27 июля, 2024

Тɵрɵт учурундагы энелердин ɵлʏмʏнɵ эмне себеп болууда?

Бʏткʏл дʏйнɵлʏк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстанда ар бир тɵрɵт учурунда 100 миң аялдын 76сы каза болот. Жыл башынан бери биринин артынан бири катталган эне ɵлʏмʏ боюнча фактылар коомчулукту бир топ кабатырга салды. Ɵлʏмдʏн себеби эмнеде? Ош облустук тɵрɵт ʏйʏндɵгʏ абал кандай? Тɵрɵт стационарынын башчысы Асылкан Асановага суроолорду узатканбыз.

-“Тɵрɵттɵн кɵзʏ ɵтʏптʏр” деген жаңылык чыккан сайын жаш кыз-келиндерге терс таасир калтырып, кооптонууну жаратууда. Эне ɵлʏмʏнʏн негизги себеби эмне болууда?

-Энелердин ɵлʏмʏнʏн негизги себеби болуп, экстрагениталдык оорулар менен коштолгон кош бойлуулук жана кош бойлуулуктун оор кабылдоолору  болуп саналат. Экстрагениталдык оорулар деген кош бойлуулук менен байланышпаган оору, мисалы, аялдын  жʏрɵк оорусу, бɵйрɵк оорусу же кызыл жʏгʏрʏк сыяктуу системалуу оорулары болушу мʏмкʏн.  Ал эми ымыркайлардын мерт болуу себептери тɵмɵнкʏлɵр: эгерде аялдын кан басымы жогоруласа, ɵнɵкɵт оорулары кʏчɵп кетип ɵмʏрʏнɵ коркунуч туулса, каканак суусу кетип, инфекциянын белгилери пайда болсо, мɵɵнɵтʏнɵн эрте тɵрɵтʏлʏп, балдар ай кʏнʏнɵ жетпей калат. Мындай учурда балдар арасында салмагы ɵтɵ кичине, тагыраагы, 500 граммдан 1 килограммга чейин, жашап кетʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏ тɵмɵн болуп, чарчап калган учурлар болот. Андан сырткары тубаса кемтик оорулар кʏмɵн болгон тʏйʏлдʏктɵ ɵз убагында такталбай, кеч диагноз коюлгандыгына байланыштуу, тубаса кемтик менен тɵрɵлʏʏ да ымыркайлардын ɵлʏмʏнɵ себеп болот. Келечекте эне болчу аялдар ɵз убагында каттоого туруусу зарыл. Тʏйʏлдʏктʏн 12 жана 20 апталыгында УЗИ скринингге эки ирет, профилактика  ʏчʏн аспирин, фолий кислотасы жана йодомарин, кан дарыларын ичʏʏ сунушталат. Айрым келиндер врачтын айтканын жасабай, убагында текшерилбей, бир аз кайдыгер карашат. Бул туура эмес, ɵзʏнʏн ден соолугунан сырткары тɵрɵлɵ турчу баланын ден соолугуна да жоопкерчиликтʏʏ болууга ар бир аял жана жакындары милдеттʏʏ.

-Тɵрɵт ʏйʏндɵ каралбай калуудан корккондор да жок эмес, андан кɵрɵ жеке менчик ооруканаларга барууну эп кɵрʏшʏʏдɵ. Негизи мамлекеттик тɵрɵт ʏйʏнɵ келгенде ошол аялга кимдир бирɵɵ жооптуу болобу?

-Мамлекеттик тɵрɵт ʏйлɵрʏнɵн кооптонуу негизсиз деп эсептейм. Кантсе да мында жоопкерчилик жогору. Туура, тɵрɵгɵнʏ келген убакта кабыл алган кʏзɵт алмашып, акушер да алмашып калуусу мʏмкʏн. Бирок, эч ким жооптуу болбой калбайт. Каралбай калат деген туура эмес. Ар бир тɵрɵттʏ кабыл алган акушер жана дарыгерлер келген аялга жооптуу болуп эсептелет.

-Аял тɵрɵгɵнгɵ чейин жанына апасын же кайненесин киргизип каратып турууга уруксат берилеби?

-2021-жылга чейин ɵнɵктɵш тɵрɵттɵр, тагыраагы жакындары кирип каралашып келген жагдай 90%ды тʏзʏп келген. Бирок,  ковид-19 пандемиясынан кийин Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругунун негизинде инфекциялык оорулардын алдын алуу максатында ɵнɵктɵш тɵрɵт токтотулган.

-Ɵткɵн жылы энелердин ɵлʏмʏнʏн кɵрсɵткʏчʏ канчаны тʏздʏ?

-Облустук тɵрɵт стационарында 2023-жылы 8357 тɵрɵт кабыл алынган (2022-жылы, 7739). Биздин стационарга тʏштʏк региону боюнча кош бойлуулуктагы оор кабылдоолор менен жана экстрагениталдык оорулар менен коштолгон кош бойлуу аялдар жɵнɵтʏлɵт. Энелик ɵлʏмдʏн кɵрсɵткʏчʏ ɵткɵн жылга караганда тɵмɵндɵгɵн. 2022-жылы 78 промилле болсо, 2023-жылы 48 промиллени тʏздʏ. Тилекке каршы акыркы жылдары оор кабылдоолор да кɵбɵйгɵн. Жылдан жылга патологиялык тɵрɵттʏн саны да кɵбɵйʏʏдɵ. 2022-жылы 85.5 пайызды тʏзсɵ, 2023-жылы 86.7 пайызды тʏзгɵн (2021-жылы 84.5%) . Кош бойлуулуктагы гипертезиялык бузулуулар кабыл алынган тɵрɵттʏн 15,9 %ын тʏзɵт. Ал эми инфекциянын белгиси болгон, кээ бир учурларда оор кабылдоолорго алып келе турган каканак суунун эрте кетʏʏсʏ да жылдан жылга кɵбɵйʏʏдɵ. 2022-жылы 18,2%ды, 2023-жылы 25,5% га кɵтɵрʏлгɵн.

Перинаталдык ɵлʏмдʏн кɵрсɵткʏчʏнʏн аз да болсо тɵмɵндɵɵ динамикасы бар. 2022-жылы 29,3 промилле, 2023-жылы 28,9 промилле катталган. Анын ичинен эрте неонаталдык ɵлʏмдʏн кɵрсɵткʏчʏ 500 граммдан 999 граммга чейинки балдардын чарчап калуу кɵрсɵткʏчʏ жогорулаган, 2022-жылы 7,6 промилле, 2023-жылы 9,4 промилле. Бул негизинен кош бойлуу аялдын кош бойлуулукка чейинки ден соолугунан кɵз каранды.

Айжылдыз Тойчиева