6 июля, 2025

Тузду аз колдонуу керек

Кыргызстан үчүн  Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо жаатындагы эксперттери тарабынан иштелип чыккан статистика боюнча калк тузду  2,5 көп пайдаланышат. Тузду ашыкча керектөө жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүүсүнүн жогорку тобокелчилигине алып келиши мүмкүн. Кыргыз Республикасында эрте өлүмдөрдүн 80%га жакыны жугуштуу эмес оорулардын 4-тобуна туура келет: жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, респиратордук өнөкөт оорулар жана кант диабети. Жугуштуу эмес оорулардын негизги тобокелдик факторлору болуп тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, кыймылсыздык жана спирт ичимдиктерин зыяндуу колдонуу сыяктуу жүрүм турум факторлору саналат.

Биздин өлкөдө байкалган туздун жогорку деңгээли жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун жогорулаткан жогорку кан басымынын өнүгүсүүнүн коркунучтуу факторлорунун бири болуп саналат.

Натрийди керектөөнү азайтуу-калктын ден соолугун чыңдоонун жана жугуштуу эмес оорулардын жүгүн азайтуунун эң үнөмдүү жолдорунун бири  болуп саналат.

Тузду көп өлчөмдө керектөө жогорку кан басымдын-инсульт тобокелчилигинин фактору, жүрөк-кан тамыр оорулары жана бөйрөк ооруларынын өнүгүү ыктымалдуулугун жогорулатат.

Туздун негизги тамак-аш булактары:

-тамак даярдоо учурунда кошулуучу туз

-дастаркондо кошулуучу туз

-жеңил тамактарда, соус, туздалган азыктар, сыр, нан жана башка ушул сыяктуу азыктарда камтылган туз

-Көптөгөн кайра иштетилген азыктарда,нан азыктарында, фастфудда, коомдук тамактануу жайларындагы тамактарда камтылган туз

Тузду керектөөнү үй шартында кантип кыскартуу зарыл?

Тамак даядоо учурунда туз кошпоо

Натрийди аз камтыган тамак-аш азыктарын тандоо

Альтернативдүү жана иштетилбеген тамак-аш азыктарын пайдалануу

Туз керектөөнү кыскартууну жалпы иш кылуу менен үй-бүлө мүчөлөрү менен талкуулоо баштоо

Сиз үйдөн сырткары болгондо эмне кыла аласыз?

Крекер, туздуу таякчалар, семичка жана чипсы сыяктуу туздуу жеңил тамактарды колдонууну чектөө

— Тузду аз камтыган тамактарды тандоо

— Тамактарга жашылча же жемиштерди кошуу

— Маркировкага көңүл буруу жана тамак-аш азыктарын акылдуулук менен тандоо

Тузду өтө көп камтыган азыктарды дайыма эле даамы боюнча аныктоо мүмкүн эмес, ошол эле учурда даамдаганда туздуу болгон азыктар тузду көп өлчөмдө катыгандай сезилсе дагы, көптөгөн азыктар тузду жашыруун камтышы мүмкүн (мисалы: нан, сыр жана ал гана эмес таттуу жеңил тамактар дагы).

Туз кайсы гана куракта болбосун ден соолукка таасирин тийгизиши мүмкүн,көп өлчөмдөгү туз ден соолугуңуз чың болсо дагы кан басымынызды жогорулатышы жана башка ооруларды козгоосу мүмкүн ошол себептен жалпы жашоочуларга оорулардын алдын алуу максатында, тузду аз өлчөмдө колдонуусу сунуштайбыз.

Ош шаардык оорулардын алдын алуу дарыгери  Эсенгүл Матеипова

About The Author