20 апреля, 2024

Суранчы Жетимишов: “Жаныбек казы чын эле казылык милдетин аткарган”

Басмачылар тууралуу эл арасында кɵптɵгɵн аңыз-кептер айтылып келет. Бул тарыхчы, окумуштуулар тарабынан алиге чейин изилденип келе жаткан оорчундуу маселелердин бири. Басмачы атка конуп, аты аталып жʏргɵн Жаныбек казы тууралуу баяндайбыз.

Жолдошбек Бɵтɵнɵев, тарых илимдеринин кандидаты:

“Жаныбек казыны контрабандисттердин тизмесине киргизишкен”

-Жаныбек казы Ош облусунун Ɵзгɵн районунан чыккан XX кылымдын 20-30-жылдарындагы мурдагы советтик тарых наама боюнча басмачы, азыркы жаңыча кɵз караш менен улуттук боштондук кыймылынын башчыларынын бири деп ишенимдʏʏ айтсак болот. Эки жыл мурда Ɵзбекстан Республикасынын тарыхчылары президентине, жогорку сотуна кайрылып отуруп, мурда басмачы аталган 115 инсанга улуттук лидер катары баа берип, аларды жогорку сот аркылуу актады. Себеби, алар сот процедурасы бузулган эч кандай тергɵɵ амалдары, адвокатура, прокуратура аралашпастан, тергɵɵчʏнʏн эле кɵрсɵтмɵсʏ менен сот жообуна тартылып, жазаланган. Жаныбек казынын жашоо-турмушу, ишмердʏʏлʏгʏ боюнча айта турган болсок, илимий жаатта 2005-жылы Таалай Жаркынбаев деген агай, тарых илимдеринин кандидаты, окумуштуулук даражасын “Кыргызстандагы басмачылык кыймылы” боюнча коргогон. Жакында кыргыз эл жазуучусу Суранчы Жетимишов “Жарака” аталышындагы документалдуу тарыхый роман жазды. Анда Жаныбек казыга кенен токтолгон. Албетте, ал кɵркɵм адабият болгондуктан, тарыхый фактылар кɵркɵмдɵлʏп берилген. Ал эми мен 20-жылдан 50-жылдарга чейинки басмачылык, кулакка тартуу, саясий репрессия боюнча изилдеп жʏргɵн адам катары басмачылык кыймыл боюнча бир топ маалыматтарды таптым. Ош облустук мамлекеттик архивинин 79-фондунда таптакыр жашыруун деген фонддо Жаныбек казы боюнча маалыматтар кездешти. Анда “список контрабандистов” деп 1923-жылдан 1935-жылдарга чейинки тизмеде жʏздɵн ашык ɵлкɵгɵ мыйзамсыз товар ташыган контрабандисттердин тизмеси жазылган. Арасында эки-ʏч ирет Жаныбек казынын аты кайра-кайра кездешет. Ал 20-30-жылдары Кашкардан Кара-Кулжа, Алай, Ɵзгɵн аркылуу Ошко, Оштон коңшу Ɵзбекстанга ɵткɵн соода-кербендерин калкалап, тоноп кетпесин деп каракчылардан алып жʏргɵн болуу керек, аны совет бийлиги контрабанда менен алектенет деп кʏнɵɵлɵгɵн. Анын ʏзɵңгʏлɵш жигиттерине айланган бир топ ɵзгɵндʏк, алайлык, кара-кулжалык адамдардын аттары да тизмеде кезикти. Мисалы, оң колу болгон Айтмарек Корбашынын 1932-жылы Ɵзгɵндɵ башын алып, жогорку тиешелʏʏ тараптарга ɵткɵрʏп беришкен. Башын алган кайра эле кара-кулжалык киши орден-медаль менен сыйланат. Эми бʏгʏнкʏ кʏндɵ Жаныбек казынын, Айтмаректин же анын башын алган Маматбай аксакалдын урпактары менен жолуга турган болсок, ар кимисинин ɵз чындыгы бар. 

Басмачы атыккан Жаныбек казынын деле ашкан байлыгы болгон эмес 

-Ошол кезде совет бийлигинин карапайым элдин мал-мʏлкʏн тартып алып, жеке менчик болбосун, баарын мамлекетке бергиле деген саясатына каршы чыккан Жаныбек казы ɵңдʏʏ лидерлерди ошол кездеги ак ʏй-кɵй ʏйдɵ отурган биздин чиновниктер жок кылып атпайбы. Аты аталып эле жʏргɵн аттуу-баштуу инсандардын эле бирɵɵсʏ Сталинге “Жолдош Сталин, биз басмачылар, кулактар менен кʏрɵшʏʏгɵ алыбыз жетпей жатат, биринчиден, кошумча кʏч бериңиз, экинчиден, орто дыйкандарды да кулакка тартып, репрессия кылып жоготолу, себеби булар келечектеги совет бийлигинин душмандары” деп рапорт жазып, кол коюп, мɵɵрʏн басып, Москвага жɵнɵткɵн. Ал жакта турган Сталин Жаныбек казы басмачыбы же башкасыбы аны кайдан билет. Болгону мынчасын кулакка тарткыла, репрессия кылгыла деп тапшырма берип койгон. Жергиликтʏʏ чиновниктер баш ал десе бɵрк алып, ɵзʏнʏн кызмат ордун сактап калуу ʏчʏн жагынып-жасакерленип тапшырманы аткарышат. Андайлардын айынан 20-30-жылдары калктын каймактары, алдыңкы лидерлери басмачы, кулак аталып саясий мотивде репрессия кылынды. Ошентип, 1920-53-жылдарга чейин баарын жок кылып алып, 91-жылга чейин лидери жок СССРдин курамында жашадык. Басмачы Жаныбекпи, Аман палбанбы, Кɵршермат, Мойдунбек, Мадаминбек, Ади баарынын байлыгы болгон эмес. Мисалы, Гаип Пансат деген совет бийлигине кызмат кылган, милиция болгон. Караса совет бийлиги жергиликтʏʏ элди аша чаап эле мамиле жасап жатат, анан чыдабай басмачылар тарапка ɵткɵн. Совет бийлигине каршы чыккандыктан кийин аны мыкаачылык менен ɵлтʏрʏп, моюнун кесип кекиртегин чыгарып салышкан. Менде сʏрɵтʏ менен фактылар да бар. Ошол Ади, Мадаминбектер да бийликке кызмат кылып жʏрʏп кийин басмачыларга кошулган. Советтик тарых наамада Мойдунбекти терс каарман катары сʏрɵттɵйт, Жаныбек казыны куу адам катары. Аны оң жагына да карашыбыз керек. Куу, митаамдык негизи акылмандыктын белгиси. Акылдуу адам митаам болот. Аны кɵп ирет тузакка тʏшʏргɵнгɵ аракет кылышты, бирок тʏшпɵдʏ. Сʏйлɵшʏʏлɵргɵ барып “биздин бийликти тааны, биз менен кызматташ, жашооңо кепилдик беребиз” дешкен. Укту, бирок ɵз чечимине гана таянган. 

 “Басмачыларды колдоп турган актар ким болгон?”

-Жаныбек казынын качканы чын. Качкан басмачылардын кɵбʏ Кашкарды кɵздɵй, Афганистан аркылуу Тʏркияга, каерде орус бийлигинин буту жок болсо ошол жакка жер которуп кетишкен. Биз окуган учурда басмачылардын баары куралды “актардан” алып турган деп окутушту. Актар деген Англия, ал эми кызылдар совет бийлиги. Совет бийлиги басмачыларды куугунтуктаса, актар аларды колдоп, совет бийлигине каршы тукуруп турган делет. Акыры кызылдар баары бир ʏстɵмдʏк кылып, басмачыларды кууп чыкты. Алардын айрымдары качып, колго тʏшкɵнʏ ɵлдʏ, совет бийлиги менен кызматташканы кызматташты, кызматташканын кайра басмачы шериктери саткынсың деп ɵлтʏрдʏ. Мисалы, Мадаминбектин тагдыры да ошондой болгон. Совет бийлигине кызмат кылып жʏрʏп басмачылар тарапка ɵттʏ, кийин кайра бийлик тарапка ɵттʏ, анан берки санаалаш-пикирлеш болуп жʏргɵн шериктештери ɵлтʏрʏп салды. 

“Ɵрттɵлгɵн же бурмаланган тарыхый фактылар”

-Учурда архивдик жана элдик оозеки делген эки булак бар. Архивдик булактан басмачы делген кишилердин жасаган жакшылык иштери тууралуу кездеше бербейт. Анткени советтик система, 1991-жылга чейин аларды кууп атса, алар жɵнʏндɵ мактап архивге жазмак беле. Тескерисинче, алар жɵнʏндɵ чыныгы фактылардын ɵрттɵлгɵнʏн ɵрттɵп, бурмалаганын бурмалап жок кылды. Эл душманы атап кийинкилерге жек кɵрсɵтʏп койду. Кайра эле Жаныбектин урпактары аны басмачы деп окушту. Качан эгемендʏʏлʏктʏ алганда гана тарыхый чындыктарды талдай баштадык. Бирок, дагы деле кээ бир советтик-идеологиялык бурмаланган тарыхый саясаттан арыла албай жʏргɵндɵр бар. Элдик оозеки булактарда Жаныбек казынын эмгектери жɵнʏндɵ Ɵзгɵн, Кара-Кулжа элдеринен кɵп нерсени укса болот. Архивге таяныш керек, бирок бʏгʏнкʏ кʏндɵ Америка, Европада тарыхты изилдɵɵнʏн оозеки булактары деген абдан популярдуу болуп жаткан мезгил. Антсе элдик оозеки булактарды да ашырып ийбей, архивди тапкандан кийин элдик оозеки булактарды угуп кɵрʏʏ керек. Бири-бирине жакындаса чындыкка дал келет. Эгер экɵɵнʏн айырмасы чоң болуп калса айтуу кыйын. 

Суранчы Жетимишов, Кыргыз эл жазуучусу:

“Жаныбек казыны жер которууга аргасыз кылышкан” 

-Алгач кеңеш ɵкмɵтʏнʏн жоокерлери, кызылдар чынында баскынчылык менен келишкен. Жаңы коом тʏзʏп, карапайым элге силерди кеңеш ɵкмɵтʏ кылабыз деген сыяктуу саясаты менен келип, бай манаптарды, молдолорду жок кылышты. Ошентип, элдин баары аларды келген кʏндɵн жек кɵрʏшкɵн. Кийин М.В. Фрунзенин кеңеш ɵкмɵтʏнɵ жергиликтʏʏ элди да ɵзʏңɵргɵ тартасыңар деген талабы менен кайра саясат жʏргʏзʏштʏ. Ошол учурда басмачыларга кошулуп кеткен Жаныбек казы кайрадан кызылдар менен бирге колуна курал алып, басмачы аталгандарга, элди талоого алгандарга каршы кʏрɵшкɵ чыккан. Ошентип жʏргɵн кезде анын эч бир баскан-турганы, аракеттери кызылдарга, кеңеш ɵкмɵтʏнʏн ɵкʏлдɵрʏнɵ жакпай койду. Анан аркасынан куугун тʏшʏп, улам тʏшɵ беришкенде айласыздан коргонуш ʏчʏн таратып ийген жигиттерин кайра топтоп, тоого кеткен бойдон келбей койду. Ал эч бир жерди басып алып, бирɵɵнʏн мал-мʏлкʏн тартып алган эмес. Кеңеш ɵкмɵтʏ артынан кайра-кайра кат жɵнɵтʏп иштешкенге чакырды. Бирок ал макул болгон жок. Жаныбек казынын артынан куугун тʏшкɵндɵр “жакында келип элди талап-тонойт экен” дегендей ушактарды тарата беришкенде, аргасыз Кашкарга ооп кеткен. Жаныбек казы чын эле казылык милдетин аткарган. Элдин ишенимине кирип, калыстыгы менен эл таламын талашкан элдик адам болгон

“Жарака” тарыхый романы

-Чыгармачылык ɵтɵ оор иштердин бири. 2-3 жылда роман жаза коюу кыйын. Далил, фактыларды чогултуу керек. Ушинтип отуруп так мɵɵнɵттʏ айта албайм, романды жазууга 5-6 жылдай убакыт кетти. Биринчи китебим “Албуут дарек издери” деп аталып, мында да Жаныбек казы тууралуу окуялар камтылган. Ал эми экинчи китебиме “Жарака” деген ат коюп, Жаныбек казынын балалыганан баштап ɵлгɵнгɵ чейинки ɵмʏрʏ тууралуу, мʏмкʏн болушунча реалдуу нерсени берʏʏгɵ аракет кылдым.

Ажылдыз Тойчиева