18 октября, 2024

Акмɵɵр Мажитова, финансылык инженер: “Инвестицияны 20-30$ менен баштаса болот”

Каржылык сабаттуулук, каражатты туура жакка жумшоо, инвестиция кылуу, колдо бар акчаны кɵбɵйтʏʏ учурдун талабы болуп турган кези. Маселен, «Инвестиция» термини сизге андан ары кошумча киреше алып келе турган нерсеге капитал салуу дегенди билдирет. Мында каражат табам деп, сиз убакыт коротуп, кʏч-аракет жумшабайсыз. Инвестициялар убактыңызды коротууну талап кылбастан, сиздин капиталды кɵбɵйтʏʏгɵ, топтогон каражатты инфляциядан коргоого жана киреше алууга мʏмкʏндʏк берет. Мындан тышкары, алар кʏтʏʏсʏз жагдай жаралган учурларда, кошумча «коопсуздук жаздыгы» да боло алат. “Уктап жатып да акча табуунун эң оңой жолу инвестиция кылуу” дейт Польшада жашаган мекендешибиз, финансылык инженер Акмɵɵр Мажитова ушулар тууралуу айтып берди. 

-Саламатсызбы, Акмɵɵр! Келиңиз, алгач сиз менен таанышып алсак. 

-Саламатсызбы! Мен Ноокат районуна караштуу Жийде айылында тɵрɵлʏп-ɵскɵм. 8-класска чейин айылдык мектепте окугам. Андан кийин Бишкектеги Кыргыз-Тʏрк лицейин аяктадым. 2017-жылы Евросоюздун стипендиясы менен Польшага университетке окууга ɵттʏм. Кесибим финансылык инженер. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ BNP Paribas француз инвестициялык банкында иштейм. Варшава шаарында жашайм.

Акыркы эки жылда америкалык компаниялардын акциясын сатып алып, инвестиция кылып жатам. Эмнеге америкалык компаниялар? Анткени Америкада кɵбʏ ишеничтʏʏ, экономикалык жактан туруктуу жана дивиденд тɵлɵгɵн компаниялар башка мамлекеттерге салыштырмалуу кɵп. Жалпысынан тɵрт жылдан бери бул теманы изилдеп келем. Ошондой эле азыр башкаларга да туура инвестиция кылууну ʏйрɵтɵм.

-Жумушта инвесторлор, брокерлер менен тыгыз иштешем деп жазыптырсыз, кепти ушундан баштасак. Бʏгʏн инвестициянын кайсы тʏрʏ актуалдуу? Ошондой эле криптовалюта да абдан популярдуу болуп кетти. Ушул жɵнʏндɵ кененирээк айтып берсеңиз?

— Негизи инвестиция кылуунун кɵп жолдору бар. Акция, облигация, баалуу металлдар, кыймылсыз мʏлк, криптовалюта жана башка нерселерге инвестиция кылса болот. Ар бир инвестицияда киреше менен кошо риск да болот. Мисалы, облигацияда акцияга караганда азыраак тобокелчилик болсо, ал эми акцияда криптовалютага караганда азыраак тобокелчилик бар. Канчалык киреше кɵп болсо, ошончолук тобокелчилик кɵп болот. Муну эч качан эстен чыгарбоо кажет. Тобокелчилик деген бул кылган инвестицияңыздын баасынын тʏшʏп кетиши. Мисалы, бир акциянын 100$га сатып алдыңыз, бир жылдан кийин ал акциянын баасы 50$гɵ тʏшʏп калышы мʏмкʏн. Ошондуктан инвестиция кылардан мурун сиз кандай тобокелчиликке даяр экендигиңизди билишиңиз керек. Ошондой эле инвестицияга жоготуудан коркпогон акчаны гана жумшоо керек. Карызга алып же акыркы калган акчаны жумшоонун кереги жок. Анткени сизге киреше боюнча эч ким 100% кепилдик бере албайт. Дагы эң маанилʏʏ нерселердин бири: инвестицияны баштоодон мурун аны кантип туура жасоо керек экендигин ʏйрɵнʏңʏздɵр. Ишеничтʏʏ, билимдʏʏ, тажрыйбалуу адистерден ʏйрɵнгɵн туура. Кыска мɵɵнɵттʏн ичинде чоң кирешени убада берип, эч кандай риск жок деп ынандырган шылуундардан алыс болуңуздар! 

-Эмне ʏчʏн адамдар инвестиция кылышы керек? Инвестициянын зарылчылыктарына токтолсоңуз?

— Менин оюмча ар бир адам инвестиция кылууну ʏйрɵнʏʏсʏ зарыл. Бирок, тилекке каршы, Кыргызстанда кɵпчʏлʏк адамдар бʏгʏнкʏ кʏн менен гана жашашат. “Эртең эмне болот, баламдын университеттеги окуусуна азыртадан баштап акча чогултуп баштайын” деген ой жок. Мындайча айтканда адамдар узак мɵɵнɵттʏʏ максат койгонду билишпейт. Бул албетте, аябай ɵкʏнʏчтʏʏ. Мисалы, Европада, Америкада кɵпчʏлʏк адамдар баласы тɵрɵлгɵндɵн баштап эле ага банктан эсеп ачып, акча топтоп башташат же болбосо инвестиция кылышат. Ошондой эле пенсияга татыктуу акча менен чыгууну адамдар жаш курагынан эле ойлонушат. Эгерде сиз ɵмʏр бою акчага эмес, акча сизге иштешин кааласаңыз инвестиция кылууну ʏйрɵнʏшʏңʏз керек жана бир жылдан кийинки 1000$ ʏчʏн бʏгʏн 100$ды коротпой, инвестицияга салууну адатка айландырышыңыз керек.

Атактуу инвестор Уоррен Баффетт айткандай, «Эгер уктап жатып акча таппасаңыз, ɵлгɵнчɵ акча табууга туура келет». Уктап жатып да акча табуунун эң оңой жолу инвестиция кылуу. Азыркы убактылуу ырахаттан баш тартып, келечекте эч кандай кыйынчылыксыз балаңызга жогорку билим берʏʏнʏ, пенсияга татыктуу акча менен чыгууну ойлоңуз дейт элем.

-Инвестиция кылууну кантип баштоо керек? 

-Инвестиция кылууну баштоонун эң оңой жолу аны билген адамдан ʏйрɵнʏʏ. Негизи кɵпчʏлʏк адамдар инвестиция кылуу ʏчʏн чоң суммадагы акча керек деп ойлошот, бирок, бул жаңылыштык. Инвестицияны 20-30$ менен баштаса болот. Бул жерде эң негизгиси ʏзгʏлтʏксʏз, ай сайын инвестиция кылуу. Анткени убакыт аябай чоң ролду ойнойт. Мен ɵзʏмдʏн студенттериме ар дайым ушул кеңешти берем, аз сумманы инвестиция кылсаң да, ʏзгʏлтʏксʏз кыл деп. 

-Сиз жашаган ɵлкɵдɵ адамдар кɵбʏнчɵ эмнелерге инвестиция кылышат? Каржылык сабаттуулук ал жакта кандай ɵнʏккɵн? Кыргызстанда кандай инвестициянын тʏрʏн колдонсо болот? Билгендериңиз менен азыноолак бɵлʏшʏп кетсеңиз. 

-Польшада адамдардын каржылык сабаттуулугу Кыргызстанга караганда жогорураак. Кɵпчʏлʏк адамдар баласы тɵрɵлгɵндɵн баштап эле банкка эсеп ачып акча топтой башташат. Баласы 18ге чыкканга чейин бир топ акча топтоп коюшат. Акцияга, облигация жана криптовалютага инвестиция кылгандардын саны арбын. Кыргызстанда туруп деле жогоруда айткан инструменттерге инвестиция кылууга толук мʏмкʏнчʏлʏк бар. Бирок, башында айткандай эле  биринчи инвестиция кылууну ʏйрɵнʏʏдɵн баштаңыздар.

-Акыркы кезде тивкоин, биткоин деген криптовалюталар актуалдуу болуп жатпайбы. Сиз булар жɵнʏндɵ эмне айта аласыз?

-Тивкоин жɵнʏндɵ маалыматым жок экен. Биткоин болсо эң негизги криптовалюталардын бири болуп саналат. Кɵптɵгɵн монеталардын баасы биткоиндан кɵз каранды. Криптовалютанын келечеги чоң деп ойлойм. Бирок, кайсы монета болбосун сатып алардан мурун проектти жакшылап изилдеп чыгышы керек. 

Дʏйнɵлʏк инвесторлордон Уоррен Баффетти аябай баалайм. Менимче инвестиция концепциясын дʏйнɵгɵ тараткан киши Баффетт. Сɵзсʏз “Стать Уорреном Баффеттом” деген документалдуу тасманы кɵрʏʏнʏ сунуштайм.

-Маегиңизге рахмат! Ийгилик каалайбыз!

Жумагʏл Кочкорбай кызы