27 июля, 2024

Китепкɵй жаштар

Илимий изилдɵɵлɵр кɵрсɵткɵндɵй, китеп окуу коомдогу жɵндɵмдɵрдʏ жогорулатат. Китепти кɵп окуган адамдар башкалар менен тез тил табышып, кыйын учурлардан чыгуусуна, керек болсо жакшы кɵргɵн адамын тʏшʏнʏʏгɵ да жеңилирээк болорун адистер айтып кетишет. Мезгилдин ɵзгɵрʏʏсʏнɵ таянып, китеп окуган жаштар дагы кɵбɵйʏʏдɵ. Китепкɵй жаштар Чолпонбек Мааданбек уулу жана Тɵлɵнбай Таалайбеков китеп дʏйнɵсʏнɵ сʏңгʏп киргендер.

“8 жылда китепканадагы бардык китептерди 2-3 жолу кайталап окуп чыктым”

Ош шаарынын борбордук китепканасына 8 жылдан бери каттап, китептерди калтырбай окуган 25 жаштагы Чолпонбек  Мааданбек уулу:

— Айылда жʏргɵндɵ эски китептер кɵп эле. Ошолорду окучумун. Шаардык китепканага 2016-жылдын январь айынан бери келем. Бош убакытым кɵп болгондо, китепкана жабылгыча китеп окуп отурам. Окуган китептерим 100 пайыз кыргыз тилинде болсо, 80 пайызы тарых жɵнʏндɵ. Калган 20 пайызы адабият жааты. Китеп эле эмес, гезиттерди да калтырбай окуйм. Мен ʏчʏн таасирдʏʏ китеп кыргыздардын тарыхы жɵнʏндɵгʏ китептер.

“Соц тармактарын колдонбойм”

-Соц тармактарга такыр кызыкпайым.Телефонду байланышып туруу ʏчʏн гана колдоном. Жадакалса айылда окуп жʏргɵн кичинекей мезгилимде дагы телевизор кɵрчʏ эмесмин. ʏйдɵгʏлɵр кɵрсɵ, китепти кɵтɵрʏп, тынч жер издеп чыгып кетчʏмʏн. Китеп мага кызыктуу болсо окуган жерим тынч болсо, дээрлик 50% тʏшʏнɵм.

“Лидерлер моюн сунбайт” китебинин автору Тɵлɵнбай Таалайбеков:

 “Менин китебим меники гана болушу керек”

-Китеп окуганга 9-классымдан кызыгып баштадым. Китептерди жɵн эле окуп койбостон  авторлор менен жолугууга дагы жетиштим. Университетти бʏтʏп жатканымда бир чемодан кийим эмес, бир чемодан китеп менен бʏтɵм деп ниет кылганмын. Чын эле ошол ниетим ишке ашып, бир китептен башталган китеп текчем окууну бʏткʏчɵ толду. Толуп эле калбастан, дагы да текчелерди кошконго туура келди. Жеке ɵзʏм чогулткан китептерим 200дʏн тегерегине барып калат.

“Финансылык сабаттуулугумду арттырайын деп жатам”

-Мен алгач китеп окуп баштаганымда адабият жаатына кɵбʏрɵɵк кызыкчумун. Дʏйнɵлʏк адабияттарынан Марк Твен, Жек Лондон сыяктуу жазуучулардын чыгармаларын окучумун. Андан кийин которулган китептерге  басым жасап баштадым. Акыркы эки жылдан бери бала тарбиясы жɵнʏндɵгʏ ʏй-бʏлɵлʏк китептерди кɵбʏрɵɵк окуп жʏрɵм. Учурда финансылык сабаттуулугумду арттырайын деп финансы жаатындагы китептерди окуп жатам.

“Ɵзгɵчɵ таасир калтырган китептер…”

-Кыргыз адабиятындагы “Маркумдар ʏнʏ” китебин баары эле окуп чыккан болушу керек. Бул китепти окусаң, ошол доордогу адамдар менен чогуу жашап, кɵзʏ ɵтʏп кетсе дагы арасында чогуу жʏргɵндɵй сезинесиң. Мага ɵзгɵчɵ таасир берген, ичине батырып алып кирген ушул китеп болду. Австриялык жазуучу Стеван Звейгдин “Шахмат” жɵнʏндɵ китеби бар. Философиялык, психологиялык мааниси терең китептерге кирет. Бир окуянын артынан кууп жетпей турган китеп. Бул да болсо ɵзгɵчɵ таасир калтырган.  Неджметтин Эрбакандын “Даван” деген китеби бар. Бул да керемет жазылган китептерден.

“Китепти сатып алып гана окуйм”

-Мен китепти дайыма сатып алып окуйм. Бирɵɵнʏн эски китеби болсо дагы «мага сат, болбосо белек кыл» деп эле айтам. Себеби менин китебим, меники гана болушу керек. Менден кийин менин ʏй-бʏлɵмɵ, балдарыма китептеримди мураска калтыргым келет. Ошондуктан  да ар дайым сатып алып окуганга аракет кылам.

 “Кино сыяктуу кɵрʏп окуйм…”

-Мен китепти жакшы тʏшʏнʏʏ ʏчʏн каармандарга аралашып кеткенди жактырам. Кɵз алдыма келтирип, кино сыяктуу кɵрʏп окуганга аракет кылам. Ɵзʏмдʏ каармандар менен кошо жʏргɵндɵй элестетʏʏ менен окуганды жакшы кɵрɵм.

“Кɵп окуунун натыйжасында китеп жазганга жетиштим”

-Китебимди мен 3-курсумда чыгардым. Биз политологияны окудук. Мага Африка ɵлкɵсʏнɵн Нельнсон Мандела жɵнʏндɵ тема келип, ал киши 27 жыл тʏрмɵдɵ олтуруп, андан чыгып президент болгону  аябай кызыктуу болду. Чехия мамлекетинде дагы окуганмын. Ошол жакта жʏргɵндɵ англис тилин жакшы ɵрчʏтʏш ʏчʏн англисче фразаларды, кыргыз тилине которуу мага жакчу. Кийин лидерлер жɵнʏндɵ маалыматтарды топтоп, Тʏркияда окуп, тʏрк тилинен дагы которуп жʏрдʏм. Ар жактан, ар тилден маалыматтарды топтоп китеп чыгаргым келди. Бул китепти ɵзʏн-ɵзʏ артка тарткан, чɵгʏп кеткен, ʏмʏтʏ жок окуучуларга мотивация болуусу ʏчʏн жазганмын.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы