27 июля, 2024

Шаар аймагы эки эсеге кеңейди

Административдик-аймактык реформанын негизги максаты региондордун социалдык-экономикалык жана табигый-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдаланып, айыл-аймактарында жана шаарларда социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу. Жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, кызматтардын сапатын жакшыртуу, калктын бакубаттуулугун камсыздоо болуп саналат.Президенттин жарлыгы менен ушул жылдан административдик-аймактарга реформа жʏрʏп, аймактар такталып, бириктирʏʏ иштери жʏрʏʏдɵ. Мына ушул жаатта Ош шаарынын аймагында административдик-аймактык реформа кандай жʏрʏп жатат? Ош шаарынын мэриясынын экономика жана финансы бɵлʏмʏнʏн башчысы Эрлан Атабаев жооп берет.

“Кызыл-Кыштак жана Тɵлɵйкɵн айыл ɵкмɵттɵрʏ толугу менен шаарга кошулуп жатат”

-Эрлан мырза, шаарга кайсы аймактар ɵтɵт, бул боюнча кандай иштер жʏрʏʏдɵ?

-Ош шаарынын административдик-аймактык тʏзʏлʏшʏн андан ары ɵркʏндɵтʏʏ, аймактын туруктуу ɵнʏгʏʏсʏн камсыз кылууда материалдык жана финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, региондо калкка кɵрсɵтʏлʏʏчʏ мамлекеттик, социалдык жана тейлɵɵ кызматтарынын жеткиликтʏʏлʏгʏн жана сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнʏн 2016-жылдын 29-мартындагы № 160 “2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планы жɵнʏндɵ” токтомун ишке ашыруунун алкагында Ош шаарынын административдик- аймактык тʏзʏлʏшʏнʏн жаңы моделинин долбоору иштелип чыгып, жогорку органдардын кароосуна сунушталып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл-аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жʏргʏзʏʏ жɵнʏндɵ” Жарлыгына ылайык долбоор жактырылды.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош шаарынын жалпы аянты 18 300 гектарды тʏзʏп, административдик-аймактык жактан 6 муниципалдык аймак жана 1 айылдык аймакка (Жапалак) бɵлʏнгɵн. Шаардын калкы расмий статистикалык маалыматтар боюнча 365 миң адам болсо, ички миграцияны эсепке алганда шаарда андан ашык адам жашайт.

Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкʏлчʏлʏгʏ менен макулдашуунун жыйынтыгында шаарга чектеш жайгашкан Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак, Тɵлɵйкɵн айыл аймагы, Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала, Жим, Жийделик участкалары, ошондой эле шаардын ичинде анклав болуп турган Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Ак-Буура  1,2,3,4 участкалары, Шарк айыл аймагынын Имам-Ата участкасы Ош шаарына кошулууда.

-Шаар кеңейсе, маселе, кɵйгɵйлɵрʏ да кɵбɵйɵт эмеспи…Кандай долбоор-пландар бар?

-Туура. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош шаарына чектеш жайгашкан айылдардын жана шаардын ичиндеги анклавдардын тургундары Ош шаарынын коммуналдык, транспорттук, саламаттыкты сактоо, билим берʏʏ жана социалдык мекемелеринин кызматтарын пайдаланып келʏʏдɵ. Натыйжада шаардык мекеме-ишканалар иш жʏзʏндɵ 400-500 миңден ашуун жарандарды тейлеп, андан сырткары шаардагы мекеме-ишканаларда чектеш айылдардын тургундары эмгектенип келишет.

Анклавдар да кɵп жылдан бери шаар аймагында туруп, бирок Кара-Суу районуна карап келген. Атап айтсак шаардын борборунда жайгашкан Дыйкан-Кыштак участогу бар. Бул аймактагы жолдордун айрым бɵлʏктɵрʏ каралбай калган. Мисалы Амир-Темир (Калинин) кɵчɵсʏ. Шаар тургундары жана шаарга келген коноктор “жолду оңдоп бергиле” деген талаптарын коюп келген, бʏгʏн ошол кɵйгɵйлɵрдʏ да чечкенге мʏмкʏнчʏлʏк жаралды.

Ɵткɵн жылы Кызыл-Кыштак аймагынан ɵткɵн Ленин кɵчɵсʏн шаардын балансына алып, толук асфальт тɵшɵп, тротуар куруп, жарыктандырууларды орнотуп, пайдаланууга бергенбиз. Бул иштерди улантып, буюрса шаар ичиндеги кɵчɵлɵрдʏ оңдоону пландап жатабыз.

Административдик-аймактык реформаны жʏргʏзʏʏдɵн кийин шаардын аянты эки эсеге кеңейип, тактап айтканда, 18300 гектардан 37 500 гектарга чейин кеңейип, шаар калкынын саны 500,0 миң адамга жетет.

Бул ɵнɵктʏк жалпы мамлекеттик деңгээлде жʏргʏзʏлʏп жатат. Бул демилгени жалпы шаар тургундары колдоого алып жатышат. Баары тʏшʏнʏʏ менен кабыл алышууда. Алдыда бул багытта мыйзам долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилип, чечим кабыл алынат.

“Эки айыл ɵкмɵт менен макулдашып, ɵнʏктʏрʏʏ пландары иштелип жатат”

-Азыркы мезгилде дʏйнɵ калкынын санынын кескин кɵбɵйʏʏсʏ, анын ичинде дʏйнɵлʏк урбанизациянын тездик темп менен ɵсʏʏсʏнɵ байланыштуу ɵлкɵдɵгʏ урбанизация жана анын алкагында шаарлардын сандык ɵсʏʏсʏн жана аймактык кеңейʏʏсʏн жаңыча кɵз карашта кароону талап кылып жатат.

Дʏйнɵлʏк тенденциядан артта калбай, Ош шаарынын аймагын кеңейтип, шаарга ɵтʏʏчʏ айыл аймактары дотациядан чыгарып, толугу менен жергиликтʏʏ бюджеттин каржылоосуна ɵткɵрʏп, ɵздɵрʏнʏн бюджети, ɵнʏгʏʏ планы, кесипкɵй адистери, чакан жана оптималдуу башкаруу тобу тʏзʏлʏп, толук кандуу аймак болот.

Шаар аймагына ɵткɵн айыл аймактарын ɵнʏктʏрʏʏ боюнча ɵзʏбʏздʏн пландарды иштеп чыкканбыз, концепциябыз бар. Эки айыл ɵкмɵт менен макулдашылып, 2024-2026-жылдарга ɵнʏктʏрʏʏ пландары жазылып жатат. Экономикалык жактан ɵнʏктʏрʏʏ боюнча дагы долбоорлорубуз иштелʏʏдɵ.

Шаардын узак мɵɵнɵттʏʏ социалдык-экономикалык ɵнʏгʏʏсʏнʏн негизги максаты – жаңы илимий-техникалык структурага жана маалыматтык-ɵндʏрʏштʏк технологияларга негизделген кɵп секторлуу социалдык багыттагы рынок экономикасын тʏзʏʏ жана жаңы сапат стандарттарына ɵтʏʏ,  ошондой эле Ош шаарынын калкынын жашоо шартын жакшыртуу.

Негизги милдеттер шаардын материалдык, илимий-техникалык, финансылык-экономикалык жана социалдык базасын жана инфраструктурасын калыптандыруу жана ɵнʏктʏрʏʏ, анын туруктуу экономикалык ɵсʏштʏн траекториясына чыгууга мʏмкʏндʏк берет.

Социалдык-экономикалык ɵнʏктʏрʏʏ концепцияларында каралган милдеттерди ийгиликтʏʏ ишке ашыруу ʏчʏн Ош шаары тʏштʏк борбор катары шаардын статусуна, жайгашкан жерине жана тарыхына, анын жогорку ресурстук потенциалына байланыштуу кеңири инвестициялык мʏмкʏнчʏлʏктɵргɵ ээ.

Ушуга байланыштуу административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу, башкаруучулук системанын натыйжалуулугун жогорулатуу жɵнʏндɵ маселе курч турат, башкача айтканда шаарды кеңейтʏʏ менен башкаруу системасын, максаттуу куруу башкаруунун бардык деңгээлдеринде экономикалык мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ ишке ашырууга тʏздɵн-тʏз таасирин тийгизет.

Айжылдыз Тойчиева