18 октября, 2024

2023-жылдын 9 айында Кыргыз  Республикасынын Жер мыйзамдарын бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу жөнүндө

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын  Жер жөнүндөгү мыйзамдарынын аткарылышы боюнча 2023-жылдын 9 айында жалпысынан 31 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 91 мыйзам бузуучулуктар аныкталып, 21 сунуштама жана 8 талап прокурордук актылары келтирилген.

Келтирилген прокурордук актылардын негизинде 3 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылып, мамлекетке 7 277 340 сом акчалай түрдө жана 41 451 500 сом накталай түрдө өндүрүлгөн.

Ошону менен бирге 18 доо арыздар келтирилип, 3 кылмыш иштери козголуп, күнөөлүү кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан.

Мисалы: Ош шаарынын мэриясынын 2007-жылдын 17-июлундагы №1351 сандуу токтому менен Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүнөн 404 ч.м. жер тилкеси жаран Т.К. мыйзамсыз жеке менчикке берилип, анын негизинде жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты алынган.

Бул факты боюнча Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан сот органдарына доо арыздар келтирилип, Ош шаардык жана Ош областтык административдик иштер боюнча сотунун чечимдери менен доо арыздар канааттандырылып, ал соттук актылар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аныктамалары менен күчүндө калган.

Жер тилкенин бүгүнкү күндөгү баасы 20 200 000 сомду түзгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Ош шаарынын мэринин наамына прокурордук актысы талап келтирилип, аталган жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылган.

Ош шаарынын прокуратурасынын

бөлүмдүн улук прокурору Н.Жумаев