18 октября, 2024

“СПИДке каршы биргеликте!” ураанынын бир айлыгы өткөрүлдү

1988-жылдан бери Бʏткʏл дʏйнɵлʏк саламаттык сактоо уюмунун чечиминин негизинде 1 декабрь — жыл сайын СПИД оорусуна каршы кʏрɵшʏʏнʏн Бʏткʏл дʏйнɵлʏк кʏнʏ ɵткɵрʏлɵт.

  Бул кʏнʏ жыл ичинде АИВ-СПИД эпидемиясын алдын алуу иш-аракеттердин, аткарылган иштердин, келип чыккан жаңы көйгөйлөрдүн, чечилбей калган маселелердин жыйынтыгын чыгаруу кʏнʏ болуп эсептелип, жана дагы бʏткʏл дʏйнɵ элдеринин кɵңʏлʏн АИВ-инфекциясынын алдын алуу маселерине дагы бир жолу  буруу болуп саналат.

             Жогоруда кɵрсɵтʏлгɵндүн негизинде 2023- жылдын 1-  ноябрынан 1-  декабрына чейин Ош шаары жана Ош облусунун бардык аймактарында АИВ-инфекциясынын эпидемиясын алдын алуу жана таркалуусун азайтуу боюнча тиешелүү иш-чараларын аткаруу боюнча бир айлык жарыяланып, “СПИДге каршы биргеликте!”ураанынын астында өткөрүлүүдө, аны тиешелʏʏ кызматтардан аткаруусунун зарылчылыгы туулуда. 

  Анткени АИВ-СПИД бʏткʏл дʏйнɵлʏк коомчулуктун жана коомдук саламаттыкты сактоонун глобалдык проблемасына айланып баратат.

Азыркы убактагы Кыргыз Республикасындагы, анын ичинде Ош шаары жана Ош облусунда АИВ-инфекциясынын эпидемиясынын ɵзгɵчɵ мʏнɵздʏлʏгʏ болуп, анын бойго жеткен курактагы аялдардын, эмгекке жарамдуу курактагы калктын арасында таркалуусу болуп эсептелет.

ВИЧ-СПИД оорусунун таркап, кɵбɵйʏшʏнʏн бирден бир себеби болуп баңгичилик, сойкулардын кɵбɵйʏшʏ, ички жана тышкы миграциянын ɵсʏшʏ, ошондой эле жаштардын арасында бул оору боюнча билими, маалыматы аздыгы менен байланыштуу.

Ошондуктан жогорку деңгээлде биргелешкен иш-аракеттерди жʏргʏзʏʏгɵ жетишʏʏ ʏчʏн жалпы аракетибизди улантуубуз керек.

АИВтин булагы болуп, адам гана (вирус алып жʏрʏʏчʏлɵр, оорулуулар) эсептелинишет, АИВ адамдан адамга гана берилет,

Эгерде кимде-ким ɵзʏнɵн ɵзʏ кʏмɵн санаса, врачтардан кеңеш алса болот, жашыруун кабинеттерде акысыз текшериле алат. Жашыруун сыр сакталат.

Ар тʏрдʏʏ адепсиздиктер, бузукуулар менен кʏрɵшʏʏ иретинде сексуалдык жʏрʏш туруштары терс жактарын, сойкулуктун жыныс тʏгɵйʏн алмашуунун, араккечтике, баңгилике жана башка зыяндуу булганыч тʏшʏнʏктɵрʏн калктын калың-катмарына, кɵбʏнчɵ жаштар, окуучулар топторунун арасында баяндама иштерин дайыма жʏргʏзʏʏ зарыл.

Эсинерде болсун ! Сиз ɵзʏнʏздʏ СПИДден сактасаңыз болот, ал эми ооруп калгандарды ал дарттан дарылап сакайтуу азырынча мʏмкʏн эмес.

  АИВ(ВИЧ)- адамдын иммундук жетишсиздик вирусу, АИВ-инфекциясы –бул адамдын иммундук жетишсиздик вирусунан пайда болуучу өнөкөт оору. АИВ-илдети иммундук системаны жабыркатып, бир нече убакыт өткөндөн кийин, адам түрдүү оорулардын козгогучтарына жана шишик ооруларына алсыз болуп калат. АИВ-инфекциясынын 4 клиникалык баскычы бар, акыркы 4-чү баскычы жетишсиз иммундук кабылданган синдрому (ЖИКС|СПИД) деп саналат, анда оор жугуштуу же онкологиялык дарттар пайда болот. Бул дарттын айкын белгилери жок. Адам өзүнүн оорулуу экендигин билбей, бул инфекция менен жылдап жашай бериши мүмкүн.

Бул илдет 3 гана  жол менен жугушу мүмкүн:

1.Жыныстык жол аркылуу –АИВ-илдетине чалдыккан адам менен сактанбаган жыныстык катнашта болгон учурда.

2.Кан аркылуу-башкалар колдонгон щприц ийне, сакал-мурут алгычтарды пайдаланганда, адамдын ички чɵйрɵсʏнɵ медициналык, парамедициналык, ритуалдык жана косметикалык кийлигишʏʏдɵ, АИВ менен булганган(текшерилбеген) кан куюлганда жугат.

 3.АИВ-илдетине чалдыккан энеден балага- кош бойлуулук, төрөт жана эмчек эмизген учурда жугат.

АИВ –илдетинен сактануу жолдору:

1.Вирусту жуктуруп алууда шек санаган кезде, АИВ-илдетине кан тапшырып,текшерилүү зарыл.

2.Кош бойлуулук кезде АИВ-илдетине кан тапшыруу зарыл.

3.Жыныстык өнөктөшкө ишенимдүү болуу керек.

4.Туура жана дайыма презервативди колдонуу.

5.Шприц ийнелерди бир гана жолу колдонуу керек.

6.Банги заттарды жана спирт ичимдиктерди колдонуудан алыс болуу зарыл.

АИВ/ВИЧ-инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу пайда болгон учурда(кокусунан болгон жыныстык байланыш, АИВ/ВИЧ-инфекцияны алып жүрүшү ыктымал болгон адам менен иньекциялык байланыш, сексуалдык зомбулук), контакттан кийинки АИВ/ВИЧ-инфекцияны жугузуп алуу тобокелчилигин алдын алуу үчүн 72 саат ичинде медициналык кызматкерге кайрылып(антиретровирустук дарыларды) жардам алуу зарыл. Антиретровирустук дарылоо-АИВ-репликациясын(көбөйүүсүн) басууга багытталган, бул өз кезегинде АИВке чалдыккан  адамдардын жашоо сапатынын жакшыруусуна, ошондой эле оору жана өлүм  санынын кыскарышына алып келет. АИВке чалдыккан  адамдар оорунун 1-чи жана 2-чи баскычында эртелеп аныкталып, антиретровирустук дарылырды өз убагында ичкен учурда оорунун өөрчүп кетүүсүн басаңдатууга мүмкүнчүлүк бар. Бул дарыларды өз убагында үзгүлтүксүз ичкен болсо АИВ/ВИЧ менен жашаган аял  дени сак бала төрөй алат. Бала төрөлгөндөн кийин алгачкы 6 айда антиретровирустук дарыларды үзгүлтүксүз ичкен учурда АИВ/ВИЧ менен жашаган энелер өз балдарын жалаң гана эненин сүтү менен эч кооптонбостон бакса болот.  Калктын ден-соолугу үчүн кам көрүү максатында Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору жана Ош шаардык мэриясы менен биргеликте түзүлгөн графиктин негизинде 2023-жылдын 27-ноябрынан 1-декабрына чейин шаардын Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын бардык кварталдык комиттетеринде калкты шилекей аркылуу ылдам(экспресс) акысыз тестирлөөдөн өткөрүү жүргүзүлөт, 20 минутанын ичинде жыйынтыгы айтылат.  Ошондуктан ар бир жаран бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып өзүнүн ден- соолугу үчүн АИВке текшерилип алуусу зарыл.

       АИВ-СПИД  жɵнʏндɵ толук маалыматты жана текшерʏʏнʏ  Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитерди жана АИВ көзөмөлдөө борборунан  алсаңыздар болот.

Дареги: Ош шаары, Моминова тар көчөсү10. Тел. 5-56-45.

Ош облустук кан аркылуу жугуучу  вирустук гепатиттерди жана  адамдын иммундук жетишсиздик вирусун  көзөмөлдөө борборунун  мониторинг  жана уюштуруу усулдук  бөлүмүнүн башчысы  Ташполотов С.К.