19 апреля, 2024

Кийинки айлыкка чейин карызга батуу туура эмес!

Биздин жашоодо кʏн ɵткɵн сайын илим-билим, техника ɵнʏгʏп жатат. Убакыттын ɵтʏʏсʏ менен улам жаңы илимдер менен коом толукталууда. Интернет ааламына кɵз чаптырсак кийим кийʏʏдɵн тарта кантип туура сʏйлɵй алабыз, кантип басабыз, кантип отурабыз, кантип тамак жейбиз, баарын ʏйрɵткɵн адистер табылат. Заман талабына жараша акчаны кантип туура пайдалануу, акчага кандай мамиле жасоо тууралуу адистин кеңешин берʏʏнʏ туура кɵрдʏк. Биздин суроолорго психолог-консультант, психотерапевт Бактыгʏл Соорбекова жооп берет.

“Адамдын акчага карата мамилеси болуусу керек”

Акча менен мамиле курууну да билишибиз керек. Кɵпчʏлʏк учурда адамдардын катачылыгы бар, алар акчаны ɵтɵ жогору коюп алышкан же акчанын такыр кереги жок деген чечим. Бул деген акчаны баарынан жогору коюп, туу тутуп алып же болбосо акчанын кереги жок деп аны артка таштап алганда болбойт. Ортодо адамдын акчага карата мамилеси болуусу керек. Акчаны ɵтɵ каалоо да туура эмес, акчаны жокко чыгаруу да туура эмес. Албетте, бардык нерседе баланс болгон жакшы. Мына ошол тууралуу атайы систематикалык тʏрдɵ окутамын.

“Карыз, насыядан кутулуу ʏчʏн психологиялык маселелерди чечʏʏ зарыл”

-Мен психолог катары мындай суроолорго жооп берем, адамдар эмнеге карыз, насыяга кайра-кайра бата берет же ушул маселелер жашоосунда жарала берет? Бул жɵн гана ошол адамдын туура эмес чечим чыгарганынан эмес, ошол адамдын аң-сезиминде, туюмунда анын туура эмес чечим чыгарууга багытталган тʏпкʏ ишенимдери бар. Ошондон улам адам карыз алгысы келе берет. Башка жолдор турса да анын кɵзʏнɵ карыз, насыя туура чечим катары сезилет. Карыз, насыядан кутулуу ʏчʏн психологиялык маселелерди чечип алса ал адам карыз менен насыядан арыла баштайт. Эмоционалдык себептен арылгандан кийин ал адам ошол кадамга барууда муктаждык сезбей калат. Карыздан ɵзʏнɵн ɵзʏ алыстай баштайт. 

“Акчага негативдʏʏ мамиле жасабоо керек”

-Адамдар айлык алган соң 2-3 кʏндʏн ичинде акчасын сарптап жок кылат. Калган кʏндɵрʏ акчасы жок калып, кийинки айлыкка чейин кайрадан карызга бата берет. Бул жерде “эмне ʏчʏн акчаны тез коротуп жиберем” деген суроону кɵп беришет. Бул маселе да психологиялык себеп бар, балким адамда “акча бул жаман, байлар жаман, акчам болсо бирɵɵ уурдап кетет” деген акчага болгон тʏпкʏ аң сезиминде кайрадан эле негативдʏʏ ойлор бар.   Адам тез эле керексиз нерсенин баарын сатып алып, керексиз жерлерге коротуп отуруп, акчасын тез жок кылат. Анан алгандан кийин муну эмнеге алдым экен деп ɵкʏнʏп, акчасын бекер коротуп жибергенин ойлонуп отуруп калат. Мындайда психологиялык маселелерди чечип алганда адамдын акча менен болгон мамилеси жеңилдеп акчага жугумдуу, берекелʏʏ болуп жеңил жолдор менен келе баштайт.

“Финансылык сабаттуулукту бала кезден билʏʏ кажет”

-Финансылык сабаттуулук бардык адамга керек, бирок баары эле окуй бербейт. Ал тургай бала чактан баштап бул тууралуу билʏʏ керек. Анткени бала дʏкɵнгɵ барып, чупа-чупс же конфет алып баштайт, ошол учурдан баштап балага акчага туура мамиле жасаганды ʏйрɵтʏш керек. Акчаны сыйлаш керек, акча аркылуу сиз маселеңизди чечип жатасыз. Аны ар жерге таштап же тытпай акчанын орду болушу керек. Жерде жатып, аны барксыз нерсеге айтлантпаш керек. Акчанын тегерегинде баланы урушкан туура эмес, “акчанын баарын коротуп салдың  же бул конфетти алып бергенге акча жок” эмес, эгер акча жок болуп атса акча жок деген сɵздʏ айтпай “эмдигиде сɵзсʏз алып берем, бирок азыр эмес” деп балага айтса болот. Ошондо балада акча тууралуу негатив маалыматтар болбойт. Анан бул багытта кɵбʏрɵɵк айымдар окуганы жакшы, анткени балага бул тууралуу маалыматты эне берет. 

“Адам “мен татыктуумун” деген сезимде болсо…”

-Аял кишинин ички дʏйнɵсʏнʏн байлыгы эркектин капчыгынан тʏздɵн тʏз кɵз каранды. Аял киши ɵзʏнɵ кɵп акча короткусу келет, мисалы бет май, зер буюмдар, кɵйнɵк, аялдык энергиясы ʏчʏн акча коротпой аяна берсе, мага эмес балага, мага эмес ʏйгɵ, туугандарга дей берсе аялдын ичинде жардылык пайда болот. “Ии менде жок, албай калдым” деген сезимдер пайда болот. Сыныктан башканын баары жугуштуу. Ал аялдын энергиясы баарына тарайт, жолдошунун каржылык агымын бууйт. “Ии буга акчанын кереги деле жок экен” дейт. Ошон ʏчʏн аял киши ɵзʏнɵн аябашы керек, аябаш керек дегенде деле аша чапкан туура эмес. Ар бир адамдын шартына жараша ɵзʏнɵ уруксат бере ала турган нерселер бар, бирок ошону да ɵзʏнɵ уруксат бербегендер бар. Адам “мен татыктуумун” деген сезимде болуш керек. 

Акча психологиясы

-Ал эми акча психологиясы дегенде акчага болгон биздин мамилебиз, акчага карата психологиялык чек болушу мʏмкʏн. Ошолордон арылып, акчага карата, жагымдуу, жеңил мамиле кылуу бул дагы терең жумуш. Себеби, акча психологиясына эмнелер кирет, сенин бала чагың, ата-энең менен болгон мамилең, ɵзʏң менен болгон мамиле кирет. Ɵзʏңдʏ кабыл аласыңбы, албайсыңбы, ишеним сезими кандай, мындан тышкары акчага карата кандай негативдʏʏ ишенимдер бар, андан кантип арылуу керек, мындан тышкары ʏй бʏлɵ ичинде акчанын агымы, эркек-аялдын ортосундагы акчанын агымы кандай болушу керек, ушул багытта ɵзʏңдʏ изилдеп эгер кемчиликтер бар болсо ошолорду тазалап чыгуу керек, ушул чоң бир системаны, акча психологиясы деп атасак болот. 

“Менде акча психологиясында чек бар экенин тʏшʏнгɵмʏн”

-Бул сферага келип калганымдын себеби, ɵзʏмдʏн жашоо тажрыйбамдан улам болгон десем туура болот. Мурда декреттик ɵргʏʏ учурунда 3-4 жыл ар тʏрдʏʏ жумуштарды кылып кɵрдʏм. Менин кирешем 7000 сомдон жогору болбой койду. СММди окуйм, сайт жасап иштейм, фуд блогер болом, ютуб канал алып барам, инстаграм алып барам, балдар дʏкɵнʏн ачам, кыздар тагынчактарын сатам, айтор ар кандай жумуштарды кылдым. Кɵпчʏлʏгʏндɵ банкрот болуп, эң жакшы таптым дегенде айына 7000 сом таптым. Бул 5 жылдын ичинде болгон. Ортода тажап да кеттим. Анан изилдей баштадым, окудум. Ошондо тʏшʏндʏм акча психологиясында менде психологиялык чектер бар экенин. Ошолордон качан гана арылганда финансылык агымым пайда болду. Ɵзʏмдɵ баары жакшы боло баштаган соң жакындарым менен бɵлʏшʏп, акырындан башкаларды да окута баштадым. Адистигим психология болгон ʏчʏн дагы тереңдеп изилдеп калдым. Бул багытта америкалык психологдордон билим алдым, орусиялык психологдордон окудум. 

Элира Чынтемир кызы