8 сентября, 2024

Санариптештирʏʏ – мезгил талабы

2018-жылдан тарта ɵлкɵ ɵнʏгʏʏ жолун улай санариптештирʏʏ жылын кабыл алган. Ошондон бери бир топ ɵзгɵрʏʏлɵр болуп, мекеме, ишканалар, билим берʏʏ, саламаттыкты сактоо уюмдары санариптештирʏʏнʏ жакшы жолго коё алды. Биз бул жолу шаардагы саламаттыкты сактоо жана билим берʏʏ тармагындагы санариптештирʏʏ боюнча сɵз кылабыз.

Жанара Токсонбаева, Ош шаардык ʏй-бʏлɵлʏк медицина борборунун директорунун орун басары.

Эмдɵɵлɵр тууралуу сертификат мобилдик тиркемеңизде

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ медициналык тармакта санариптештирʏʏ жигердʏʏ ишке ашырылып жатат. Электрондук онлайн кезекке туруу бейтаптарга жана медицина кызматкерлерине бир топ ыңгайлуулук жаратууда. Бейтаптын электрондук амбулатордук китепчеси ишке кирди, ага лаборатория байланышкан. Эмгекке жарамсыздык баракчасы онлайн жазылууда. Эмдɵɵлɵр жɵнʏндɵ маалымат онлайн катталып, жарандар “Тʏндʏк” тиркемесинен сертификат чыгарып алса болот. Бейтаптардын амбулатордук китепчесиндеги маалыматтар, ɵзгɵчɵ онлайн жазылган дарыга рецепттер, лабораториянын анализ жыйынтыктары, эмгекке жарамсыздык баракчасы бейтаптын санарип профилинде жайгашат. Ал маалыматтарды да жогоруда айтылгандай “Тʏндʏк” ден соолук санарип профилинен билип алууга мʏмкʏн.

Дарыгерге онлайн жазылуу ʏчʏн:

1. mis.med.kg шилтемеси аркылуу системага кирʏʏ.

2. Жеке ПИН жана мобилдик телефон номер кɵрсɵтʏлʏп, “кийинки” баскычы басылат.

3. Адисти тандоо.

4. Жазуу кʏнʏ, убактысы тандалып, “катталуу” баскычы басылат.

5. Ийгиликтʏʏ жазылганы жана талон кɵрсɵтʏлɵт.

Билим берʏʏдɵгʏ санариптештирʏʏ

Ибрагим Каримов, Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын усулчусу:

-2018-жылды санариптештирʏʏ жылы деп жарыялагандан кийин Билим берʏʏ жана илим министрлигинин буйругу менен Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгына караштуу 54 мектепте 1-класстарды кабыл алуу электрондук тартипке ɵткɵн. 49 бала бакчадагы кезек кʏтʏʏлɵр да электрондоштурулган. 2019-жылы электрондук кабыл алуу долбоор катары кирип жактырылган, ошондон бери колдонулуп келе жатат. Коррупцияны алдын алуунун эффективдʏʏ ыкмасы десек болот. Мындан сырткары билим берʏʏнʏн маалыматтык системасы да бар. Ош шаарындагы жалпы жеке менчик мектептер менен бала бакчалар да ушул системага киргизилген. Бул система аркылуу бардык маалыматтарды ачык кɵрʏʏгɵ болот. Мисалы, мектепте эмгектенген мугалимдердин саны, окуган окуучулардын саны.

“Мурда мугалимдердин кагаз иштери аябай кɵп болсо, бʏгʏн кɵпчʏлʏгʏ электрондоштурулган”

2022-жылы шаардагы 31 мектепке электрондук китепкана ʏчʏн компьютерлер берилди. Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгына караштуу 3900 мугалим “санарип мугалим” деген окуудан ɵтʏп, сертификат алышты. Ар бир мектепке илимий багыт боюнча медиа борборлор ачылып, “Ош билим” хештеги аркылуу ɵзʏнʏн мектептеринде болуп жаткан иштерин жарыялап турушат. Коррупцияны алдын алуудан сырткары окуучулардын маданий-эстетикалык жʏрʏм-туруму боюнча, интернеттеги маалыматтардын коопсуздугу боюнча санариптештирʏʏ ɵтɵ маанилʏʏ иш-чара болуп эсептелет. Кыргыз Республикасы боюнча Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгы биринчилерден болуп Инфодокс системасына мектеп, бала-бакчалардан бери улаганга жетишкен. Мектеп жана бала-бакчаларды кошуп коопсуздук ʏчʏн жалпы 800 видеокɵзɵмɵл орнотконбуз. Санариптештирʏʏ башталгандан бери статистикалык маалыматтар жана жыйынтыктоочу отчеттордун баары электрондук тартипке ɵткɵрʏлдʏ. Билесиздер, мурда мугалимдерде кагаз иштери аябай кɵп болгон, бʏгʏнкʏ кʏндɵ кагаз иштери бир топ кыскарган.