27 июля, 2024

Мыйзамдуу жумуш – коопсуз миграция

Кыргызстандыктарды чет ɵлкɵдɵ ишке орноштурган 156 агенттик бар. Жалпы 26 мамлекетке жɵнɵтɵ алышат. Чет ɵлкɵгɵ кеткендердин укуктары, милдеттери, коопсуздугу, мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ тууралуу макаланы сунуштайбыз.

Самат Токтосунов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет ɵлкɵдɵ ишке орноштуруу борборунун тʏштʏк аймагы боюнча бɵлʏмʏнʏн башчысы :

-Самат мырза, чет ɵлкɵгɵ жумушка жиберебиз деген агенттиктер кɵп, ошолорду кɵзɵмɵлдɵй аласыздарбы?

-Борбордун негизги максаты Кыргыз Республикасынын жарандарына тышкы эмгек рыногунда ишке орношууга кɵмɵк кɵрсɵтʏʏ, чет ɵлкɵлɵрдɵ эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, республиканын аймагынан тышкары жерде каза болгон жарандардын сɵɵгʏн мекенине жеткирʏʏ боюнча чыгымдарын компенсациялоо болуп саналат. Жарандарды чет ɵлкɵгɵ ишке жɵнɵткɵн агенттиктердин ишмердʏʏлʏгʏнɵ да кɵзɵмɵл жʏргʏзʏп, тиешелʏʏ уруксат кагаздарын беребиз. Чет ɵлкɵгɵ барган жарандарга коопсуз миграция, мыйзамдуу ишке орношуу, иш берʏʏчʏ менен жумушчунун  негизги милдеттери, укуктары, эмгек келишимин тʏзʏʏдɵ эмнелерге маани берʏʏ керектиги жɵнʏндɵ маалыматтар берилет. Биздин бɵлʏм тарабынан 2023-жылы чет ɵлкɵдɵн жумуш издеген жалпы 11670 жаран кабыл алынды. 2023-жылы чет ɵлкɵдɵ кайтыш болгон жарандарынын сɵɵгʏн мекенине репатриациялоо боюнча чыгымдарга бир жолку тɵлɵм алуу ʏчʏн 181 адам кайрылды жана комиссиянын кароосунан кийин каражаттар тɵлɵнʏп берилди. migrant.kg  расмий сайтында коопсуз миграция маселелери, борбордун расмий сайтында жарыяланган ваканттык орундар, мыйзам алкагында иш жʏргʏзʏп жаткан ЖИАлар, чет ɵлкɵлɵрдɵ мыйзамдуу иштɵɵнʏн  жана жʏрʏм-турумдардын жол-жоболору  тууралуу кеңири  маалыматтар жана кеңештер такай берилʏʏдɵ. Мындан сырткары тʏз байланыштагы 1899 ишеним телефон номерине байланышып, тиешелʏʏ мааалыматтарды алса болот.

-Канча мамлекетке жɵнɵтɵ аласыздар? Негизги талаптар кандай?

-Биздин борбор жумушчуларды дʏйнɵ жʏзʏнʏн 16 мамлекетине жɵнɵтɵт. Ал эми лицензия алган жеке агенттиктер менен бирге жалпы 26 мамлекетке ишке жɵнɵтɵбʏз. Айрым ɵлкɵлɵр тил билʏʏсʏн, кесибин, билимин аныктаган документтерди талап кылат. Талаптардын эң жɵнɵкɵйʏ Улуу Британия ɵлкɵсʏндɵ. Айыл чарба жаатында физикалык жактан кʏчтʏʏ, ден соолугу чың болушу керек . Орус тилин билип, ɵз оюн тʏшʏндʏрʏп бере алса эле жетиштʏʏ. 2007-жылдан бери Тʏштʏк Корея менен тыгыз иштешебиз. Бул программага катышуу ʏчʏн жарандарыбыз корей тилин окуп, тесттен ɵтʏшсɵ, иш берʏʏчʏлɵр менен тʏздɵн тʏз келишим тʏзɵ алышат. Улуу Британиядагы сезондук айыл-чарба жумуштарына 18-45 жаштагылар, Корея Республикасына 18-39 жаштагылар жумушка кабыл алынышат. Перс булуңундагы ɵлкɵлɵрдɵ да жаш курагы боюнча айрым чектɵɵлɵр бар. Ал эми Россия Федерациясына жана башка мамлекеттерге баруучу жумушчулардын жаш курагы каралбайт.

Мамлекеттер жана ваканциялар боюнча потенциалдуу эмгек мигранттары Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына, Россиядагы курулуш, соода-сатык, чарбалык, коммуналдык иштерге, Перс булуңундагы ɵлкɵлɵрдɵгʏ, Корея Республикасындагы жана Евросоюзга кирген мамлекеттердеги тейлɵɵ жана кара жумуштарга кабыл алынышууда. 

Мисалга, 2024-жылдын 8-февралында Улуу Британиянын айыл чарбасында сезондук ишке орноштуруунун программасына катышууну каалаган кыргызстандыктарды «Hops Labor Ltd» оператору аркылуу онлайн-каттоодон ɵткɵрдʏ. Жети сааттык каттоодо 26 170 адам ɵз арыздарын беришкен, алардын ичинен 14 735 адам оператор тарабынан  биринчи тандоо этабынан ийгиликтʏʏ ɵткɵн.

Кореяга баруучу эмгек мигранттарына талаптар:

2024-жылдын 4-5-мартында Бишкекте, ал эми 6-7-мартында Ош шаарында Корея Республикасында иштɵɵнʏ каалагандарды каттоо пландалууда.

1) Кыргыз Республикасынын жарандары;

2) 18 жаштан 39 жашка чейин;

3) Корей тилин билʏʏ;

4) Кыргыз Республикасынан чыгуу боюнча чектɵɵлɵрʏ жок;

5) Кара жумушка жана монотондуу иштерди аткарууга медициналык каршы кɵрсɵткʏчтɵрʏ жок;

6) Буга чейин Корея Республикасынан депортацияланбаган;

7) Корея Республикасында Е-9 жана Е-10 визаларынынтʏрлɵрʏбоюнча жалпысынан 5 жылдан ашык жʏрʏʏ тарыхы жок.

Канча убакытка барууга болот?

-Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына 6 айга, Россиядагы курулуш, соода-сатык, чарбалык, коммуналдык иштерге келишимде кɵрсɵтʏлгɵн убакытка барышат. Кореяга 2 жылга барып, кийин бул мɵɵнɵттʏ дагы 2 жыл 10 айга узартса болот. Андан сырткары, жайында кыска мɵɵнɵттʏʏ, 3 айлык жумуштарга Тʏркия, Европанын Болгария, Германия жана башка ɵлкɵлɵрʏнɵ биздин жаш улан-кыздар, студенттер барышууда. Жайкы каникул учурунда 1-курс менен акыркы курстан тышкары студенттер студенттик виза менен эмгектенип келишʏʏдɵ.

Кɵйгɵйлɵр, укук бузуулардын себептери

-Жарандардын тышкы эмгек миграциясына байланыштуу кɵйгɵйлɵрдʏн себептерин аныктайсыздарбы?

-Тɵмɵнкʏдɵй терс факторлор жана тенденциялар аныкталууда:

эмгек мигранттарынын укуктук маселелер боюнча маалыматынын жоктугу, Кыргыз Республикасынын жана ишке барган мамлекеттердин эмгек миграциясы боюнча укуктук базасын жакшы билбестиги;

эмгек мигранты  болуп барган мамлекеттин кирʏʏ-чыгуу, жашоо, катталуу, эмгек, коомдук тартип, административдик укук бузуулар ж.б. мыйзамдарын билбестик;

жумушка барган мамлекеттерде экстремисттик же террористтик деп таанылган уюмдардын диний материалдарын гаджеттерде сактоо же алардын жолун тутунуу;

эмгек миграциясы тууралуу расмий маалымат булактарынын маалыматтарын начар пайдалануу;

интернеттеги маалыматтарга сын кɵз караштын жана сынчыл ой жʏгʏртʏʏнʏн жоктугу;

Биздин жарандарды чет ɵлкɵлɵрдɵ ишке орноштуруу укугуна уруксат албаган айрым мекемелердин же жеке адамдардын мыйзамсыз ишмердʏʏлʏгʏнɵ кабылуу. Ушунун айынан акчасын алдыруу, чет ɵлкɵдɵ кɵйгɵйлɵргɵ кабылуу, ишенчээктик сыяктуу себептерден улам кɵптɵгɵн эмгек мигранттары иштеп жʏргɵн мамлекеттерде укук бузууларга жол берип, административдик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине кириптер болуп калышууда. Ɵзгɵчɵ кɵп сандагы эмгек мигранттары массалык тʏрдɵ эмгектенип жаткан Россия Федерациясында бул кɵрʏнʏш кɵп. Кɵптɵгɵн биздин жарандар соттолуп, миңдеген адамдар РФдан мажбурланып чыгарылууда же РФга кирʏʏсʏнɵ чектɵɵлɵр коюлууда. Учурда 50 миңден ашуун адам «кара тизмеде» турат.

-Кɵйгɵйгɵ кабылбайын десе эмнени билиши зарыл?

-Жарандарды чет ɵлкɵдɵ ишке орноштуруу борборунун расмий сайтын жакшы пайдалануу;

интернеттеги расмий эмес булактардын, жеке адамдардын материалдарына ишене бербей, этият мамиле кылуу, сынчыл  ой жʏгʏртʏʏнʏ жана кɵз карашты калыптандыруу;

жарандарды чет ɵлкɵлɵрдɵ ишке орноштуруу боюнча ар тʏрдʏʏ жарнамаларды берген мекемелердин аталышын Жарандарды чет ɵлкɵдɵ ишке орноштуруу борборунун расмий сайтынан текшерʏʏ, уруксаты бар экендигин тактоо;

эмгек миграциясы тууралуу  расмий маалыматтарды пайдалануу;

бейтааныш адамдардын азгырыгына ишенбɵɵ;

эмгек мигранты  болуп барган мамлекеттин кирʏʏ-чыгуу, жашоо, катталуу, эмгек, коомдук тартип, административдик укук бузуулар, кылмыш-жаза, экстремизмге жана терроризмге каршы мыйзамдарын окуу, билʏʏ жана алардын талаптарын сактоо;

диний маалыматтарды гаджеттерде (мобилдик телефондордо, ноутбуктарда, ж.б.) сактабоо;

-«кара тизмеге» тʏшпɵɵгɵ аракет кылуу;

соттук, салыктык, штрафтык карыздарды ɵз убагында ʏзʏʏ;

РФга жɵнɵɵдɵн алдын ɵзʏн «кара тизмеден» текшерʏʏ, ж.б.

Учурда Борбордун маалыматтык киосктору Ош, Баткен, Бишкек, Жалал-Абад шаарларындагы аэропорттордо, темир жол бекеттеринде орнотулган.  Бул киосктордо “кара тизме” жана башка кɵптɵгɵн маалыматтар бар. Бардык каалоочулар эркин пайдалана алышат. 

-Чет ɵлкɵгɵ жумушка барып, бир ай иштеген соң акчасын бербей койгондор да кездешип жатпайбы. Эгерде биздин жарандар чет ɵлкɵдɵ алдамчылыкка кабылса кимге кайрыла алышат?

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ социалдык тармактар, интернет аркылуу Кыргызстандын аймагында катталбаган, Кыргызстандын мыйзамына баш ийбеген башка агенттиктер жана жеке адамдар кызматтарын сунуштап, алдамчылык кылган фактылар да кɵп. Алар элдин бул багытта маалыматы жоктугунан пайдаланышат. Акчаны башка компанияга же жеке жактарга котортуп алышат. Кийин бул алдамчылыкты аныктоо жана чара кɵрʏʏ боюнча кыйынчылыктар жаралат. Чет ɵлкɵдɵ кɵйгɵй жаралса, жарандар биринчи ишке киргизген агенттикке кайрылат. Эгер агенттик ошол талаптарын аткарбай же келишимдерге дал келбеген кызматтарды сунуштай турган болсо, аларды кɵзɵмɵлдɵɵчʏ биздин борборго, укук коргоо органдарына, андан сырткары ошол ɵлкɵдɵгʏ биздин элчилик кызматтарга кайрыла алат. Ал эми чет ɵлкɵдɵгʏ агенттиктер аркылуу ишке барган жарандардын кɵйгɵйʏн чечʏʏ кыйын. Бирок Кыргызстандын аймагындагы агенттик болсо, биздин мыйзамга баш ийгендиктен мигранттын маселесин чечʏʏ биз ʏчʏн жеңил.

Ишеним байланыштары:

-Эгерде Россия Федерациясынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары кандайдыр бир маселелерге кабылып калса (айлык маянасын бербей коюу, жумушунда жаракат алуу, юридикалык жардам алуу ж.б.) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Ɵкʏлчʏлʏгʏнɵ кайрылса болот. Ɵкʏлчʏлʏктʏн дареги: Москва шаары, Малая Полянка кɵчɵсʏ-7, строение-5№ Телефону: +7 495 197 76 71. Электрондукдареги: pred.mtsom@mail.ru

Кыргыз Республикасынын чет ɵлкɵлɵрдɵгʏ бардык элчиликтеринин, консулдук кызматтарынын, кыргыз жарандарын бириктирген диаспоралдык бирикмелердин телефондору, даректери migrant.kg сайтында жайгаштырылган.

Жарандарды чет ɵлкɵдɵ ишке орноштуруу борборунун адам сатуу жана эмгек миграциясы боюнча тʏз байланыш телефондору:1899,0800-00-00-189, 0312-641764, 0559-18-99-00, Ош шаары 0322-56632.

Самара Журабаева,  чет ɵлкɵгɵ жиберчʏ жеке компаниянын жетекчиси:

Германияга баруу ʏчʏн негизги талаптар: тил, жаш курак, диплом

-Чет элден жумуш менен камсыз болуш ʏчʏн эң биринчи немец тилин билʏʏсʏ керек. Мыйзамдуу, мыйзамсыз иштеген кɵп компаниялар бар. Тил билбесе деле жибере беребиз дегендердин баары калп деп айта аламын. Ɵзʏм Германияда окууну бʏткɵн жана бул багытта 15 жылдан ашык убакыттан бери жʏргɵн адам катары айтсам, тил билбесе барганга такыр мʏмкʏнчʏлʏк жок. Жок дегенде башкы деңгээлди (А1) билиш керек.  Тазалык иштеринде иштейм десе, анда, бир аз жогорку деңгээлдерди билиш керек болот. Экинчи маанилʏʏ нерсе –  жаш курагы. 18 жаштан 49 жашка чейинкилер гана барып эмгектенип, окуй алышат. ʏчʏнчʏсʏ ɵз багытында диплому болуусу зарыл.  Экономика, туризм, тамак-аш технологиясы, инженерия, энергетика, бизнес башкаруу, айыл чарба багыттары боюнча дипломдор керектелет. 

Баары мыйзамдуу тʏрдɵ

-2023-жылдын ноябрь айында Германиянын Эмгек министрлигинин мыйзамы, анын ичинен миграция боюнча жаңы мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзамда ʏчʏнчʏ мамлекеттин диплому бар жарандары Германияда эмгектене алат деген пункт бар. ʏчʏнчʏ мамлекеттерге биз да киребиз. Мыйзамдуу тʏрдɵ 1 жылдан 5 жылга чейин жумуш визасын ачып иштегенге мʏмкʏн. Буга чейин студенттер 3 айга гана барып иштеп келишчʏ.  Андыктан мыйзамдуу тʏрдɵ 3 айдан 5 жылга чейин биздин Германияга жиберʏʏ боюнча 7 программабыз менен жумушка барса болот.

“ʏй-бʏлɵлʏʏлɵр да бара алышат”

-Азыркы кезде аял-кʏйɵɵсʏ менен барып иштеп жатышат. ʏй-бʏлɵсʏ менен барууну каалагандарга бир жерде иштеп, бир жерде жашаганга мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏп бере алабыз. Бирок, балдары менен барабыз дегендер болсо, мисалы, 3 жаштан баштап мектеп курагындагы балдар менен кеткенге мʏмкʏнчʏлʏк жок. Бул логикалык жактан дагы туура келбейт. Анткени, ɵмʏрʏ барбаган жерге барып иштейби, же балдарына мектеп, бакча таап, бала менен алек болушабы деген суроо бар. Бирок кийин чакыртып алса болот. Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин сайтында “ʏй-бʏлɵгɵ кошулуу”  деген бɵлʏм боюнча кеңири маалымат бар. Германияда 6 айдан ашык иштегенден кийин акыркы иштеген 6 айлык эмгек акысы ɵздɵрʏнɵн сырткары 1-2 баланы камсыздаганга жетсе, Германиядагы элчиликте финансы жактан тастыкталгандан кийин балдарын чакыртып алса болот.

“Германияга окууга тапшырса болот”

-Кыргызстандын жарандары Германияга мыйзамдуу тʏрдɵ окууга тапшыра алат. Акыркы эки жыл ичинде Германияга окууга тапшырып жаткан 18-19 жаштагы жарандар аябай кɵп. Кадимки эле колледж, университеттерине  тапшырышат. Анткени, Германияда билим бекер. Контракт деген нерсе жок. Окууга барган студентке айына  90 миңден 120 миң сомго чейин стипендия тɵлɵп берет. 

Документи качан кайтарылат?

-Биз 100 пайыз кепилдик беребиз деп айта албайбыз. Себеби, визаны  Кыргызстандагы Германиянын элчилиги берет. Эгерде талаптарга жооп берсе, тил билсе, документи биз жактан дагы так болот. 50 адамдан 1-2 адам тил деңгээли жетишсиз болуп, маектешʏʏдɵн ɵтпɵй калышы мʏмкʏн. Аябай кылдат даярдап, анан элчилик менен маектешʏʏнʏ макулдашып беребиз. Эгер кандайдыр бир документтерин эпчилдик кылып ɵздɵрʏ жасай калса да кайтарылат. Башка учурларда дайым эле визасын алып, жакшы, ийгиликтʏʏ иштеп келишет. Буга чейин иштеп акысын ала албай калган, укук бузууларга дуушар болгондор боло элек. Себеби, Германияда миграция боюнча мыйзамдар жакшы  иштейт. 1 саат ашыкча иштесе, ал ʏчʏн да тɵлɵп беришет. Кокус андай жагдайлар болсо, биз жумуш берʏʏчʏ менен байланышып, тактап баарын мыйзам чегинде карайбыз. Германия Европада эмгек миграция багытында калыс, адилеттʏʏлʏгʏ жагынан статистика боюнча биринчи орунда турат.

Маматали кызы Бʏкалча