27 июля, 2024

Жер аталыштарын кыргызчалоо орус тилге болгон кысым эмес

«…Кыргыз жери кыргызча эмес,

Сосновка, Покровка,

Чʏйдɵ дагы Покровка,

Кɵлдɵ дагы Покровка,

Таласта да Покровка,

Покровка, Покровка, Покровка,

Кыргыздын жериндеги татуировка!..» деп акын Шайлообек Дʏйшеев жазгандай, башка тилдеги жер-суунун аталыштарын кыргызчалоо демилгеси кайрадан кɵңʏл чордондо. Бул ирет демилге Элдик Курултайда Жогорку Кеңештин тɵрагасы тарабынан ордого ташталды. Бирок, Орусиянын депутаттары дароо реакция кылып, «орус тилин басынтуу, тарыхка тʏкʏрʏʏ» болуп жатканын айтып, тизгинди тартууга ʏндɵдʏ. Мындан улам адаттагыдай коомчулукта кайчы пикирлер айтылууда. Демилге ишке ашабы же тилге байланышкан буга чейинки сунуштардын бири бойдон кайра дым болобу, убакыт кɵрсɵтɵт. 

Ордодо айтылган ой. Орусиянын жообу

Аймактардын аталыштарын ɵзгɵртʏʏнʏ тез арада борбордун тɵрт районунан баштоо керектигин спикер Нурланбек Шакиев белгилеген. Маселе буга дейре Бишкек шаардык Кеңешинде кɵтɵрʏлʏп, анда жергиликтʏʏ депутат Таалайбек Усубалиев райондордун азыркы аталыштары “моралдык жактан эскирип, тарыхый миссиясын аткарбай калды” деп белгилеген. Ал ошондой эле атын ɵзгɵртʏʏдɵ улуттук идеологияны эске алуу керектигин билдирип, райондордун аттарын тɵмɵндɵгʏдɵй кылып ɵзгɵртʏʏнʏ сунуштаган:

Биринчи Май району — Турдакун Усубалиев же Жусуп Абдрахманов атындагы;

Свердлов району — Чыңгыз Айтматов же Манас атындагы;

Октябрь району — Сʏймɵнкул Чокморов же Байтик баатыр атындагы;

Ленин району — Абсамат Масалиев же Исхак Раззаковдун наамындагы район деп ɵзгɵртʏʏ.

Бул аракеттерге Орусиянын мамлекеттик думасынын депутаты Светлана Журова: «Бул жɵн маселе эмес. Бул орус тилин толугу менен сʏрʏп чыгууга болгон алгачкы майда кадам. Мындан эч кандай кʏмɵнʏм жок. Биз тараптан азырынча андай кылбоо ɵтʏнʏчʏ айтылышы мʏмкʏн, себеби, бул нерсе Кыргызстанда жашаган кɵпчʏлʏк орустардын укугун бузат. Андан кийинки баскыч — мектептер, анан дагы башкалары деп отуруп, Грузиядагыдай жаштар, тилекке каршы, орус тилинде сʏйлɵбɵй калат. Украинада деле ушундан башталганын билебиз. Улуттук тилди коргогондой сезилгени менен, бирок ошол эле маалда, эл акырындык менен орус тилинде сʏйлɵбɵй каларын тʏшʏнʏшʏ керек», — деген пикирин билдирди. Ал эле эмес Орусиянын Коммунисттер партиясынын мʏчɵсʏ, Мамдуманын депутаты Александр Ющенко «кыргыз бийлиги советтик ɵтмʏшкɵ тʏкʏрʏп жатат» деп баалады. Мындан сырткары Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитетинин тɵрагасынын орун басары Дмитрий Новиков да сындап, Кыргызстанда «антисоветтик рецидив» башталганын айткан.

Стратегиялык ɵнɵктɵш, союздаш ɵлкɵнʏн бийлик ɵкʏлдɵрʏнʏн мындай каршы билдирʏʏлɵрʏ кыргыз коомчулугунда «мамлекеттин ички ишине кийлигишʏʏ» катары сыпатталып, эгемендʏʏ ɵлкɵ экенибизди эске салгандар да кɵбɵйдʏ.

“Мамлекет финансылык мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн ɵнʏгʏʏгɵ жумшаса жакшы болмок”

Легендарлуу парламенттин депутаты Орозбек Акимбаев эгемендʏʏлʏʏктʏн да ар тʏрʏ болорун, аймактардын аталыштарын ɵзгɵртʏʏгɵ кетʏʏчʏ чыгымды азырынча стратегиялык ɵнʏгʏʏгɵ, жумуш орундарын тʏзʏʏгɵ, мамлекеттик чек араны бекемдɵɵгɵ, ɵндʏрʏшкɵ жумшоо зарылдыгын белгилейт:

-Биз азыр тышкы саясатыбызда кыргыз мамлекетинин коопсуздугун, элди, чек араны кол салуудан сактап, коргоо маселесин карашыбыз керек. Мамлекеттин финансылык мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн дагы коргоо иштерин жакшыртуу, кʏчɵтʏʏгɵ жумшап, ал эми ички саясатыбызда ɵлкɵбʏздʏн экономикасын, элдин социалдык абалын жакшыртып, эч нерсеге муктаж болбой жакшы жашоосун камсыз кылышыбыз зарыл. Бул ʏчʏн албетте, экономика кʏчтʏʏ болушу абзел. Экономиканы жакшыртуу ʏчʏн элге пайдалуу болгон продукцияларды ɵндʏргɵн ишканалар иштɵɵсʏ керек. Бʏгʏн мунун баары техникаларга, жер семирткичтерге муктаж. Эгер биз аталыштарды ɵзгɵртɵ турган болсок, мисалы бир эле райондо канча мекеме-ишканалар, уюмдар, юридикалык жактар бар. Алардын баары тиешелʏʏ мɵɵр, штамп, карта сыяктуу дагы башка нерселерин алмаштыруусу керек болот. Ушул ɵңдʏʏ кɵзгɵ кɵрʏнгɵн ɵзгɵртʏлʏшʏ керек болгон нерселерди эсептегенде жʏз миллиондогон каражаттар керектелет. Андыктан, болгон каражатыбызды азырынча ишкерлерди колдоого, ɵндʏрʏшкɵ, экономиканы ɵнʏктʏрʏʏгɵ жумшасак туура болмок.

“Аталыштардын ɵзгɵртʏлбɵй калуусу аймактагы орус тилинин ʏстɵмдʏгʏн сактап калат”

Ал эми тарых илимдеринин кандидаты, профессор Жумали Адилбаев демилге жакшы болгону менен аны ишке ашыруу тактикасы анчейин ойлонулбаганын айтып, ɵлкɵ башчысынын жакында эле Баткен облусундагы айрым айылдардын аталыштарын ɵзгɵрткɵн жарлыгын мисал кылды:

-Лениндин аты калышына каршы эмесмин. Анткени ал болбосо, кыргыздын тарыхы кандай болмогун бир кудай билет. Кыргыз жакшылыкты баалап жʏргɵн эл эмеспи, андыктан Ленин району, Оштогу Лениндин эстелиги ордунда калышына макулмун. А Свердлов деген ким? Адабият сынчысы. Бул сыяктуу аталыштарды кыргызчалап койгондун эмнеси жаман? Жакында эле президентибиз Баткенде ʏч айыл аймактын, 10 айылдын атын ɵзгɵрткɵн жарлыкка кол койду. Тажикстанда да ɵзгɵртʏʏ иштери жʏрʏп жатат. Мындай маселени спикер тарабынан курултайда айттырып, ызы-чуу кылбай эле, тɵрт районду 6га же 8ге бɵлʏп, анан ɵзгɵргɵндʏгʏнɵ байланыштуу деп аталыштарын кыргызчалап койсок болмок деген тактиканы айткандар бар. Мага да ушул жол жагууда. 

Орусча аталыштардын ɵзгɵртʏлбɵй калуусунун Орусияга эң чоң пайдасы — аймактагы орус тилинин ʏстɵмдʏгʏн сактап калат. Мисалы, Ысык-Кɵлдɵ бʏгʏн Григорьев, Ананьево, Семенов, Михайловка, Теплоклеченка жана башка, ал эми Чʏйдɵ Мраморное, Новопавловка, Александровка, Военно-Антоновка дагы ушул сыяктуу аталыштар толтура. 

Тʏпкʏ аталыштарга кайтсак…

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Сатканбай Момуналиев кыргыз жерлери тʏпкʏ аталыштарына кайтуусу керек деп эсептейт:

-Мен кыргыз жерлеринин тʏпкʏ аттарынын кайрылып берилишинин тарапташымын. Бир эле далил Беловодск — Ак суу, Алыкул туулган Сосновка — Кайыңды дагы ушул сыяктуу. Орустар Ленинградды, Сталинградды жана башка шаарларды ɵздɵрʏ каалагандай ɵзгɵртʏштʏ. Ким бирɵɵ ага каршылыгын билдириштиби, ɵлкɵнʏн ички иши деп бирɵɵ да каршы пикирин айткан жок. Биздин жер аттарын ɵзгɵртʏʏ жɵнʏндɵгʏ оюбузга каршы чыгуу — бул орустардын шовинизминин ачык далили. Эгемендʏʏ эмес, Орусиянын курамындагы кɵз каранды мамлекет экенибизди кɵзгɵ чаап кɵрсɵткɵндʏгʏ. Биздин мамлекеттʏʏлʏгʏбʏздʏ кордогондугу! Биз эгемендʏʏ мамлекет болгубуз келсе орустардын кɵтɵн зордугунан кутулушубуз керек!

Азырынча башка тилдеги аталыштарды кыргызчалоо кандай ɵңʏттɵ уланат белгисиз. Жогоруда айтылгандай, башка тилдеги аталыштар ого эле кɵп. Чычалаган Мамдумага Жогорку Кеңеш расмий жооп да берген жок. Депутат Камила Талиеванын «Кыргызстан эгемендʏʏ, кɵз карандысыз мамлекет катары биримдик менен ынтымакка негизделген баалуулуктарды карманат. Баш мыйзамыбызда Кыргызстандын элин бардык этностордон турган Кыргыз Республикасынын жарандары тʏзɵɵрʏ баса белгиленип, бизде гана орус тили расмий тил макамына ээ. Андыктан Орусиянын мамлекеттик думасынын депутаты Светлана Журованын эл аралык эрежеге туура келбеген, мамлекеттик алакаларга кɵлɵккɵ тʏшʏргɵн жана ɵнɵктɵш ɵлкɵнʏн ички ишине кийлигишкен билдирʏʏсʏ негизсиз экенин белгилейм» деген жообу гана бар. 

Баса, Кыргызстанда айыл, аймак, район жана облус аттарын жапырт кыргыз тилинде атоо 1991-жылы эгемендикти алгандан тарта башталган. 

Жумагʏл 

Кочкорбай кызы