Айыл. Кɵчɵ чаңыта чуркап ойногон балдар, алардын кʏлкʏсʏнɵ аралаш чыккан мал-жандыктын тʏрдʏʏ ʏндɵрʏ, шуудураган теректер, деги койчу эмнелер гана кɵз алдыңа тартылбайт. Айылга болгон сʏйʏʏ жʏрɵгʏңдʏн тɵрʏнɵн орун алса, ага болгон сагыныч да таптакыр башкача. Мына ошондой сезимдерди, эскерʏʏлɵрдʏ камтыган белгилʏʏ тарыхчы, журналист, публицист Кыяс Молдокасымов агабыздын “Айылга катын» сиздерге сунуштайбыз.
“Айылды эстебеген кʏнʏм – ал жʏрɵк сокпой, дем тартпай калган кʏнʏм”
-Айылымды кʏн сайын эстейм, эстебеген кʏнʏм ушул жашка чейин эч болгон эмес. Ар бир кʏнʏ кылт этип эске тʏшɵт. Киндик кан тамган жер деп бекеринен айтылбаса керек. Ошол киндик бизди тʏбɵлʏккɵ айыл менен байланыштырып келет. Айылды эстебеген кʏнʏм ал жʏрɵк сокпой, дем тартпай калган кʏнʏм деп ойлойм.
Анын ʏстʏнɵ биздин айыл ɵзгɵчɵ кооз айыл. Кыргызстанда мен барбаган район калган жок. Ɵтɵ кооз жерлер кɵп. Бирок биздин айылдын кооздугу баары бир ɵзгɵчɵлɵнʏп турат. Анын ɵзгɵчɵлʏгʏн айылдаш агам, кыргыздын чыгаан инсаны Салижан Жигитов ɵз ырлары менен чыгармаларында жеткире сʏрɵттɵгɵн. Шуулдаган теректерин, эки тоонун ортосунда кысылган кокту ичинде жайгашканын, мыкты адамдарын Салижан агаман ɵткɵрʏп сыпатташ мен ʏчʏн кыйын. Ɵзгɵн районунда жайгашкан мына ушундай кооз Кɵлдʏк айылында мугалимдин ʏй-бʏлɵсʏндɵ тɵрɵлʏп, балалыгым ɵткɵн. Алма-алчалары, жаңгактары жайнаган, долонолор менен кайноолулары тɵгʏлгɵн, тʏркʏн гʏлдɵрʏ менен ɵзгɵчɵлɵнгɵн, туптунук булактары, айылды аралап аккан кɵк кашка суусу жʏрɵгʏмдʏн тʏпкʏрʏнɵн тʏбɵлʏк тʏнɵк тапкан. Кʏн сайын таң заарда жʏгʏрʏп тоого чыкканды, топ карагандардын ʏстʏнɵн секиргенди, бийик жаңгактарга чыкканды, эрте менен ʏйдʏн жанындагы мазар булактан жуунганды жактырчумун. Азыркыга чейин айылга барган сайын эрте менен ошол булактан жуунмай адатым бар.
Атам – Сатар география, апам – Артыкбʏ тарых мугалими болуп эмгектеништи. 10 баланы татыктуу тарбиялап, мыкты билим беришти. Эсимде мен 2-класста окуп жатканда атам башка айылга мектептин директору болуп калды. Балдардын арасында талаш болуп, мен жеңип чыккандардын арасында башка айылга окуп калдым. Болгону ʏчʏнчʏ класстамын. Ошол жылдын бʏтʏшʏ мен ʏчʏн эң узак жыл болду. Окуу бʏтɵрʏ менен ɵз айылыма кетип, ошол боюнча чоң энем менен бирге болуп, мектепти ɵз айылымда бʏтʏрдʏм. Кийин Бишкекте университетте окуп жʏргɵн учурда, каникул кездерде деле айылдагы ʏйдɵ эч ким жоктугуна карабай ( энем мен 1-курста каза болгон) ээн ʏйдɵ жалгыз жʏрɵ берчʏмʏн. Айылдан аттанаарда айылым менен коштошкон жерим да эсимде. Ал жер мурда ээн болсо, азыр ээленип, кашааланып калган. Азыркыга чейин кайсыл жерде кандай гʏл, кандай ɵсʏмдʏк ɵсɵɵрʏн айтып, адашпай таап бара алам. Алыскы жайлоолорун, жыл сайын терчʏ бʏлдʏркɵн менен карагаттарын эстейм. Ал гана эмес, он жыл мурун ат менен 6-7 саат жол жʏрʏп балдарыма да кɵргɵзʏп келгем.
“Айыл бизди адалдыкты туу тутууга, таза жашоого тарбиялады”
-Балалыгым мени турмушка бышырды, мээнеткечтикке ʏйрɵттʏ. Мен жаш кезимде ʏйдʏн айланасында бак-дарактар аз, жайдак эле. Бир-эки тʏп эле эгилген, уланган алма болбосо жайы-кʏзʏ жапайы алмаларды жеп чоңойдук. Ошондуктан азыркыга чейин кайсыл жерде кандай даамдагы алма ɵсɵрʏн да унута элекмин. Ɵрʏк, гилас, алмурут, шабдаалы дегендер ʏйдɵ жоктугунан башкалардыкына барып жалдырап сурап, бербесе уурдап жечʏбʏз. Ошондон уламбы атам ɵрʏк, шабдаалы алып келип эгип, куурап калбасын деп биз ага челектеп ташып суу куйчубуз. Жапайы жаңгактар менен алмалардын кɵчɵтʏн талаадан кɵчʏрʏп келип эгип, алманы кыйыштыраар эле. Бир тʏп алмадан 3-4 тʏрлʏʏ алма, ал гана эмес, алмурут кошо мɵмɵлɵчʏ. Бара-бара ʏйдʏн айланасы дʏпʏйгɵн бакка айланып, кийин алардан ʏй кɵрʏнбɵй калды. Булардын бардыгы менин багбанчылык кылышыма тʏрткʏ берди. Апам “алма мɵмɵлɵп, верандадан кол сунуп ʏзʏп алып жесем” деп кыялданчу экен. Кийин апамдын кыялдары айылда гана эмес, Бишкектин четинде да ишке ашты. Ата-энебиз бизди сɵзʏ, акыл-насааттары менен гана эмес, эмгеги, мээнеткечтиги, таза жашоосу менен айкалыштырып тарбиялады. Экɵɵ тең: “бизге, биздин ата-бабаларыбызга да арам тамак, уурулук жаккан эмес. Арамдыкка барсак андан кɵп чыгаша тартып калабыз” деп кɵп айтышчу. Балалыкта уккан бул сɵздɵр кийин менин турмуштук кредом болуп калды.
Ал эми чоң энем ɵткɵн окуяларды кɵп айтып, “элдин балдары мындай, андай”, “эл эмне дейт?” деп жатып эле кɵп нерсеге тарбиялап коюптур. Чоң энем Чʏрɵк кат таанычу эмес. Бирок биз шаарда окуган ага-эжелерибизге кат жаздыртып, аларды кайра окутуп угуп, анан бир сɵзʏ жакпай калса аны жазбай эле койчу деп алдыртып салчу. Бир жолу шаардагы студент абжеме жазган катымда “бизде доңуз гʏл да гʏлдɵп калды” деп жазган сʏйлɵмдʏ “доңуз” деген сɵзʏ ʏчʏн алдыртып койгон. Беш маал намазды ʏзбɵй окучу. Анан айылдагы жаш балдар менен кыздардын жʏрʏм-турумун кɵрʏп “кийин деле жарытпайт, жакшы адам болуп жыргатпайт” деп калчу эле. Кийинчерээк энем айтканы туура чыкканын кɵрʏп, сабатсыз болсо да ɵтɵ баамчыл, сынчыл болгонуна таң калчумун. ʏйдɵгʏ тарбиядан сырткары айыл аксакалдарынын нускалуу сɵздɵрʏ, нарктуу жʏрʏмʏ, ɵткɵн окуяларды кызыктуу кылып айткандары бизге кɵп таасир этти. Мектептеги мугалимдерибиз да сабакка эле эмес, адамдык улуу сапатка ʏндɵгɵн учурларынын тарбиялык мааниси ɵзгɵчɵ болуптур. Ата-энемдин тарбиясынын таасири тууралуу бир жеңем кийин бир окуяны айтып берип жатпайбы. Мен анда 3-4-класста окуп жаткан кезим экен. Тыныгуу учурунда 3 сом таап алып, “бул кимдики?” деп ар кимден сурап жʏрсɵм “бул менин акчам турбайбы” деп алып жыргаганбыз. Сен ошондо эле чынчыл элең, кийин деле ошол бойдон калдың деп. Ошентип таза жашоо, арамдыктан оолак болуп, адалдыкты туу тутуу, мээнеткечтик, калп айтпоо – булар биздин балалык кезде, айылдан алган тарбиябыз болгон.
“Айылыма жана айылдыктарыма ɵмʏр бою карызмын”
-Ɵткɵндɵ Орусияда кɵп жылдан бери эмгектенип жʏргɵн айылдаш тууганым “Бишкекке келип уйку качып уктай албай кыйналып жʏрдʏм. Анан 2-3 кʏнгɵ айылга барып ɵз ʏйʏмдɵ уйкум качпай аябай жакшы уктадым, ушунчалык жакшы эс алдым” деп келди. Мен да айылга барганда жыргап уктайм, башкача эс алам. Айылдын ылдый жак, жогору жагы кɵрʏнгɵн дɵңгɵ келип кɵпкɵ отурганды ɵзгɵчɵ жакшы кɵрɵм. Балалык кездеги аркы ɵйʏз, берки ɵйʏзгɵ даана угулчу ʏндɵрдʏ уккум келип кулак тɵшɵйм. Бирок чɵнтɵк телефон чыкканы ал ʏндɵр да биротоло жоголгонун сезем. Нарктуу, нускалуу сʏйлɵгɵн карыялар менен барып сʏйлɵшкʏм келет. Бирок андай аксакалдарды таппай кыйналам. Жɵн эле кошуналардыкына кирип бир куюм чайын ичип баарлашып отургум келет. Бирок шаардагыдай айылда да бири-бириникине жɵн эле кирип-чыкмай эчак тыйылганын кɵрʏп туталанам. Кээде айылдаштарымын “бизге эмне кылып коюптур” деген кинээсин да туура кабыл алам. Анткени эч уурулукка аралашпай маяна менен жашаганымдан улам айылыма бир кɵпʏрɵ да салып бере албадым. Мындан кийин деле салып бере албайм. Ошондуктан айылыма кɵпʏрɵ салып берген бай инилериме, кыйын мушташкан, спорттун тʏрʏнɵн алдыга чыккан кʏрɵз айылдаштарыма караганда аброюм бир топ тɵмɵн экенин сезем. Айылдаш агам Салижан Жигитов деле “айылда биздин кадыр-баркыбыз тɵмɵн, ага караганда ɵлкɵнʏн башка айылдарында бизди жакшы сыйлайт, кадырлайт” деген сɵзʏ менен толук макулмун. Бирок ага карабай айылымды аябай сагынам, кадырлайм, айылдан чыккан мыктыларды ɵзгɵчɵ кадырлайм. Мен эч кимге карыз эмесмин! Бирок балалыгым ɵткɵн, ата-бабаларым эчен кылымдан бери байырлап келген, киндик каным тамган, мени тарбиялаган айылыма жана айылдыктарыма ɵмʏр бою карызмын! Бул менин тээ жʏрɵк тʏпкʏрʏнɵн тʏнɵк тапкан ички сезимим, айылыма болгон арзуум!
“Мекенчил муунду тарбиялоого салымымды кошсом дейм…”
-Мени сыймыктандырган да, суктандырган да ушундай кооз айылда, мыкты ʏй-бʏлɵдɵ тɵрɵлʏп калганым! Айылдан мага ɵмʏр бою таасир эткен мыкты тарбия алганым. Айылдан эмгекке, мээнетке ʏйрɵнʏп, таза, адал жашоого калыптанганым. Наркты, салтты, тарыхты сиңирип, даңгыр жолго багыт алганым. Айылдан ааламга эле эмес, турмуштук даңгыр жол, багыт да башталаарын терең тʏшʏнɵм. Ошол жолдо талыкпай эмгектенип, туура жолдон адашпай, адамдык улуу сапаттарды карманып келем. Мен ʏрɵн кезимде дʏркʏрɵп ɵсɵ турган мыкты кыртышка тʏшкɵнʏмɵ миң мертебе жаратканга ыраазымын. Жараткандын кɵргɵзгɵн туура жолу менен жашап келем. Уяда кɵргɵнʏмдɵй талпынып борбор калаага жакын жерге дʏпʏйгɵн бак тʏптɵдʏм. Эми ошондой бакты ар бир кыргызмын деген мекендешимдин жʏрɵгʏнɵ тʏптɵп, атуулдук сезимин ойготуп, мекенчил болушуна таасир этсем дейм. Кыргыз тʏпкʏлʏгʏнɵн материалдык байлыктын, билеги кʏчтʏʏнʏн алдында мʏңкʏрɵп, чɵгɵлɵп кулу болгон эмес! Кыргыз рухий байлыкты туу туткан, ар намысты бийик карманган, абийирин сатпаган, нарк менен салтты бекем сактаган ɵзгɵчɵ эл болгон. Мына ошондой муунду тарбиялаганга, туура жолго салганга жараткандын жардамы менен ɵз салымымды кошсом дейм.
Окшош макалалар
“Мыйзам ишке кирсе, ата-эне айына 1200 сомдон тɵлɵйт”
Элдик Курултайга шаардан 39 делегат шайланды
Абдугани Абдугафуров: “СЫЙЛЫГЫМ ДА, СЫЙМЫГЫМ ДА ОШ!”