёбуз» деп жатыптыр. Анын да бардык документтери бʏткɵн, болгону кызыл китеби калган экен.Ушул суроого жооп берип коёсузбу?    Гʏлжан, Ош шаары.

-Кыргыз Республикасынын токтомунда ушундай жазылат, эгер ʏй салууга берилген жерди ʏй салбаса, жергиликтʏʏ мамлекеттик администрация кайра алып койгонго укугу бар. Ал ʏчʏн токтом чыккан кʏндɵн башап там салыш керек. Мамлекеттик каттоо мекемесине барып, укуктарын каттатып, кызыл китеп алып коюш керек. Эгер кызыл китеби бар болсо, анда ала албайт. 

-Саламатсызбы. Биз жолдошум менен эки жолго тʏшкɵнбʏз, ортодо эки балабыз бар. Кайнатам менен кайненемдин кɵзʏ ɵтʏп кетти. Мурунку жолдошумдан алимент деле талап кылган жокмун, кечээ жакында биз жашаган ʏйдʏ балдардын атасы сатыкка койгонун угуп калдым. Кайнатам кɵзʏ тирʏʏ кезинде» балам, ʏй чоң небереме калат» дечʏ эле. ʏйдʏ талашкым келбейт, болгону баламдын ʏлʏшʏн алсам болобу же ажырашкан соң балада андай укук жокпу, балам мектеп окуучусу.    Барчынай, Араван району.

-Эгер бул эже мʏлк талашам дей турган болсо ал буга чейин жолдошу менен бир никеде жашап турган кезде алынган мʏлктɵр текшерилиши керек. Мʏлктɵр барбы, жокпу, тактоо керек, эгер бар болсо ал кандай жол менен алынган, аны да эске алуу зарыл. Сатуу жана сатып алуу жолу менен келген мʏлктɵр болсо мындай мʏлктɵр тең бɵлʏнɵт. Эгерде мурас же жакын туугандарынан белек жолу менен келген мʏлктɵр болсо бɵлʏнбɵйт. 

-Кʏйɵɵм мындан эки жыл мурда автокырсыктан каза болуп калды, бешинчи балам боюмда бар эле. Жолдошум ʏйдʏн кичʏʏ баласы болчу. Кʏйɵɵмдʏн жылдыгы ɵткɵн соң кайненем «балам сенин айыңдан ɵлдʏ» деп мени сабап, беш баламды кошуп кɵчɵгɵ чыгарып койду. Арга жок апамдыкына кеттим, беш баланы багуу мага абдан эле кыйын болууда, баланы эч кимге арасат кылгым келбейт, бирок кээде мʏлк талашсамбы деген ойдо жʏрɵм. Ушул суроомо юристтен кеңеш алып берʏʏңʏздɵрдʏ суранам.    Динара, Алай району. 

-Эгерде каза болгон кʏйɵɵсʏнʏн атында кандайдыр бир мʏлктɵр бар болсо бул мурас катары ошол жубайына ɵтʏшʏ керек. Алгач кʏйɵɵсʏ менен ортосунда нике кʏбɵлʏгʏ барбы, жокпу ошону тактап алуу кажет. Эгерде булар мыйзамдуу никеде жашап турган болсо кʏйɵɵсʏнʏн атындагы мʏлктɵр жубайына ɵтʏшʏ керек. Атайын мамлекеттик нотариуска барып, мамлекеттик нотариус аркылуу ɵткɵрʏп алууга болот.