Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту
Анда 2023-жылы аймактык башкармалыкта аткарылган жумуштар жана элден келип түшкөн кайрылуулардын негизинде аткарылган жумуштар боюнча жетекчинин маалыматы угулду. Анын негизинде жашоочулар аймакта орун алган айрым көйгөйлүү маселелер боюнча өздөрүнүн суроолорун беришти.
Алсак, аймакта айрым көчөлөрдө жолдорду асфальттоо, тротуарларды, мектептерде жаңы туалеттерди куруу, балдарга ысык тамактарды, муниципалдык маршруттук каттамдардын санын көбөйтүү, канализацияга коштуруу, көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы мыйзамсыз курулуштарга чара көрүү, экология, жол тыгынын алдын алуу жана жоюу маселелерин көтөрүштү.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жарандардын кайрылууларына жооп берүү менен бирге айтылган маселелер боюнча жерине барып, жакындан өзү таанышып, келээрин билдирди. Ошондой эле жыйында көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди. Шаарга жакында Өзбекстандан 100 автобус, Бишкек шаарынан 100 троллейбус келерин кошумчалады.



Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды