25 апреля, 2024

Ɵспʏрʏм кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдɵɵ башталды

Ош шаарындагы Гагарин атындагы мектепте кыздарды жатын моюнчасынын рагына каршы кʏрɵшʏʏ ʏчʏн “Гардасил” вакцинасын берʏʏ процесси башталды. Алгач ата-энелерге жыйын ɵтʏп, тʏшʏндʏрʏʏ иштери жʏргʏзʏлдʏ. 

Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова: 

“Кыздарыбыздын келечеги ʏчʏн вакцинадан баш тартпашыбыз керек”

-Буга чейин 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо системасын ɵнʏктʏрʏʏ боюнча Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнʏн “Дени сак адам – гʏлдɵгɵн ɵлкɵ” программасын, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнʏн 2020-жылдын 16-декабрындагы №609, 2020-2024-жылдарга “Иммунопрофилактика” программасын бекитʏʏ жɵнʏндɵ токтомун ишке ашыруу максатында, иммунизациялоо боюнча эксперттердин кɵз карандысыз техникалык тобунун илимий негизделген сунуштамаларынын негизинде, Кыргыз Республикасынын буйругу менен бекитилген алдын алуучу эмдɵɵлɵрдʏн улуттук календарына ылайык 2022-жылдын 14-ноябрдан  ɵспʏрʏм кыздарды, адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы эмдɵɵ башталат. Кыздарыбыздын эртеңки келечеги ʏчʏн вакцинадан баш тартпашыбыз керек деп эсептейм. Мен да мектеп жашындагы кызымын вакцина алуусуна макулдугуму бердим. 

“Оорунун белгилери 40-45 жаштарга барып билинет”

 Карамат Жусупова, Ош шаарындагы ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборунун №2 филиалынын башкы дарыгери.

-Адамдын папиллома вирусуна каршы вакцина бизде биринчи жолу киргизилип жатат. Мамлекет ɵз акчасына сатып алып, элге бекер таратып жатканы бекеринен эмес. Жатын моюнчасынын рагы Кыргызстанда аялдардын онкологиялык оорулардан каза табышынын негизги себеби болуп саналат жана жылына 300дɵн ашуун ɵлʏмгɵ алып келет. Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагына чалдыгуу кɵрсɵткʏчʏ 20,4 учурду 100,000 аялга тʏзɵт, бул Борбордук Азия ɵлкɵлɵрʏнʏн ичинен эң жогорку кɵрсɵткʏч жана дʏйнɵдɵгʏ орточо кɵрсɵткʏчтɵн 1,3 эсе жогору. Жыныстык катнаш болгондон кийин бул оору 80 пайызга чейин жабыркатуу ыктымалдуулугу бар. Мисалы, 15 жашта жабыркаган болсо, оорунун белгилери 40-45 жаштарга барып билинет. Ошондуктан жыныстык катнашка бара элек делип 11 жаштагы кыздарга берип жатабыз. Ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ эркек балдарга да жасалат, биз ɵнʏгʏп келе жаткан мамлекет катары азырынча кыздарга гана сатып алууга жетиштик. 

Музаффар Ахмедов, Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун башкы эпидемиологу:

-Дʏйнɵ жʏзʏндɵ “Гардасил” вакцинасы 2006-жылдан бери колдонулат. Коңшу ɵлкɵлɵрдɵн Казакстан, Ɵзбекстан мамлекеттерине жеткен. Шаар боюнча 54 мектеп болсо, 12 поликлиниканын окуудан ɵткɵн врачтары кезектешип, график боюнча вакцина жасашат. Мисалы, бʏгʏн биринчи дозасын алса 6 айдан кийин экинчи дозасын алат, ошону менен бʏтɵт. Учурда 14360 доза шаардык ʏДБга таратылды.

Жыйындын жʏрʏшʏндɵ ата-энелер тарабынан тɵмɵнкʏдɵй суроолор берилди.

Ата-эне: Бул вакцина кɵкʏрɵк рагын да алдын алабы? Негизи изилдɵɵдɵн ɵткɵнбʏ? 

М. Ахмедов: Адамдын папиллома вирусунун 200гɵ жакын тʏрʏ бар. Бирок жатын моюнчасынын рагы 16-18-тʏрлɵрʏндɵ кездешет. Мындан сырткары 6-11-тʏрлɵрʏ кекиртек жана аналдык рактарды чакырат. Вакцинанын курамы дал ошол тʏрлɵрʏн алдын алууга ылайыкталган. Вакцина америкалык окумуштуулар тарабынан ойлонуп табылган.

Ата-эне: Америкалык изилдɵɵчʏлɵрдɵн башка эч ким изилдебегенби? 

М. Ахмедов: Бардык вакциналардын тʏрʏн илгертен жасап келаткан 500дɵн ашуун компания бар. Аны Бʏткʏл Дʏйнɵлʏк саламаттыкты сактоо уюму текшерип турат. Клиникага чейинки жана клиникадан кийинки изилдɵɵлɵр болот. Биринчи 10 адамга жасап кɵрʏшɵт, анын ден соолугуна эч кандай коркунуч келтирбесе, 100 адамга жасалат. Вакцина коопсуз, эффективдʏʏ жана иммунитет бɵлʏп чыгара алары далилденсе 10 миң адамга жасалат. Анан Бʏткʏл дʏйнɵлʏк саламаттыкты сактоо уюму тастыктап, уруксат берсе гана дʏйнɵ жʏзʏнɵ таратылат. 

Ата-эне: Менин балдарым миграцияда, неберелерди багып жатабыз, бирɵɵнʏн баласынын жоопкерчилиги да чоң болот экен. Кокус вакцинадан баш тартсак мажбурлап бербейсиңерби?

М. Ахмедов: Анда жазуу тʏрʏндɵ “Мен врачтардын айтканына карабай, ɵз каалоом менен вакцинадан баш тарттым” деп жазып беришиңиз керек. 

Ата-эне: Бардык жактан эми ɵсʏп, жетилип келе жаткан курагында бул вакцинаны берʏʏ балага терс таасирин тийгизбейби? 

М.Ахмедов: Туура, бирок организм ушундай уникалдуу жаралган. Вакцина организмге киргенде ошол эле вирустун ɵлтʏрʏлгɵн бɵлʏктɵрʏ кирет. Жаңы туулган балдарга да вакцинанын тʏрʏ жасалып жатпайбы. Ошол сыяктуу организм кирип барган бейтаныш вирусту таанып калат да ошого жараша иммунитет иштеп чыга баштайт. Кандай гана бейтаныш нерсе кирбесин организм дароо жооп кайтарып, ɵлтʏргɵнгɵ аракет кылат. Анын натыйжасында бизди ɵмʏр бою коргоп турган антителалар пайда болот. Балдардын ɵсʏшʏнɵ эч кандай таасирин тийгизбейт. 

Ата-эне: Бул бизге жаңыдан кирип жакан вакцина турбайбы? Ошого алуудан кооптонуп турабыз.

Жусупова Карамат: жаңыдан киргизилген вакциналар аябай кɵп. Мисалы, ич ɵткɵккɵ каршы вакцинаны учурда балдарга берип жатабыз. Ɵзʏңʏздɵр билесиздер, ич ɵткɵк ɵтʏшʏп эле балдар каза тапкан учурлар кɵп болгон. Вакцинаны алгандан бери биздин кɵз алдыбызда кɵрʏп-билип жʏргɵн адам катары айтам, ич ɵткɵк азайды, ɵлʏм каттала элек. Анан пневмония – ɵпкɵсʏ шамалдап эле балдарды жоготуп алчубуз, ага каршы вакцина да кирген. Жаңы туулган балага да 24 сааттын ичинде сарыкка каршы вакцина сайылат. Жаңы, жаңы деп жатасыздар. Баары жаңыдан башталат да. А биз талкуулап жаткан АПВга каршы бул вакцина жаңы эмес, 16 жылдан бери колдонулат. Бизге эми гана жетип келди. Ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдʏн колдонуп баштаганы качан. Элинин ден соолугун ошентип эле сактап келе жатышат. Жатын моюнчасынын рагына кабылып, бул оорудан жабыр тарткандар “вакцинаны алып келгиле! Кыздарды, аялдарды сактайлы, канчалаган балдар жетим калып калды” деп кʏйʏп жатышат. Сактап калуунун бирден бир жолу ушул болуп жатса жапатырмак киришип, эртеңибиз ʏчʏн салым кошушубуз керек го. Мисалы, ажыга баратканда деле Аравия ɵзʏнʏн мамлекетин сакташ ʏчʏн эки вакцинаны алдырып, анан киргизет, туурабы. Ошондуктан бардык мамлекет ɵзʏнʏн калкын сакташ ʏчʏн биринчи кезекте акча жумшайт. 

Ата-эне: Менин 14 жаштан ɵткɵн ʏч кызым бар, вакцинадан баш тарткандардын вакцинасын сатып алсак болобу?   

К.Жусупова: Азыркы учурда бул вакцинаны “9 жаштан 25 жашка чейин жасаса болот экен го, эмнеге 14 жашка чейин эле жасайсыңар, бизге саткыла” дегендер келип жатат. Ал тургай телефонубуз тынбай калды. Бирок, сатууга акыбыз жок. Себеби, ʏсʏбʏздɵгʏ жылдын апрель айында ɵлкɵдɵгʏ 11-14 жаштагы кыздардын тизмесин тактап бергенбиз. Ошого ылайык дозада вакцина келген. Баш тарткандар кокус кайра алабыз деп келип калса башаламандык пайда болушу ыктымал. Биздин 11ден 14 жашка чейин эмдейбиз дегенибиздин себеби, коллективдʏʏ иммунитет болуп калышын кɵздɵп жатабыз. Ковидде деле 1-2 адамга вакцина жасап токтотуп койсок, вирус ɵзʏнʏн тʏрʏн ɵзгɵртʏп, башка тʏргɵ ɵтʏп алмак. Коллективдʏʏ деген кɵп адам алса 70% вирус ɵзʏнʏн тʏрʏн ɵзгɵртɵ албай калат да, алсызданып жоголот. Илгери кызамык 5-6 жылда бир кʏчʏнɵ кирип, башын кɵтɵрʏп турар эле. Мен 86-жылы окууну бʏтʏп келип иштеп жатканымда кызамык кʏчɵп 5-6 жаштагы 10-11 жаштардагы айрым балдарды Ош облустук балдар ооруканасында сактай албай калганбыз. Азыр кудайга шʏгʏр, андай оору жок. Себеби, биз вакцина жолу менен гана ооруларды жеңип чыктык. Санэпидемиялык станция, биз, медицина кызматкерлери жɵн отурбайбыз, албетте. Жылда калктын саламаттыгындагы ушул сыяктуу ɵзгɵрʏʏлɵргɵ анализ жасап турабыз. 

Ош шаарынын башкы акушер-гинекологу Кишимжан Мурзакулова: 

 “Вирустарды вакцина менен гана алдын алууга болот” 

-Бул вакцина жатын моюнчасынын рагын 70% алдын алса, эркектерде кездешʏʏчʏ жыныс мʏчɵнʏн рагын 99% алдын алат. Бул жыныстык катнашка бара элек уул-кыздарга тиешелʏʏ. Эгер жыныстык катнаш аркылуу вирусту жугузган болсо аны айыктырат дегендик эмес. Ошондуктан али катнашка бара элек делип ɵспʏрʏм кыздарга вакцина берилип жатат. Анткени мунун вирусту киргизбей коё турган антителасы кʏчтʏʏ. Мага кайрылган ата-энелер кɵп болуп жатат. Ɵзʏмʏн уул неберем Олимп мектебинде 7-класста окуйт. Классындагы айрым кыздардын ата-энелери вакцинадан баш тартып “бул тукум курут кылат экен”  деген фейк маалыматтарга ишенип алышыптыр. Негизи бул вакцинага мамлекет араң жетишти. Кыздардын келечегин ойлоп, алдыңарга келген мʏмкʏнчʏлʏктʏ колдон чыгарбагыла дээр элем. Учурда неберем окуган класстын кыздары толук вакцина алышты. Вотсапп группаларда дагы ар кандай фейк маалыматтар тарап кетиптир, ага карабастан келгендердин баарына ушинтип тʏшʏндʏрʏп койсок эле алып жатышат. Вирусту дары-дармектин жардамы менен жок кылуунун эффективдʏʏлʏгʏ жокко эсе. Мисалы, коронавирусту бир жарым жыл кʏрɵшʏп, вакцина жасап гана токтото алдык го, балким жеңилдете алгандырбыз. Шал ооруларын, кызамык ооруларын да вакцина менен жеңдик. Онкологиялык рак ооруларын вирустар чакырат. А вирустарды вакцина менен гана алдын алууга болот. Мисалы, Израиль, Тʏркия, Швейцария жана башка ɵлкɵлɵр бул вакцинаны практика жʏзʏндɵ колдонуп жатканына 8-10 жылдын жʏзʏ болду. 

Айжылдыз Тойчиева