26 апреля, 2024

Кайтарымсыз каражат: 50 ʏй-бʏлɵ чакан ишкерлигин баштады

Ош шаардык Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башкы адиси Райимберди уулу Сайназар:

“Колдоо алган жарандарыбыз акчаларын максаттуу жумшашты”

-КРнын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 жарлыгына ылайык, социалдык контрактын негизинде 5 миллион сом каражат бɵлʏнгɵн. Ал каражатты 100 миң сомдон 50 ʏй-бʏлɵгɵ бɵлʏп бердик. Алгач биздин башкармалык шаардагы социалдык кɵмɵк жɵлɵк пулун алган жарандарга жарыя берип, каражат кайтарымсыз берилерин, бирок ʏч айдан кийин жɵлɵк пул токтотуларын туура тʏшʏндʏрдʏк. Анын ичинен ачыгын айтканда, кɵбʏ макул болушкан жок. “Биз жɵлɵк пулубузду эле алабыз, 100 миң сом керек эмес” дегендер болду. Себеби 5-6 балалуу ʏй-бʏлɵлɵр бир балага 1200 сомдон алганда айына 7-8 миң сомго чейин алышат. Мындай жарандар баш тартышты. Бирок, “мамлекеттен жардам кʏтʏп отура бербей, 100 миң сомду алып, жеке ишкерлигибизди кылып, аракет жасайлы” деген жарандарыбыз да болду. Алардын арасынан 50 ʏй-бʏлɵнʏ тандап, тиешелʏʏ каражат берилди. Берилген каражатка 18 ʏй-бʏлɵ мал-жандык алса, 21и соода-сатык менен алектене башташты. Туура, контейнер же атайын жай ала алышкан жок. Бирок, ижарага жай алып, товарга акчасын жумшагандар болду. Бир жаран сулуулук салонун ачса, тигʏʏ цехин иштетʏʏнʏ алты ʏй-бʏлɵ колго алды. Ошондой эле ʏч жараныбыз ɵздɵрʏ дагы кошумчалап, авто унаа сатып алышып, тургундарга такси кызматын кɵрсɵтʏʏдɵ. Ал эми дагы бир жараныбыз тез татым тамактануучу жайын ачты. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ колдоо алган жарандарыбыз акчаларын максаттуу жумшап, иштерин жʏргʏзʏп кетишти десем болот. 

“Алты адам жумуш менен камсыз болду”