29 марта, 2024

Пенсиянын топтоо бɵлʏгʏн алуу жолдорун билесизби?

“Социалдык фонддон пенсиянын топтомо бɵлʏгʏн кантип алсак болот?” деген суроолор акыркы учурда кɵп кɵтɵрʏлʏʏдɵ. Балким, алардын арасында сиз да барсыз, окурман. Негизи эле пенсиянын топтоо бɵлʏгʏ деген эмне? Аны кимдер алса болот? Кандай документтер талап кылынат жана кайда кайрылуу керек же “социалдык фонд башкармалыгынан каттоодон ɵтпɵсɵ пенсиям токтоп калабы?”деген суроолорго жооп издеп жʏрсɵңʏз, тɵмɵндɵ Ош шаардык социалдык фонд башкармалыгы жооп берет.

Пенсиянын топтоо бɵлʏгʏ деген эмне? Ага акча кандай топтолот?

2010-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына 2% ɵлчɵмʏндɵ милдеттʏʏ топтомо киргизилген. Бул тɵлɵмдɵр иштеп жаткан адамдардын ɵзʏнчɵ эсебине жыйналат. Каражат топтолуп эле туруп калбастан, социалдык фонд тарабынан банктар менен депозиттик келишим тʏзʏлʏп, алардан дивидент алынып, мыйзам укуктарынын ченемдерине ылайык келген учурда жаранга топтолгон каражаттар инвестициялык киреше менен бирге берилет. Ошондой эле фонд жыйналган каражатты КР Финансы министрлиги чыгарган мамлекеттик баалуу кагаздарына салым катары салат. Башкача айтканда, топтомдор жыйналып жана кɵбɵйɵт.

Кимдер ала алат? 

Пенсиянын топтоо бɵлʏгʏ жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бɵлʏгʏндɵ пенсиялык топтоолору бар адамдарга чектелет жана тɵлɵнʏп берилет, анын ичинде: 

1) «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жɵнʏндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алуучу жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бɵлʏгʏндɵ эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар пенсионерлерге; 

2) пенсияга чыгууга укуктуу жана камсыздандыруу эсебинин топтоо бɵлʏгʏндɵ эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жɵнʏндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия чектɵɵгɵ кайрылган адамдарга; 

3) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого кɵчʏп кеткен жана кɵчʏп жатышкан, жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бɵлʏгʏндɵ пенсиялык топтоолору бар Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет ɵлкɵлʏк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга; 

4) каза болгон, жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бɵлʏгʏндɵ пенсиялык топтоолору бар камсыздандырылган адамдын алты айдан кийин мураскору; 

5) «Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жɵнʏндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыккан, жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бɵлʏгʏндɵ пенсиялык топтоолору бар пенсионерлер 63 жашка толгондо; 

6) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкаруучулары (правление) тарабынан 2022-жылдын 7-ноябрындагы№79 токтомго ɵзгɵртʏʏ толуктоолор кирген, ага ылайык ɵздʏк камсыздандыруу эсебинин топтоо бɵлʏгʏндɵ эсепке алынган 50 миң сомдон (500 эсептик бирдиктен) кем эмес суммада пенсиялык топтоолору болсо, турак жайы жок болгон шартта (республикалык Социалдык фонду менен келишими бар)мамлекеттик ипотекалык компаниядан жана коммерциялык банктар аркылуу ипотекалык кредит алып жаткан адамдарга пенсиялык топтоолорду алгачкы тɵгʏмдʏ каржылоого бир жолу жумшоого жана ай сайын тɵлɵнʏʏчʏ тɵлɵмʏнɵ бир жолу тɵлɵɵ мʏмкʏнчʏлʏгʏ берилет. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыя алган жарандын банк аркылуу ипотекалык насыя алгандыгын тастыктай турган документи болсо ала алат. Мында эгерде кʏйɵɵсʏ ипотекалык насыя алып, ал эми аялынын топтоо фондунда каражаты болсо, анда жубайы топтомо каражатты алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ ээ болот же тескерисинче, жолдошуалат. Белгилеп коюучу жагдай, мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу гана ʏй алгандарга тɵлɵнɵт, себеби социалдыкфонд менен тʏзʏлгɵн келишим бар. Башка компаниялардан алгандарга тɵлɵнʏп берилбейт. 

7. Ошондой эле 2022-жылы токтомго киргизилген ɵзгɵртʏʏлɵргɵ ылайык, пенсиялык топтоо каражаттарын ɵмʏрʏнɵ олуттуу коркунуч туудурган оор ооруларга чалдыккан жарандар да ала алат:

 1. Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер;

  2. Кан оорусу:

1) курч мʏнɵздɵгʏ лейкоз (бардык тʏрлɵрʏ);

2) апластикалык аз кандуулук;

3) гемофилия.

 3. Кан айлануу органдарынын ооруларынын тɵмɵнкʏ тʏрлɵрʏ жана формалары:

1) кабылдаган же тубаса жʏрɵк кемтиги;

2) жʏрɵктʏн ритминин жана ɵткɵрʏмдʏʏлʏгʏнʏн бузулушу;

3) жʏрɵктʏн ɵнɵкɵт коронардык оорусу: анын ичинде ɵнɵкɵт аневризми, жʏрɵк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлɵɵ;

4) операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу;

5) облитерацияланган эндартериттин кʏчɵп кеткен тʏрлɵрʏ.

8) Мындан сырткары жаран мурун иштеп жʏрʏп, жумушсуз калган учурда жашаган жерине жараша белгиленген орточо эмгек акыдан ашпаган ɵлчɵмдɵ ʏч ай катары менен алса болот.

Пенсиялык топтоо фондуна тɵлɵɵдɵн кимдер бошотулган?

   2012-жылдын 1-январынан тартып Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу тɵгʏмдɵрʏн милдеттʏʏ тɵлɵɵдɵн пенсионер-кызматкерлер жана 1964-жылдын 1-январынан мурда тɵрɵлгɵн эркек-кызматкерлер жана 1969-жылдын 1-январынан мурда тɵрɵлгɵн аял-кызматкерлер бошотулган.

Каза болгон камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоо каражаттарын алуу (алуудан баш тартуу) ʏчʏн кайрылуу тартиби кандай?

Пенсиялык топтоолорунан каражаттарды алуу (алуудан баш тартуу) ʏчʏн каза болгон камсыздандырылган адамдын мураскорлору (керээзи боюнча да, мыйзам боюнча да) каза болгон адамдын жашаган жериндеги Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органына белгиленген форма боюнча кайрылат да, арызга тɵмɵнкʏ документтер тиркелет:

— мураскордун ким экенин тастыктаган документ (тʏп нускасы жана кɵчʏрмɵсʏ);

— мураска укугу жɵнʏндɵ кʏбɵлʏк (тʏп нускасы жана копиясы) же мураска калган мʏлктʏ бɵлʏʏ жɵнʏндɵ нотариус тарабынан кʏбɵлɵндʏрʏлгɵн макулдашуу (тʏп нускасы жана копиясы);

— пенсиялык топтоо каражаттарын алуу ʏчʏн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна белгиленген формада кайрылуу укугу менен мураскордун ɵкʏлʏнɵ нотариуста кʏбɵлɵндʏрʏп берилген ишеним кат, ошондой эле ɵкʏлдʏн ким экенин тастыктаган документтин тʏп нускасы жана копиясы;

— камсыздандырылган адамдын – мурас калтыруучунун каза болгондугу жɵнʏндɵ кʏбɵлʏк (тʏп нускасы жана копиясы).

Ипотекалык кредит алгандардын кайрылуу тартиби

Ипотекалык кредит алып жаткан же алган адамдар, ошондой эле алардын жубайлары Социалдык фонддун региондук органына арызды берʏʏгɵ тийиш, анда тɵмɵнкʏ документтерди топтоо керек:

— арыз ээсинин ɵздʏгʏн ырастаган документ;

— Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мʏлк объекттерине менчик укуктарына ээ болбогондугу жана ээ болгондугу жɵнʏндɵ ыйгарым укуктуу органдан маалымкат;

— жубайы пенсиялык топтоолорун алса, никеси тууралуу кʏбɵлʏк кɵрсɵтʏлɵт.

-Жакынкы убакыттан бери пенсионерлердин жергиликтʏʏ социалдык фонд башкармалыгына пенсиялык китепчеси менен барып каттоодон ɵтʏʏ керектиги, болбосо пенсия чегерʏʏ токтотулары тууралуу кептер тарап, башкармалык алдында кезек кʏткɵн пенсионерлер кɵбɵйдʏ. Чын эле каттоодон ɵтпɵгɵн пенсионерлердин пенсиясы токтотулабы? 

-Банк аркылуу пенсиясын алууну каалаган пенсионерлер арызында атайын бир пункт кɵрсɵтʏлгɵн. Анда ар алты айда жергиликтʏʏ социалдык фонд башкармалыгынан каттоодон ɵтʏп турары жɵнʏндɵ милдеттеме алат. Бул милдеттемени аткарганы, аткарбаганы да бар. Пандемиядан кийин коопсуздукка байланыштуу каттоодон ɵтʏʏнʏ талап кылбай калган элек. Азыр кайрадан каттоодон ɵтɵ башташты. Ал эми “паспортунун, пенсиялык китепчесинин кɵчʏрмɵсʏн алып келиш керек, пенсиясы токтоп калат” деген маалыматтар туура эмес. Эгерде пенсионер алты айда каттоодон ɵтʏп турбаса, пенсиясы токтобойт, болгону кайрадан почта аркылуу жеткирʏʏгɵ ɵтʏп кетет.

-Адамдын ɵлгɵндʏгʏн тастыктаган кара кагазды сɵзсʏз алуу керекпи? Эгер алгандан кийин жоготуп алса же таптакыр албаган болсо эмне кылуу керек? 

-Ɵлгɵндʏгʏ тууралуу кара кагаз тийиштʏʏ мамлекеттик мекемеден жарандын ɵлгɵндʏгʏн каттоочу (тастыктоочу) документ.   Документ алгач маркумдун атындагы мʏлктɵрдʏ мураскерине ɵткɵрʏʏдɵ керек болот. Андан сырткары банктык эсебинде каражаты болсо, ага да талап кылынат. Ошондой эле социалдык фонд башкармалыгынан маркум пенсионер  болсо, сɵɵктʏ жерге берʏʏгɵ жардам каражатын алууга керектелет. Жогоруда айткан маркумдун пенсиянын топтоо бɵлʏгʏндɵгʏ каражатын  мураскери алууда да сɵзсʏз керек. Муну алты айдан кийин гана алса болот. Эгерде маркум пенсия курагына жете элек  болсо, 18ге чыга элек балдары ʏчʏн багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия чектɵɵгɵ да кара кагаз керектелет. Маркумдун балдары 18 жашка чыккандан кийин да жогорку окуу жайда кʏндʏзгʏ бɵлʏмдɵ окуган болсо, аталган пенсия 23 жашка чейин тɵлɵнʏп берилет. 

 Жыйынтыктап айтканда, кара кагаз каза болгон адамдын эмнеси болсо, анын баарын мураскери ɵткɵрʏп алууда ролу чоң. Бул маалымкаттын тʏп нускасы мураскердин ɵзʏндɵ сакталууга тийиш. Жоголуп кеткен болсо, жергиликтʏʏ жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо (ЗАГС) бɵлʏмʏнɵн ала алат. 

Жумагʏл Кочкорбай кызы