8 сентября, 2024

БАЛА ЭМНЕГЕ ʏЙДƟН КАЧАТ?

Ата-эне болуу чынында чоң жоопкерчилик. Он баланын мʏнɵзʏ он кыл болот демекчи, айрыкча алар ɵткɵɵл куракка келгенде ата-энесин, бир туугандарын кыйла тʏйшʏккɵ салары айтпаса да белгилʏʏ. Айрымдары уулунан кɵбʏрɵɵк тынчсызданаарын айтып, кыздары бул курактан эч нерсе болбогондой ɵткɵнʏн айтышат. Кээ бирлер тескерисинче, кыздарынын мʏнɵзʏ таптакыр ɵзгɵрʏп кеткенине наалышат. Ɵткɵɵл курактагы балдарга кандай мамиле жасаган оң? Психологдун кеңешин сунуштайбыз.

Дɵɵлɵткан Кабыкова, психолог:

“Ата-эненин бири-бирине болгон мамилеси чоң мааниге ээ”

-Ɵткɵɵл курак деп баланын 11 жаштан 17 жашка чейинки мезгилин айтса болот. Медицинада да бул курактагы балада гормондор ɵзгɵрʏп, кичинекей курактан ɵспʏрʏмгɵ ɵтɵ баштайт. Ошентип ар бир жаш куракка жараша гормондор кɵбɵйʏп отуруп, ɵспʏрʏмдɵн жетилген кызга же жигитке, андан ары аял жана эркек болуп чоңоюшат. Ɵткɵɵл мезгилде баланын ой-жʏгʏртʏʏсʏ, дʏйнɵ таанымы ɵзгɵрɵт, тагыраагы, ɵсɵт. Ɵскɵнʏ албетте жакшы, нормалдуу кɵрʏнʏш. Ошентип, баланын андан аркы ɵткɵɵл курактан оңой ɵтʏшʏ ʏчʏн эң биринчи кезекте ал ʏйдɵ бактылуу болушу керек. ʏй-бʏлɵдɵ гана эмес, коомдо бактылуу болуусу зарыл. Жакшылап байкоо жʏргʏзɵ турган болсок бактылуу ʏй-бʏлɵлɵрдɵ балдардын ɵткɵɵл мезгили оңой ɵтɵт. Бактылуу дегенде бай ʏй-бʏлɵ эмес, ата-эненин бири-бирине болгон жакшы мамилеси. Демек, ата-эненин балага болгон мамилеси эмес, эң биринчи бири-бирине болгон жылуу мамилеси чоң мааниге ээ. Эгер ата апаны урбаса, сɵкпɵсɵ, энеси кɵп наалыбаса, бири-бирин сыйлап, сʏйʏп, урматтап, колдоп турса, андай ʏй-бʏлɵнʏн балдарында ɵткɵɵл курак дагы болбойт.

“Балдар психологиясында кɵйгɵй деген болбойт”

-Эгер ʏй-бʏлɵсʏндɵ кɵйгɵй болсо, ошол балада сɵзсʏз ɵткɵɵл курак байкалат.  Балдар ɵткɵɵл куракта экенин ɵздɵрʏ билишпейт. Ошондуктан бизге ата-энелер тынбай кайрылат. Айрыкча акыркы эки жылда балдар арасында суицидге баргандар кɵп катталып жатат, ʏйдɵн качкандары канча, ошолорду изилдей келсең эле проблеманын бардыгы ʏйдɵ болуп чыгат. Ошондуктан мен баса белгилеп кетем, ɵткɵɵл курактагы балада, дегеле балдар психологиясында кɵйгɵй деген болбойт. Ал жашоонун жакшы-жаман жагын али кɵрɵ элек. Эгер баланын кɵйгɵйʏ болсо бул жʏз пайыз ʏй-бʏлɵнʏн кɵйгɵйʏ, ʏй-бʏлɵдɵгʏ чоңдордун кɵйгɵйʏ. Мындай учурда психологдорго эки эселеп кыйын болот. Себеби, баладан мурда ошол ʏй-бʏлɵнʏн мʏчɵлɵрʏ жана ата-энеси менен иштɵɵгɵ туура келет.

“Балам мени укпай жатат”

-Теориянын тили менен ɵткɵɵл куракты ар кандай топторго бɵлсɵ болот. Бирок, бɵлʏп отургандан пайда жок, андан кɵрɵ жагдайлардын себебин изилдеп, ошого жараша аракетке ɵтʏш керек. “Балам мени укпай жатат” деген ата-энелер кɵйгɵйдʏ алгач ɵздɵрʏнɵн карап кɵрʏшсʏн, эгер ʏйдɵ баары сопсонун болсо, анда мекептен, досторунан, жʏргɵн чɵйрɵсʏнɵн байкаштырыш керек. Кээ бир учурда балага такыр чаң жугузбай, бɵпɵлɵп чоңойткон ʏй-бʏлɵлɵр бар, бул да туура эмес деп айтар элем. Мисалы, кʏнɵсканадагы гʏлдʏ эшикке алып чыксаң шамал менен кʏнгɵ туруштук бере албай соолуп калган сыяктуу эле, ал баланын да сырткы чɵйрɵгɵ аралашып, ар кандай жагдайларга туруштук бериши бир аз кыйын болуп калат.

Мээрим талап кылган баланын белгилери

-Ошондой эле ɵткɵɵл куракта балдар мээрим талап кылып дагы ар тʏрдʏʏ кыял-жоруктарын кɵрсɵтʏшʏ мʏмкʏн. Мисалы, айрымдар тез-тез ооругусу келип, кичине жери ооруп калса эле мектепке баргысы келбей жатып алат. Мындай учурда эң таш боор ата-эне деле баласын кɵңʏл сыртында калтырбайт, ошон ʏчʏн балдар ушул ыкманы колдонот. Кээ бирлери ʏйдɵн качса, башкалары уурулук кылышы мʏмкʏн. Мунун баары ач калгандыктан же башкадан жасалбайт, болгону кɵңʏл бурдуруу ʏчʏн болгон кыял-жоруктар. Ата-энелерден 12-14 жаштагы балаңы качан акыркы жолу кучактап, бетинен сʏйʏп, эркелеттиң десең билишпейт. Айрыкча аталары кыздарын “чоңоюп калбадыбы, эркелеткеним туура эмес” деп айтышат. Атасы 100гɵ чыгып баласы 70ке чыкса дагы ал бала бойдон кала берет. Ошол 100гɵ чыккан атадан мээрим кʏтɵ берет бала. Ата-энелерге айтар кеңешим, ɵткɵɵл курактагы баланы кечке эле уруп-согуп, суроо берип кыйнай бербей кучактап, эркелетип, дос катары болсоңор ал болгон сырларын айта баштайт. Дегеле баланы кичинесинен сырдашканга кɵндʏргʏлɵ. Анан бала силерге сырын айтса, эч качан сатып койбогула. Ал ата-эне ʏчʏн кичинекей сыр болушу мʏмкʏн, а бала ʏчʏн чоң сыр. Ошондуктан аны башкаларга айтып койсоңор бала экинчи сырын айтпас болот. Кошумчалай кетчʏ нерсе, айрым ата-энелер ɵткɵɵл курактагы баланы кызыккан нерсесине алаксытып, бул мезгилден оңой ɵтʏшʏнɵ шарт тʏзɵ алабызбы деп сурашат. Алаксытып деген сɵз бир аз туура эмес, кичинекей баланы апасы келгенче алаксытып турушубуз мʏмкʏн, ал эми чоңоюп калган балага болгону функция жʏктɵш керек. Мисалы, ʏйдʏн ишин, кечке эле эмес, албетте, ɵзʏнɵ ылайыктап, андан сырткары баланын кызыккан нерселерине ата-энеси да убакыт бɵлʏшʏ керек.

Жашы жете электер арасындагы суициддин кɵрсɵткʏчʏ

Мамлекет жашы жете электер арасындагы суицид менен кʏрɵшʏʏгɵ аракет кылып келет. Тилекке каршы, статистика 10 жылдан ашуун убакыттан бери ɵзгɵрʏʏсʏз калууда. Статистикалык маалыматка ылайык тɵрт кʏндɵ бир ɵспʏрʏм ɵз жанын кыюуга аракеттенет. Акыркы 3 жылда 600 бала суицидден улам кɵз жумган. 2019-жылы 130 кыз, 63 эркек бала, 2020-жыл 155 кыз, 79 бала, 2021-жыл 124 кыз, 63 бала. Тилекке каршы, бул кɵрсɵткʏч жылдан-жылга ɵсʏʏдɵ. Жашы жете электердин 90%ы ʏй-бʏлɵлʏк проблемалардан, 10%ы досторунун басмырлаганынан же сʏйгɵн адамынын таштап кеткенинен жана башка ушул сыяктуу себептерден жанын кыйышат.

Тойчиева Айжылдыз